Тулпар
Кыргыздар “ат адамдын канаты”, “аты жоктун, буту жок” дешкен. Улуу бабабыз Манас “ат бүткөндөн айрылса, азамат шору катпайбы” деп айткан. Элдин санжыра, ырларын, эпосторун карасаңыз байркы гректердин, ирандыктардын уламыштарындагыдай канаттуу ат калктын жылыдызы (пегасы) болгондугун байкайсыз. Ырас, гректердей канаттуу аттарды акындар токубайт. Муну кыргыздын эр жүрөк баатырлары токуп минишкен. Баатырдын аттары октой учкан, канаттуу тулпарлар болгон. Тулпарлар Парнастын бийик Улуу Тоосунда жашаган. Кыргыз эл жомогунда алты буттуу ала ат, жети буттуу жээрде ат дегендер сүрөттөлөт. Эзелки аңызында (мифологиясында) туягы чоюндан куюлган куралы деген ат болгондугу айтылат. Байыркы заманда кыргыздын жер дүңгүрөткөн жылкысы көп эле дешет. Себеби жоокерлер жоо колун талкалаганда мүлкү менен дүнүйөсүнөн мурда адырдагы алты сан жылкысын алышкан. 17. Орхон, Алтай, Энесай, Керметоо, Жибектоо, Улуу тоого чейинки жерлерде ат үстүнөн түшпөгөн, ат жалында жүрүп бийлик түптөгөн, мейкин талаа, бийик тоо жердеген, найза, кылычы колунан түшпөгөнбуруттар,душмандарына багынып бербей, күчтүү элге жеңдирбей, эрдик менен жемин талашып, жоону ат үстүндө жеңип, намыска жарашып, элде ат мыктысы минилип, тон мыктысы кийилип, ат жөнүндө сандаган ыр – күү, дастан – санжыра, аңыз – уламыш, ж.б. жаратып, ал тургай оюу – чийүүлөрүнө, элдик маданиятына чейин чейин чиңирип, ушул күнгө чейин маданиятынын чордону катары сактап келгенине, ат маанисин туя билген ар бир кыргыз ыраазы болот. Кыргыз баласы ымыркайынан атасына чейин атка талпынган, али тили чыга электе ат минген. Атасы уулун өңөрүп, укум – тукумдан келе жаткан ырым – ырасмисин жасап, баланын чекесин ат жалына тийгизип, “ат сенин канатың болсун, Теңир атыңдан айырбасын” деп батасын берген. Чыгыш элинде, анын ичинде бабаларыбыз эзелден жыл сүрүп, жаш, түш жоруганга маани берген. Алар баланын кыялы, мүнөзү, тагдыры жылга карата калыптанат деп ишенишкен. Бул ынанымдарга өзгөчө жылкы жылы абдан даңазаланат, ал жылдарда жарыкчылыкка келген баланын келечегине көп жакшы нерселер жоромолдонот. Кыскараак айтканда, ал жылы төрөлгөндөр адеп – ахлактуу, акылдуу, көңүлү куунак, күчтүү жана кыялкеч, чыдамкай жана ой чабыты кенен ж.б. жакшы, мүнөз – кыял, касиет – сапаттарга ээ. Ошондой эле алар аракетчил, эмгекчил, бирөөлөрдүн кеңешин аз угат, аз билгенин бербейт Жылкы туулгандар ай туякты мууздамак түгүл, чаап кыйнабаш керек деген ишеним жашайт. “Манас” эпосунда Жакып байдын сан жылкысынын арасында саны үч жүзгө жеткен Камбар боз айгырдын үйүрү бар. Анын Камбарбоз деп аталышы да бекеринен эмес. Жылкынын пирин (колдоочусун) кыргыздыр илгертеден КамбарАта деп атап келишкен. Ошондуктан эпостогу Камбарбоздун үйүрүнө атайы жылкычы дайындалып, оттуу, ыктоо жерге багылган. Жакып бай ыйык деп санаган жылкысынан союшка бербей, бирөөгө мал кылып алууга жолотчу эмес экен. Жер каймактагандан берки элдин тарыхын изилдесек кыргыздар эч качан жөө согушкан эмес. Жөө калганда жоого алдырган. Ат үстүндө байыркы кыргыз жоокери баатыр, сүрдүү, күчтүү болгон. Эр жигит жоого аттанаарда адегенде согушка минер сом туяк, кармашка минер кажыбас жана чыдамкай тулпар тандаган. Анын эрдиги да аргымагынын сапаттарына байланыштуу болгон. Эр азаматтын тулпары анын айныбас досу, жаманчылыкта кыйбас жан жолдошундай баалаган. Айрым дастан, аңгемелерде тулпар адамдан акылдуу, эстүү болуп чыга келет.