СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сабактын иштелмелери

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Сабактын иштелмелери»

Сабактын темасы: Адамдын адамдыгы – ыйманы (8-класс)

Сабактын максаты

  • Окуучулар ыйман менен адеп сөзүнүн айырмасын билишет;

  • Ыймандуулук жөнүндө түшүнүктөрү бышыкталат;

  • Ыймандуу окуучу болууга багыт алышат;

  • бири-биринин пикирин угууга, сылык болууга аракети өссө.

Кѳрсѳткүчтѳр:

Жогорудагы максаттар ишке ашат, эгерде окуучу…

  • Окуучулар ыйман менен адеп сөзүнүн айырмасын билишсе;

  • Ыймандуулук жөнүндө түшүнүктөрү бышыкталса;

  • Ыймандуу окуучу болууга багыт алышса;

  • бири-биринин пикирин угууга, сылык болууга аракети өссө.

Сабактынтиби: аралаш сабак

Сабактын формасы: ѳз алдынча, жалпы топ менен иштѳѳ

Сабактын методу:интерактивдүү методдор

Сабактын жабдылышы: окуу китеби, таркатмалар, проектр, флипчарттар, маркерлер ж.б.

Баалоо усулу: формативдик баалоо

Предмет аралык байланыш: музыка, адабият, тарых.

Сабактын жүрүшү:

1-кадам:Уюштуруу (саламдашуу). Биз баарыбыз күлкүнү жакшы кѳрѳбүз. Бирок, азыр ким мага күлкүнүн түрлѳрүн санап бере алат? Билген окуучулар барбы? (2 же үч окуучудан суралат). Мугалим толуктоо иретинде

  1. Жылмаю

  2. Мыягынан күлүү

  3. Шыңкылдап күлүү

  4. Шаңкылдап күлүү

  5. Каткырып күлүү

  6. Кытмыр күлкү

  7. Кыткылыктап күлүү

  8. Ыржайып күлүү

  9. Жыртайып күлүү

  10. Эзилип күлүү

  11. Элжиреп күлүү

  12. Эчкирип күлүү

  13. Балбырап күлүү

Дагы башка бир нече күлкүнүн түрлѳрү бар экен урматтуу окуучулар. Дайыма жүзүбүздѳ жылмаю болсун деген аруу тилек менен бул күлкүчүлѳрү силерге белек катары таратып коюу менен сабагымды баштасам.

2-кадам: Өтүлгѳн теманы кайталоо. Өткѳн сабакта силер менен биз канткенде адам улуу адам болот деген теманы өтүп, улуу адамдын сапаттарына токтолгон элек. Анда келгиле ѳткѳн сабакты эске салуу максатында биргеликте класстер түзѳлү.







улуу адам













3-кадам: Жаңы теманы атоо, максаты менен тааныштыруу.

4-кадам: адамды адамдыгы ыйманы экендигине токтолуу.

Ыйманы деген сөздү көп эле угуп жүрөсүңөр. Бул сөздү ата-энелерибиз көп пайдаланат. Мисалы: жакшы окуучуга туш келсе ыйманы ысык бала экен же ыйманы ысык жан деп баа берет. Же алкап бата бергенде ыйманың саламат болсун дейт. Менин эсимде агаларымдан бири мага бул тилекти уктаарда айт деп жаттаткан: “жаттым тынч, жаздыгым кенч, тилим Куран, тилегим ыйман...”. Анан ааламга, ата-энеңе баарына жакшылыкты тилеп жат айтканы эсимде. Көпчүлүгүбүз адеп менен ыйман деген сөздүн айырмасын анчалык биле бербейбиз же маани бербейбиз, а айрымдарыбыз экөө бир маанидеги сөз деп эсептейбиз. Келгиле эми ар бирибиз өз алдыбызча ойлонолучу. 1 гана мүнөт убакыт берилет. Эми жупта талкуулайлы. Окуучулар тарабынан айтылган пикирлер ватманга жазылып талкууланат.

Аягында мугалим:

Ыйман деген сөз араб тилинен которгондо “Ишеним”деген түшүнүктү берет. Кудайдн бар экенине, анын теңдешсиз кудуреттүүлүгүнө, жана жаратмандыгына болгон ишеним. Эгерде биз ошол ишенимди ыйман деп кабыл алсак, анда ал адамдын жан дүйнөсүнүн тазалыгына, аруулугуна таандык түшүнүк. Демек, жан дүйнөсү таза, аруу тилеги бар, уяттуу, чынчыл, боорукер, кайрымдуу, жоопкерчиликтүү, сабырдуу токпейил адам бул – ыймандуу адам.

Адеп адамдын эрте менен тургандан жатканга чейинки кооз иштердин топтому дегенбиз. Демек, ыйман адамдын ички ишеними, адеп сырткы сулуулугу. Бирок, экөө эриш-аркак бирге жүрүүсү керек.

5-кадам: 3 топко бѳлүү. Окуучулар түстөргө карап топторго бѳлүнѳт. 3 суроо топторго таркатылып берилет.

1-топко Окуучулар арасындагы ыймансыз көрүнүштөр барбы? Алар кайсылар?

2-топко Ыймандуу адам, окуучу кандай болуусу керек?

3-топко Биз ыймандуу болуу үчүн эмне кылуубуз керек?

6-кадам: Ар бир топ чыгып коргойт.

7-кадам: Жыйынтыктоо

Бир абышка айтат дейт

10-кадам:Максатка кайтуу. Окуучулар менен бирдикте талкуулоо.

11-кадам: Үйгѳ тапшырма

Мугалим: Ар бир окуучу үйгө барып атабыздан же апабыздан же бир тууганыбыздан “Мендеги ыймандуу адамда болгон кандай жакшы же терс сапаттар бар?” деп сурап жазып келесиңер. 3дөн гана сапат жазсаңар болот?

12-кадам: Баалоо. Формативдик баалоонун усулдары колдонулат. Кѳрсѳткүчтүн негизинде бааланат.