СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сапаттуу бол ар дайым

Категория: Астрономия

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Сапаттуу бол ар дайым»

КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия



“САБАТТУУ БОЛ” өнөктүгү



/Ж. Мукамбаевдин “Эмгегин эл эскерген киши” деген макаласынан./

К.К.Юдахин

Константин Кузьмич Юдахин 1890-жылы Оренбург губерниясындагы Орск шаарында туулган. Азыркы Жамбыл шаарында казак, кыргыз балдары менен бирге ойноп өскөн. 1906-жылы Ташкенттеги семинарияда окуп жүргөндө эле тажик, перс тилдерин үйрөнөт. 1922-жылы Орто Азия мамлекеттик университетинин чыгыш факультетинде окуп, ар элдердин тилин үйрөнө баштайт. 1925-жылдан кийин Ленинграддагы чыгыш элдеринин институтуна сабак берет. 1932-жылдан 1940-жылга чейин Москвадагы Чыгыш институтунда уйгур тили кафедрасынын башчысы болуп иштейт. К.К.Юдахин биринчи жолу кыргыз айылдарына 1928-жылы келген. Ал Түп районундагы Токтоян, Кең-Суу айылдарында болуп, профессор К.Карасаевдин туугандарынын үйүндө жүргөн. Бул жердеги адамдардан түрдүү оюндарды көрүп, ал турсун өзү да упай, ордо, төрдөн атмай оюндарына катышып, боз үйдө жашап, боз үйдүн жип-шуусунан бери жазып алган экен. К.К.Юдахин – талантуу окумуштуу, эң мыкты педагог, кыргыз, казак, өзбек, уйгур тилдеринин билерманы. К.К.Юдахин өмүр бою кыргыз сөздөрүн чогулткан. Илимий кадрларды даярдоодо да үзүрлүү иштеп, бир кыйла докторлук, кандидаттык диссертациялардын жакталышына жетекчилик кылган. “Кыргызча-орусча сөздүктүн” биринчи басылышын 1940-жылы жарыкка чыгарат. Кыргыз сөздөрүн элүү жыл бою тынымсыз изилдеп, “Кыргызча-орусча сөздүктү” Мамлекеттик сыйлыкка таттыктуу даражага чейин иштеп чыккан.

Ал: “Тил деген дайыма кыймылда болот. Жер сырын геолог билет. Тил сырын филолог билет. Филолог болом десеңер, анын сырлары силерге уламдан-улам ачыла берет,” - деп айтчу. Академик К.К.Юдахиндин эмгектерине кыргыз эли терең урмат менен мамиле кылат.

/215 сөз/













КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия



“САБАТТУУ БОЛ” өнөктүгү

/Э. Турсуновдун “ Ак булутту аралап ай баратат” макаласынан/.



“Ак булутту аралап ай баратат”

Таттыбүбү Турсунбаева

Таттыбүбү келгенде зал тең жарылды. Бардыгы ичкен, жеген тамагын таштап, кылчайып эле бизди карап калбаспы. Петербург үлпөтүндө Татьяна балга келгендей болду окшойт. Биз да аны эркелете “Таня” дечүбүз. Залга ажайып нур кирди. Көрсө, Таттыбүбү баралына толуп-бышып жетилип, токтолуп турган кези экен. Агы ак, кызылы кызыл чырайы шыңга төп келишип, жаркылдаган жайдары мүнөзү отургандарды арбап алыптыр. Бардык көздөр жадырап биз жакты эле карайт. Сыйга чакырарын чакырып, Таня менен Аятка ээ боло албай калдым. Улам эле бири келип бийге алып кетет. Суранып турган соң жибербей коюш уят. Алар менин энчимде эмес, эрк өздөрүндө. Тамак жайнаган үстөлдө жалгыз отуруп, акыры музыка заказ берип эки актрисаны алып, бийге бир түштүм да, экөөнү колтуктап салондон чыгып кеттим. Танянын келбети ошончолук келишимдүү көркөм экенин ошондо билдим. Дегеле, биздин искусство татынакай таланттуу адамдарынан эрте ажырады.

