СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сүйлөмдун классификациясы

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Сүйлөмдун классификациясы»

Сабактын темасы: Сүйлөмдүн айтылыш максаты боюнча бөлүнүнүшү

Сабактын максаты:

Билим берүүчүлүк: Турмушта болгон ар кандай кырдаалдардын чагылдырылышы, кандайдыр бир окуянын баяндалышы, угуучуга суроонун берилиши, буйрук, өтүнүч, ар түрдүү эмоцияны билдирүүчү сезимдер болушу мүмкүн. Мына ушундан улам сүйлөмдөр айтылыш максатына карай: жай сүйлөм, суроолуу сүйлөм, буйрук жана илептүү сүйлөмдөр деп бөлүнүшү тууралуу маалымат алышат.

Өнүктүрүүчүлүк: окуучулар сүйлөмдөрдү айтылыш максатына карай стилдик жактан туура курууга, тыныш белгилерин туура коюуга,өз оюн далилдүү айтып берүүгө үйрөнүшөт.

Тарбиялык: окуучулар чакан топтордоо иштөөндө бири-биринин сөзүн угуп, сыйлоого,тартиптүү, маданияттуу болууга тарбияланышат.

Сабактын тиби: аралаш

Сабакта колдонулган ыкма : интерактивдүү, жуп-жубу менен иштөө

Сабакка керектелүүчү каражаттар: ватман, маркер скоч

Сабактын этаптары:

  1. Уюштуруу

Мугалим окуучулар менен саламдашып, класстын физикалык чөйрөсунө көнүл бурат.өзүнө керектүү окуу чөйрөнү түзүп алып, окуучуларга жагымдуу маанай тартуулоо менен баштайт.

Окуучулар бири-бирине жагымдуу жакшы сөздөрдү айтышат.

  1. Үй тапшырмасын текшерүү, өтүлгөн темаларды “акыл чабуул” ыкмасы менен бышыктап алуу:

1)Сөз менен сөз айкашынын сүйлөмдөн кандай айырмасы бар экен?

2)Каалаган сөз же сөз айкаштары сүйлөм боло алабы?

3)Сүйлөмдүн кандай мүнөздүү белгилери бар экен?

4)Модалдуулук деген эмне?

5)Синтаксистик чак, жак интонациянын сүйлөмдөгү орду кандай?

3. Жаңы тема

Сүйлөмдүн жалпы классификациясы.

Сүйлөмдөр түзүлүшү жана айтылыш максаты боюнча бир нече багытта классификацияланат.

1. Сүйлөм маани өзгөчөлүктөрүнө, айтылыш максатына карай жай,

суроолуу, илептүү сүйлөмдөр болуп бөлүнөт.

2. Структуралык жактан тутумуна карай жөнөкөй жана татаал сүйлөм болуп бөлүнөт.

3. Сүйлөмдүн баш мүчөлөрүнүн катышына карай бир тутумдуу жана эки тутумдуу сүйлөмдөргө бөлүнөт.

4. Баш мүчөгө айкындооч мүчөлөрүнүн катышына карай жалаң жана жайылма сүйлөмгө ажыратылат.

5. Сүйлөм мүчөлөрүнүн катышына карай толук жана кемтик сүйлөм деп экиге бөлүнөт.

Сүйлөмдүн айтылыш максатына карай бөлүнүшү

Тилдик пикир алышууда сүйлөөчүнүн ар түрдүү максатын көздөгөн пикир алышуулар жүргүзүлөт. Ал турмушта болгон ар кандай кырдаалдардын чагылдырылышы, кандайдыр бир окуянын баяндалышы, угуучуга суроонун берилиши, буйрук, өтүнүч, ар түрдүү эмоцияны билдирүүчү сезимдер болушу мүмкүн. Мына ушундан улам сүйлөмдөр айтылыш максатына карай: жай сүйлөм, суроолуу сүйлөм, буйрук жана илептүү сүйлөмдөр деп бөлүнүшөт.

