СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Татаал сүйлөмдүн түзүлүшү

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Татаал сүйлөмдүн түзүлүшү»

Сабактын темасы: Татаал сүйлөмдүн түзүлүшү

Сабактын максаты:

Билим берүүчүлүк: окуучулар татаал сүйлөмдүн түзүлүшү боюнча маалымат алышат;

Өнүктүрүүчүлүк: татаал сүйлөмдүн грамматикалык түзулушүн билишет.

Тарбия берүүчүлүк: топтордо иштөөдө бири-биринин оюн угуп, өз ара сыйлашууга тарбияланышат.

Жогорудагы максаттарга жетти деп эсептейбиз, эгерде окуучу ...

а) татаал сүйлөмдүн түзулушү жөнүндө маалымат алса;

б) татаал сүйлөмдүн грамматикалык түзулушүн билишсе;

в) топтордо иштөөдө бири-биринин оюн угуп, өз ара сыйлашса.

Окуучулар ээ болуучу компетенттүүлүктөр:

Тилдик компетенттүүлүк - татаал сүйлөмдөр эки же андан ашык жөнөкөй сүйлөмдөн туруп, бир ойду берерин түшүнөт; -татаал сүйлөмдүн түзулушун билет.

Кептик компетенттүүлүк - татаал сүйлөмдүн тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдүн араларына үтүр белгисинин коюла тургандыгын үйрөнөт. -татаал сүйлөмдүн түзүлушун өздөштүрөт.

Маданий компетенттүүлүк - берилген тапшырма, көнүгүүлөрдүн негизинде эне тилин сүйүүгө жана урматтоого тарбияланышат. - адабий тилдин ченемине ылайык туура сүйлөөгө калыптанат.

Сабактын тиби: жаңы билимди берүү сабагы.

Сабактын жабдылышы: Алтын эреже, баалоо таблосу, сабактын максаты, рефлексия, стикер, ватман, маркер, проектор

Сабактын жүрүшү: 1. Уюштуруу.

2. Өтүлгөн теманы кайталоо. Окуучулар эки топко бөлүнүшөт да, ар

бир топко өзүнчө тапшырмалар берилет.

1-топ үчүн: Атоочтук түрмөкту уюштуруучу мүчөлөр жана аларга мисалдарды келтиргиле

2-топ үчүн: Чакчыл түрмөкту уюштуруучу мүчөлөр жана аларга мисалдар келтиргиле

Ч.Айтматовдун силерге жаккан чыгармасынан сүрөт таап, сүйлөм түзгүлө.

Жаңы тема: Татаал сүйлөмдөр эки же андан ашык жөнөкөй сүйлөмдөн туруп, бир ойду билдирет. Демек, татаал сүйлөм болушу үчүн анын тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөрдүн ортосунда маанилик катыш болуусу керек.

Мисалы: Адамдын көркү – адеп жана сабак башталды деген жөнөкөй сүйлөмдөрдүн ортосунда эч кандай маанилик байланыш жок. Ошондуктан бул сүйлөмдөрдөн татаал сүйлөм түзүүгө мүмкүн эмес. Татаал сүйлөмдөрдү түзүп турган жөнөкөй сүйлөмдөр маанилик жана интонациялык жактан бири-бирине карата өтө тыгыз байланышта турганда гана татаал сүйлөм уюшулушу мүмкүн. Мисалы: Жеңижок да, Токтогул да кат билген, бирок ырларын кагазга түшүрүшкө мүмкүнчүлүгү барына карабай, төкмөлүк салтынан бөлүнө алышпаган. Жазууда татаал сүйлөмдүн тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөрдүн арасына үтүр коюлат, ал эми оозеки кепте болсо, тыным менен окулат. Мисалы: Ким досун алдаса, ал өзүн алдайт. Бул татаал сүйлөмдүн тутумунда төмөнкүдөй эки жөнөкөй сүйлөм бар: 1) ким досун алдаса; 2) ал өзүн алдайт. Демек, өз ара эки, же андан ашык жөнөкөй сүйлөмдүн тутумунан туруп, маанилик жана интонациялык жактан өз ара, ажырагыс биримдикти түзүп, бир бүтүн ойду чагылдырган синтаксистик бирдик татаал сүйлөм деп аталат.

Татаал сүйлөмдун өзүнө мүнөздүү грамматикалык түзүлушү бар. Ал төмөнкөдөй жөнөкөй сүйлөмдөрдөн түзулөт (кашаанын ичиндеги 2 деген сан – эки тутумдуу, 1 дегени – бир тутумдуу жөнөкөй сүйлөмдү билдирүүчү шарттуу белгилер).

Сабакты бышыктоо

1-тапшырма

Төмөнкү сүйлөмдүн грамматикалык түзулушун аныктагыла

1-топ

Ч.Айтматовдун чыгармалары кыргыз адабиятын эл аралык деңгээлде көтөрүп, жазуучунун дээрлик бардык чыгармалары сахнада коюлган.

2-топ

Ч.Айтматов кыргыз элинин , дүйнөнүн элинин көйгөйлүү маселелерин көтөрүп, эл алдына алып чыкты.

Таркатма берүү

Сүрөткө татаал сүйлөм түз.

2-тапшырма

109-көнүгүү. Мааниси жагынан ылайык келүүчү экинчи сүйлөмдү ойлоп таап, татаал сүйлөм түзгүлө.

1-топ

2,6-сүйлөм

2-топ

3,7-сүйлөм

Таркатма берүү

Сүрөткө карата ребусту чечмеле

Окуучулардын билимин баалоо билим көрсөткүчтөрү аркылуу жүргүзүлөт:

- татаал сүйлөмдүн эки же андан ашык жөнөкөй сүйлөмдөн туруп, бир ойду билдирерин билиши;

- татаал сүйлөмдүн тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөрдүн араларында маанилик катыштын болушун түшүнүшү;

- жазууда татаал сүйлөмдүн тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдүн араларына үтүр белгисинин коюлушун үйрөнүшү;

- оозеки кепте тыныш белги коюлган жерде интонациянын (тыным) сакталышын билиши.

Үй тапшырма: 113-көнүгүүдөгү схемага карата мисал келтиргиле.