Просмотр содержимого документа
«Самат Садыковдун омур жолу»
Оз мекенин,Ата Журтун коргоого,балдарын, урпактарын кулчулуктан сактоо учун канча миллиондогон турдуу улуттун жигиттери аттанды.Ошолордун ичинде 380 минден ашык кыргызстандык жоокерлер болгон.Алардын арасында кээ бироолору согуштун алгачкы кундорундо курман болсо,кээ бири куткон жениш куну жакындаганда курман болду.Кээ бири душмандар менен тен эмес салгылашууда аргасыздан туткунга тушуп,башынан коптогон кыйынчылыктарды откоруп,концлагерде омурун откорду.Ошондой эле эч дарексиз,дайынсыз жоголгондор да болду.Жалпысынан бул кандуу согуш мурдагы СССРдин 20миллиондон ашык жаранынын омурун жалмап кете берди.Бул орду толгус жоготуу болду.
Бирок Ата Журтун коргоп олгондордун аттары алтын тамга менен тарых барактарында жазылып,мекен учун корсоткон эрдигин жана эмгегин артындагы урпактары туболук эч качан унутпай сактайт.
Улуу Ата Мекендик согушта душман менен болгон айыгышкан салгылашуу мезгилинде, копчулук жоокерлердин ичинде озгочо эрдиктерди корсоткон 11603 кишиге Советтер Союзунун Баатыры деген наам берилген.Алардын арасында каваллерист, эскадрондун пулеметчулар болумунун командири,сержант Садыков Самат Садыкович да болгон.
Цитата
Ж
ооп жазуу
" Баатыр элден чыгат,алтын жерден чыгат"-деп, элибизде бекеринен айтылып калган эмес.Баатыр- бул атадан балага мурас катары отпойт,ал адамдын ички сезиминде тарбиялык жол аркылуу мекенчилдикке берилуунун негизинде пайда болот.
Касымаалы Жантошев "Каныбек" романында:
"Алтын сары,жез сары,
Коло сары мис сары.
Баарын бирдей карасан,
Кошулат тортоо мисалы"-деп белгилеп откондой баары бири-биринен айырмаланып турат
Ошондон улам кыргыз эли "сарынын баары алтын эмес"-деген. Алтындын наркы да,баркы да башка металлдардан жогору,ал эми баардык жигиттер деле баатыр боло албайт.Баатыр жигит-элдин оор кунундо ишке жарап,озунун омурун эл учун арнап,душмандан журтун сактаган же жай турмушта элинин атын,данкын чыгарган алар менен бирге турмуштун оор женилин которгон эр жигит.
Илгертен бери ата-бабаларыбыз жоо чаап,эл-журттун, ата мурас болгон жерин коз карегиндей сактаган баатырларды тарбиялап чыгарган уюткулуу баатыр элди туптогон." Коенду камыш,эрди намыс олтурот" деген накыл создун туп нускасы жоокерчилик мезгилде пайда болгон.Ошондон тартып мекенин коргоо бул жигиттик милдеттин энчисине моор болуп басылган.Ал мыйзам турундо жазылбаса да,жигиттин кокурогунон орун алган.Кыргыз жигиттери "Баатыр олумду билбейт"- деп,жоо келсе качпай ага каршы кадам таштап,салгылашып оз омурлорун кыйган.Мындай баатырлар элибизде миндеп саналат.Ошондой жигиттердин бири Самат Садыков болгон.Кыргыз эли-баатыр эл болгондуктан баатырлардын баркына жетип,алар жонундо ырларды,эпосторду жараткан дуйнодо эн эле баатыр эпосу коп улуттардын бири болот десек ката кетпейбиз.Жалпысынан баатырлык-бул патриоттуулуктун туу чокусу десек эч жанылышпайбыз. Баатырлардын омур жолун,эрдиги, тайманбастыгын келечек муундарга тааныштыруу жана окутуу алардын мекенчил болуп,келечекте эл жерин коргоо учун тарбиялануусуна эч шек туудурбайт.
Бул китеп Советтер Союзунун Баатыры Самат Садыковко арналып 16 темага болунду.Негизинен анын омур жолу эрдиктери кенири чагылдырылган. Ошондой эле Сулукту Мамлекеттик экономика институтунун ага окутуучусу, КРнын Эмгек синирген мугалими Жаныбеков Абдуманнан агайдын айтуусунда Самат атабыз менен бир полкто кызмат отогон Лейлектик куралдаш жолдоштору Жолдубаев Милан (бир ротада)жана Момунов Таабалдынын(бир полкто)омур таржымалы киргизилди. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде каваллериялык болутордун фото суроттору камтылды.(бирок мен фотолорун киргизе албайм)
Самат Садыковдун ата-энесинин, бир тууган инилеринин, алардын балдарынын жана неберелеринин суроттору кошулду.Мындан тышкары С.Садыковдун атын алып жургон айыл,кочо,парк ж.б камтылды.
Баатыр атабыздын урматына борбор калаабыз Бишкекте жылына Жениш кунуно карата 9-майда лейлектиктер тарабынан откоруп келген "Лейлек курошу"тарыхы да камтылды.