Сабактын темасы: «Эр жигит эл четинде, жоо бетинде»
Сабактын максаты: Окуучулар Ата Мекендик согуш тууралуу маалымат алышат.
Ата Мекенди сүйүүгө, ардактоого, коргоого жана
патриоттуулукка,эр жүрөктүүлүккө, боорукерликке тарбияланышат.
Сабактын жабдылышы: Дубал газеталар, видео, өчпөс оттун макети, шам, Советтер
Союузунун Баатырларынын сүрөттөрү.
Сабактын жүрүшү: КРнын мамлекеттик гимни менен башталат.
Уюштуруу: ыр угулат
Мугалим:
Саламатсыздарбы бүгүнкү “Эр жигит эл четинде, жоо бетинде” аттуу кечебиздин катышуучулары.
КЫРГЫЗСТАН УЛУУ АТА МЕКЕНДИК СОГУШ ЖЫЛДАРЫНДА
1941-жылы 22-июнда фашисттик Германия жана анын союздаштары Советтер Союзуна кол салган. Ошентип, бир топ жылдарга созулган, кырчылдашкан согуш башталды. Совет өлкөсүнүн тынчтык өнүгүүсүн бузган бул окуя тарыхта Улуу Ата Мекендик согуш деген ат менен белгилүү болду. Кыргызстандын калкы бүткүл өлкөдөгүдөй эле, фашисттердин кол салуусун өз башына түшкөн кырсык катары кабыл алды. Согуш аракеттери жүрүп жаткан аймактардан алыс тургандыгына карабастан, Кыргызстан да күжүрмөн катарга кошулду.Согуш башталган күндөн тартып, Кыргызстандын аймагында16жаштан50жашка чейинки аскерге милдеттүүлөрдү согуш ишине үйрөтүп, согуш майданына жөнөтүп жатты. Кыргызстан согуш башталгандан согуш аяктаганга чейин 380 миңден ашык уулдарын жана кыздарын, же республиканын ар бешинчи атуулун согуш майданына жөнөттү. Согуш майданына аттангандардын арасында 1395 аял болгон. Бул кан майдан 1418 күнгө созулган.Кыргызстандын аймагынан аскерге чакырылган жумушчу, колхозчу дыйкандар менен интеллигенциянын өкүлдөрүнөн бир катар аскер бөлүктөрү жана бирикмелер түзүлгөн. Биринчилерден болуп 385-аткычтар дивизиясы, 40-жана 153-айрым аткычтар бригадалары Кыргызстандык жана Казакстандык жоокерлерден турган жана кийин 8-гвардиялык аткычтар дивизиясы деп кайра аталган 316-аткычтар дивизиясы, 107-108-109-улуттук аткычтар дивизиялары, учкучтар полктору, автоматчылардын айрым батальондору жана башка бирикмелер түзүлгөн.Бул түзүлгөн бирикмелер кан майданда талбай эмгектенип, өз күчтөрүн аянбастан жумшап, эр жүрөктүүлүгүн, тайманбастыгын, баатырдыгын жана күжүрмөндүгүн көрсөтүп, фашисттердин көптөгөн жоокерлерин, полкторун, дивизияларын талкалап, өз өлкөлөрүн айыл-кыштактарын, шаарларын бошотуп өлбөс-өчпөс эрдиктерди жарата алды. Натыйжада, бул эрдиктер үчүн Кыргызстандык жоокерлердин арасынан 72си Советтер Союзунун Баатыры деген наамга ээ болушту. Мындан тышкары бир канча орден-медалдар менен да сыйланышты. Бул баатырларга: Чолпонбай Түлөбердиев, Дүйшөнкүл Шопоков, Дайыр Асанов, Анварбек Чортеков, Кубат Жуматаев, Ташмамат Жумабаев, Мамасалы Тешебаев, Талгат Бегелдинов, Калыйнур Үсөнбеков, Жапар Асаналиев, Самат Садыков жана башкаларды да сыймыктануу менен атап, кошсок болот.
Ошентип, 1945-жылы 9-майда фашисттик Германияны Советтер Союзу талкалап, борбору Берлин шаарында Жеңиш туусун желбиретип, немец элин мындан кийин баш көтөргүс кылып, эркиндик менен теңдик жана тынчтык алып келди. Бул тынчтык менен жеңиш апаларыбыздын көз жашын, аталарыбыздын канын агызды. Далай жандардын өмүрүн алды, нечени колу-бутсуз мунжу болду, эсепсиз адам жетим-жесирге айланды. Кантсе да, трагедия менен Улуу Жеңишти алып келген аталарыбызга түбөлүк даңк.
