Просмотр содержимого документа
«Семинарга презентация»
- Кыргыз элинин көркөм кол өнөрчүлүгү
Көркөм кол өнөрчүлүк — калк казынасы, атадан балага, энеден кызга өткөн мурас. Бул чыгармачылык өнөр элдин тиричилиги, турмуш шарттары менен тыгыз байланышып, элдин байыркы маданиятын, мүнөзүн жана рухий дүйнөсүн, көркөм ой жүгүртүүсүн чагылдырат.
Кол өнөрчүлүк — улуттук маданияттын ажырагыс бөлүгү.
Кыргыздын кол өнөрчүлүгү мал чарбачылыкка байланыштуу, көчмөн турмуштун негизинде өнүккөн.
Кол өнөрчүлүктө жүн, тери, кыл, мүйүз, сөөк, жыгач, чий, темир, күмүш, жез, калай, акак, таш, шуру, мончок, седеп жана башкалар кеңири колдонулган.
Өсүмдүк тамырынан, кабыгынан жана жалбырагынан боёк даярдап, анык чеберлер таң каларлык буюмдарды жаратышкан.
Кол
өнөрчүлүктүн
түрлөрүнө:
Оймочулук
(шырдак, жабык баш)
Саймачылык
(жүз аарчы, суу жоолук, белдемчи, туш кийиз)
Зергерчилик
(шакек, сөйкө, билерик, чолпу, кемер кур, ат жабдыктары),
Жыгаччылык
(боз үй жасалгалары, үй эмеректери, ат жабдыктары, комуз)
Кырмачылык
(идиш-аяктар жана башкалар)
Темирчилик
(тулга, капкан, ооздук, тогоо жана башкалар ат жабдыктары)
өрмөкчүлүк
(таар, шалча, чепкен, кап)
Бычмачылык (кийимдер)
Куракчылык
(жер төшөк, туш кийиз, килемче жана башкалар)
Теричилик
(шири, кайыш)
Килемчилик (килем токуу), боёкчулук (жүн боёо), эшмечилик (чылбыр), кытаттоо (тери жана башкалар) өңдүүлөр кирет. Учурда чеберлер байыртадан келе жаткан элдик ыкмаларды кеңири пайдаланып, Кол өнөрчүлүктү андан ары өнүктүрүүдө.