Просмотр содержимого документа
«Сабактын иштелмеси»
Үй тапшырма
Сабактын темасы :
Электрондук таблицада диаграмма түзүү жана алардын түрлөрү
Сабактын максаты:
Сабактын тарбия берүүчүлүк максаты:
Сабактын билим берүүчүлүк максаты:
Сабактын өнүктүрүүчүлүк максаты:
Электрондук таблицада диаграмма түзүү жана анын түрлөрү
Графикалык режимде түрдүү типтеги диаграммаларды түзүү менен, алардын сандык көз карандылыктарын көрсөтмөлүү салыштыра алышат
Бири-биринин оюн угууга, сыйлоого жана мугалимдин сөзүн кунт коюп угууга тарбияланышат
Сабактын жабдылышы: Компьютерлер, мультимедиа, таяныч сигналдары, түстүү кагаздар, ватман, клей, скотч, кайчы ж.б.
Сабактын жүрүшү: 1. Уюштуру иштери-саламдашуу 2. Үй тапшырма суроо 3. Жаңы тема түшүндүрүү 4.Бышыктоо 5. Үйгө тапшырма берүү
Жаңы тема: Диаграмма – бул бир нече чоңдуктарды же бир чоңдуктун бир нече маанилерин салыштыруу үчүн, алардын маанилерин өзгөрүшүн байкоо үчүн арналган графикалык көрсөтмөлүү чагылдырылуучу каражат. Көпчүлүк диаграммалар тик бурчтуу координаталар системасында түзүлөт. Х горизантал огу көз карандысыз өзгөрмөнүн (аргумент)маанилери, У огу боюнча көз каранды өзгөрмөнүн (функциянын) маанилери жайгаштырылат.
Диаграмманы EXCEL электрондук таблицалык процессордун жардамы менен түзөбүз. Диаграмманын түрлөрү көп, бирок биз бүгүнкү сабакта эң кеңири колдонулган төрт түрдүү типтеги диаграммаларды карайбыз.
1. Тегерек диаграмма 2. Мамылуу диаграмма 3. Сызыктуу диаграмма 4. Аймактык диаграмма
1. Тегерек диаграмма Эгерде чоңдуктар жыйынтыгында бир бирдиктүү нерсени (100%) түзсө тегерек диаграмма түзүүгө ыңгайлуу. Мисалы: Дүкөнчү жаңгак, кишмиш жана өрүк менен соода кылат. Бир күндө ал 20 кг жаңгак, 10 кг кишмиш, 30 кг өрүк сатты. Бир күн ичинде кайсы жемиш көп талап кылынгандыгын аныктоочу тегерек диаграмма түзгүлө. 20 кг+10 кг+30 кг= 60 кг 360:60=6 градус 20 кг жаңгак*6= 120 грудус 30 кг өрүк*6=180 градус 10 кг кишмиш*6=60 градус
2. Мамылуу диаграмма: Бир чекитте бир нече маанилерди салыштыруу үчүн кызмат кылат. Мисалы: Гезитчи бир жуманын ичинде соода кылып, күнүнө төмөндөгүдөй сандагы гезиттерди сатты.
3. Сызыктуу диаграмма: Бир нече чоңдуктардын бир чекиттен экинчи чекитке өткөндөгү өзгөрүүнү байкоодо колдонулат. Мисалы: 8-классынын бир жумалык катышуусун сызыктуу диаграммада көрсөткүлө
4. Аймактык диаграмма Бир убакта бир нече чоңдуктардын ар бирин жана бир нече чекиттеги алардын суммаларынын өзгөрүшүн байкоого мүмкүндүк берет. Мисалы: Эмил, Айжан, Нуржан китеп сатышат. Алардын саткан китептери тууралуу аймактык диаграмма түзгүлө.
Бышыктоо: 1. Классыңардын билим сапатын тегерек диаграмма түрүндө көрсөткүлө. 2. Классыңардын китеп менен камсыз болууусун мамылуу диаграммада көрсөткүлө. 3. Бир жуманын ичинде Ош областында күтүлүүчү аба-ырайыны сызыктуу диаграммада көрсөткүлө. 4. Бир жуманын ичинде жети областардагы аба-ырайыны аймактык диаграммада чагылдырып көрсөткүлө.
Үйгө тапшырма: 1. Диаграмма жана анын түрлөрү(окуп келүү). 2. Үй бүлө мүчөлөрүнүн жаштары боюнча диаграмма түзүп келүү.
Окуучуларды баалоо: