Тарбиялык саат.
Темасы: « Ата-мекеним-алтын бешигим»
Сабактын максаттары:
- Окуучулуларды мекенчилдикке тарбиялоо;
- Мекенибиз Кыргызстандын керемет кооз жерлеринин баасы , тарыхый эстеликтери, залкар адамдары жөнүндө маалымат берүү;
- Окуучулардын келечекте мекени үчүн кандай иштерди кылып, кантип мекендин патриоту болоору жөнүндө ойлорун угуп, аларга жакшы кеңештерди берүү.
Сабактын жүрүшү:
Уюштуруу учуру: Окуучуларды тегерете отургузуу.
Кыргызстандын керемет кооз жерлери, тарыхый эстеликтери жөнүндө айтып берүү.
Кыргызстан башка өлкөлөрдөн бийик-бийик аска зоолору,тоолору,шаркырап аккан суулары,уккулуктуу сайраган чымчыктары,жыпар-жыттуу гулдөру,жапжашыл ээн,кенен жайлоолору, мемиреген көлдөрү менен айырмаланып,өзгөчөлөнүп турат.
Жергебизде көптөгөн тарыхый эстеликтер бар. Алсак Сулайман-Тоо, Таш-Рабат, Манастын күмбөзү, Саймалуу- Таш ж.б. Мекен – бул ар кимдин киндик каны тамган жер. Туулган жердин топурагы алтын демекчи, мекенибиздин ар бир ташы,кен-байлыктары, ак карлуу ала-тоолору, туптунук таза суулары- ыйык мурас.Эл башына оор сыноо, согуш чыкса салгылашууга: “Мекен үчүн! Ата журт үчүн!” деп чыгышкан.
Слайддар.
3.Кыргыз элибиздин залкарлары жөнүндө:
Биздин мекендин түптөлүшүнө, эркиндикке чыгуусуна, өнүгүшүнө салым кошуп кеткен улуу инсандарыбыз, ата-бабаларыбыз болгон. Мисалга алсак, Манас бабабыз, Курманжан датка энебиз, Байтик баатыр, Шабдан баатыр, К.Тыныстанов, И. Арабаев, Т.Сатылганов, Чыңгыз Айтматов, ж.б. патриот инсандарыбыз болгон. Биз да алардын жолун улап, мекенибизди сүйөлү, коргойлу, өнүктүрөлү, элге ак кызмат кылалы, жерибизди сактайлы.
Өз мекенин сүйүү кичинекей мамлекет – үй-бүлөдөн башталат. Үй-бүлөдө жакшы тарбия алып, ыймандуу болсок, келечекте өлкөбүздү өнүктүрө алабыз. Сүйүктүү пайгамбарыбыз (САВ): “Адамдардын эң жакшысы – башка адамдарга пайдалуу болгону” деген. Ыйман адамды уурулук кылбоого, бирөөнүн акысын жебөөгө, ушак айтпоого, улууну урматтап, кичүүнү ызаттоого, мекенди коргоп, аны сүйүүгө үндөйт. Ыймандуулугубуз менен башка элдерге өз эл-журтубузду сүйдүрө алабыз.
Биздин өлкө көп улуттуу өлкө, 80ден ашуун улуттун өкүлдөрү жашайт. Биз – кыргыздар кең пейилдүү, меймандос, ыймандуу эл болгонубуз үчүн ар улут менен бирге ынтымактуу жашап келебиз.
Мекенди сүйүү, ага кызмат кылуу, мекенге өз жанын берүүгө даяр болуу, ар бир мекендешибиздин, ар бир улуттун аткаруучу парзы.
4.Суроолор:
1) Балдар Ата-мекендибиздин кайсы кооз жеринде болгонсуңар?
2) Ата-мекенге кандай салым кошкуңар келет?
3) Мекен жөнүндө кандай ырларды билесиңер?
Тапшырма: «Мекенди коргоо-ыйык милдет» темасында эссе.