башына кыйындык түшкөндө жоокер тулпарына кайрылып, жалбарып керээзин айтат. А жоокердин аттары адам сыяктуу кайгырып, кубанып, өкүнүп, шерденип, эрегишип, көзүнө жаш алат. Кээ бир аттар ээсин ажалдан куткарып калат. Маселен “ Манас” эпосунда Манас Аккуланы минбей айманбозду минип жүрүп Коңурбайдын аскеринин курчоосунда калганда, атынын жайсыздыгынан жакшы уруш сала албай жоодон өксүп калат. Манастын кыйын абалга калганын жаныбар Аккула сезет. Көзкамандар уулантканда мамыда байланган Аккула кишенеп, билип, жерди чапчып, оюп жиберет эмеспи. Ал эми Семетей он төрт жашка келгенде, Каныкей ат чаптырып, баш байгесине өзүнүн тайторусун коёт. Баса, Алманбеттин канаттуу тулпары Сараласычы! Алманбет менен Сарала бир күндө туулган. Кайкалаган, адамдан эстүү Сарала ээсин анын чоросундай кайтарып, оюн түшүнүп кызмат кылган. Аламнбетти ар кырсыктан сактап, жолдошун жоого алдырбай, жарадар болгондо, куткарып кеткен, айбандан артык, адамдан эстүү жаныбар болгон эмеспи. Ал эми Төштүктүн аты Чалкуйрук кишиче сүйлөп, Төштүктүн далай керегине жарап, бир нече жолу өлүмдөн аман сактап калган. Чоң казатта Чубакка ок жаңылганда, алдындагы адамдан акылдуу Көкала тулпары эч кимге карматпай, сөөгүн дайынсыз жака ала качып кетет. Тогузунчу кылымдагы арабдар, персиялыктар көчмөн түрктөргө, кыргыздарга бир эле убакта жоокер, ат багар, сынчы, саяпкер, башкача айтканда ар бири аттын кадырын билген, кара жерге отургандан көрө ат үстүндө жүрүп уктаганды жакшы көргөн эл дешип таң кала беришкен. Кыргыздар байыртадан тулпардын сын – сыпатын, кадырын, күлүктүгүн, күчүн, сырын жакшы билген. Айрыкча аттын сынын баскан – турганынан билген айныбас сынчы, күлүктү таптаган саяпкер, сынык – шишигин билип айыктырган тубаса табып болушкан. Эл арасында “Көркү келишкен сымбаттуу атка бир саяпкер, анан жакшы үртүк жабуу абзел” деп айтылат. Эр жигиттин минер атын, чабар күлүгүн сынчы тандап берген, жаш кулунду же тайды көрүп, кийин күлүк же чобур чыгарын айткан. “ Манас ” эпосунда Эскара деген ашкере сынчы болгон, ал кандарга, баатырларга, чоролорго ат тандап берген. Ал Бокмурундун Мааникер күлүгүн көрүп, ташка чапса талыбас, кумга салса кулабас, кырт этип чөп жебес, кылт этип суу ичпес, тулпардын тулпары экенин билип, муну кыргыздардан тартып алуу сунушун Коңурбайга айтат. Сынчы шамал менен жарышкан чыдамкай, төрт тарабы төп келгенкүлүктү “кылкуйруктун пашасы”, “тулпарлардын тазасы” деп баалаган. Жеринен эле сынчылык кесиби сайда, нарктуу, барктуу делингени менен бир жагынан опурталдуу да болгон. Илгери хандар, төбөлдөр чындыкты сүйлөгөн сынчыны мерт да кылып коюшкан. Буга Толубайдын тагдыры далил. Толубай сынчы элибиздин тарыхында болгон киши. Анын кайсы кылымда жашаганы белгисиз. Нечен мыкты сынчылардын ичинен Толубайга жеткени чанда. 34. Элибиз сынчылыкка талпынган жаш талапкерлерин “Толубайдай сынчы бол. Токтогулдай ырчы бол” деп алкашат. Толубай бир эле аттын жайын, сынын, кадырын гана эмес, анын тилин де билсе керек деп ойлойсуң. Бекеринен ал өлгөн аттын куу башын кучактап алып, “аттиң сенин ченемчиз күлүк экениңди ким билет, менин сынчылыгымды ким билет” деп ыйлабагандыр!.....
