Тазалык деген эмнени билдирет?
САНИТАРДЫК абалдын өтө эле төмөндүгүнөн Европада жана Кошмо Штаттарда XVIII—XIX кылымдарда миссионерлер «тазалык окуусу» деп атоого болорлук түшүнүктү үгүттөшкөн. Ал окуу боюнча, кир күнөөгө барабар, ал эми тазалык Кудай менен жакындата алат. Балким, ушундан улам: «Тазалык бар жерде такыбалык бар»,— деген накыл сөз пайда болсо керек.
Уилльям жана Кэтрин Бут негиздеген Куткаруу аскери ушундай көз карашка карманган. Бир китепке ылайык, ал аскердин эң биринчи ураандарынын бири «Самын, сорпо жана куткаруу» болгон («Health and Medicine in the Evangelical»). Ал эми Луи Пастер жана башкалардын оорулар менен бактериялардын ортосундагы байланышты жетишерлик көргөзүп бергени саламаттыкты сактоо боюнча илимий программаларды негиздөө керектигин көрсөттү.
Ошондон кийин дароо чаралар көрүлө баштады. Алсак, сотто күбөлөрдөн Ыйык Китепти өбүүнү талап кылуу жоюлуп, мектептерде жана темир жол станцияларында баары бир күрүшкөнү колдонбой калышты. Ал тургай диний кызмат учурунда да жалпыга арналган идишти эмес, өзүлөрүнүн идиштерин колдонууга өттү. Ооба, алгачкылардан болуп тазалыкка умтулган ошол адамдар элдин тазалыкка болгон мамилесин бир топ эле өзгөрттү десек жаңылбайбыз. Алардын ийгилиги абдан зор болгондуктан, бир жазуучунун айтымында, адамдар «тазалыкка ашык болуп калышты».
Бирок мындай «ашык болуу» үстүртөдөн эле болгон көрүнөт. Табышкер коммерсанттар тез аранын ичинде жөнөкөй самынды косметикалык товарга айландырып жиберишти. Ал эми чебердик менен көрсөтүлгөн жарнамалар сатып алуучуларды өздүк гигиенага колдонулуучу белгилүү бир нерселердин жардамы менен башкаларды суктандырган социалдык статуска жетүүгө мүмкүн дегенге ишендирип жатты. Телекөрсөтүүлөр да мындай кыялдануулардын өсүшүнө өбөлгө түзүүдө. Экрандан көрсөтүлүүчү жарнама менен сериалдардын бай жана чырайлуу каармандырынын үй жыйнап, короо шыпырып, таштанды чыгарып, өзүнүн мышыгы же итинин ордун тазалаганын чанда эле көрөсүң.
Мындан сырткары, айрымдар жумушта иштөө ар кандай салыктарды төлөөгө жардам берет, ал эми үй жумуштары менен тазалыкты сактоого байланыштуу башка иштердин тыйынчалык да пайдасы жок деп эсептешет. Эч кандай киреше болбогондон кийин айлана-чөйрөгө кам көрүүнүн эмне кереги бар? Натыйжада, бүгүн кээ бирөөлөр тазалыкты сактоо өздүк гигиена менен эле чектелет деп ойлошот.
Тазалыкка Кудай кандай карайт?
Адамдарды тазалыкка үйрөтүү максатында жасалган жогоруда айтылган алгачкы иш-аракеттер жашоо шартын жакшырткан. Мындай иш-аракеттер эң туура, анткени тазалык — ыйык жана таза Кудай Иеговага таандык касиет. Ал бизди өзүбүздүн эле пайдабызга бүт жактан ыйык жана таза болууга үйрөтүп жатат (Исаия 48:17; 1 Пётр 1:15).
