СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сылык адам дасторкон корку

Нажмите, чтобы узнать подробности

Окуучуларды сылыктыкка уйротуудо отулгон ачык класстык сааттын планы.

Просмотр содержимого документа
«Сылык адам дасторкон корку»

Сабактын темасы: Сылык адам дасторкон көркү.

  1. Сабактын максаты: Сылыктыкты үйрөнүү.

  1. Билим берүүчүлүк: Тамак ичүү мезгилинде дасторконго отуруу маданиятын, ата салтын, эне адебин кармоону түшүндүрүү.

  2. Өнүктүрүүчүлүк: Дасторконду жасоону, кай бир тамак ашты коюу тартибин үйрөнүү.

  3. Тарбия берүүчүлүк: Кыз бала көчөдө, мектепте, үйдө кыргыздын салтын сактап, гүлгө окшош экендигин, туура кабыл алуусун байытуу.

  1. Сабактын тиби: Аңгемелешүү, суроо-жооп иретинде өтүү. Энелик мээримдүүлүктү кармоо.

  2. Сабактын жабдылышы: Салаттар, нан, булочка, боорсок, кант ж.б. столго коюп, стол жасалгалоосун байкоо.

  3. Сабактын жүрүшү:

1.Уюштуруу.

2. өтүлгөн теманы кыскача кайталоо.

3. Жаңы сабак

Мугалим:

“Сылыктык эч нерсени билбегени менен көп нерсеге жарайт”. М.Мотелчью.

Жакшына кыз- гүлгө окшош

Жакшына кыз- нурга окшош

Ай ааламга жылмайган

Жакшына кыз- күнгө окшош.

Кана кыздар дасторконго отурганда кандай сыпайычылыкты сактоо керек.

1-окуучу. Ысык шорпону суутуш үчүн үйлөө жарабайт. Кашык менен акырын аралаштырып, суутуш керек. Шорпону шуркуратпай ичүү керек. Тарелкадагы нанды вилка менен эмес, кол менен алыш керек. Бирок башка кесимдерге кол тийгизүү жарабайт.



2-окуучу. Дасторкондо отурганда шыбырашып эки-экиден сүйлөшүү туура эмес.Чыканакты эки жакка керип отурбоо керек. Себеби эки жагыңдагы кишиге тоскоол болосуз. Котлетти жегенде баарын кескилеп салбай утур бирден кескилеп жеген оң. Тамак ичип жатканда сүйлөшпөгөнгө аракет кылыш керек. Шилекейиң чачырап уят болосун.

3-окуучу. Дасторкондо отурганда өзүндөн улуулардан өйдө өтүп, отурба. “Улууга – урмат, кичүүгө - ызат” деген накыл кеп ар дайым эсиңде болсун. Элдер менен отурганда: тамак алып келишсе, урматтуу, улуу, кадырман адамдан мурда кол созбогуң. Тамакты өз алдыңан гана алып жегин.

4- окуучу. Нанды дайыма кош колдоп сындыргын. Колуңдун майын нанга аарчыбагын. Тамакты шашып-бушуп ичпегин, оозуңдагы тамакты майда чайнап, акырындан жуткун. Оозуңду чектен тыш эле чоң ачып, шарылдатып тамак жештен сактан. Кашыктагы жарымын жеп, калганын табактагы окатка калтырбагын. Дасторкондын үстyндө отургандан мурда кол аарчып туруп кетпе. Зарыл жумушун болсо, уруксат сура.

5-окуучу. Бутерброттор (май сыйпалган же бетине жука тилинген колбаса, эт коюлган нанды) бычак, вилканын жардамы менен желет. Нанды өз алдындагы кичине тарелкага коюп, бир четинен колуң менен суйөп, анан бычак менен май сүйкөп жеш керек. Нанды алаканга коюп алып, май сыйпаган жарабайт. Тазалыкка жатпайт. Жука кесилген колбаса же эт нандын бетине вилка аркылуу коюлат. Нанды өз алдыңдагы тарелкага коюп, бетине бал, варенье, повидло сыйпап жесе болот.

Мугалим:Тамак ичип жатканда чачыңды кармалап, башынды тырмаба. Нанды төшүңө такап кеспе. Тамакты туз отуруп же. Оозуңдагы тамакты жутмайынча суюк нерсени ууртаба. Сөөмөйүңдү оозуңа салып тиштеринди чукулаба. Сөөктү бычак менен мүлжүп же. Тарелкадагы дасторконду же кленканы вилка же бычак менен чийгилебе.

6-окуучу. Пирогду кесип, вилка менен прожкини колго кармап же. Майды атайын коюлган бычак менен чекесинен алып нанга сыйпайт. Горчица жана тузду атайын коюлган кашыктар менен алып жейт. Чала бышырылган жумуртканы чегип, чай кашык бата тургандай кабыган аарчып туруп туз сээп кашык менен жейт. Катуу бышкан жумуртканын кабыгын бүт аарчыгандан кийин экиге бөлүп, вилка менен майдалап коюш керек.

7-окуучу. Сууга бышырылган күрүчтү вилка менен, боткону кашык менен жейт. Кесилген тортту ар кимдин өз алдынча коюлган тарелкага вилка менен бир кесимден алып коюш керек. Аны чай кашык менен жеген туура. Үбөлөнүп кетүүчү катуу тортторду колго кармап эле жешке болот. Чай кашыгыңызды торт жегенден кийин чайыңызга салып чайкап алыныз. Себеби варенье, майга салууга болбойт.

