Тема: Откоол тарых-урпактар учун таберик
Калинин колхозунун тарыхы
Тарых менен ташты кессен болот
Тарых менен тагдырынды эзсен болот
Тарыхсыз калк таптакыр тамырсыз калк
Тарыхсыз калк жер менен жексен болот
Кыргыз эл акыны:Ш.Дуйшеев.
Быйылкы жыл бизучун озгочо жыл катары саналат. Кыргыз Республикасынын президенттин жарлыгы менен отуп бара жаткан 2016-жылыбыз «Тарых жана маданият» жылы деп жарыяланып,илгерки тарыхыбызга жана маданиятыбызга айрыкча конул бурулуп жатат.
Байманалуу 85 жылдык басып откон тарыхы бар жери берешен,эли журту ырыс алды ынтымакуялаган айылдын тарыхынакылчайып карасак оор кысталыш турмуш,колхоздоштуру,кат сабатсыздыкты жоюуу,калкты отурукташтыруу жана Улуу Ата Мекендик согуш айылынын элинин журогуно очпос так калтырган.
Улуу Октябрь социалистик революциянын жениши астында келген совет бийлигиалыскы тоолу аймак саналган Кыргызстанды анын ичинен Калинин айылын илимге билимге, жакшы жашоого, ак эмгек этуугоо дангыр жол ачкандыгын ачык айтып кетууго тийишпиз. Улуу Октябрдын женишинен кыйла убакыт откондон кийин Калинин колхозунда коп озгоруулор жана жанылануулар болуп отту.
Калинин атындагы колхозу 1931-жылы уюшулган.1959-жылдан кийин Таш-Алыш,Батрак,Туйто,Кен-Арал айылджары биригип Калинин колхозу уюшулган.Мындан тышкары азыркы Ынтымак айылынын чыгыш тарабы «Социализм» деп кыргыздар жашаган болугу,ал эми батыш тарабы немецтер жашаган «Роза Люксембург» айылдары экиге болунгон.
Калинин алгачкы башкармасы Вульф Генрих Генрихович деген адам болгон. Бул адам башкарган жылдары колхоздун социалдык тармактары 1-орто мектеп,мончо,радио туйун,суу тутук,нан бышуруучу цех,мед пунк уюшулган. Колхоз 1959-1964жылдар аралыгында Тала ороонундогу эн ири колхоздордон болгон. Калинин колхозунун тузулушу менен аймакта социалдык-экономикалык жактан озгоруулорго жол салды.Алсак,1935-1962 жылдардын аралыгында Калинин колхозунда мончо,нан бышыруучу цехтери иштеп турган. Аймакта мектеп бала бакча,мед пунктар курулуп,ишке берилип калкты медициналык жактан кызмат корсоотуудо опол тоодой эмгек отоп, бугунку кунго чейин аттары аталып келуудо.Аларды атай кетсек ошол кездеги мед пунктун башчысы Ракыя Солпуева,мед айым Рысбубу Молдобекова, бала бакчанын башчысы Батмагул Жумагулова,жазуучу журналист Момунова Гулсайра,медицина илимдеринин кандидаты Аристанова Мырзайым,немец тил мугалими Сарыбаева Айдайкан,врач Осмонов Арзыбек ж.б.
Уулу Ата Мекендик согушта айылдын тургундары да каармандык менен эмгектенип,фронтто тендеши жок эмгектерди корсотушту.Согушка айыл боюнча 85 эр азамат колдорун курал алып жоноп,алардын 64ту туулган жерине кайтпай калышкан.
Калинин колхозу СССРге коп тармактуу онуккон экономикасы менен таанылган.1968-жылдары колхоз мал чарбачылыгы менен анын ичинен койдун саны 30 мин башка жеткен.Райондун ичинен тамеки талаа иштери боюнча биринчи орунда турган.
Масалга ала кетсек, буудай жана тамеки ондуруудо жогоркку тушумду алышкан.Ар бир гектарына буудайдан 25 ценнтнер, эспарцеттен 46 центнер,тамекиден 16 центнерден ондургон.Жана малдын башын дагы кобойтуудо айрыкча бодо жана кой чарбачылыгын пландан ашыгы менен аткарып турушкан.Иш аракеттердин пландан ашыгы мене аткаруунун натыйжасында колхозчулардын материалдык абалы жакшырган. Аны менен айыл элинин жашоо шарты озгоруп.ар бир уйдо лампочка,телевизор радиолор пайда болгон.Колхоздун онугуусуно ар бир жашоочусу оз салымын кошушкан.