Иегова бул жагынан бизге үлгү берүүдө. Тазалык Кудайдын көзгө көрүнбөгөн башка сапаттары сыяктуу эле көзгө көрүнгөн жаратылышында чагылдырылган (Римдиктер 1:20). Кудай жараткан жаратылыш өзүнө-өзү узакка созулган зыян алып келбей турганын байкай алабыз. Мисалы, Жерде көптөгөн экологиялык циклдар менен бирге кереметтүү өзүн-өзү тазалоо системалары да бар. Жер анын тургундары анда таза жашоо өткөргүдөй жаратылган. Мындай таза ишти ниети таза Жараткан гана жасай алмак. Ушундан улам биз Кудайдын кызматчылары бүт жагынан таза болушу керек деген жыйынтыкка келе алабыз.
Тазалыктын төрт түрү
Ыйык Китепте Кудайдын кызматчылары сактоого аракет кылышы керек болгон тазалыктын төрт түрү айтылат. Келгиле анда, алардын ар бирин карап чыгалы.
Рухий тазалык. Тазалыктын мындай түрүн эң маанилүү десек болот, анткени андан адамдын түбөлүк жашоосу көз каранды. Тилекке каршы, тазалыктын ушу түрү көп учурда этибарга алынбайт. Рухий тазалык, бир сөз менен айтканда, чыныгы дин менен жалган диндин ортосундагы Кудай койгон чектен чыкпоо. Анткени жалган диндин бардык түрү Кудайдын көз алдында таза эмес. Расул Павел мындай деп жазган: «Теңир [«Иегова», ЖД] мындай дейт: Мына ошондуктан силер алардын арасынан бөлүнүп чыккыла, жана арам нерселерге тийбегиле, мына ошондо Мен силерди кабыл алам» (2 Коринфтиктер 6:17, «Инжил»). Окуучу Жакып да бул жөнүндө түз айткан: «Кудайдын жана Атанын алдындагы таза жана кемтиксиз такыбаалык бул... өзүн дүйнөдө таптаза кармаганы» (Жакып 1:27).
Кудай чыныгы дин менен жалган диндин аралашканын жактырбай турганын ачык көрсөткөн. Жалган динде ырым-жырымдар, ошондой эле жийиркеничтүү буркандар жана жасалма кудайлар колдонулат (Иеремия 32:35). Ошондуктан Ыйсанын чыныгы жолдоочулары бүткүл диний ыпластыктан качууга чакырылат (1 Коринфтиктер 10:20, 21; Аян 18:4).
Адеп-ахлактык тазалык. Бул жагынан да Кудай таза менен таза эместиктин айырмасын айкын көрсөтүүдө. Дүйнө жалпысынан Ефесалыктар 4:17—19-аяттарда жазылгандай абалга келди. Ал жерден: «Алардын акыл-эси тунарып... алар Кудай берген жашоодон четтеп калышкан. Алардын бардык сезими жоголуп, бузуктукка берилип, ар жаман нерселерге тойбой, ач көздүк менен жасашат»,— дегенди окуйбуз. Мындай адеп-ахлаксыз ой жүгүртүү же ачык, же жашыруун көрсөтүлүшү мүмкүн, ошондуктан Ыйсанын жолдоочулары сак болушу керек.
Кудайды сүйгөндөр сойкулук, гомосексуализм, никеге чейинки жыныстык катнашуу жана порнография Кудай койгон адеп-ахлак нормаларын бузарын билишет. Ал эми адамдардын арасында мындай жүрүм-турум көңүл ачуудагы кадимки нерсеге, атүгүл модага айланып калды, ошондуктан Ыйсанын жолдоочулары мындай иштерден сак болушу керек. Жыйналыштарга барганда жана достор менен көңүл ачууга чогулганда өтө ачык кийинүү адамдын денесине көңүл бурдуруп, абийирдүүлүктүн жетишсиздигин күбөлөндүрөт. Мындай кийинүү жыйналышта дүйнөлүк адамдарга таандык таза эмес көз караштардын пайда болушуна эле алып келбестен, ыпылас ойлордун ойгонушуна түрткү бериши ыктымал. Бул жагынан Ыйсанын жолдоочулары «асмандан келген акылмандыкты» көргөзүү үчүн болгон күч-аракетин жумшашы кажет (Жакып 3:17).
