Грамматика
Синтаксис
- Сөз айкашы менен сүйлөмдүн түзүлүшү, алардын маанисин үйрөтүлөт.
Сөз айкашы
- Сөз айкашы маани берүүчү эки же андан ашык көп сөздөн жасалат да, анда негизги жана багыныңкы сөздөр болот.
Сөз айкашынын бөлүнүшү
Сөз айкашындагы сөздөрдүн байланышуу жолдору
- Башкаруу
- Таандык
- Ээрчишүү
Сүйлөм
Түзүлүшүнө карай экиге бөлүнөт
Жөнөкөй Татаал
Жөнөкөй сүйлөм айтылыш максатына карай:
- Суроолуу
- Буйрук
- Жай
- Илептүү
Жөнөкөй сүйлөм түзүлүшүнө карай:
- Эки тутумдуу ( ээ жана баяндооч)
- Бир тутумдуу (ээ же баяндооч)
Эки тутумдуу сүйлөмдөрдүн бөлүнүшү
Жалаң Жайылма
Бир тутумдуу сүйлөмдөр
- Атама (Ээ)
- Жактуу (Баяндооч)
- Жаксыз (Баяндооч)
Атама сүйлөм
- Затты, окуяны, мезгилди атап көрсөтөт. Мындай сүйлөм атооч жөндөмөдөгү сөздөн жана сөз айкашынан жасалат . Мисалы: Күз. Алыстан ак карлуу тоолор көрунөт.
Жактуу сүйлөм
- Бир тутумдуу сүйлөмдүн бир түрү. Бул сүйлөмдө ээ катышпайт да, сүйлөм этиштик баяндоочтон түзүлөт. Баяндоочко I, II жактын жак мүчөсү уланат же ал этиштин буйрук, шарттуу , каалоо-ниет ыңгайларынан болот.
Жаксыз сүйлөм
- Бир тутумдуу сүйлөмдүн бир түрү. Жактуу сүйлөм сыяктуу бул суйлөмдө ээ катышпайт, баяндооч гана бар.
- Баяндооч III жактагы этиштен же башка сөз түркүмүнөн болот.
Татаал сүйлөм
- Тең байланыштагы татаал сүйлөм
- Багыныңкы байланыштагы татаал сүйлөм
Тең байланыштагы татаал сүйлөм
- Бири-бирине багынбаган, тең укуктагы жөнөкөй сүйлөмдөрдөн түзүлөт.
Мисалы:
- Көп жашаган билбейт, көптү көргөн билет.
- Күн бүркөлдү да, бийик тоолорду ак булут каптады.
Тең байланыштагы татаал сүйлөм
Байламталуу Байламтасыз
Байламтасыз тең байланыштагы сүйлөмдүн түрлөрү
- Мезгилдеш
- Себептеш
- Каршылаш маанилүү
- Божомол маанилүү
- Салыштырма
- Түшүндүрмөлүү
- Шартташ
- Автобуста кетип баратам, жанымда бир абышка отурат.
- Эртең мен бара албайм: жумуштарым бар.
- Жакшы сыйлайт, жаман сынайт.
- Окуучу теманы унутуп калганбы, айтор, сынакты абдан начар тапшырды.
- Мага акча керек, сага товар керек.
- Адам проблеманы өзү жаратат: ишин убагында аткарбайт, көп уктайт.
- Сабагыңды абдан жакшы оку - келечектеги жашооң жагымдуу болот.
Байламталуу тең байланыштагы татаал сүйлөмдүн түрлөрү
- Байланыштыргыч байламталуу (жана, да, ары ж.б.)
- Каршылагыч байламталуу ( а, ал эми, бирок, антсе да ж.б.)
- Божомолдогуч байламталуу (же, же болбосо ж.б.)
- Себеп-натыйжалагыч байламталуу (анткени, себеби, ошондуктан ж.б.)
- Биз кечке катуу иштейбиз жана кечинде баспай калабыз
- Биз кечке иштейбиз, бирок кечинде такыр чарчабайбыз.
- Менин оюмча, ал бүгүн кечигет, же такыр эле келбейт.
