СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Суюктуктардын касиеттери

Категория: Физика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Суюктуктардын касиеттери»

Сабактын темасы: Суюктуктардын касиети.


Сабактагы өтүлүучү материалдар жана тапшырмалар:


  • Суктуктардын касиети;

  • Суюктуктардын катуу, газ абалдарынын айырмасын карагыла;

  • Басымдын формуласын пайдаланып маселе чыгаргыла;


Сабактын критерийлери:


  • Суюктуктардын касиетин билсе;

  • Суюктуктардын катуу, газ абалдарынын айырмасына түшүнсө;

  • Басымдын формуласын пайдаланып маселе чыгарса;


Кайталоо үчүн жана жаңы темага өбөлгө түзүүчү суроолор:


  • Гук закону, формуласы аныктамасы кандай?

  • Деформациянын чоңдугу эмнеден көз каранды?

  • Чыңалыш деп эмнени айтабыз, формуласы?

  • Серпилгичтүү деформация деп эмнени айтабыз?


Жаңы тема:


Суюктуктардын катуу нерселерден негизги айырмасы: суюктук формасын сактабайт.

Ал куюлган идиштин формасын гана ээлейт,бирок көлөмүн сактайт; суюктук агуучулук касиетке ээ, деңгээли төмөн көздөй агыла берет.Суюктуктун формасы өзгөргөн мезгилде серпилгичтүүлүк күчү пайда болобойт.Ал суюктуктун көлөмү өзгөргөн учурда гана серпилүү күчү пайда болот.

Ошол суюктуктагы көлөм өзгөргөн мезгилде пайда болгон серпилүү күчүнүн өзү басым күчү болуп эсептелет. Басымдын чоңоюшу менен суюктуктун тыгыздыгы да чоңоет.Суюктуктун идиштин капталдарына же суюктукка матырылган катуу нерсенин бетине жасаган басымы бир эле чекитке берилбестен,ошол суюктук менен тийишип турган беттин бардык чекиттерине бирдей таралат. Демек,басым беттин аянтына да көз каранды болот.

Беттин берилген участогундагы басым деп ошол участокко аракет эткен күчтүн ал участоктун аянтына болгон катышын айтабыз.

Басымды Р, басым күчү F , ал эми аянтты S менен белгилесек, анда

Р = F / S

Басымдын СИдеги бирдиги; 1 м² аянка 1 Н күч туура келген кездеги басым кабыл алынат.

Суюктуктун,газдын ички басымы “манометр” деп аталган курал менен өлчөнөт.

Жогрудагы басымдын формуласынан басым күчүн тапсак: F = Р · S болот.

Ошентип,суюктуктун ичиндеги басым анын кысылуу даражасына көз каранды.

Суюктуктун улам төмөнкү катмары жогорку катмарына же жүктүн салмагына жараша болот.

Мисалы: деңиздин тереңиндеги басым суюктуктун үстүнкү катмары менен атмосферанын

басымынан турат.Ошондуктан суюктуктун түрдүү катмарында басым түрдүүчө болот.

Тескерисинче, буу казандарындагы буунун басымы бардык жерде бирдей болшушу байка-

лат. Француз окумуштуусу Блез Паскаль суюктуктар менен газдар үчүн төмөнкү законду

ачкан:

Суюктукка (газга)берилген басым суюктук(газ) тарабынан бардык багытка бирдей таралат. Бул Паскаль закону.

Паскаль закону гидравликалык процессте колдонулат.

Суюктуктун салмагынан пайда болгон басым көп учурда гидростатикалык басым деп айтылат.

Гидростатикалык басым суюктуктун салыштырмалуу салмагы менен,анын суюктукка матырылуу бийиктигинин көбөйтүндүсүнө барабар.

Эгер суюктуктун салыштырмалуу салмагы ϒ болсо,ал тыгыздык (ρ ) “ро” аркылуу

ϒ = ρg га барабар болот.

