Сабактын темасы: ТААНДЫК БАЙЛАНЫШ Сабактын максаты:
Билим берүүчүлүк: таандык байланыш боюнча маалымат алышат.
Өнүктүрүүчүлүк: таандык байланыштын жасалуу жолдорун өздөштүрүшөт.
Тарбия берүүчүлүк: топтордо иштөөдө бири-биринин оюн угуп, өз ара сыйлашат жана берилген тапшырмалардын негизинде ата-энени сүйүүгө, сыйлоого тарбияланат.
Жогорудагы максаттарга жетти деп эсептейбиз, эгерде окуучу ... а) сүйлөмдөрдөн таандык байланышты таба алса;
б) таандык байланыштын жасалуу жолдорун айтып бере алса; в) топтордо иштөөдө бири-биринин оюн угуп, өз ара сыйлашса.
Окуучулар ээ болуучу компетенттүүлүктөр:
Тилдик компетенттүүлүк:
таандык байланышында багыныңкы сөздүн илик жөндөмөсүндө, багындыруучу сөздүн таандык мүчөлүү формада турушун билет;
тексттен таандык байланыштагы сөз айкашын ажырата алат. Кептик компетенттүүлүктөр:
сүйлөө кебинде сөз айкаштарын ыктуу колдоно алат;
таандык байланышындагы сөз айкаштарына мисалдар келтире алат.
Маданий компетенттүүлүк:
улуттук маданиятты түшүнүү менен сөз жана сөз айкаштарын ажырата алат;
тил аркылуу улуттук сөз өнөрүн үйрөнүү
макал, лакап, учкул сөздөрдүн маанисин түшүнүп, баалай билет.
Сабактын тиби: алган билимди чыңдоо сабагы.
Сабактын методу: интерактивдүү метод.
Сабактын жабдылышы: таркатмалар, методикалык колдонмолор, ватман, маркер, скотч ж. б.
Сабактын жүрүшү: 1. Уюштуруу. 2. Өтүлгөн теманы кайталоо.
Сөздөрдүн башкаруу жолу боюнча байланышы дегенди кандай түшүнөсүңөр? Мисалдар келтирүү менен айтып бергиле.
Багыныңкы сөз барыш, табыш, жатыш, чыгыш жөндөмөлөрүндө тургандай кылып, башкаруу байланышына мисалдар келтиргиле.
Жаңы тема:
Айрым сөз айкаштарында багыныңкы сөз илик жөндөмөсүндө негизги сөз (багындыруучу) таандык мүчөлүү формада болот. Мисалы: эне- нин мээрими,көлдүн жээги, атанын сөзү, досумдун сүрөтү ж. б. Тагыраак айтканда, жогорку сөз айкаштарында мээрим энеге, жээк көлгө, сөз атага, сүрөт досума таандык деген маани бар.
Окуу китебиндеги 105-көнүгүү оозеки аткарылып, берилген сөз ай- каштарынын багынычтуу жана негизги түгөйлөрү аныкталып, кандай жол менен жасалгандыгы түшүндүрүлөт. 106-көнүгүүдөгү сүйлөмдөрдү көчүрүп жазып маанисин түшүндүрүшөт жана андан таандык байланышындагы сөз айкашын белгилешет. Анын эмне үчүн таандык байланышта экенин далилдешет.
Сабактын кийинки бөлүгүндө мугалим окуучулар менен сөз айкашы боюнча талдоого көңүл буруусу талап кылынат. Ал үчүн сүйлөмдөр тан- далып, алар сөз айкаштарына ажыратылып, толук талдоо жүргүзүлөт. Ми- салы: Ааламдын көркүн көз ачат.
көз ачат – баш мүчөлөрдүн өзгөчө катыштагы айкашы, багыныңкы байланыштын ээрчишүү жолу.
көркүн ачат – эркин сөз айкашы. Анын ичинен этиштик сөз айкашы, анткени багындыруучу түгөйү (ачат) этиш сөз, грамматикалык түзүлүшү жөнөкөй, себеби толук маанилүү эки гана сөздөн турду. Багыныңкы бай- ланыштын башкаруу жолу, анткени багындыруучу сөз багыныңкы сөздүн (көркүн) табыш жөндөмөдө турушун талап кылып башкарды.
ааламдын көркү – эркин сөз айкашы. Анын ичинен атоочтук сөз айкашы. Тагыраак айтканда зат атоочтук, себеби багындыруучу сөз (көркү) зат атоочтон болду. Грамматикалык түзүлүшү жөнөкөй, анткени толук маанилүү эки гана сөздөн турат, багыныңкы байланыштын таандык жолу. Мында багындыруучу сөзгө (көркү) таандык мүчө уланып, ал эми багыныңкы сөз (ааламдын) илик жөндөмөсүндө турат.
Окуучулардын билимин баалоо критерийдин негизинде жүргүзүлөт Окуучунун билим көрсөткүчтөрү аркылуу баалоо:
эрежени билип, аны пайдалана алышы;
сөз, сөз айкашы жана сүйлөмдү бири-биринен айырмалашы;
сүйлөмдөгү сөздөрдүн байланышуу жолдору боюнча мисалдарды таап, талдашы;
жооптору так жана тууралыгы;
өзүнүн оюн далилдеп бере алышы;
тексттен таандык байланышындагы сөз айкаштарын аныктай алат.
Үй тапшырма: 107-көнүгүү.