ЖАЙ СҮЙЛӨМ

Турмушта болгон ар түрдүү окуялар, кубулуштар, көрүнүштөр ж.б. жөнүндө кабарлоо иретинде айтылган сүйлөмдөр жай сүйлөм деп аталат. Жай сүйлөмдүн аягына дайыма чекит коюлат. Жай сүйлөмдөр үчүн өзгөчө баяндоо интонациясы мүнөздүү. Сүйлөмдүн маанилүү бир нерсе үчүн кабар берген бөлүгү өзгөчөлөнүп көтөрүңкү үн менен айтылат да аягы акырындык менен үн басаңдап барып аяктайт. Жай сүйлөмдүн структуралык түзүлүшү да ар түрдүү болот.

Ал тилибизде бир тутумдуу жана эки тутумдуу, жалаң жана жайылма сүйлөмдөр, жөнөкөй жана татаал сүйлөмдөр түрүндө кездешет.

Мисалы: Текшерүүчүлөр окуу жайларды көздөй бет алышты. Жумуштун камын көрүш керек. Түн. Айлана көөдөй караңгы. Июнь айы. Жемиштер бышка учур. Аселдин келишимдүү мүчөсү өзүнө жарашып турат. Уулумдун аскерге кетерине көзүм жетип эле жүргөн, ошентсе да ал кабарды укканда муунум бошой түштү (Ч.А.).

Жай сүйлөмдүн да туюндурган мааниси өтө бай жана ар түркүн. Мисалы:

1. Бир нерсенин, кыймыл аракеттин, абалын баяндайт, бул учурда баяндоочу баяндагыч ыңгайда айтылат (келер чак, өткөн чак, учур чак); же абалды билдирүүчү сөздөрдөн болот. Төмөнкү белестен беш-алты киши атчан чыгышты. Айылдын четинен суу агызчу өстөн казабыз. Ал кадимки бийчи катары чимирилип бийлеп кирди. Ажар көзүнүн жашын мөндүрдөй төгүп жиберди. Мемиреп табияттын көрүнүшү бөтөнчө тынчтыкта.

2. Сүйлөмдө кабар берилген нерсенин сыпаттык, сандык белгисин көрсөтөт: Сапсары алтындай үйүлгөн дан эгиндери алтын колдуу эмгекчилердин колунан чыкты. Жыйылган эл кызуу, толкундуу. Аба ысык, күн ачык. Конкурска катышкан студенттердин саны 100 гө жакын. Отуз адам 1-турга тандалып алынды.

3. Каалоо, тилек, бир нерсени шарттаган, болжолдогон күмөн санаган маанилерин билгизген сүйлөмдөр: Эртең студенттердин суроо талаптарын канаттандыруу үчүн ректорго барайын. Анан кийин алар ишеничти актагай эле.Мен эртең керектүү материалдарга бармакчымын. Бардык суроо талаптарга жооп берсең, олимпиадага катышасың. Апаңдын айткандарын аткарсаң, ак сүтүн актай аласың. Ал бүгүн үйүндө болуу керек. Эжеси аны түшүндү окшойт. Балким ал жерде орун да жоктур. Эгер мындан өтпөсө ал сөзсүз ызаланат.

4. Мындан сырткары түз орун тартиби менен жайгашкан сүйлөмдөр.

Мында сүйлөм ичиндеги сөздөр түз орун тартибинде жайланышып, ээси баяндоочтон мурда, айкындоочу аныкталып турган сөздөрдөн мурун, толуктоочу аны башкарган этиштик баяндоочтон мурда орун алат. Айрым учурда стилдин талабына ылайык, ыр түрүндө жазылган учурларда уйкаштыкты сактоо үчүн орду өзгөрүлүп колдонулушу мүмкүн. Бирок, жай сүйлөмгө мүнөздүү болгон баяндоо мазмуну жана бир калыптагы баяндоо интонациясы өзгөрүлүп кетпейт, жөн гана орду алмашылган сөздөрдүн бири логикалык басым менен айтылат.. Мисалы: Эми энем урат мени.Ушул Максаттын кылыгы өттү. Ырас эле алдынан тосуп чыкты буудандын. Аңгыча бир караан шоп этип чыга келди аркы бурулуштан.