1. “Ат адамдын канаты” деген макал эмнени билдирет?а) адамдын байлыгын б) баатырлардын даңкын
в) турмуш тиричиликти г) адамдын мүмкүнчүлүгүн
2. Канаттуу аттарды кимдер токуп минген?
а) коркпогон жана тайманбаган кыргыздар
б) сөзмөр жана чечен гректер в) шамдагай жана ыкчам ирандыктар г) бийлиги жана байлыгы бар шахтар
3. Кыргыздар ат жөнүндө ой – пикирлерин эмнелерге топтогон? а) ат оюндарына, согуштук жүрүштөргө
б) бийик аскларга, жакын туугандаргав) фольклорго, маданиятка, көркөм чыгармаларына
г) ат үстүнө, бийик тоолорго, коңшуларга
4. Көчмөн элдин жылкыларды тие качуусунун себеби? а) жылкыларды союу үчүн
б) элде аттын баалуулугунан в) аттан артык байлык жок дегендиктен г) дүнүйөсү көп болгондуктан
5. Автордун ыраазычылыгы кайсыл вариантка туура келет?а) элдин бузулгус ынтымагына б) элдин тилин каада – салтын сактаганына в) элдин жоголуп кетпегенине
г) элдин душмандарга каршы согушуна
6. Жылкы жылы туулгандардын мүнөзү?
а) акылдуу, тартипсиз б) чыйрак, кебелбес
в) күчтүү, урушчаак г) мээнеткеч, тетик
7. “Даңазалуу” деген ......
а) атагы чыккан, таанымал б) бири – биринен калышпаган, аракетчил в) жогору көтөрүлгөн, белгилүү г) даана байкалган, сезимтал
8. Кыргыздарда пир деген эмнени түшүндүрөт?
а) баарын башкаруучуну б) элди жактоочуну
в) бир нерсени колдоочуну г) атты сүрөөчүнү
9. Жакып байдын жылкыны бергиси келбегендигин себеби? а) бөтөнчө айырмаланып, башкача көрүнгөндүктөнб) жылкылардан башкача, айырмасы болгондуктанв) кандайдыр бир белгиси бар, өзгөчө болгондуктан
г) кор кылууга болбой турган касиеттүү делингендиктен
10. “Жер каймактаганда ” деген сөз эмнени түшүндүрөт?а)небактан бери б) жерге чөп чыкканда
в) жер гүлдөндө г) жер түптөлгөндө
11. Жоокер тулпарды эмне үчүн тандаган?
а) тулпар менен сүйлөшүү үчүн б) жоодон жеңилбеш үчүнв) күчтүү болуш үчүн г) душмандарга сүрдүү көрүнүш үчүн
12. Аккуланын башка тулпарлардан айырмаланган касиетин белгилеңиз.
