СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сценарий Манас бабам сүйлөгөн тил

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Сценарий Манас бабам сүйлөгөн тил»

Жалал-Абад шаарындагы

Б. Осмонов атындагы №5 мектеп-гимназиясы



“Манаc бабам сүйлөгөн тил”

аттуу сынактын сценарийи






4-декабрь -Манас күнүнө карата

“Манас эпосу - кыргыз рухунун туу чокусу “ аттуу линейканын

сценарийи


Өткөрүү күнү, убактысы: 4- декабрь 2024-жыл

Өткөрүү орду: Жыйындар залы

Асема: Саламатсыздарбы! Урматтуу эже-агайлар жана окуучулар!

Нурислам: Ассалам алейкум кадырлуу биздин линейканын катышуучулары!

Асема: Бүгүн бардык жергебизде Манас күнүн белгилешүүдө

Нурислам: Ата-бабаларыбыз сүйлөп келген улуу тилибизди барктоого, сактоого урматтоого, өркүндөтүүгө чакырган...

Асема: “Манас эпосу - кыргыз рухунун туу чокусу” аттуу линейканы баштамакчыбыз


Мамлекеттик гимн ырдалат


Асема: Кулаалы таптап куш кылган,

Курама топтоп журт кылган,

Чачылган элди чогултуп,

Ала-Тоо жерин журт кылган


Нурислам: Кыргыз эли эзелтеден мурас катары аздектеп, муундан муунга өткөрүп сактап келген Манас баатыр элди бириктирип, ынтымакка чакырган.

Асема: Эмесе сиздердин назарыныздарда сөз кезегин мектептин директору

Кенжаева Бусайра Абдуаликовнага берилет

8-класстын окуучуларынын аткаруусунда хор “ Эр Манас”

“Эр Манас”

Кулаалы таптап куш кылган,

Курама топтоп журт кылган.

Чачылган элди чогултуп,

Ала-Тоо жерин журт кылган.

Манас ,эр Манас

Кыргыздан чыккан шер манас.

Сыймыгы болгон элимдин,

Айкөлдүгүн кең Манас


Окуучулардын аткаруусунда: «Баян Башы»

Э...э....э...эй байыркынын жомогу


Манас эр Манас,

Кыргыздан чыккан шер Манас

Сыймыгы болгон элимдин,

Айкөлдүгүн кен Манас.


Аккуласын алкынтып,

Айбаты душман сестенген.

Аккелтесин көргөндө,

Душмандар качып женбеген




“Манастын бала чагынан үзүндү”


Айдан айдан ай өтүп,

Ай мезгили болуптур.

Бала Манас ошондо,

Жетиге жашы толуптур.

Бала да болсо башынан,

Пендеден башка сыягы,

Ар мүчөсүн карасаң,

Адамдан башка турганы,

Кээ бир күнү карасаң,

Кездей белин буунат,

Керээли кечке жуунат.

Адал-арам түк билбей

А бир түрлүү иш кылат

Байлатпаган жиндидей,

Кыялына келгенде,

Кылбай койбойт билгендей,

Балкайган жапжаш баланын

Шер экенин ким билди.

Эч нерседен жалтанбас

Эр экенин ким билди!

“Бай Жакыптын бул уулу

Бир балакет кылат” деп,

Калайык ушак кылыптыр.

Бай Жакып байкап күйгөнү,

Баары сөзүн калтырбай

2 “Д” класс Камчиев Элхан

“Манастын бала чагы”


Бешке жашы келгенче,

Беренин Манас баскан жок.

Балача чуркап шашкан жок.

Сегизге жашы келгенде,

Күйүп турган чок болду,

Күлдү кыргыз ичинде

Мындай тентек жок болду.

Кырк баланы кырк үйдөн,

Бир күнү жыйнап алыптыр

Чоң Алтайдын талаага,

Чогулуп оюн салыптыр,

Кара калмак, манжуудан

Сексен бала барыптыр,

“Тентип келген бурут деп

Бул буруттун балдарын

Чуркуратып курут деп,

Жаалына алып бир даары

Жалынса болбой урганы.


4 “Е” класс Сатаров Байгелди

“Манастын төрөлүшү”

Байкайын деп баланы

Бай Жакып көзүн салганы,

“Маңдайы жазы, башы кууш,

Бар боюнда турат тууш.

Кочкор тумшук,кош кирпик,

Көркү калча, көзү тик,

Жалаяк ооз,жар кабак

Эр мүнөзү көрүнөт,

Алакан жазык, кол ачык

Аттанып чыкса жол ачык,

Алп мүнөзү көрүнөт,

Кең көкүрөк, жайык төш

Аркасы кен, бели түз,

Айбаты катуу, заары күч

Пил мүчөсү көрүнөт,

Жолборс моюн, жоон билек,

Жооруну калың,таш жүрөк,

Жылма кабак,жылдыз коз,

Бөру кабак, жолборс төш

Бөлөкчө түрү бар экен.

