СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Салыштырмалуу көз караш

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Салыштырмалуу көз караш»

Эмнеге орус, же кытай ж.б. элдердин тарыхын, маданиятын изилдеген кыргыз окумуштуулары жок? Эмнеге бир эле илимий ойду бир эле учурда кыргыз жана орус, же Батыш окумуштуусу айтса да, кыргыз эмес, орус, же Батыш окумуштуусунуку таасирдүү болот? Эмнеге чет өлкөлүк окумуштуулар кыргыз тилин билбей туруп, кыргызча эмгектерди окубай эле кыргыз тарыхын, маданиятын изилдеп, эмгек жаза алат да, эмнеге кыргыз окумуштуулары чет өлкөлүк эмгектерди карабай туруп, эмгек жаза албайт?

Албетте, илим бир улутка байланбаган универсалдуу жараян. Бирок жогоруда айтылган суроолорумдун негизги жообу - бул колониализмдин таасири деген ойдомун. Бизди "маданиятташтырганы" келген адамдар биздин тарыхыбызды, маданиятыбызды да "изилдеп", кимдигибизди "аныктап" беришкен. Ошондуктан алардын айткандары акыркы "чындык" катары кабылданып, өзүбүздүкүлөрдүкүн эрөөнгө албай калганбыз. Кыскача айтканда, "кулдук аң-сезим". Албетте, бизди колониялаштыргандар бизди билиш үчүн жакшы изилдөөлөрдү да жасашкан. Бирок изилдөө максаты башка болгон үчүн жыйынтык да ошого кызмат кылган. Андыктан чыныгы эгемен мамлекет болуш үчүн илимди "деколонизация" кылыш керек. Бул үчүн өзүм жакшы билген филология тармагы боюнча төмөнкүдөй айрым сунуштарды айтар элем.

1. Кыргыз тили жана адабияты, тарыхы, маданияты боюнча илимий даража жана наамдарды алууда WoS, SCOPUS, РИНЦ сыяктуу индекстерге кирген журналдарда макала чыгаруу талабын алып салуу зарыл. Албетте, бул индекстерге кирген журналдар эл аралык аренадагы кадыр-барктуу, окурманы көп журналдар. Жергиликтүү ЖОЖдордун эл аралык рейтингдердеги ордун көтөрүш үчүн керек. Бирок кыргыз филологиясы, тарыхы жана маданиятынын борбору Кыргызстан, Кыргызстанда чыккан журналдар болушу зарыл. Ал үчүн жергиликтүү журналдардын сапатын көтөрүп, ошол индекстерге киришине аракет кылуу керек. Керек болсо, тили тууган, тарыхы бир Азербайжан, Казакстан, Түркия ж.б. мамлекеттердин илимий мекемелери менен биригип, түркология тармагы боюнча өзүнчө индекс түзүү зарыл.

2. Кандидаттык, докторлук диссертациялардын 1-бөлүмүнө, илимий экскурс бөлүмүнө талапты жогорулатыш керек. Бизде жакталган диссертациялардын 90 пайызынын илимий экскурсу орус тилиндеги эмгектер менен чектелет. Негизи абсурд да. Англис тилинен минимум тапшырышат. Бирок бир дагы англисче эмгекти пайдаланышпайт. Эң өкүнүчтүүсү кыргыз тилинин грамматикасына арналган диссертацияларда грамматикалык түзүлүшү такыр башкача, генеологиялык жактан башка тил группасына кирген орус тилинин грамматикасына аналган эмгектер бар да, бир тектен чыккан казак, түрк, өзбек тилдерине тиешелүү эмгектер жок. Башкача айтканда, Кыргызстандагы илимди деколонизациялаш үчүн бир гана орус тили менен чектелбестен окумуштуулардан башка тилдерди билишин, эч жок дегенде окуп түшүнө ала тургандай болушун талап кылуу зарыл.