СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Скреч программалоо тили

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Скреч программалоо тили»

24.02.2026ж

Предмет информатика:

Семинардагы иш план:

📚 Сабактын темасы: Scratch программалоо чөйрөсүндө блокторду колдонуп окуяларды башкаруу (бышыктоо)
Класс: 5-класс
Убактысы: 45 мүнөт
Метод: 5E модели
Топторго бѳлүү:

Санариптик колдонулган куралдар: Электрондук доска, компьютерлер,уюлдук смартфондор .

Санариптик колдонулган платформалар:

  1. №1 🧠 Scratch - Случайное колесо

  2. №2 КЫЙМЫЛ (движения) жана БАШКАРУУ (управления) БЛОКТУ ТУУРА ТАПКЫЛА

  3. №2 2 этабы 5-КЛАСС №2 тапшырма

  4. 3-этабы SCRATCH ДЕГЕН ЭМНЕ?

  5. Дене тарбиялык кѳнүгүү: Viral Interactive VIDEO

  6. №3 Сыйкырдуу кутуча.(карточкалар таратылат)

  7. №4 Scratch: Сөздөрдү табабыз.

  8. «2» топко тапшырмалар берилет сабакты жыйынтыктап бүтүрѳбүз.


🎯 Сабактын максаттары

Багыты

Максаты

Билим берүүчүлүк

Scratch программасында блоктор окуялар менен байланыштырууну бекемдөө

Өнүктүрүүчүлүк

Логикалык ой жүгүртүүсүн жана компьютердик сабаттуулугун өнүктүрүү

Тарбиялык

Биргелешип иштөөгө, жоопкерчиликке жана тартипке тарбиялоо



📖 Сабактын жүрүшү (5E модели боюнча)

Этап (5E)

Убакыт

Мугалимдин иш-аракети

Окуучунун иш-аракети

Баалоо

Engage Кызыктыруу

8 мүн

  • Саламдашуу, жагымдуу маанай түзүү.

Бүгүнкү сабак – жөн гана билим алуу эмес, аракет, биримдик жана жеңишке умтулуу болот.Бүгүнкү сабакта ар бир тапшырмага жооп берген ар окуучу быйтыкчалар 😊 жана таттуулар 🍬 менен сыйланат. Бул – окуучулардын билиминин бааланганынын белгиси. Ар бир туура жооп – бул силердин билимге жасаган кадамыңар болот.Ал эми топтук иштөөгө өзгөчө көңүл бурулат. Кайсы топ көбүрөөк так жана туура жооп берсе, ар бир тапшырма үчүн 20% “заряд” топтойт. Ар бир тапшырмада топтор бирден заряд таякчасы менен бааланып, сабактын аягында эң көп заряд топтогон топ жеңүүчү деп жарыяланат.


  • Классты 2 топко бөлүү (М.Курманбек баатыр жана Тайлак баатыр).

  • Жагымдуу маанай тартуулоо.

(Мен колду чабам, ошондо окуучулардын маанайы жана сабакка болгон даярдыгын бир чабууда секирип турса 100% даяр деп билем)


  • Анда эмесе балдар: Экранга кѳңүл бѳлѳбүз! Экрандан классты топко бѳлүү жана жагымдуу маанайдын слайдынан кийин үй тапшырманы суроо ачылат андан соң

  • №1

Wordwall аркылуу кайталоо, тапшырмаларды сурамжылоо

- Саламдашат- Топко бөлүнүшөт- Wordwall суроолоруна жооп беришет (Кайсыл команда кѳп жооп беришсе ошол команда зарядтын бир таякчасын алышат.)

😊 Туура жоопко быйтыкча жана таттуулар

Explore Изилдөө

8 мүн

№2. Тапшырма 2 этап жана 3 этап жалпы жолунан сабактарды кайталоо менен изденип таап жалпы жолунан Scratch программасы менен толук окуп сабакты бышыкташат.

2 КЫЙМЫЛ (движения) жана БАШКАРУУ (управления) БЛОКТУ ТУУРА ТАПКЫЛА

3. 5-КЛАСС №2 тапшырма



- Блокторду табышат- Топ ичинде талкуу жүргүзүшөт

Активдүүлүккө 😊

Explain Түшүндүрүү

10 мүн

Скреч — бул башталгыч программалоочулар үчүн атайын иштелип чыккан тил. Бул жерде программа "код" түрүндө эмес, "лего" конструктору сыяктуу блоктордон куралат.

. Блоктордун категориялары (Түстөр аркылуу айырмалоо)

Скречте ар бир команда өзүнүн түсү менен белгиленген, бул табууну жеңилдетет:

  • Көк (Motion): Каарманды бастыруу, буруу, белгилүү бир чекитке жиберүү.

  • Сыя (Looks): Каармандын сырткы көрүнүшүн өзгөртүү, сүйлөтүү (текст аркылуу).

  • Сары (Events): Программа качан башталарын аныктайт (мисалы: "Жашыл желек басылганда").

  • Сызгылт сары (Control): Кайталоо (цикл) жана шарттарды (эгерде...) башкарат. Балдар келгиле азыр денебизди эс алдырып кѳнүгүүлѳрдү жазап алалы.Ал үчүн тренд болуп жаткан кѳнүгүүлѳрдү бизда жазап иш алып баралы макулсунарбы.Анда балдар келгиле экранга кѳңүл бурабыз.Кеттик анда…..



- Мисалды байкашат- Суроолорго жооп беришет

Туура жоопко 😊

Elaborate Тереңдетүү (Практика)

12 мүн

Балдар азыр бизде практикалык ишти атайын сыйкырдуу кутучанын жардамы менен жана сѳздѳрдү табуу менен иштеп, кандай тапшырма бергенин билип ошого жараша иш алып баралы макулсунарбы?Анда кеттик даярбызбы балдар. Scratch: Сөздөрдү табабыз.

- Карточка боюнча иштешет- Scratch программасында аткарышат- Иштерин көрсөтүшөт

Практикалык ишке 😊

Evaluate Баалоо

5мүн

1-топ: Курманбек баатыр

«Аквариумдагы балыктарды токтоосуз сүздүрүү»

2-топ: Тайлак баатыр

«Адамдардын эс алуу жайында басып жүргѳнүн чагылдыруу»


- Жооп беришет- Пикир айтышат

Жыйынтык баа

Үй тап

2 мүн

«Бир күндүк алгоритмди Scratch
программасында түзүп
келесиңер»












📌 Практикалык тапшырмалар (карточка үчүн)

Топ

Тапшырма

🟦 Кыймыл

Жашыл желек басылганда 20 кадам жылсын. Оң жебе басылганда 15 кадам жылсын.

🟪 Көрүнүш

Жашыл желек басылганда “Салам!” десин. Каарман басылганда түсүн өзгөртсүн.

📊 Баалоо критерийлери

Эң көп быйтыкча алган топ — жеңүүчү 🎉