Сабактын темасы : Күз-жаратылыштын ажайып мезгили
Сабактын максаты:
- окуучулар жыл мезгилдеринини ичинен куздун өзгөчөлүгүн билишет
- Күз берекелерин айта алышат
-Күзүндөгү аба ырайына мүнөздөмө бере алышат
- Мөмө жемиштердин ар биринин пайдалуу жактарын айта алышат
Сабактын жабдылышы:
Сары жалбырактар, мөмө жемиштер ( алма анар, жүзүм, жангак ж.б
Ватмандар, клей, кайчы, маркер ж.б
Сабактагы негизги иш аракеттер:
Диалог, дискуссия, ангемелешүү, тоитордо иштөө
Сабактын жүрүшү: Күз — жаратылыштын ажайып мезгили
КҮЗ — жылдын өзүнчө бир кереметтүү маалы эмеспи. Бул маалда мээлүүн алкактуу өлкөлөрдө асман көпкөк болуп, табы кайта түшсө да, күн жаркырап тийип турат, ал эми түнкүсүн аба салкын. Дөбө бетин бербей өскөн токойлор күн өткөн сайын боёк дегендин түркүн түрүнө: мала сарыдан, чымкый сарыга, кызгылтымдан кара кочкулга өтүп боёло берет. Күзүндө жайы-кышы жашыл ийне жалбырактуу карагайлар кызыл-тазыл кийип «жасанган» «курбуларынын», күбүлмө жалбырактуу бак-дарактардын, көркүнө көрк кошуп гана далдаада калат.
Күздү Корея, Япония сыяктуу чыгыш өлкөлөрүнүн тургундары өзгөчө жакшы көрүшөт. Ал кезде япониялыктар «күзгү боёкко мергенчилик кыла» башташат. Алар жаратылышка чыгып, табияттын сулуулугуна суктанып, сейилдеп келишкенин ошентип атап коюшат.
Дал ошо күз мезгилинде Кореядагы улуттук сейил бактарынын көбү бөтөнчө кооздукка бөлөнөт. Гезиттерде күз боёкторуна суктануунун эң ылайыктуу маалы башталганы маалымдалып турат. Айрыкча, Кореянын белгилүү бактарынын бири Сораксанга эл көп келет. Анын кызыл карагайлуу гранит зоокалары жана башка тоо тектери Чыгыш жаратылышына өзгөчө көрк берип турат. Күзүндө бук менен зараң бактары Сораксандын зоолорунун ажарын ачат. Таң жаңыдан сөгүлө баштаганда, одур-бодур аска-тоолордун бугуп жаткан туман дайрасынан баш көтөрүп, улам даана тартыла бериши бу жакка эринбей эрте туруп келгендер үчүн эстен кеткис көрүнүш.
«Мага тоого чыккан жагат, айрыкча күзүндө,— дейт кореялык 70теги куунак Парк И Кьюн.— Күзүндө Кудай бу дөбөлөрдү түркүн түрлүү боёк менен атайылап кооздоп койгондой. Боёктор күндөн-күнгө алмашылып, күздүн көгүлтүр асманы менен куп келишип калат». Ал эми аялы Кон Юнду күзгү жалбырактардын алтын көпөлөктөр сымал, каалгый учуп келип, жерге конушу суктандырат.
Эмне үчүн жалбырактардын өңү алмашат?
Ар нерсеге кызыккан адам жалбырактын түсү эмнеге өзгөрөрүн да билүүнү каалайт. Жалбырактын кызыл же сары түскө боёлушун эмне шарттайт?
Жалбырактардын өңүнүн алмашылышы — бактардын кышка даярдана баштагандыгынын белгиси. Күзүндө күн кыскарып, бактын ички сааты жалбырактарга суу жана азык заттар менен камсыздоону токтотор убак келгенин билдирет. Натыйжада ар бир жалбырактын сабагынын түбүндө ажыраткыч катмар пайда болот. Ал тыгын сымал заттан турган катмар жалбырактын бактын башка бөлүгү менен туташкан зат алмашуу жолун жабат да, акыры жалбырактын түшүшүнө алып келет.
Бул процесстин жүрүшүндө каротиноидд-пигменттер жалбырактардын түсүн сарыга же саргыч кызылга боёйт. Ал пигменттер жалбырактарда жайында да болот, бирок жашыл хлорофиллдин көптүгүнөн байкалбайт. Ал эми жалбырактын кызылга боёлушуна, негизинен, антоцианин жооптуу, аны жалбырактар күзүндө гана иштеп чыга баштайт. Күзүндө хлорофилл бузулгандыктан, сары менен кызыл пигменттер басымдуулук кылат. Ал эми хлорофилл түгөнгөндө, теректин жалбырактары — ачык сарыга, зараңдын жалбырактары чоктой кызылга боёлот.
Ажайып мезгил
Жаратылышты жакшы көргөндөрдүн байкашында, ар жылы, ар жердин күзү өзүнчө кайталангыс болот. Бул көбүнесе ошол аймакта өскөн күбүлмө жалбырактуу бак-дарактардын түрлөрүнөн көз каранды. Маселен, зараң бактары кызылдын ар түркүн түстөрүнө боёлот. Чыгышта ал бактын көптөгөн түрлөрү өскөндүктөн, аны сейил бактарга жана үйлөрдүн тегерек-четине олтургузушат.