Акыл тазалыгы. Адамдын мээсинин «түпкүрүндө» ыпылас ойлор уялабашы керек. Ыйса Машайык ыпылас ой жүгүртүүдөн сак болууга чакырып мындай деген: «Кумарын күчөтүш үчүн аялды тынымсыз карай берген ар ким жүрөгүндө ойноштук кылган болот» (Матфей 5:28, ЖД; Марк 7:20—23). Бул сөздөр порнография көрүүгө, адеп-ахлаксыздыкты камтыган адабияттарды окууга же ыпылас ойлор жазылган ырларды угууга да тийиштүү. Ошентип, Ыйсанын жолдоочулары акылын таза эмес сөз айтууга жана иш кылууга түрткү берген ыпылас ойлор менен булгабашы керек (Матфей 12:34; 15:18).
Дене тазалыгы. Жазмада ыйыктык жана дене тазалык бири-бири менен тыгыз байланышта. Мисалга, Павел: «Сүйүктүүлөрүм, өзүбүздү дененин жана рухтун ар арамдыгынан тазалап, Кудайдан коркуп туруп ыйыктыкта жеткилең бололук»,— деп жазган (2 Коринфтиктер 7:1). Ошондуктан Ыйсанын чыныгы жолдоочулары өздүк гигиенаны мүмкүн болушунча сактап, үйлөрүн жана айлана-тегерегин таза, тыкан кармоого тийиш. Алар жадагалса суу тартыш жерлерде да өздөрүн таза, тыкан алып жүрүүгө болгон күч-аракеттерин жумшашы керек.
Дене тазалыгына тамекини оозго албоо, спирт ичимдиктерин жана баңги заттардын бардык түрлөрүн кыянаттык менен пайдаланбоо да кирет. Сулаймандын Ырлардын ыры китебинде айтылган койчу жигит кыз Суламитанын кийиминин жагымдуу жыпар жытына суктанган (Ырлардын ыры 4:11). Өздүк гигиенаны сактап, жагымсыз жыттардын болушуна жол бербөө да айланадагыларга сүйүү көрсөткөндүккө жатат. Атыр же одеколондун жыты жагымдуу болушу мүмкүн, бирок баары бир алар таза кийим менен дайыма жуунуп турууга жетпейт.
Тең салмактуу болгула
Кеп кадимки тазалык жөнүндө болгондо адамдар чектен чыгып кетиши ыктымал. Биринчиден, тазалыкка ашыра эле көңүл бөлө берүү адамдын жашоодогу кубанычын жоготот. Ал өтө баалуу болгон убакытты да алат. Экинчиден, кир, тарпы чыккан үйлөрдү оңдоо кымбатка турат. Бирок, ыгы жок чектен чыкпай, тең салмактуулук менен үйүбүздү тыкан, таза кармоого болот.
Жөнөкөй жашоо өткөргүлө. Ыпыр-сыпыр толгон үйлөрдү жана бөлмөлөрдү тазалоо оор, ошондой эле бөлмөлөр бытыранды болуп жатса кир байкалбай калышы мүмкүн. Буюм-терими анча көп эмес, жупуну үйлөрдү тазалоого көп убакыт кетпейт. Ыйык Китепте жөнөкөй жашоо өткөрүү жөнүндө көптөгөн кеңештер берилет. Мисалы, анда: «Ошондуктан киерге кийим, ичерге оокатыбыз болсо, ошого ыраазы бололу»,— деп айтылат (1 Тимофей 6:8).
Тазалыкты сактагыла. Үйдүн тазалыгына үй тургундарынын бардыгы жооптуу. Үй ичи иреттүү болушу үчүн, ар бир бөлмө иреттүү болуш керек. Иреттүүлүк буюм-тайымдардын өз ордунда турганын билдирет. Маселен, ваннанын полу кир-кок коё турган жай эмес. Мындан да маанилүүсү, оюнчук менен шаймандар чаржайыт жатпоого тийиш, себеби алар коркунуч туудурушу ыктымал. Үйдө болуучу көптөгөн кырсыктарга көп учурда үйдүн иретсиздиги себеп болот.