Ошондон бери бул күн Ата Мекенди коргоочулардын күнү деп белгиленип келет. Нечен деген кылым карытып, улуу урпагы бекем мамлектибиздин пайдубалын көчүрбөй сактап келе жаткан элибиздин күжүрмөн эмгеги, чептей бекем кайратты, ажырагыс биримдигинен кабар берет эмеспи.Мына ошондон улам калк арасында “Эр жигит эл четинде, жоо бетинде” – деп айтылганы жөн жеринен эместир. Андыктан ар бир азамат аскер курагына жашы жеткен соң, колуна куралын алып, Ата Мекенди коргоого даярдыктан өтүп келүүгө тийиш. Себеби, күчтүү мамлекеттин артында, чептей бекем куралдуу күч түзүмү турат.Ар бир кыргыз жаранынын жүрөгүндө бекем намыс, Мекенге болгон күчтүү сүйүү кошо жашаса, анда Мекенибиз кылым карытып, өз урпагын кучагында бактылуу жашоо кечиртегине эч шегибиз жок.
Жеңиш! Жеңиш! Жер дүңгүрөп чыгат үн.
Жеңиш! Жеңиш! Төрт жыл бою күткөн күн.
Жеңиш туусун тиккен кезде Берлинге,
Фашизмдин ичер суусу бүткөн күн.
Ар дайым бар болуңуздар, урматтуу согуш ветерандары!
Хор. “Жоокер ыры”
Алып баруучу: Саламдашуу
Кагылайын Кыргызстан кагылайын
Кайратанып каруунду жанылайын
Каным жаным дартыма шыпа болсо
Канатынды сун мага дарылайын
Саламатсыздарбы? Урматтуу мырзалар сиздерди 23-февраль Советтик Армиянын түзүлгөн күнү менен жалпы айымдардын атынан куттуктайбыз. Сиздерге бекем ден-соолук иштериңиздерге жана окууларыныздарга ийгилик каалайбыз. Бизге келген бейпил жашоонун себепчиси сиздер деп билебиз. Сиздер бар энелердин жүрөгү тынч,биздин көңүлүбуз куунак. Дайыма бар болуңуздар биздин сүйүктүү мырзалар! Анда эмесе сиздерге арналган;”Эр жигит эл четинде, жоо бетинде” аталышындагы кечени ачык деп жарыялайбыз.
Тоодо жашап сырын тарткан жылдызды,
Мен уулумун таза кандуу кыргыздын.
Жигит болуп төрөлгөн соң ааламга
Асабасын бийик кармайм кыргыздын.
Анда эмесе кийинки номер; Мекен жөнүндө көркөм ырлар
Окуучулар ыр айтышат:
1-окуучу:
Дүйнөнүн жүзүн өрт алып,
Кара жалын каптады.
Кыяндай жүрөт шаркырап,
Кызыл кандын акканы.
Ушундай апаат күндөрдө,
Уяттан уят эмеспи,
Уулуңдун үйдө жатканы.
2-окуучу:
Калк башына түшүп оор азаптар,
Кыйылышкан канча кырчын канаттар.
Курман болгон мекен үчүн, эл үчүн,
Дүйшөнкулдар, Чолпонбайлар, Саматтар.
3-окуучу:
Кирди душман аймагыңды басканы,
Бабаларың андан чочуп качпады.
Канча болсо менде талаа таштары,
Дал ошончо тоголонуп баштары.
4-окуучу:
Тукум курут кыламын! – деп кам уруп,
Туш-туш жактан кирди душман чамынып.
Эпкинимди гүлдүн жыпар жыты эмес,
Каңырсыган кандын жыты агылып.
5-окуучу:
Ата Журтун жоодо сактап кала алган,
Кан майданда жан беришип, жан алган.
Улуу Жеңиш аталардын төгүлгөн,
Кандарынын эсебинен жаралган.
6-окуучу:
Күн жетти, мына эми жеңиш бизде,
Согуштун оор күнү калды эсте.
Эл үчүн жанын курман кылгандарды
Эстейбиз жеңиш менен бүткөн күндү
Алап баруучу:
Оо Ала-Тоо сенсиң менин мекеним
Башым ийип сага таазим этемин.
