Айбектин апасы атасынан 5 жаш кичине, Айбек апасынан 2 эсе кичине. Айбектин, апасынын, атасынын жашын кошкондо 100 чыгыш керек.
Суроо: Айбекти атасы канча жашта, апасы канча жашта жана Айбек өзү канча жашта? (5 минута убакыт берилет)
Жооп: Айбектин атасы 43 жашта, апасы 38 жашта, Айбек өзү 19 жашта.
Эмне үчүн адам чүчкүргөндөн кийин аркасынан «алхамдулиллах» кыргызча мааниси «Кудайга шүгүр» деп айтат ? (2 минута убакыт берилет)
Жооп: Себеби адам чүчкүргөндө жүрөктүн согушу токтоп калат. Чүчкүрүп бүткөндөн кийин кайра сого баштайт. Ошол себептен Кудай бизге кайра жашоо бергендиги үчүн Ага шүгүр келтиребиз.
Жаныбар менен кыздын атын кошкондо бир өлкөнүн аты келип чыгат. Ошол кайсы өлкө? (2 минута убакыт берилет)
Жооп: Ит + Алия = Италия.
Жеңил машинын жамгырда калганда кайсыл дөңгөлөгү нө суу тийбейт? (1 минута убакыт берилет)
Жооп: Запасной дөңгөлөгүнө.
Деңизде кандай таш жок? (1 минута убакыт берилет)
Жооп: Курук таш жок.
3 алманы 2 бала, 2 ата 1 ден жешиптир. Кантип? (2 минута убакыт берилет)
Жооп: Себеби ал жерде 3 эле адам болгон. 1 бала, ал баланын атасы жана чоң атасы.
Адам качан жана кайсы жерде асманды жерден ылдый көрө алат ? (1 минута убакыт берилет)
Жооп: Суунун бетинен асманды караганда.
Өрдөк сууга кайсы буту менен кирип кайсы буту менен чыгат? (1 минута убакыт берилет)
Жооп: Курук буту менен кирип, суу буту менен чыгат.
Узундугу 1 км болгон поезд саатына 60 км тездикте 1 км токойду канча убакытта басып өтөт? (2 минута убакыт берилет)
Жооп: 2 минутада
Адамдардын, уруулардын жана муундардын келип чыгышын изилдөөчү илим эмне деп аталат? (1 минута убакыт берилет)
Жооп: « Генеалогия» илими деп аталат.
Түргөш кагандыгынын борбору кайсыл шаар болгон? (1 минута убакыт берилет)
Жооп: Суяб шаары
Совет бийлиги биринчи болуп Кыргызстандын кайсыл жерине орногон? (1 минута убакыт берилет)
Жооп: Сүлүктүгө
«Даван» деген сөз кандай маанини түшүндүрөт? (1 минута убакыт берилет)
Жооп: «Перидей сулуу жер», «ажайып кооз жер».
Кайсыл өлкөнүн желегинде сүрөт, жазуу жок жана бир эле түстө? (1 минута убакыт берилет)
Жооп: Ливия
Манастын канча аялы болгон жана алар кимдер? (1 минута убакыт берилет)
Жооп: Карабарк, Акылай, Каныкей.
«Манас» эпосунун кимдин варианты Гиннес китебине кирген? (1 минута убакыт берилет)
Жооп: Саякбай Каралаевдин варианты.
Манасты «айкөл» деп ким атаган? (1 минута убакыт берилет)
Жооп: Каныкей.
Манас баатыр кайсы уруудан болгон? (1 минута убакыт берилет)
Жооп: Ногой уруусунан болгон.
Нефть жана күрөң көмүрдүн шарттуу белгилерин жазгыла? (1 минута убакыт берилет)
Ж
ооп:
Кыргызстанда канча область бар жана канча район бар. Аларды санап бергиле?
Жооп: 7 область, 40 район бар. Ош областында 7 район бар: Кара-Суу, Өзгөн, Ноокат, Араван, Кара-Кулжа, Чоң-Алай, Алай. Жалал-Абад областында 8 район бар: Аксы, Ала-Бука, Базар-Коргон, Ноокен, Сузак, Тогуз-Торо, Токтогул, Чаткал. Баткен областында 3 район бар: Кадам-Жай, Лейлек, Баткен. Ысык-Көл областында 5 район бар: Түп, Ак-Суу, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Тоң. Талас областында 4 район бар: Талас, Манас, Бакай-Ата, Кара-Буура. Чүй областында 8 район бар: Панфилов, Жайыл, Аламүдүн, Кемин, Сокулук, Чүй, Ысык-Ата, Москва, Токмок. Нарын областында 5 район бар: Кочкор, Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал, Тыянь-Шань.
Ош областында 1 км2 жерге канча адам туура келет?
Жооп: 42 адам.