Просмотр содержимого документа
«Салыштырма даража»
№4 Иманберди уулу Иса атындагы жалпы билим берүүчү орто мктеби
Кыргыз тили сабагы 6-а класс.
Сабактын темасы : Сын атоочтун салыштырма даражасы
Өтүү мөөнөтү: 30.01.2020
Сабактын тиби: жаңы билимди өздөштүрүү сабагы
Сабактын ыкмасы: креативдүү ыкма
Сабактын формасы: сабак - брейн-ринг
Сабактын жабдылышы: проектор,электрондук китепкана,доска, компьютер
| № | Түйүндүү компетентүүлүктөр | | | | Предметтик компетентүүлүктөр |
| 1 | Маалыматтык Салыштырма даража жөнүндөгү маалыматты билишет | 1 Таанып-билүүчүлүк жана илимий суроолорду кое билүү | Сын атооч салыштырма даражалары жөнүндө теманы билишет. |
| 2 | Социалдык-коммуникативдик компетенттүүлүк:Сын атоочтун салыштырма даражаларынын эрежелерин, бөлүнүштөрүн көнүгүү иштөө менен бышыкташат | 2.Кубулуштарды илимий түшүндүрүү | Сын атоочтун салыштырма даражалары боюнча өз алдынча сүйлөмдөрдү түзө алышат. |
| 3 | Өзүн-өзү уюштуруу жана көйгөйлөрдү чечүү: Турмушта сын атооч салыштырма даражасындагы сөздөрдү кептеринде туура пайдаланууга үйрөнүшөт | 3.Илимий далилдөөлөрдү колдонуу | Сын атоочтун салыштырма даражасы жөнүндө теманы жыйынтыктай алышат.Турмушта кыскартылган сөздөрдү колдоно билүүгө үйрөнүшөт |
| Индикатор |
| | Жетишүүнүн көрсөткүчтөрү | |
| Күтүлүүчү натыйжа | репродиктивдүү | продуктивдүү | креативдүү |
| Сын атоочтун салыштырма даражасы жөнүндө маалымат билишсе | Сын атоочтун салыштырса даражасынын эрежелерин билишсе | Интернет булактарын пайдалануу менен сөздөрдү таап жана кебинде колдонууга үйрөнүшсө |
Сабактын максаты:
Билим берүүчүлүк: Сын атоочтун салыштырма даражаларынын эрежелерин, бөлүнүштөрүн,
кебибизге колдонулуштарын үйрөнүшөт
Өнүктүрүүчүлүк: Логикалык ой жүгүртүшөт, анализдей, синтездей, жалпылай алышат.
Тарбиялык: Окуучулар бирин-бирисыйлоого тарбияланышат.
Предмет аралык байланыш: адабият,сүрөт
Сабактын этаптары:
| № | Сабактын этаптары | убакыты | Мугалимдин ишмердиги | Окуучунун ишмердиги | баалоо |
| 1 | Уюштуруу, психологиялык маанай | 1 мүнөт | Саламдашуу,жакшы каалоо менен өзүн тааныштыруу | Саламдашат, бири-бирине жакшы сөз тартуулашат | Кол чабуу аркылуу кубаттоо |
| 2 | | 2 мүнөт | Сын атоочтун салыштырма даражасы жөнүндө айтып беришет | Доскадагы сүрөттор аркылуу сын атооч сөздөрдү табышат жана компьютерге жазышат | Өзүн-өзү баалоо |
| 3 | Билимдердин теориялык деңгээли Жаңы тема | 10 | Сын атоочтун салыштырма даражасы катышкан сөздөрдү түшүндүрүп,доскага мисалдарды көрсөтөт | Сын атоочтун салыштырма даражасы деген эмне,турмушта кандай колдонушту үйрөнөт | |
| 4 | 192 -көнүгүү | | Көнүгүүнүн жазылышын көзөмөлдөйт, Тууралайт.Көнүгүү доскага жазылат, | окуучулар сөздөрдү тууралашат талдашат. | |
| 5 | Минатюрдук жат жазуу | | -көнүгүү Аудио уктуруу | Жат жазуу жазышып.өздөрү текшеришет | |
| 6 | Акылга чабуул | | Ким миллионер болгусу келет | | |
Сабактын жүрүшү: Салыштырма даража Заттагы бир эле белги экинчи заттын белгиси менен салыштырылат.Эки заттын бири-бирине салыштырылышы сын атоочтун салыштырма даражасы деп аталат.
Салыштырма даража 2 жол менен жасалат.
1.морфологиялык жол-ыраак мучөсү жалгануу аркылуу
2.Синтаксисттик жол-Салыштырылуучу заттын аты аталып-ыраак мучөсү кошулат
М:кагаздан калыңыраак.
Кээ бир учурда -ыраак мүчөсү түшүп айтылат.Мисалы-Кагаздан жука,менден бийик
Жыйынтыктоо: Окуучулар көнүгүү иштөө аркылуу сын атоочтун салыштырма даражасын табышат жана морфологиялык талдоо жургузөт.
Минатюрдук жат жазуу 274-көнүгүү
Үй тапшырма 278-көнүгүү