Дагы бир шарттоочу себеп — бул климат. Жалбырактарда канча антоцианин болору климатка байланыштуу. Күндүзү чайыттай тийген күн менен түнкү салкын аба жалбырактарда антоцианиндин мүмкүн болушунча көп иштелип чыгарылышына шарт түзөт. Адатта, Ыраакы Чыгыштын күзү дал ошондой. Анын үстүнө, Япония менен Кореяда күзүндө күбүлмө жалбырактуу бак-бадалдуу тоолор көп. Ошондуктан бул өлкөлөр күзгү жалбырактардын түрлүү-түркүн боёгуна суктанар жерлердин эң ылайыктууларынан.
Кайра иштелип чыгуу процесси
Жалбырактардын өңүн өзгөртүү процесси өзүнчө сулуулук гана болбостон, тиричилик үчүн да зарыл. Бак жалбырагын түшүргөндө, кышкысын керектелүүчү нымдуулугун жана энергиясын сактап калат. Ошондой эле жай бою жалбырактарга чогулган уу заттардан бошонот.
Анан жерге түшкөн миллиарддаган жалбырактар эмне болот? Курт-кумурскалар, козу карындар жана топурактагы башка да жан-жаныбарлар бул органикалык затты бат эле чиритип, жер семирткичке айлантып жиберишет. Ошентип, күзүндө миң кулпунган жалбырактар, келерки жылы бак-бадалдар жаңы жалбырак байлаш үчүн, жер семирткичтик кызмат аткарат. Кайра иштетилип чыгуунун мындан да сонун жолу барбы?! Адамды таңыркаткан жаратылыштын бул кубулушу тууралуу ойлонуп көрүп, талаадагы бардык бак-дарак өз Жаратканына «кол чаап» жатканын кантип сезбей коёбуз
Бышыктоо:
1-кадам: Класстагы окуучуларды мугалим 6 топко бөлөт. 1-топ «Алма», 2-топ «Жангак», 3-топ «Ѳрүк» , 4-топ «Жүзүм» 5-топ «Дарбыз» , 6-топ «Коон» деп аталат. Ар бир топко бирден ватман, бир нече жалбырак, клей, кайчы, маркер берилет. Убакытты белгилеп топторго жалбырактардан куз мезгилинин бир көрүнүшүн жана топтун атын чагылдырган сүрөт тартууга тапшырма берилет. Окуучулар жалбырактарды кыркып, ватманга жабыштырып , чыгарма жаратыш керек.
2-кадам: убакыт бүткөндөн кийин топтор өз чыгармаларын жактоого чыгышат. Ар бирине кол чабышып , кубаттап турушат. Эн жакшылары мугалим тарабынан бааланат.
3-кадам: «Күз мезгили силерге эмнеси менен жагат?» деген суроо менен окуучуларга кайрылам. Окуучулардан жооптор алынып , кызуу талкуу жүрөт.
4-кадам: Мугалим куз жөнүндө ырды окуп берем. Окуучулар да көрктүү окушат. Эмне үчүн күздү жоомарт дешет?
Окуучулар өз ойлорн айтып жооп беришет
Жоомарт күз
Жоомарткуз берекесин төгүп турат,
Жер эне балдарына белек сунат
Элимдин курсагы ток бейкутчулук
Жаш балдар көнүлү шат оюн курат
Мээримге берекеге толгон күзүм
Коон, дарбыз, анар, алма, албан түшүм
Тандырга апам жабат ысык нанын
Айылды өрдөп кетет ачуу түтүн
Кочушу толуп кызылга атакем жүрөт кубана
Жайлата баккан эгиндин түшүмүн жыйнап убара
Боекчу күзүм баарына жаны түс берди карачы
Алтын түс алып заматта өзгөрдү жашыл тукаба.
5-кадам: Улукбек Оиокеевдин «Кеч күз» деген ыры менен сабак жыйынтыкталат
Кеч куз
Кээде ачык, кээде асман түнөрүнкү
Тоо жактан суук тарткан илеп келет
Кун дагы баштагыдай ачууланбай
Мемиреп жылуу салкын нурун төгөт
Чокулар аппак кардан калпак кийип,
Сарыга алмашылган жашыл кымкап
Куураган бак башында жалбырактар
Дирилдеп чакыргансыйт колун булгап
Тунжурап тиктеп койуп алды жактан
Аралап бара жаттым калын бакты
Кечээ эле көк шиберди араласам
А бугун кечип барам жалбыракты
Аппак кар жака көздөй энкейишип
Айлана суук тартып барат улам
Шамалга кайып учкан жалбырактын
Тушумун сугум арта карап турам
Конур куз уста белем бак –даракты
Түркүн түс бойокторго боеп койгон
Күрөнү , кызылы бар кээси сары,
Кээ бири саргая элек жашыл бойдон.
Уйго тапшырма: окуучулар мөмө жемиштер жөнүндө ырларды , табышмактарды жазып жаттап келишет