Ыйсанын жолдоочулары катары жашоо өткөрүү менен тазалыкты сактоо тыгыз байланышта экени түшүнүктүү. Жашоонун Кудай жактырган түрүн Исаия «ыйык жол» деп атаган жана «ал жол менен таза эместер жүрбөйт» деп эң туура айткан (Исаия 35:8, «Ыйык Китеп»). Тазалыкты сактоо боюнча жакшы адаттарды өрчүткөнүбүз Кудай жерди тазалап бейишке айландырарына ишенерибизди күбөлөндүрөт. Ал убакта биздин кереметтүү планетабыздын бүткүл булуң-бурчтарында адамдар Иегова Кудайды анын тазалык боюнча жеткилең талаптарына бекем кармангандары менен даңкташат (
Үйдүн тазалыгына үй тургундарынын бардыгы жооптуу.
Жер — өзүн-өзү тазалоочу кереметтүү жаратылыш.
Азыркы учурда экология маселеси бүткүл дүйнө эли кечиктирбей чечүүгө тийиш болгон түйүндүү маселелердин бири.
Бүгүнкү кундө ар бир адамдын айлана чөйрөнү булгануудан коргоосу жаратылышты жабыр тартуудан сактоосу өзүнүн жана чөйрөсүндөгү адамдардын ден соолугуна кам көрүүсү анын инсандык парзы болууга тийиш. Жаш муундарга экологиялык багыттагы билим тарбия берүү ишинин мектептердеги окутулуп жаткан айрым сабактарга гана тиешелүү болбостон акырындап бардык сабактарга тиешелүү кылып өзгөртүү жакшы татыйжа бермек.
Балдарды жаратылыш аркылуу тарбиялоодо экологиялык түшүнүктөр калыптана баштайт. Жаратылыштын ар түрдүү көрүнүш балдардын көңүлүн эрксизден буруп, кызыкчылыгын арттырып оюнга , эмгекке , көркөм ишмердүүлүккө шыктандыраары шексиз. Ошондой болсо да бардык эле балдар жаратылыш менен өз ара аралашууда жаратылыш жөнүндө туура түшүнүккө ээ болуп, жандуу жана жансыз жаратылыштын артосундагы өз ара байланышты байкай коюшпайт. Ошондуктан жаратылышты көрө билүүгө мугалимдин же башка чоң кишилердин жетектөөсүнүн зарылдыгы бар. Жаратылышта балдарды эмне таң калтырса ошону абдан кароого мүмкүндүк берүү талапка ылайык.
Бул багытта башталгыч класстарда окутулуучу Мекен Таануу сабактары менен класстан тышкаркы ар кандай иштерди кызыктуу өткөрүү жаратылыштын ар бир мезгилин өз боёгу менен көрө билүүгөө жандуу жансыз жаратылыштын ортосундагы экологиялык байланышты акырындык менен ачып көрсөтүүгө окуучулардын жаратылыш аркылуу кайрымдуулукка, боорукердикке, ыймандуулукка өз чөйрөсүндөгү көркөмдүктү сезе билүүгө жана эмгекке тарбиялого кыйла аракет жасашат.
Абанын, суунун таза болушуна көрүлгөн камкордук биринчи иретте адамдын өзүнө көрүлгөн камкордук экендигин ар бир окуучунун акыл сезимине, жүрөгүнө жеткире түшүндүрүү менен ага иш жүзүндө окуучунун өзүн аралаштыруу негизги маселе.
Ал үчүн башталгыч класстын окуучусу төмөнкүлөрдү түшүнүп, жана аткара билиши талапка ылайык.