1-тапшырма: Жогоруда көрсөтүлгөндөй жай сүйлөмдөрдүн маанилерине карата сүйлөмдөр түзүү менен он мүнөттүк эссе жазгыла.

2-тапшырма: Тема боюнча изилдөөнү өткөрүү ыкмасын чагылдырууга карата Б/Б/Б (Билем – Билгим келет – Билдим) таблицасын толтуруу.

1. Биринчи тилкеге тема боюнча билген маалыматтарын жазуу.

2. Экинчи тилкеге тема боюнча пайда болгон кошумча суроолорду жазуу.

3. Тексттерди окуу жана тилдкедеги суроолордун жоопторун ошондой эле жаңы билген маалыматтарды жазуу.

Кайра пайда болгон суроолор болсо төмөн жагына жазуу.

Кошумча адабияттардан суроолорго жооп жазуу.

Билем Билгим келет Билдим

Тема боюнча билген маалыматтардын бардыгы жазылат.

Тема менен иштөө учурунда пайда болгон суроолор жазылат.

Тема өтүлгөндөн кийинки пайда болгон суроолорду жазуу.

Суроолордун жооптору жана жаңы билген маалыматтар жазылат.

3-тапшырма: Текст менен иштөө. Текстти көркөм, интонация менен окуп чыккыла Тексттен жөнөкөй сүйлөмдөрдү таап, алар кандай мааниде колдонулгандыгын айтып бергиле..

Информация жана информатика

Биз материалдык дүйнөдө жашайбыз жана физика курсунан билгендей энергия жок болбойт, ал жөн гана бир формадан экинчисине өтүп турат. Ушундай энергиянын алмашуусу берилиштердин пайда болуусуна алып келет. Бул берилиштерди өлчөөдө жана каттоодо маалыматтар келип чыгат. Маалыматтар – катталган берилиштер. Бардык эле берилиштер информация боло бербейт. Эгер кандайдыр бир чет тилдеги радиоберүүнү угуп жатсак белгилүү бир маалымат алып жаткан болобуз, бирок чет тилди билбей, аны түшүнө албагандан кийин маалымат алдык деп айта албайбыз. Ошондуктан, информация бул маалыматтардын жана аларга тиешелүү ыкмалардын өз ара катышынан пайда болгон жыыйынтык.

Маалыматтын төмөндөгү касиеттери эң маанилүү:

1. Обьективдүүлүк жана субьективдүүлүк (канчалык субьктивдүү ыкмалар колдонулса, маалымат ошончо обьективдүү));

2. Толуктук (маалыматтын толуктугу анын сапаттуулугун аныктайт);

3. Ишенимдүүлүк;

4. Дал келүү;

5. Жеткиликтүүлүк;

6. Актуалдуулук

Маалыматтарды алып жүрүүчүлөрдүн эң негизгиси кагаз б.а. маалыматтар кагаз бетинин оптикалык көрүнүшүнүн өзгөрүүсүнөн пайда болот. Магниттик касиеттеринин өзгөрүүсүнөн пайда болгон маалымат алып жүрүүчүлөрдүн катарына магнит ленталарын, дисктерди киргизишет, ал эми сырткы катмарынын химиялык түзүлүшүнүн өзгөрүүсүнөн фотосүрөттөр келип чыгат. Маалыматтар менен болгон амалдардын ичинен төмөнкүлөрдү бөлүп көрсөтүүгө болот: жыйноо, калыптоо, фильтрлөө, сорттоо, архивациялоо, коргоо, ташуу, өзгөртүп түзүү.

4-тапшырма: Мээге чабуул оюну. “Биринчи ачылыштар” маалыматтарын топтогула.

Мисалы: Лифтти ким ойлоп тапкан? ж.б.