Анда гидростатикалык басым: Р = ρgh болот, же Р = F / S формуласында

F = mg m = ρV = ρSh болгондуктан Р = ρgh болот.

Бирдиги: [ Р ] = 1 Н / м² =1 Па

Паскаль закону гидравликалык процесстердин иштөөсүндө жана турмушта,мисалы өсүмдүктөрдүн данынан май алганда, жемиштердинширесин алууда же айыл чарбасында жүндү,чөптү,пахтаны пресстеп, таңылчактаганда ж.б кеңири колдонулат.


Бышыктоо: Мисал иштөө.


1.Массасы 60 кг бала лыжачан турат. Ар бир лыжанын узундугу 1,5 м, туурасы 10 см.

Баланын карга жасаган басымы кандай?


Берилди: Формула: Чыгаруу:

m = 60 кг Р = F / S Р = 60 кг · 10 м/с² / 2 · 1,5 м · 0,1 м =

а = 1,5 м F = mg

в = 10 см = 0,1 м S = ( а · в ) · 2 = 600 Н/0,3 м² =2000 Па = 2 КПа

g =10 м/с² Р = mg / 2ав

Жообу: Р = 2 КПа

Р - ?


2.Аянты 30 см² дубалга газ 20 КПа жасайт. Газ бул дубалга кандай күч менен аракет этет?


Берилди: Формула: Чыгаруу:

S = 30 см² = 3 · 10 ¯³ м² Р = F / S F = 2 · 10⁴ Н/м² · 3 · 10 ¯³ м² = 60 Н

Р = 20 КПа = 2 · 10 ⁴ па F = Р · S

Жообу: F = 60 Н

F - ?


3. 6 Н күч менен жабылган идиштин капкагына газ 30 Па басым жасайт. Капкактын

аянты кандай?


Берилди: Формула: Чыгаруу:

F = 6 Н Р = F / S S = 6 Н / 30 Н/м² = 0,2 м²

Р = 30 Па S = F / Р

Жообу: S = 0,2 м²

S - ?


4. Тыгыздыгы 400 кг/м³ суюктук кандай тереңдикте 12 КПа басым жасайт? Атмосфералык

басымды эске албагыла.


Берилди: Формула: Чыгаруу:

ρ = 400 кг/м³ Р = ρgh h = 12 • 10³ Н/м² / 400 кг/м³ • 10 м/с² =

Р = 12 КПа = 12 • 10³ Па h = Р / ρg = 3 м

Жообу: h = 3м

h - ?


Жыйнтыктоо:


1.Басым деп эмнени айтабыз?

2.Суюктуктагы басым эмнеден улам пайда болот?

3.Паскаль закону кандайча айтылат?

4.Гидростатикалык басым деп эмнени айтабыз?


Үйгө берилүүчү тапшырмалар.


Окуу китеби: 15- көнүгүү.


1.Деңиз түбүндөгү 4,6 м³ көлөмдөгү ташка аракет этүүчү түртүү күчүн аныктагыла?


Берилди: Формула: Чыгаруу:

V = 4,6 м³ Fа = gρh

ρс = 1030 кг/м³ Fа = Р Fа = 1030 кг/м³ · 10 м/с² · 4,6 м³ = 46,38 КН

Р = mg Жообу: F = 46,38 КН

F - ? m = ρ · V


2.Узундугу 0,5 м,туурасы 0,3 м жана бийиктиги 0,4 м болгон коргошундун кесеги деңиз

суусунда кандай салмакка ээ болот?


Берилди: Формула: Чыгаруу:

а = 0,5 м V = а · b · с V = 0,5 м · 0,3 м · 0,4 м = 0,06 м³

b = 0,3 м Fа = Р Р = 1030 кг/м³· 10 м/с² · 0,06 м³ = 618 Н

с = 0,4 м Fа = Р = ρgV жообу: Р = 618 Н


Р - ?


Баалоо: Студенттер баалоо критерийлеринин негизинде бааланат