Кут кылган болсо кудайым,

Кудайдан жашын сурайын,

Кеткенден алаар кегимди,

Өткөндөн алаар өчүмдү

Кудайым өзү берди! деп-

Баланы өптү бетинен.

Жакып бай туун аштады,

Жайында тойду баштады.

Жети жүз очок ойдурду,

Жетимиш үйлүү кыргызын

Эт бышыртып койдурду.


7 “А” класс Жунусова Сезим

“Манасты кан көтөрүү”

“ Манасты кан көтөрүү”

Камбарбоздун үйрүнөн,

Кармап келип тогузду,

Баарын бирдей сойдуруп,

Жер очогун ойдуруп,

Алтайлыктын элинен,

Атуулдан түк койбой,

Алды Манас чакырып:

-Алтайда жаткан эл,- деди-

Аяк-башын жыйналып,

Эсебиң канча,бер- деди,

Алтайлыкты санаса,

Аяк башын караса,

Токсон алты мин болду,

Туш-тушубуз жоо болду,

Душмандык кылаар кааапыр-,деп

Манас айтты мындай кеп

Баарыласа., көптөсө,

Балакетке салбасын,

Баш көтөрөр айылда,

Бала калбай калбасын!

Кытай катуу жоо болду,

Камданбасак болбойт-деп

Абасы Бай кеп баштайт,

Кеп баштаса деп баштайт:

Тогөрөктүн баарынан,

7а класс Үметалиев Акдил

“ Манастын Кошой алпка барганы”

Алтайдагы кыргыздын

Акылманы Балта экен,

Жазы жаак,жалпак тил,

Жаңылбаган чоң чечен,

Абан Балта кеп баштайт,

Агырын сүйлөп,бек таштайт:

-Журт башчысы өлөгөндө

Кызык кылып биздерди,

Кытай, калмак бөлгөндө,

Бирөөбүзкеттик эренге,

Бирөөбүз түшүп кеттик тереңге,

Бирөөбүз кеттик Кангайга,

Бирөөбүз келип тыгылдык,

Мына кара калмак Алтайга,

Уламадан уласак,

Билгендерден сурасак,

Ала- Тоону жер кылып,

Жүргөнкыргыз бар дешет.

Катагандан кан Кошой

Белгилүү балбан эр ошол

Тоодой темир күрсү алган,

эТоону Кошой бир салган,

Тоону Кошой бир салса,

Тоону кылган ташталкан,

Коргонду таштан салган дейт

Азган тозгон кыргызга,

7д класс. Шавкатов Абдынур

“ Манас менен Бакайдын табышканы”


Кан Кшойдон бата алып

Кыраан Манас көкжалың

Кайрат менен аттанып,

Астындагы Айманбоз,

Куландай кулак жашырып,

Куюндай жерди сапырып,

Желгенине жел жетпей,

Желдей сызды Алтайга,

“Мунун урааны ким, дайны ким

Калмактан келген шум бекен?

Баатырдыгы башкача

Балбандыгы бир канча

Пендеден артык шер экен,

Чондугу тоодоой эр экен,

Астыга салса акжолтой,

Көкжалдыгы көрүнөт,

Акыреттик дос болуп,

Тууганым болуп калса деп,

Баатыр Манас сырттан эр

Астындагы Айманбоз,

Тартып оозун бурду эми

Ээр белдей мойнокто,

Беренди күтүп турду эми,

Байдын уулу Бакай бул.

Ат арытып, жер кезип,

Айкөл Манас төрөгө,

Жети чоро болууга,

Аркалап айыл конууга

Издеп келген кези ушул.

Бал менен оозун чайкаган,

Берен да ушул, бел ушул

Бакайдын жайын билгенде,

Манастын сүйүнүп турган кези ушул:

- Кайыбынан табылган

Кан абам, сендей эр болбойт!






Баштаса келээр оролу.

Атаңардын жомогу

Айтпай кетсек болобу?

Көбү төгүн,көбү чын,

Көпчүлүктүн көөнү чын,

Көрүп келген киши жок ,

Көбөйткөн менен иши жок.

Жармы төгүн,жармы чын

Жарандардын көөнү үчүн

Жанында болгон киши жок ,

Жалганы менен иши жок.

Уламадан уккан сөз ,

Карылардан алган сөз,

Калк ичинде калган сөз.


Окуучулар манас айтышат:


Нурислам 9-г классынын окуучусу:


Көкөтөйдүн ашына Манастын келгенининен үзүндү


Токсон жерде бээ союп,

Жолго даяр эл коюп,

Башканын баарын байкабай,

Кеңешин айтып жайкабай,

Бастырганын билбестен,

Баарын көзгө илбестен,

Ушунчаны тоготпой,

Уюп жаткан Бокмурун

Ушу күнү бүлүндү.