8-окуучу. Чакмак кантты атайын кыпчуур болбосо, кол менен эле (башка канттарга кол тийгизбей) алып чынысына салат. Жемиштер атайын идиштерге салынып, кагаз салфеткалар менен столго коюлат. Анткени жемиштин ширеси дасторконду булгап коюшу мүмкүн. Жегенден кийин калдыктарын салфеткага кою керек.

9-окуучу. Алма, алмурутту тарелкага коюп, төрткө бөлөт да уруктарын алып таштайт, анан кадимкидей эле тиштеп жей бериш керек. Жаңгакты эч качан тиш менен чагууга болбойт. Атайын чымчуур менен чагып, данектерин кол менен алыш керек. Мейиз, өрүктү кол менен алып жеш керек, себеби, аларды жууп, тазалап дасторконго коюшат. Бананды аарчып бычак менен кесип, тарелкага салып, тегерете узатса, вилка менен алышат.

10-окуучу. Сыр кальцийге, белокко бай. А, В тобунун витаминдери бар. Төрт чарчы жука туууралган сырды вилка менен алып жегенге туура келет. Ден соолуктун чың болушу да эң маанилүү нерсе - туура тамактануу. Адам бир күндө төрт ирээт: эртең менен, түштө, күүгүмдө жана кечте тамактануусу керек. Дайыма белгиленген убакта өтө чой тое жебей шашпай майда чайнап жегенге аракеттенүү керек. Кечки тамактан кийин 2-3 саатан кийин уктоо керек.

11-окуучу. Мөмө жемиштердин ширесин сыгып ичүү керек, бул дагы ашказанга жагымдуу. Жемиштерден даярдалган ширелерге суу кошуп ичсе да пайдалуу. Кара чайга караганда көк чайдын пайдасы көп. Аны демдем ысык эме бөлмө температурасына жараша муздатып, ичкен оң. Дасторкондон тамак ичип бүткөндөн кийин бата кылууну унутпоо керек. Тамак жасаган апаң, жеңеңе ыраазычылык билдирип, каалосун айтуу керек. Бирөөнүн жакшылыгын унутпоого жана ага ыраазычылык менен рахмат айтууну унутпоо керек. Дасторкондо отурганда адамдын адептүүлүгү айкын ачык көрүнүп калат.

12-окуучу. Адам кичине эле нерседен өзүнүн канчалык даражада тарбиялуу экендигин билгизип коет. Тамак жеп жатканда кыйшайбай түз отуруу керек. Колду таза жууп анан ичүүкерек. Тамакты улуулата алып жегенге көнгөнү дурус. Тынч жай баракат отуруп желген тамак ашказанга жакшы сиңет. Вилка, кашыктарды колдонгондо калдыратпоо керек.

13-окуучу. Ортого коюлган тамактан өзү колдонгон вилка, кашык менен алып жегенге болбойт. Атайын аш кашык коюлат. Тамак желип бүткөндө урунган кашык, вилкаларды дасторконго таштабай, тарелкага койгон тазалыкка жатат. Бул учурда дасторкон майланышып, булганбайт. Ошондой эле улуулардан уруксатсыз тамак жеп бүтөөрү менен ордунан туруп кеткенге көндүрбөш керек. Мүмкүн болушунча режим менен жүрүү дурус болот.

14-окуучу. Айлана-чөйрөгө ак ниетттик менен мамиле кылуусу – кыздарды тарбиялоодогу негизги шарт болуп саналат. Кыздарды кичинесинен эле эмгек кылууга үйрөтүү керек. Эмгекке тарбиялоо-бул кыздардын аң сезимдүү турмушунун алгачкы кадамы, өзүн-өзү тейлөөнүн башаты. Келечекте тарбиялуу, адептүү адам болуу сыпаты.

15-окуучу. Сылык адам кайда болсо, сылык карыса да сылык карыйт. Жакшы сөздөрдү сүйлөп, ата-бабалардын салтынан атактуу чоң ата, чоң энелер жөнүндө кеп салып, уккулуктуу насыяттарынан айтып, дасторкон четинде отурган адамды ким жакшы көрбөсүн. Негизи, улуулардын кебин кулак салып уга журүү эң мыкты сапат болуп саналат.

Жыйынтыктоо: Дасторконду жайнатып, элге тамак берүү – бул бата алуу. Илгертен ата- бабаларыбыз батага чоң маани беришкен. Аталардын ак батасы менен адамдар максатка жетишкен. Тилек кылып, үмүт менен жашоого умтулушкан. Баталарга карата ишеним абдан чоң болгон. Батадагы сөздөр адамдын көңүлүн жибитип, аларды башкаларга мээримдүү болууга, сылык-сыпаты сүйлөшүү маданиятына тарбиялайт.

Тапшырма: үйдө болобу, коомдук жерлерде болобу, эне адебин сактап, дасторкондо отурганда чоң энелерибиздей сылык сыпайы болуп, жакшы сөздөргө кулак төшөп, керектүү тарбиянын учугун тууура пайдаланууну үйрөнгүлө.