Алдынкы саанчылар:В.Отто Мина.Т.Жусупбекова.
Алдынкы чабандар:Доолбек Саткыналиев,Доолот Козубеков,Доскул Эркинбеков,Чыпа Мамытов,Эркин Бейшекеев.Эркин Бейшекеев мла чарбасынын корунуктуу устаты,2-3чу даражадагы эмгек данкы орденинин толук кавалери,фермер.Оз эмгек жолун колхоз курулушуна арнап,35-жылдан ашуун мезгил бою коомдук малды асырап,анын азыктуулугун оз тол эсебинен кобойтууго куч жумшап,эмгеги жогору бааланып,СССРдин жогорку советинин президумунун указына ылайык орден жана медалдары менен сыйланган.Барк-Арык айылдык Ленинполь райондук кенештерине бир нече жолу эл депутаты болуп шайланган.ВДНХнын алтын жана кумуш медалдарын женип алган. Союз учурунда Райондун бир нече депутаты болгон. Азыркы кундо Шадыкан айылынын кеншинин Ынтымак айылынын кадыр-барктуу аксакалдары болуп саналат.
Алдынкы тамекичилер: Тамеки боюнча звеновой Саадат Арстанова,Сейил Толубаева,К.Дилдекан,КППССтин борборунун комитенинин саясий бюросунун мучосу АБдышова Гуланда,азыркы Ынтымак айылынан Талас ороону гана эмес бут Кыргызстанга таанылган,биз сыймык туткан Бурулкан Рысманбетованы баары билет.Ал Кыргыз ССРнин 1971-жылы шайланган жогорку кенешинин сегизинчи шайланышынын жана 1975-жылы тогузунчу шайланышынын депутаты болгон.Б.Рысманбетова 1971-жылы Эмгек Кызыл Туу ордени,1973-жылы Ленин ордени менен сыйланган.Ал озунун данктуу басып откон жолунда баш аягы жыйырмадан ашуун орден,медалдарды алууга жетишкен.Айрыкча СССРдин ВДНХсынын коло,кумуш, алтын медалдарын алган жападан жалгыз кыргыз аял затынын окулу болгон.
Ошону менен катары Жумакулова Сулуу 1941-жылы 10-декабрда туулган. Эмгек жолун 1958-хылдан баштап, саанчы болуп эмгектенген.1964-жылдан тарта, колхоздон тамеки остуруп Б.Рысманбетованын звеносунда иштеген.1972-жылы 21-декабрда Кыргыз Советтик социалисттик Республикасынын жогорку советинин президиумунун «Ардак грамотасы» менен сыйланган.1974-жылы Калинин айылындагы колхоздун звеновою болуп дайындалат.1977-жылы 16-декабрында Кыргыз Советинин президиумунун буйругу менен 10 бала тороп остургону учун ардактуу «Баатыр эне» наамы ыйгарылган.
Отто Мина алдынкы саанчылардын катарына кирген.Ал кыргыз СССРнин жогорку советине депутат болуп шайланган,бир нече орден,медалдардын ээси.Калини колхозунда билим беруу саламаттыкты сактоо тармагында да айтарлык иштер аткарылып,оздорунун чыгармачылык иштери менен даназалаган медиктер,мугалимдер суурулуп чыгып Республикага аттары угулган.Алишеров Тилек,Кушубаков Аман,Алыбекова Майрам,Жантаеи Тургун,Бекбердиева Калима адеп сабагынын негиздочуусу.Спортто жана маданий иш чараларда айырмалангандар тууралуу да айтууга болот.Озгочо айта кетсем волейбол жана баскетбол командалары алдыда жургон.Калинин колхозунун уюштуруунун топ башында туруп,аны онуктуруп,ишинен корунгон биринчи катчы Токтобай Иманкулов,башкы инженер Мады Мусуралиев,башкы экономист Керимаалы Раимбеков,комсомол комитетинин катчысыТемирбек Жумагулов,ОТФнын башчысы Сороонбек Сулайманов,башкы бухгалтер Оскон Абылгазиев,башкы аграном Сарымбек Нурматов,тамеки боюнча аграном Токтогул Сереков,партия уюмунун жетекчиси Иманкулов,биринчи бригаданын бригадири Суйунбек Абышкаев,бригадир МТФ Рубин Гомер, Калинин колхозунун кассири Аскарбек Шайданов, экинчи бригаданын бригадири У.Токошев.