а) бир нерсени тез туйган билгичтиги б) бир нерсени тез көргөн көрөгөчтүгү в) бир нерсени бат баамдаган байкагычтыгы г) бир нерсени бат уккан кыраакылыгы
13. Текст боюнча: Каныкей качан ат чаптырган?а) Семетей төрөлгөндө б) Манас каза болгондо
в) Семетейди бир тууганына бергенде
г) Семетей он төрткө чыккан тойдо
14. “Айбандан артык жаныбар” деп кимдин тулпары айтылат? а) Жакыптын Камбарбозу б) Алманбеттин Сараласы в) Чубактын Көкаласы г) Көкөтөйдү Мааникери
15. Өзгөчө касиетке ээ болгон тулпарды табыңыз?а) чаалыкпаган Айманбоз б) кайкалаган Сарала
в) адамча сүйлөгөн Чалкуйрук г) күлүк тулпар Көкала
76. Арабдардын көчмөн элге берген баасын белгилеңиз.а) тулпардын күлүктүгүн мыкты билген саяпкерб) жылкыны жакшы билген сынчыв) жылкы табын айыктырган табыпг) ат үстүндө уктаган мыкты чабандес
77. Сынчы деген.......а) баа берүүчү киши б) мактоо айткан киши в) жемелеген киши г) ишти билген киши
78. “Үртүк жабуу” деген эмне, күлүкө эмне үчүн керек?а) кийизден жасалган тердик, ээрдин астына салууга б) аземделип жасалган буюм, аттын көркүн чыгарууга в) жүндөн токулган таар, аттын жонун көрсөтпөөгө г) кездемеден тигилген куржун, аттын мойнуна илүүгө
79. Тулпар деп кандай атты атаса болот?а) ээсин сыйлаган акылдуу малдыб) адамча сүйлөгөн чечен малдыв) арып – ачпас күлүк малдыг) алдына ат салдырбаган жоргону
80. Эл ичинде “Саяпкер – тулпар үчүн” деген сөз эмне себептен айтылып калган деп ойлойсуз?а) саяпкер тулпар үчүн туулгандыктанб) саяпкер тулпар таптагандыктанв) саяпкер тулпар тандай билгендиктенг) саяпкер тулпарды сындагандыктан
81. Төрт түлүк малдын ичинен эмне үчүн жылкыны жогору баалашкан?а) ат абдан кымбат болгонб) жоокерди өлүмдөн аман алып калганв) тупарды минип, бээ байлап, кымыз ичишкенг) ат чабыш оюндарын өткөрүшкөн
82. “ Чобур ” дегендин мааниси?а) күлүктүгү жокб) асыл тукумв) басыгы жакшыг) ашкан күлүк
83. Тулпар сөзүнүн маанилешин табыңыз?а) кашаң ат, күлүкб) аргымак, бууданв) күлүк, бедөө, жоргог) чобур, жылкы, кулун
84. Нескара эмне себептен “кылкуйруктун пашасы” деп атаган?а) Мааникерден башка тулпарды минбегендиктенб) Мааникердин колдоочусу болгондуктанв) Мааникерге тең келчүү тулпар болбогондуктанг) Мааникер тулпарды жакшы көргөндүктөн
85. 34 – абзацтагы алкоо эл арасында көп айтылат. Ал.....а) ыргак жана уйкаштыгы сакталган макалб) кубангандан келип чыккан батав) болгон окуядан келип чыккан ылакапг) келечекке кам көргөн насаат
86. 7 – абзацтагы “ буруттар ” дегенди кимдер, кайсыл элге карата айткан?а) кытайлар кыргыздаргаб) ирандыктар арабдаргав) гректер түрктөргө г) арабдар кыргыздарга
87. Алды сызылган сөздүн маанилешин табыңыз.Камбарбоздун үйүрү оттуу жерге багылган. а) чөбү чабылган кайрак жерб) чөбү суугарылып, жумшартылган жерв) калың чөптүү, жайыттуу жерг) чөбү орулуп, кургатылган жер
88. Сынчылык опурталдуукесип.а) түйшүктүүб) азаптуув) үрөй учурган г) коркунучтуу
89. Жылкы жылында туулган баланын келечегине көп нерселер жоромолдонот.а) так эмес, боолголоп айтууб) болжолго таянып айтуув) так эмес, чамалап айтууг) жөн салды түкшүмөлдөп айтуу
90. Тексттин мазмунуна кайсыл варианттагы макал туура келет деп ойлойсуз?а) “ Күлүк – күнүндө, тулпар – тушунда ”б) “ Аты жоктун буту жок ”в) “Ат сыйлаган жөө баспайт ”г) “ Ат, аттан кийин жат ”
| Г |
| А |
| В |
| Б |
| Б |
| Г |
| А |
| В |
| Г |
| А |
| Б |
| А |
| Г |
| Б |
| В |
| Г |
| А |
| Б |
| В |
| Б |
| В |
| А |
| Б |
| В |
| Б |
| А |
| В |
| Г |
| Б |
| А |