Урматтуу кыргыз тукуму

Улуктугу Билинди.



  1. б классынын окуучусу: Култаев Элнур


Ээй... Төрөлгөн Манас уулубуз

Кудайдын сүйгөн уулу экен,

Ар мүчөсүн карасаң

Токсон миң жандык уул экен.

Аман жүрүп чоңойсо ,

Бешен тартып эр болот.

Кара көк жал кабылан

Кары тоолу шер болот.

Көргөн жери чок болот.

5-б классынын окуучусу : Абдумаликовна Раяна

Ат семирип ык болдуң,

Ааламды бузган көй кашка

Чогулушуп кырк болдуң,

Тонсуз келген чорого

Жакасы алтын жеңи жез ,

Кош бадана көз

Тон кийгизди зор Манас

Малсыз келген чорого

Адырда Жылкы алабаш

Аргымак буудан аралаш


“Айкөл Манас” драмасынан көрүнүш.

Аткаруучулар: 8-д классынын окуучулары

Нескара: Жолой баатыр,

Буруттарды чакырып алып,

Көкөтөйдүн ашына,

Кененирээк кардыңды тойгузбай,

Кечээ сак-сактатып койду го,кемегенин башына?

Буларда өткөн өч ,

Кеткен кегибиз көп...

Мынтип табылып турганда себеп,

Эптеп бир чыр чыгарыш керек.


Коңурбай: Булардаын баатырларын санаганда:

Анжыяндан айры сакал Санжыбек,

Казактардын Көкчөсү ,

Эрме таздын Үрбүсү,

Минтип санап жатканым,

Калың элдин ичинен

Негедир,

Кан Манасты таппадым?


Жолой: Ырас эле Манас жок.

Келгенден көзүм чалбады.

Негизи кызык бул ашка,

Манастын келбей калганы.


Нескара: Мен уламышты улап,

Билгендерден сурасам,

Хан Көкөтөй өлгөндө,

Калың журтту көмгөндө

Чамасы келбей калган дейт,

Манаска кабар бергенге.

Ощондо Манас чамынып,

Көкөтөйдүн көп журтун,

Көрбөймүн дептир таарынып....


Жолой: Ырас эле.

Өлөндө кабар барбаса,

Топурак салып калбаса,

Буруттар катуу таарынат,

Көңүлү калып жаткандыр,

Көрүшпөйт экен ар убак,

Бизболсок аркы-беркисин,

Албайбыз анча этибар,

Топурак салбай калганын.

Ха-ха-ха!


Коңурбай: Ошонусу жакшы !

Аз элдин башы бирикпей,

Аз элдин башы бирикпей турса,

Көп элдин көлөкөсүндө калат.

Өзгөчө,Манастын бул ашка келбей

Калышы мага жагат.

Кызыталак !

Кеткен кек кантип эсиңден чыгат?

Атам Алооке, Анжиянга барганда,

Салдырган үйун бузганын,

Сайылган туусун жыкканын,

Азыр мен кантип унутам,

Атамды кууп чыкканын?!


Нескара: Манас Алтайда жүргөн чагында,

Азыр эстесем от болуп,

Журөгүм толуп чыгат жалынга.

Миң төөгө жүк артып,

Миң киши менен

Манжуудан Алтайга өткөн элем....

Ошондо кылган ишин карагын,

“Ата-Бабамдын,өткөн өчүн аламын,

Бардыгын талагын!”-деп,

Жанагы Манас деген немеси кутурган,

Капыстан кирип келгенде,

Мен араң качып кутулгам.


Жолой: Нескара баатыр,

Коңурбай экөөң кептин туурасын баштадың,

Ушундайда пайдаланып,
Манастын келбей жатканын,

Ар кайсыны шылтоолоп ,

Буруттардын чыгарыш керек акмагын!


Коңурбай: Сөзүң -сөз .

Анда,чырдын башын ,өзүң баштагын!


Жолой: (Алакан чаап)

Э-эй, кайдасыңар ?

Сыртта ким бар?

(Ноен баш багат)

Тезирээк барып,азыр,

Аш ээси -Бокмурунду ,мында чакыр!


Коңурбай: Азыр, опузалап аш берген баланы.

Болор-болбос шылтоо табалы.

Кыжырга тийсе ,

Кызыталак бурутту,

Кыйруусун ургандай чабалы!

Нескара: Малын талап алалы.


Жолой: Чоң калаба салалы.


Коңурбай: Бул жүргөн бурутта

Манастан ашкан баатыр жок.

Калгандары чамалуу.


( Бокмурун кирет .Ал бардыгы менен кол алышып учурашып,бир четке барып олтурат.)

Жолой: (Уңкүйө отуруп,Бокмурунду көзүнун үстү менен карап)

Кызыталак буруттун баласы!




8-класстын окуучулары бий бийлешет





Нурислам аткаруусунда : ыр ыдайт



Хор: “ Манас, эр Манас”