ЖАЛАЛ-АБАД МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ
ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИ
Табигый - техникалык бөлүмү
Дисциплинанын аталышы: «Алгоритмизациянын негиздери жана программалоо»
Практикалык сабактын иштелмеси
Сабактын темасы: Шрифт менен иштөө жана стилдери
Тайпасы: БАСк-2-18
Даярдаган окутуучу: Самиева Жыргал Шавкаттиллаевна
Практикалык саат № 14
Тема: Шрифт менен иштөө жана стилдери
| Сабакта максаты | Баалоо үчүн критерийлер |
| 1. Шрифт менен иштешет. 2. Шрифттин стилдери менен иштөөнү өздөштүрүшөт. 3. Негизги шрифттердин аталышын айтып беришет. | 1. Программа түзүүдө шрифттер менен иштей алса. 2. Шрифттин стилдери менен иштеп программа түзө алса. 3. Негизги шрифттердин аталышын айтып бере алса. |
Сабактын жабдылышы: компьютерлер, интерактивдүү доска, проектор, тест, кеңсе буюмдары, таркатма материалдар.
Сабактын жүрүшү:
Уюштуруу (Саламдашуу. Студенттердин сабакка көңүлүн бурдуруу максатында муз жаруу усулун колдонуу (5-мин.)
Өтүлгөн темаларды кайталоо тест аркылуу (15-мин.)
Жаңы теманы түшүндүрүү (Презентация аркылуу) (10-мин.)
Жупта жаңы тема боюнча иш аткаруу (15-мин.)
топто жаңы тема боюнча иш аткаруу (17-мин.)
Жаңы теманы бышыктоо (10-мин.)
Жыйынтыктоо
Баалоо (5-мин.)
Үй тапшырмасын берүү (3-мин.)
1-тапшырма- жупта иштөө
Фигурага жазуу киргизүү программасын түзүү
2 - тапшырма - топто менен иштөө
Текст жазуу программасын түзүү
Теманы бышыктоо үчүн суроолор:
Негизги шрифттердин аталышы кайсылар.
Шрифттин стилдери атагыла.
Кеңири таркаган шрифттер.
Шрифттин аталышын регистрдин каттоосусуз терсе болобу.
1 – тиркеме
Геометриялык фигураларга жазмаларды киргизүү
procedure TextOut(x,y: integer; s: string); - s катарын (x,y) (чекит (x,y) позициясына чыгарат, s катарынан турган текстти камтыган төрт бурчтуктун жогорку сол бурчун берет.
procedure SetFontColor(color: integer); - шрифттин түсүн белгилейт.
function FontColor: integer; - шрифттин учурдагы түсүн кайтарат.
procedure SetFontSize(sz: integer); - пункт менен шрифттин өлчөмүн белгилейт.
function FontSize: integer; - пункт менен шрифттин учурдагы өлчөмүн белгилейт.
procedure SetFontName(name: string); - шрифттин аталышын белгилейт.
function FontName: string; - шрифттин учурдагы аталышын белгилейт.
MS Sans Serif аталышына ээ болгон шрифттин өлчөмү боюнча орнотулган.
Кеңири таркаган шрифттер булар – Times, Arial жана Courier New.
Шрифттин аталышын регистрдин каттоосусуз терсе болот.
procedure SetFontStyle (fs: integer); - шрифттин стилин белгилейт.
function FontStyle: integer; - шрифттин учурдагы стилин кайтарат.
Мисал 1: Фигурага жазуу киргизүү программасы.
program figuri;
uses graphabc;
begin
setwindowsize (500,400);
{терезенин өлчөмү}
setwindowtitle ('Фигура');
{терезенин аты}
setpencolor (clPurple);
{сызыктын өлчөмү}
setpenwidth (4);
rectangle(30,120,100,180);
{жазуунун түсү}
SetFontColor(clred);
{шрифтин өлчөмү}
SetFontSize(25);
textout (120,120,'Төрт бурчтук');
end.
Шрифттин стили төмөнкү аталган константалар менен берилет:
fsNormal – жөнөкөй;
fsBold – калың сыя;
fsItalic – эңкейген;
fsBoldItalic – эңкейген калың сыя;
fsUnderline – асты сызылган;
fsBoldUnderline – асты сызылган калың сыя;
fsItalicUnderline – эңкейген асты сызылган;
fsBoldItalicUnderline – эңкейген асты сызылган калың сыя.
function TextWidth(s: string): integer; - шрифттин учурдагы тууралоосун пиксел менен s катардын туурасын кайтарат.
function TextHeight(s: string): integer; шрифттин учурдагы тууралоосун пиксел менен s катардын узунун кайтарат.
Мисал 2: Текст жазуу программасы
program text;
uses graphabc;
begin
setwindowsize (850,350);
setwindowtitle ('Мухаммед Ал-Хорезми');
SetFontColor(clred);
SetFontSize(20);
SetFontStyle(fsItalic );
textout (50,30,' "Мусулмандык кайра жаралуу доорунда" ');
textout (50,60,'жашаган даңазалуу борбордук азиялык математик,');
textout (50,90,'астроном жана географ,');
textout (50,120,'классикалык алгебраны негиздөөчүсү.');
SetFontColor(clgreen);
SetFontStyle(fsUnderline );
textout (240,180,'Туулган жери: ХИВА');
end.
Сабакты жыйынтыктоо
Демек, бүгүнкү сабакта, паскал програмасынын графикалык чөйрөсундө геометриялык фигураларга жазууларды киргизүүнү үйрөнүп, текс жазууну өздөштүрүү менен бирге өз алдынча колдонууга багыт алдык.
Студенттерди баалоо
Баалоо сабактын башында көрсөтүлгөн балоо критерийлери аркылуу жүргүзүлөт.
Үйгө тапшырма:
Шрифттин стилинин константаларын колдонуп компьютердин сырткы көрүнүшүнүн программасын түзүп келүү.