1991-жылы 31-августта Кыргызстанда ири бурулуш болуп, СССРдин таркашы менен Ала-Тоого азаттыктын таны атты.Эгемендуулукко ээ болду.Озубуздун улуттук отрибуттарыбызга, улуттук валюта сомубузга жетиштик. КПССтин тоталитардык басымы жоюлуп, демократиялык жолубузга туштук.Кыргызстанда президенттик башкарууга багыт алдык.Коомдук менчик жоюлуп, жеке менчикке ыкташтык. Колхоздордун ордуна жеке менчик дыйкан, фермердик чарбалар кирди. Коп талкуулардан сон Калинин колхозу учко болунду. Кен-Арал айылы,Туйто айылы,Калинин айылы . Калинин, Туйто айылдары биригип Шадыкан айыл окмот болуп калды.
Шадыкан Сагындыков 1893-жылы 22-апрелде Бакай-Ата айылында жарык дуйного келген. Ал 1922-жылы Майкорон (азыркы Ынтымак) айылына кедей кембагалдарды чогултуп,озунчо артель уюштурган.1928-жылы жалпы элдик шайлоо аркылуу Талас контордук аткаруу кызматына которулгон.1939-жылы 28-августта ал талас контордук аткаруу комитетинин председателдигине дайындалган. Кыргыз Окмотунун корсотмосу боюнча Шадыкан Сагындыков 1933-жылы Кыргызстан РККП(б)нын Ленинполь районунун инструктору 1940-жылы Калинин айылдык кенешинин аткаруу комитетинин председатели 1941-жылы 1-май колхозунун председатели болуп иштеген.
Шадыкан Сагындыков Ата Мекен эл алдында синирген ополтоодой эмгеги оз мезгилинде акыйкат бааланган. Улуу Ата Мекендик жылдарында «Каарман эмгеги» учун медалы 1951-жылы 31-январда СССР жогорку Советинин Президиумунун указынын негизиндеГ224878 номрлуу «Эмгек Кызыл Туу» ордени менен сыйланган. Шадыкан Сагындыков 1921-жылы ВКПнын катарына кандитына кабыл алынып,1924-жылы. Кыргызстан Компартиясынын Талас облустук комитетинин мучосу болгон.
1954-жылы Талас ороонундогу эн мыкты чарба жетекчисикатары Москвадагы Буткул союздук айыл чарба жетишкендигинин коргозмосуно катышып, кумуш медал менен сыйланган. 1957-жылы дуйнодон кайткан.
Шадыкан айыл окмотуно биринчи айыл окмкту болуп М.Сулайманов,андан кийин А.Танабаев,Ч.Суйунбекова,У.Кочоров.болуп эмгектенишкен. Азыркы учурда М.Ызабеков башкарууда.2013-жылы «Мыкты айыл аймагы»наамына ээ болгон. 2014-жылы Кыргыз Республикасы менен жарыяланган «Иштерман» жылында аткарган алгылыктуу иштери жана Бакай-Ата райондук социалдык-экономикалык онугуусуно кошкон узурлуу эмгеги учун биринчи даражадагы диплом менен сыйланган. 2013-жылы Шадыкан айыл аймагына 6 миллион сомго таза суу киргизилген. Ушул эле жылы Туйто айылына маданият уйу салынды.2014-жылы Ынтымак айылына спорт мектеби курулду.2015-жылы Туйто айылына бала бакча ачылып,капиталдык ремоннтдон откорулду жана жаны мектеп курулду.Ушул эле жылыШадыкан айыл окмотунун мектеби капиталдык ремонттон откорулду.2016-жылы Арис доолбору менен Туйто айылындагы бала бакча ишке берилди.
Азыркы учурдагы жогоруда айтылган аймактан чыккан чыгаан атуулдарыбызды атай кетсек: Орозбек Дуйшекеев Жогорку Кенештинбир нече жолку депутаты, « Тоо-Кен» ассоцациясынын мучосу. Чынкожоев Метал Экология министирлигинин орун, Чынкожоев Калык Талас облусунун салык инспекциясынын башчысы,Шайданова Дамира талас облусунун салык болум башчысы,Чалданбаев Бакыт курулуш компаниясын жетектейт,Жумакулова Бактыгул, Шатманов Нурманбет врачтык кесиптерди аркалап келет.Эшматов Улан Прага шаарындагы «Азаттык» кабар агентсводо алдынкы журналист дикторлордун бири, Эшматов Дамир президенттик аппаратда эмгектенишет.