СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Суу жонундо тарбиялык саат

Нажмите, чтобы узнать подробности

Суу жонундо

Просмотр содержимого документа
«Суу жонундо тарбиялык саат»

Тема:Суу-өмүр булагы.

Сабактын максаты:

1.Окуучулар тема боюнча кенири түшүнүк алышат.

2.Өтүлгөн теманы көнугүүлөр менен бышыкташат.Суу жөнүндө ырларды,макал,табышмактарды билишет.Өз алдынча ,топтордо иштей алышат.

3.Сууну үнөмдүү пайдаланууга тарбияланышат.

Сабактын тиби:Жаңы теманы өздөштүрүү.

Сабактын ыкмасы:Аңгемелешүү,суроо жооп,топто иштөө,мээге чабуул.

Сабактын ресурстары:Сүрөттөр,буклеттер,ырлар,класстер.

Сабактын түрү:Аралаш.

Сабактын жүрүшү:

1-этап:Уюштуруу.

Гимн ырдатуу.

Жагымдуу маанай:Болду эшикте коңгуроо,

Мына сабак башталды,

Угуп эжей сөздөрүн,

Биз тартипти сактайлы.

1,2,3.Биз отурабыз түз.

Алтын эреже:-Түз отуруу.

Активдүү катышуу.

Башканын оюн бөлбөө.

2-этап:Үй тапшырманы суроо.

(Суроолорду берип,талкуу жаратат,окуучулар талкууга катышат.)

-Адептуулук дегенди кандай түшүнөсүңөр?

-Сенде адептүү кандай сапаттар бар?

3-этап:

Жаны тема:Сабактын максаты менен тааныштыруу:

Cуу боюнча ,анын абалдары,касиеттери боюнча түшүнөсүңөр,топто тапшырмаларды аткарасынар.

Слайд көрсөтүү менен жаны теманы түшүндүрүү:

-Балдар,жакырчылыктан чыгуу-элибиздин көйгөйлүү маселелеринин бири .Элибиздин жашоо деңгээлин көтөрүүгө,адамдын жашоосунда керектүү өсүмдүктөрүнөн мол түшүм алууда жаратылыштын табигый байлыктарынан эңзарыл болгон энме?-Суу.

ООНдун чечими менен 22-март Дүйнөлүк суу күнү деп белгиленген.

Балдар,«Суу»дегенде көз алдыбызга эмнелер келет?

Окуучулар:Суу-бул жашоо ,моокум канып жутамын.

Суу-бул өмүр,ыйык кылып тутамын.

Суу тамчылар курамы.

Суу-түгөнгүс кенч.

Суу-дүйнөдөгү эң чоң байлык.

Суу-жаратылыш коргоочусу.

Суу-күн энергиясынын жер бетиндеги бөлүштүргүчү.

Суу-булак болуп жер алдынан чыгат,тоо башындагы мөңгүдөн ээрип агып келет даөзөн сууларды пайда кылат.Өзөн суулар бири-бирине кошулуп,чоңоюп отуруп дарыягаайланат.Дарыялар көлгө,деңиздерге айланат.

Жер планетасынын көп бөлүгүн суу каптап турат.Демек ,жерде кургак жерден суу көп.

Жер алдында да ,абада суу бар.

Ала-Тоонун чокусундагы мөңгүлөр-суунун тоңгон абалы.Ал муз жана кар,эрисе сууга айланат.

Демек ,жер бетиндеги суу үч абалда кездешет.Суюгу-суу,катуусу-муз,кар,газ абалы-буу.

4-этап:Көнүгүү,машыгуулар:

Торт топко бөлүнүшөт.

1-топ:Cуу жөнүндө ырларды айтышат.

2-топ:Таркатмалар менен иштешет.

3-топ:Суунун абалдары боюнча тажрыйба жасоо менен түшүндүрүшөт.

4-топ:Класстер түзүшөт.

Жыйынтыктоо:Накыл сөздөр.

-Сууну кайсы убакта ыйык дейбиз?

1.Төрөлгөндө таза сууга жуу.

2.Көз жумганда таза сууга алуу.

3.Узак сапардан келген адамдын башынан суу айландырып чачуу.

4.Отуз күндүк орозону суу менен ачуу.

4-этап:Бышыктоо:суроо-жооп менен.

-Суунун адам жашоосундагы мааниси,пайдасы.

-Суу кандай абалдарда болот?

-Картада суу кандай түс менен көрсөтүлгөн?

Баалоо:Диагностикалык баалоо.

Тапшырма:»Суу-өмүр”деген темада дилбаян жазып келүү.