30-50-жылдары элүүгө жетпей кеткен чыгармачыл адамдарды санап отурса дегеле көп. Ал эми кийинки жылдардын аралыгында Экия Мукамбетов менен Мааданбек Алмакунов, Жапар Чабалдаев менен Токтосун Тыныбеков, Чоро Кожомжаров менен Жолдубай Кайыпов, Канымгүл Досмамбетова менен Сагипа Чечейбаева, Зейнегүл Эсеналиева менен Аятбүбү Абдрахмановалардын дүйнөдөн кайтышы эчен сонун көркөм образдардын ачылбай калышына себеп болду. Эми жетилип, эми бышып, толукшуп мөмө төгөрдө ачкөз ажал аларды арабыздан алып кетти. Чынында ондон бир гүлү ачылбай калган, ошолордун эң армандуусу - Таттыбүбү. Аны менен кошо алтын образдар жаздым болду. Бирок “өлгөндөр жаш бойдон калат” сыңары, Таттыбүбүнүн жайдары жүзү элдин эсинде жаш бойдон калды.













КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия



“САБАТТУУ БОЛ” өнөктүгү



МЫРЗАГҮЛ МЕНЕН СУЛТАНМУРАТ



Баарыдан мурун Мырзагүлдүн сулуулугун жазайын деди, “бул айылда, атүгүл бүт дүйнөдө Султанмурат жактырган сенден сулуу жок”, - деп жазмакчы болду. “Класста отуруп, сени гана тиктей бергенден башка мага бул дүйнөдө жыргал жок”, демекчи болду. “Бирок азыр шарт башка, десант болуп мектепке бара албай калдым, качан барарым белгисиз. Ошол үчүн сени кээде гана көрүп калам да, кайра көргүчө сагынып, кыйналып жүрөм” деген ойлорду жазмак болду. Сагынганы ушунчалык, кээде каңырыгы түтөп ыйлагысы келет. Кээде каңырыгы түптөп кетмеги чын болчу, бирок аны катка жазып, жашыктыгын моюнга алыш эркектин иши эмес да. Ал эмес, окуп жүргөн кездеги кай бир оройлугун, кээде олдоксон тийишип өткөн учурларын түшүнүү керек эле. Андай учурларда Мырзагүл бекер эле жаа бою качып жүргөн, себеби Султанмурат сыртынан оройлонгону менен, ичи жылып, жүрөгү элжиреп келип тийишчү. Мына ушуну жазыш керек эле. Баягы кардуу бороондо ат чаап, сомдомо Анатай башка балдардан мыкты көрүнгүсү келип, бирок андан аркысы эмне болгонун Мырзагүл өзү көрбөдү беле, жиндилигинен Окторуну аксатып салганын эскерте кетиш керек. Анан ток этер жери, ошондо жоон топ окуучулардын ичинен Султанмурат сүйгөнүн жазбай тааныганын, чындап сүйөрүн мына ошондо билгенин, балдар болсо ылдый чуркаганда Мырзагүл да кулачын жайып, учкан куштай боюн таштап жүгүргөнүн өмүр бою жүрөгүнө элес кылып батырып алганын жазмак болду. Кулачын жайып, дөңдөн ылдый жүгүрүп келаткан Султанмураттын сүйгөн сулуусу эле, сулуусу эмес шаркыратмадай куюлган, жалындай алоолонгон, комуз күүсүндөй сезим өйүткөн сүйүүсү деп жазмак болду...

(221 сөз)
















КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия



“САБАТТУУ БОЛ” өнөктүгү



/К.Карасаевдин “Эне тил жөнүндө сөз” деген маегинен/.

