СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Шарттуу багыныңкы сүйлөм.9-класс

Нажмите, чтобы узнать подробности

9-класста татаал сүйлөмдун түрлөрүн, анын ичинен шарттуу багыныңкы сүйлөмдү окутуу, түшүндүрүү.

Просмотр содержимого документа
«Шарттуу багыныңкы сүйлөм.9-класс»

Жети-Өгүз району.  Данаке Иманов атындагы жалпы орто билим берүү мектеби.  Кыргыз тили жана адабияты мугалими Өмүрова Надира Талантбековна

4-чейрек.9-класс  Тема:Шарттуу багыныңкы сүйлөм.

Сабактын максаттары:  а)билим берүүчүлүк: шарттуу багыныңкы сүйлөм боюнча маалымат алабыз;  б)өнүктүрүүчүлүк: тез ойлонобуз,туура тыянак чыгарууга аракет кылабыз.  в) кыргыз тилинде туура так сүйлөйбүз,жазабыз.

Биз теманы баштоодон мурун татаал сүйлөмдүн түрлөрүнө токтололучу.  Татаал сүйлөмдун канча түрү бар эле?

Силер туура таптыңар.  Эки түрү бар.  Алар:  1.Тең байланыштагы татаал сүйлөм  2.Багыныңкы байланыштагы татаал сүйлөм

Биз багыныңкы байланыштагы сүйлөм жөнүндө кеп кылабыз да . Келгиле, бул татаал сүйлөмдүн бөлүнүшүн эске түшүрөбүз!

Багыныңкы байланыштагы татаал сүйлөмдүн тутумундагы  баш сүйлөмдүн ар түрдүү кырдаалын, ар түрдүү мүнөздөгү  катыштарын билгизгенине карай төмөндөгүдөй түрлөргө бөлүнөт:

Мезгил багыныңкы сүйлөм.  Себеп багыныңкы сүйлөм.  Максат багыныңкы сүйлөм.  Шарттуу багыныңкы сүйлөм.  Салыштырма багыныңкы сүйлөм.  Карама-каршы багыныңкы сүйлөм.  Сыпат багыныңкы сүйлөм.  Сан-өлчөм багыныңкы сүйлөм.

Биз булардын ичинен шарттуу багыныңкы сүйлөмгө кеңири токтолобуз.  Алгач шарт деген сөздү түшүнүп алалычы.  Шартты, биз,кайсы бир нерсе болуш үчүн атайын түзүлгөн кырдаал десек болот .

Демек , кыймыл аракет болобу,же бир башка окуя болобу , же кайсы бир зат болуш үчүнбү айтор шарт керек болот экен.  Мисалы: Күн жылыса , кар ээрийт. Кар ээриш үчүн шарттуу түрдө күн жылыш керек деп түшүнүсөк болот экен.

Багыныңкы сүйлөмдөгүой баш сүйлөмдөгү ойду жыйынтыктап, тактап тураарын эске алалы. Анда төмөндөгүдөй тыянакка келебиз...

Баш сүйлөмдөгү айтылган окуянын, кыймыл-аракеттин,  ойдун ишке ашуу же ашпоо шартын билгизип турган сүйлөмдү  шарттуу багыныңкы сүйлөм десек туура болот.

Шарттуу багыныңкы сүйлөмгө кантсе? эмне болсо? деген  суроолор берилет.  Мисалы: Улугуң ит болсо, (эмне болсо?) сени мышык кылат.  Шарттуу багыныңкы сүйлөмдөр кыргыз тилинде кеңири  колдонулат.

Андыктан, шарттуу багыныңкы сүййлөмдү туура айтып, бул сүйлөмгө карата туура суроо бергенге үйрөнөлү.  Эне тилибизди так, таза колдонолу.

 Ар бир нота өз ордунда кооз болгондой,эне тилибиз да эрежелери менен уккулуктуу болот.

Шарттуу багыныңкы сүйлөмдүн ичиндеги баш сүйлөм менен  багыныңкы сүйлөмдөр төмөндөгүдөй жолдор аркылуу байланышат:

1) Багыныңкы сүйлөмдүн баяндоочуна шарттуу ыңгайдын –са  мүчөсүнүн уланышы менен байланышат.  Мисалы:Жазында жамгыр  көп жаа са , эгиндин түшүмү мол болот. Атаңыздын алдында алсыз экениңизди бил се м, сокур ишенимге алданбайт элем.

2) Багыныңкы сүйлөмдүн баяндоочуна чакчылдын –бай  мүчөсү улануу менен түзүлөт. Мисалы:Шагылы бол бой зоо болбойт,  шайыры бол бой эл болбойт. Көп уйкуга кызык пай , сергек  болгон жакшы экен.

3) Шарттуу багыныңкы сүйлөмдөрдүн баяндоочуна –да  мүчөсүнүн кошулушу менен уюшулат.  Мисалы:Алдаркөсө байды  чекеге бир черткен де , анын чекесине бармагы батып кетмек .

Шарттуу багыныңкы сүйлөмдүн жазылышына да көңүл буралы.  Жазуу эрежелерине чоң маани берип,сабаттуу жазуубуз керек.

Шарттуу багыныңкы сүйлөмдөгү баш сүйлөм менен  багыныңкы сүйлөмдөрдүн ортосу үтүр белгиси менен ажыратылат.  Ошондо бери бурулганда, колуна камчы орлот болчу.

Эгерде шарттуу багыныңкы сүйлөмдүн составын бир  тутумдуу жөнөкөй сүйлөмдөр түзүп, алар өз ара тең салмак  катышында болсо, анда алардын ортосуна сызыкча белгиси коюлат.  Мисалы:Таш койсоң – таш аласың, кыш койсоң – кыш аласың.

Демек, баш сүйлөмдөгү айтылган окуянын, кыймыл-аракеттин, ойдун ишке ашуу же ашпоо шартын билгизип турган сүйлөмдү шарттуу багыныңкы сүйлөм деп айтабыз.

Шарттуу багыныңкы сүйлөм боюнча жакшы түшүнүк алдыңар деген ойдо сиздер менен коштошом.

   Көңүл бурганыңыздарга чоң рахмат!!!

Көңүл бурганыңыздарга чоң рахмат!!!