Cабактын темасы: 23-февраль «Ата мекенди коргоо» күнү.
Сабактын максаты: Окуучулар Кыргыз армиясы жонундо маалымат алышат
согуштун апаатын, ырайымсыздыгын түшүндүрүү
менен бирге ага каршы күрөшүүгө багыт берилет.
Ата Мекенди коргоого,сүйүүгө тарбияланышат.
Сабактын жаблылышы: Буклеттер, сүрөттөр, ырлар,накыл кептер.
1.Сабактын жүрүшү: 1.Кыргыз Республикасынын Гимни
2 . Жаңы тема: 23-февраль«Ата мекенди коргоо күнү”.
-Кана балдар айткылачы. Кимдин агасы армияга барып келген?
-Айылда Мекенди коргоо үчүн кимдин агасы армияга кеткен?
- Силер да армияга баргыңар келеби?
-Демек ойлонгулачы, 23-февраль кандай күн экен?
Мугалим:23-февраль “Ата мекенди коргоо күнү”.Бул күн Совет доорунда “Советтик Армиянын күнү” деп белгиленип келген.1918-жылы 23-февралда ошол учурдагы жолбашчы В.И.Ленин Кызыл Армиянын түзүлүшү жөнүндөгү декретке кол койгон. Качан гана Кыргыз Мамлекети өзүнчө Эгемендүү мамлекет болгондон кийин, бул кун
“Ата Мекенди коргоо күнү” деп белгиленип калды. Ар бир мамлекет өзүнчө мамлекет болгондон кийин өзүнүн армиясы болуш керек.Биздин улуттук армия биздин тынчтыгыбызды сактайт,мекенибизди коргойт.
Биздин элибиз ачык асман,бактылуу турмушта жашагысы келет.Жашоонун жагымдуу кызыгына батып колунан келген бардык жумуштарды аткарууга аракеттенебиз.
Бул үчүн бизге эмне керек? - ТЫНЧТЫК.
-Ооба, бизге тынчтык гана керек .Тынчтык – деген сөздү силер кан дай түшүнөсүңөр? Тынчтык – бул адамдардын турмуш –тиричилигинин
негизи. Тынчтык адамдардын жашоодогу негизги шарты, жашоодогу жанып турган чырагы.Тынчтык жөнүндө ырлардан билесиңерби?
Атам да сүйлөйт тынчтык деп, Тынчтык деп сүйлөйт бут калкым
Апам да сүйлөйт тынчтык деп. Тынчтык бир куусу туш жагым.
Терең синген каныма , Түңүл душман дүйнөдөн,
Кандай сонун тынчтык кеп. Тутанбай өчөт орт жалын.
Тынчтыкты мен да сүйөмүн, Каршы чыгам согушка,
Тынчтыгын каалайм дүйнөнүн. Баш ийип ортко күйөмүн.
Чек арага жакын үңкүр бар, Жашаш учун дайым эл эркин,
Кокус душман богуп жатпасын. Биздин аскер бизди кайтарат.
Чек арачы даяр кармоого, Чер токойдо ак каржамынган,
Кандай душман башын бакбасын. Чек ара
Дүйнөдө тынчтык болсун, Ар дайым өлкөм гүлдөп,
Ааламга күлкү толсун. Ар бир үйгө бакыт толсун.
Азаматсыңар балдар, силер жакшы ырларды билет турбайсынарбы? Тынчтыкты коргоо жана сактоо ар бир атуулдун милдети.
Мекенди коргоо эмнеден башталат?
Мекенди коргоо эң биринчи ден соолукту сактоодон башталат.
Экинчи татыктуу тарбия жана эң жакшы билим алуудан,алган билимди турмуш менен айкалыштыра билүүдөн, улууну урматтоодон.кичүүнү ызаттоодон, ата –энени сыйлоодон башталат.
Көгүчкөнүм.
Көгүчкөнүм ,көгүчкөнүм , Көгүчкөнүм , көгүчкөнүм,
Күн чыкканда көрүшкөнүм. Терезеден көрүшкөнүм.
Ачка болуп калбасын деп, Кат жазасын биздин элге,
Ак нанымдан бөлүшкөнүм. Таркат элге, тынчтык жерге.
Бирде колума, бирде жонума
3.Корутундулоо:суроо жооп иретинде.
1.Ата Мекенди коргоо күнү кайсы күн?
2.Ата Мекенди коргоо эмнеден башталат?
3. Тынчтыктын символу деп кайсы канаттууну айтабыз?
Бакыт. бакыт каалайм,келчи койнума.
«Мекенден айрылганча, өмүрдөн айрыл .”
4.Үй тапшырма: Мекен жөнүндө ырлардан, макал-лакаптардан жаттап келүү.