- Бул жерде жашоо оңой эмес, ошондуктан ар бир мүнөтүңдү туура пайдаланууң керек.
Багыныңкы байланыштагы татаал сүйлөм
- Баш жана багыныңкы сүйлөмдөн түзүлөт.
- Баш сүйлөм ойдун негизин билдирет.
- Багыныңкы суйлөм анын ар түрдүү белгисин билдирет.
Мисалы:
- Мээнет кайсы жерде болсо, ошол жерде береке болот.
- Ашуу бек болгондуктан, Жолой менен Алтын көкул Раушан Кашкарды көздөй бет алышты.
- Багыныңкы сүйлөмдун турлөрү:
- Мезгил
- Орун
- Салыштырма
- Максат
- Карама-каршы
- Сан-өлчөм
- Себеп
- Сын-сыпат
- Шарттуу
Сүйлөм мүчөлөрү
Баш мүчөлөр
Айкындооч мүчөлөр
Баш мүчөлөр
Ээ
Баяндооч
Сүйлөмдүн грамматикалык негизин түзөт
Сүйлөмдүн ээси
Сүйлөмдөгү ойдун негизин ээлеп, атооч жөндөмөнүн суроолоруна жооп берген сөздөр
Мисалы: Жамийла да унчукпай калды.
Сүйлөмдүн баяндоочу
Баяндооч – ээнин кыймыл-аракетин, абалын билдирүүчү сүйлөмдүн баш мүчөсү.
Баяндооч эмне кылды? эмне кылып жатат? эмне кылат? эмне болду? кантти? ким? эмне? канча? нече? кандай? деген суроолорго жооп берет.
Мисалы: Биз жакшы окуйбуз.
Ээ менен баяндоочтун ортосуна сызыкчанын коюлушу
1.Ээ да, баяндооч да зат атоочтон же сан атоочтон болсо
Мисалы: Төрт жерде төрт –он алты. Макал-атасы-сөз.
2. Ээ зат атоочтон же, баяндооч кыймыл атоочтон же тескерисинче болсо
Мисалы: Менин милдетим -элге кызмат кылуу.
3. Баяндооч заттык маанидеги сын атоочтон болсо
Мисалы: Булардын арасынан мага жакканын-жашылы.
Кайсы учурда сызыкча коюлбайт?
Заттык маанидеги сөздөн болгон баяндоочко кызматчы сөз кошулса, же жак жана суроо мүчөлөрү уланса сызыкча коюлбайт.
Мисалы: Сен окуучусуң.
Азамат окуучубу?
Нурбек окуучу эле.
Сүйлөмдүн айкындооч мүчөлөрү
Бышыктооч
Аныктооч
Толуктооч
Сүйлөмдүн айкындооч мүчөлөрү
- Айкындооч мүчөлөр баш мүчөлөрдү аныктап, тактап, толуктап турат. Алар толуктооч, аныктооч, бышыктооч болуп ажыратылат.
Аныктооч
Кыргыз тилинде аныктоочтор аныктагычтан мурда келет жана заттын сын-сыпатын, санын, таандык экенин көрсөтүп, кандай? кайсы? качанкы? канча? деген суроолорго жооп берет.
Толуктооч
Баяндооч менен байланышып, кыймыл-аракет багытталган заттын атын билдирип, кимге? эмнеге? кимди? эмнени? кимден? эмнеден? кимде? эмнеде? деген суроолорго жооп берет.
Толуктооч
Тике толуктооч Кыйыр толуктооч
Тике толуктооч -кыймыл-аракеттин таасирине толук дуушар болгон затты көрсөтүп, дайыма табыш жөндөмөдө турат.
Кыйыр толуктооч - кыйыр түрдө багытталган затты көрсөтүп, дайыма барыш, жатыш, чыгыш жөндөмөдө турат.
Бышыктооч
Сүйлөмдүн баяндоочу менен байланышып, кыймыл-аракеттин түрдүү белгисин билдирип, канча? нече? кантип? кандай? эмне үчүн? эмне себептен? деген суроолорго жооп берет.