Өлгөнүмчө сени коргоп душмандан
Өмүр бою кадырына жетемин
Кийинки кезекти; Ч.Айтмотовдун “Саманчынын жолу” чыгармасындагы Майсалбектин каты (инсинировка)
Алып баруучу:
Ар намыска шыктандырып улуу төр
Ар убакта алга сурөйт үмүттөр
Көз ирмебес кыраан алып тактаган
Эрки күүчтү кыргыз элим мунушкөр
Кезекте бий:
Алып баруучу:
Тынчтык болсун мекенимде ар дайым
Коргоочулар амандыгын каалаймын
Душман көрбөй дуйнө менен теңдешип
Узун болсун өмурунөр ар дайым
Анда эмесе кийинки номер: Ыр
“Жоокер ыры”
Алып баруучу:
“Согуш” деген сөз кулакка кандай жагымсыз угулат. Бирок ал канчалаган эр-азаматтардын күчүн сынап, баатырга айлантты. Баатырлар, патриот адамдар жөнүндө канчалаган ырлар, аңгемелер, роман-повесттер жаралбады. А силер макал-лакаптардан айта кетсеңер.
Кезекте макал-лакаптар
Баатыр бир өлөт, коркок миң өлөт.
Байлык жерден чыгат,
Баатыр элден чыгат.
Эр жигит – эл четинде, жоо бетинде.
Жолборс изинен кайтпайт,
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
Эр энеден туулат, эли үчүн өлөт.
Чептен эрдин күчү бек.
Коёнду камыш, эрди намыс өлтүрөт.
Ырыс алды – ынтымак. Күч бирдикте.
Эл четине жоо келсе, жан аяган жигитпи?
Жоого жаныңды берсең да, сырыңды бербе.
Ата Журтуңду Манастай сүй, Ала-Тооңо Кошойдой күй.
Атанын уулу болуу – урмат,
Элдин уулу болуу – кымбат.
Ата Мекеним менсиз жашаса жашаар, бирок мен Ата Мекенимсиз жашай албайм.
Эр карыйт, эрдик карыбайт. (моңгол эл макалы)
Жоокер болсоң өлүмдөн коркпо. (кытай эл макалы)
Элиңи сатканың, жериңи сатканың,
Келечегиңи атканың. (Нурмолдо)
Күрөшсүз турмуштун кызыгы жок. (М.Ю.Лермонтов)
Тубаса баатыр жаралбайт,
Баатырды согуш жаратат. (А.Т.Твардовский)
Алып баруучу:
Балдар азыр силер
“Баатырды согуш жаратат” – деген сөзүн айтып кеттиңер. Кыргыз элинде да Улуу Ата Мекендик согушта “Советтер Союзунун Баатыры” деген улуу наамды алгандары да
бар эмеспи. Ошолордун бири – Чолпонбай Тулебердиев
Азыркы инценировка Ч Тулебердиев тууралуу болмокчу.
(Окуучулар сахнада аткарышат.
Алып баруучу:
Жеримдин чек арасын кайтарып
Ар кандай оор кырдаалга даярданып
Мекендин так чегинде тынбай басып
Чек арачы деген атка сыймыктанып
Эли учун өлүүгө да даяр болуп
Мекендин чек арасын турат коруп
Бөтөн адам басып кирсе чек арадан
Барышат жан аябай алоолонуп
Кезекте жалпы хор:
Алып баруучу:
Эл үчүн деп соккон кыргыз жүрөгү,
Унутпастан аны айтып жүрөлү.
Кана, курбум, бүгүн сен да эстечи,
Кимдин сокпойт кыргыз үчүн жүрөгү – демекчи, бүгүнкү кечебизди аяктап
жатып, апаларыбыздын көз жашы, аталарыбыздын эсепсиз төгүлгөн каны, сансыз
өлүмү аркылуу келген Улуу Жеңишти түбөлүк бек сактайлы. Ушул бейпилдикти
берген ата-апаларыбызга түбөлүк таазим кылалы.
Эрдигиңерге таазим!!! Түбөлүк
даңк! Жашасын Улуу Жеңиш!
Андыктан, ар бир кыргызмын деген адамдардын жүрөгүндө: “Эч ким, эч
нерсе,эч качан унутулбайт! – деген ыйык сезим жашасын демекчибиз.
Көңүл бурганыңыздар үчүн чоң рахмат!
К Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектеби
Тема: “Мекенимди даңктаймын”
Мугалим: Рустемова Жазгүл