Биз окуган класстын же жашаган үйдүн абасы таза болушу үчүн анын бөлмөлөрүндөгү бардык буюмдарды тазалап жууп туруу. Акыр-чикир, тамак аштын калдыктарын бөлмөдө сакталышына жол бербөө. Бөлмөлөргө өсүмдүктөрдү өстүрүлүшү аларга тынымсыз камкордук көрүү желдетип туруу.
2.Сырттагы-айлана чөйрөдөгү абанын таза болушуна камкордук.
а) Айлана чөйрөнү акыр-чикирлерди тамак-аштын калдыктарын чарбачылыкка туура пайдалана билүү.
б) Айлана-чөйрөну акыр-чикирлерден арылтып туруу жана ар кандай акыр-чикирлерди, тамак-аштын калдыктарын чарбачылыкка туура пайдалана билуу.
Андан ары сууну коромжусуз жана таза сактоого көнүктүрүү жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө мугалим төмөнкү негизги учурларга кеңири токтолууга тийиш.
Бөлмөлөргө ичиндеги суу түтүктөрүн туура пайдаланышы.
Адамдардын, айбанаттардын жашоосу, өсүмдүктөрдүн өсүшү үчүн аба кандай керек болсо суу дагы ошондой керек экендигин түшүндүрүү иштерин жүргүзү. Бул үчүн адабий чыгармаларды пайдалануу. Мисалы, Э Турсуналиевтин “Суу, Өмүр” деген чыгармасы окучулар үчүн өзүнчө эле бир экологиялык дастан.
Ушул сыяктуу экологиялык багытта жазылган ырларды, көркөм сөздөрдү, макал лакаптарды, санжыраларды көбүрөк пайдалануу.
Сырттагы суу түтүктөрүн туура пайдаланышы көлмөлөрдү, арыктардын жээктериндеги санитардык талаптардын катуу сакталышы.
Мал сарайлардын, акыр-чикирлер жайлардын ажаатканалардын суу жегинен алыс болушу. Ошондой эле өсүмдүктөргө, айбанаттарга, канаттууларга да камкордук көрүшү зарыл. Мына ушул учурда гана биз балдарды гумандуулукка, кайрымдуулукка, ыймандуулукка тарбиялайбыз деп күн сайын эңсеп келе жаткан максатыбыздын ишке ашырылышы менен аларды экологиялык сабаттуулукка да калыптандыра баштайбыз.
Ошондуктан жаратылыш чөйрөсү бардык адамдар жана жалпы коомчулук тарабынан туура камкоордукка алынган болсо, адамдардын ден соолугу, жашоосу үчүн ыңгайлуу шарт түзүлүп, жаш өспүрүмдөрдүн экологиялык түшүнүктөрү артмак.
Табиятты пайдалануу, жаратылышты пайдалануу – 1) табигый ресурстардын жардамы менен адамзаттын керектөөсүн канааттандырууга багытталган өндүрүштүк иш-чаралардын коомдук чөйрөсү. Ал сарамжалдуу (рационалдуу) жана сарамжалсыз (рационалдуу эмес) болуп бөлүнөт. Табиятты сарамжалдуу пайдалануу табигый ресурстарды колдонууда аларды коргоо, үнөмдүү пайдалануу, келечек муун үчүн коомдун экономикалык өнүгүшү менен табияттын туруктуу өнүгүшүн эске алуу, адамзаттын ден соолугуна кам көрүү, табигый ландшафтты сактоо жана калыбына келтирүү өңдүү иш-чараларын өзүнө камтыйт. Табиятты сарамжалсыз пайдалануу табигый ресурстардын сапатынын төмөндөшүнө, чыгымдалышына, жок болушуна алып келип, чөйрөнүн булганышына, начар абалга туш болушуна себепкер болот. 2) табигый ресурстарды сарамжалдуу пайдалануунун жалпы принциптерин, анын ичинде, жаратылышка таасирин тийгизген антропогендик факторлорду, алардын адам баласына таасирин анализдеп изилдөөчү илимий багыт.