Просмотр содержимого документа
«" Сс тыбышы "»
Сабактын темасы: «Сс» тыбышы
Сабактын максаты:
1.Билим берүүчүлүк:
«Сс» тыбышын таанытуу. Муундап шар окууга үйрөтүү. Эске тутуусун, көңүл буруусун өстүрүү.
2.Өнүктүрүүчүлүк
Окуучулардын кабыл алуусун дидактикалык оюндар аркылуу өстүрүү.
3.Тарбия берүүчүлүк
Үй жана жапайы жаныбарлардын образын жаратуу аркылуу өстүрүү. Логикасын калыптандыруу.
Сабактын жабдылышы: Проектор, ноутбук, такта, маркер. Сабактын тиби : Ачык сабак. Сабактын методу: Интерактивдүү Сабактын жүрүшү: Уюштуруу. Жагымдуу жагдай түзүү. Алтын эреже Жаңы теманы түшүндүрүү. Аа, Оо, Өө, Ыы, Ии, Уу, Үү, Ээ, Жж, Бб, Йй, Дд, Нн, Рр, Мм, Лл, Кк, Пп, Тт.
Балдар булар эмне?
Саат деген сөздүн баш тамгасына кайсыл сөз катышат? Сс-сы. Демек, бүгүнкү өтө турган тыбыш «Сс» тыбышы. Каткалаң үнсүз тыбыш. «Сс» деп айтканда тил тишти түртөт. Сы деген үн чыгат. Кана хор менен айтабыз. «Сы» деп үч жолу хор менен айтышат. Баш тамгасына С катышкан сөздөрдү айтабыз. Сары, самын, сандык, сайма, суур ж.б Эми ортосуна «С» тыбышы катышкан сөздөрдү айтабыз.Мисалы: аска, арстан, сүлөөсүн, кумурска ж.б Аягына катышкан «С» тыбышы катышкан сөздөрдү айтабыз. Мисалы: Манас, мурас, калыс, намыс ж.б
п
к
н
са
л
т
ас
ка
са
Са, со, су, сы, сү, соо, ас, ос, ус, ыс, үс
с
-
л
-
с
н
с
-
а
Салтанат
Сал-та-нат жо-мок о-ку-ду. Жо-мок жол-борс, арс-тан жа-на түл-кү жө-нүн-дө э-ле. Сал-та-нат-ка жо-мок аб-дан жак-ты. Сай-кал ме-нен Са-дыр Сал-та-нат-тын дос-тору. Сал-та-нат дос-то-ру-на жо-мок-ту ай-тып бер-ди.
Булар биздин досторубуз. Сүйлөбөйт бирок акыл үйрөтөт бул эмне?
Балдар бул эмне?
достошууга болбойт
күчтүү
Карышкыр
коркунучтуу
жырткыч
токойдо жашайт
достошууга болот
алсыз
Козу
жоош
назик
үй жаныбары
Окуучулар манас айтат. Баалоо: Суроолорго жооп бергенине жана сабактагы активдүүлүгүнө жараша бааланат. Сабакты жыйынтыктоо.