Эне тилге болгон кызыгуум

Жаш кезде адам өтө таасирленгич болот. Менин тилди сүйүп, тил жагына ооп кетишиме көп нерсе таасир кылды. Биринчи балага таасир кыла турган, анын акыл-эсин өстүрө турган ата-эне да. Энем ыраматылык өтө сөзмөр, куудул чалыш сүйлөгөн адам эле. Ал киши өзүнүн абысындары менен сүйлөшкөндө бардыгын күлдүрүп отурчу. Укмуштуу макал, накыл сөздөрдү көп колдоно турган. Мен дайыма ээрчип жанында жүрөр элем. Анын үстүнө аябагандай уз киши болчу. Сайган саймасынын, чийген оймосунун аттарын да мага айтып бере турган. Атам болсо, көп деле сүйлөбөгөн адам эле. Бирок кайда казалчы, кайда жомокчу бар десе, ошолорду ээрчитип келип, үйүнө кондуруп, ошолордун казалын, жомогун укканды жакшы көрчү. “Балам, баамдап отур!” - деп мени балдар менен да көп ойнотчу эмес. Ошентип, менин сөз байлыгымдын артышына биринчи таасир кылган ата-энем болду. Молдодон окуп, сабаты ачылгандан кийин, илгерки казалдарды элге көп окууга туура келди.

Атам дайыма кайсы жерде молдолордун казалы бар экен десе, ошого барып, кой, акча берип атып, казалды көчүртүп келе турган. Ошол казалдарды эле күндө окуп берүүнүн натыйжасында, менин сөз байлыгым артты. Ошол казалдардын көбүн азыр жатка билем. Илгери казак акындары толгон өлөң китептерди чыгарышкан. Казак акындарынын “Кыз Жибек”, “Муңдук-Зарлык”, “Шакир-Шакирет”, “Боз жигит”, “Атантай жоомарт”, “Касым жоомарт”, “Биржан менен Сара кыздын айтышканы”, “Шах маран”, “Салсал” сыяктуу толгон өлөң китептерин көп окудум. Ал кезде кыргыз элинин жан суусунун кандырган жогорку аталган казалдары менен казак тилиндеги өлөң китептер боло турган. Эл уккандан жадачу эмес, мен окугандан жадачу эмесмин. Мына ошентип, менин тилге болгон кызыгуумду күчөткөн жогорку өлөң китептер да болду.





/246 сөз/







КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия



“САБАТТУУ БОЛ” өнөктүгү

УЛУУ ЖИБЕК ЖОЛУНДАГЫ СООДА



Улуу Жибек жолу – чыгыштан батышка бүт Азияны кесип өткөн кургактыктагы кербен жолу. Анын жалпы узундугу жети миң чакырымды түзүп, аны басып өтүүгө үч жыл убакыт сарпталган. Соодага көп түрлүү товар коюлса да, батыш өлкөлөрүндө абдан бааланган жибек эң негизги товар болгон. Соода жолу ушул товардын аты менен аталып калган.

Узак убакытка чейин Батыш өлкөлөрү Кытай жөнүндө эч нерсе билген эмес. Маданий эки регионду Теңир-Тоо, Памир, Гималай бийик тоо кыркалары менен суусуз чөлдөр бөлүп турган. Биздин заманга чейинки экинчи кылымда гана кытайлык саякатчы Чжан Цзян бул бөгөттү бузган. Ал Алай тоолорун ашып өтүп, Фергана өрөөнүнө түшкөн, андан Согда, Түндүк Афганистан жана Персияга жеткен. Кытайга кайтып келип, Чжан Цзян Батыш өлкөлөрүнөн көргөн байлыктар менен ажайып көрүнүштөр жөнүндө айткан.

Тогуз жолдун тоомунда жайгашкан Кыргызстандын аймагы Чыгыш жана Батышты бириктирген көпүрө болуп калган.

Жер Ортолук деңизинен чыккан кербендердин биринчи жолу Иранды кесип өтүп, Аму дарыясы аркылуу Термез шаарына, андан Кызыл-Суунун жээги менен Алай тоосуна көтөрүлүшкөн. Бул жерден Эркеч-Там өткөөлү аркылуу Чыгыш Түркстан чектерине багыт алышкан. Экинчи багыт Ирандан Бухара, Самарканд аркылуу Ходжентке багыт алып, Фергана өрөөнүнө келишкен. Андан чыгышка Ош жана Өзгөн шаарына түшүп, Яссы дарыясын бойлоп жогору карай Борбордук Теңир-Тоого, Ат-Башыга жылышкан. Бул жерден соода кербендери түштүккө Чыгыш Түркстандын чегине, башкалары Ысык-Көлгө – Барскоон шаарына жөнөшкөн.

Барскоондон эки жол кеткен. Бири түндүккө – Сан-Таш ашуусу аркылуу Моңгол талаасына – Түштүк Сибирдеги кыргыздарга, экинчиси Жууку ашуусу аркылуу Борбордук Теңир-Тоого жана Бедел ашуусун ашып, Чыгыш Түркстанга алып барган. Чыгыш Түркстандан чыккан жолдун баары тең Кытайга жеткен.

Караханиддердин кагандары онунчу кылымда мусулмандардын акча системасын киргизишкен: фельс (жез), дирхем (күмүш), динар (алтын).

250 сөз



КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия



“САБАТТУУ БОЛ” өнөктүгү




БҮБҮСАРА


Эненин көптөн күткөн тилеги орундалып, Бүбүсара Ленинграддан келгенине бир айдан ашып калган. Ошентсе да эненин балага болгон сагынычы али тарабады. Кызынын баскан-турганына көз салып, ичи-боору эзилип, өз алдынча жалынат. “Кызым окуп, билим алып адам болсо” деген үмүт менен атасы экөө аны былтыр эле шаарга алып барганы эсине түшөт. Фрунзенин (Бишкектин) чоң көчөлөрүн жөө кыдырып интернат таппай жүрүп, парктын ичиндеги жайкы театрга туш болушкан эле. Театрда окууга өтүүчү балдарды комиссия карап кабыл алып жаткан. Ак жуумал, бойтойгон, татынакай кыз комиссияга дароо эле жагып калды, анын үстүнө ал комиссиянын сыноосунан да жакшы өттү. Ошентип кыздын тилеги ордунан чыгып, ал Ленинграддагы хореография окуу жайына бармак болду. Эне кызынын кайсы окууда окуп жүргөнүнө кызыкпаган. Тек гана анын татынакай жарашыктуу кийимине, ата-энесин сагынбай дени сак жүргөнүнө кубанды. “Кайда жүрсө аман жүрсүн, балам жаман мектепке туш болбоптур” деп ичинен кубанып тим болгон.

Табиятынан эмгекчил, тырышчаак, кичи пейил, мүнөзү назик Бүбүсара бат эле театр жамаатынын сүймөнчүлүгүнө айланды. Ал өз кесибин жандай сүйүп ардактаган таланттуу бийчи болуп өсүп чыкты. Бейшеналиева улуттук жана классикалык балет спектаклдеринде ар кыл мүнөздөгү образдардын бүтүндөй бир галереясын жаратып, өзүнүн көп кырдуу артисттик талантын ар тараптан ачууга жетишкен. Ал Раухвергердин “Чолпон” балетинде Айдайдын, Чайковскийдин “Ак куу көлүндө” Одетта-Одиллиянын, “Уйкудагы сулуусунда” Авроранын, Прокофьевдин “Ромео менен Жульеттасында” Жульеттанын, Минкустун “Дон Кихотунда” Китринин, Пуньинин “Эсмеральдасында” Эсмеральданын жана башка көптөгөн партияларды аткарган.

(216 сөз)