СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

САбакта чойро тузуу

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Билим берүү чөйрөсү – сабактын ажырагыс компоненти.

Просмотр содержимого документа
«САбакта чойро тузуу»

Сабакта чөйрө түзүү педагогдун кесиптик сапатынын көрсөткүчү катары.

Билим берүү чөйрөсү – сабактын ажырагыс компоненти.

Чөйрө деп, эң башкысы, окуп – үйрөнүүнүн өзгөчө атмосферасын, мугалим жана окуучунун ортосундагы карым-катнаш стилин, натыйжалуу жана толук кандуу окутуу үчүн керек болгон мейкиндиктин өзгөчө уюштурулушун түшүнөбүз. Окутуунун чөйрөсү тууралуу сөз кылуудан мурун конкреттүү сабакка кайрылуу абдан эле орундуу болуп көрүнөт. Дал реалдуу сабак чөйрө жөнүндө ойлонууга түрткү болот, ал аркылуу – инсанга багытталган окутуунун жаңы жолуна өтүү тууралуу

Биология боюнча сабак жүрүп жатат. Мугалим өзүнүн сабагын курат. Мугалим “Сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү” программасын интерактивдүү ИНСЕРТ1 стратегиясын пайдаланат. Бул стратегияны негизги багыты – окуучуларга маалыматты (бул китептин материалдарында сунушталган) жакшылап иштеп чыгууга жардам берүү, анын анын жыйынтыгы ар бир окуучу тарабынан теманы өздүк түшүнүү, өз алдынча билимди түзүү болот. Стратегия сабакта окуучулар бири- бири менен, активдүү карым- катнаш кырдаалын, мугалим менен сабактын максатына жетүүгө багытталган эркин сүйлөшүү кырдаалын түзүүгө жардам кылат. Сабакиштелип чыкты, мугалим сабактын темасы боюнча окуучуларда билимди калыптандырууга, тема боюнча өздүк түшүнүгүн калыптандыруу этабында бири-бирин угуу билгичтигин өркүндөтүүгө, суроолорду коюу билгичтигине багыт алды.

Бирок сабак инновациялык болбой калды: стратегия болду, ал эми ар бир окуучу менен өз алдынча сүйлөшүү, билимди конструкциялоо болгон жок. Окуучулар мугалимдин нускамасын так аткарышты, андан соң мугалимге жыйынтыктар тууралуу “рапорт” беришти. Ушул эле учурда китепте эмне берилсе, ошону тагыраак айтып берүүгө умтулуу сезилип жатты. Сабакта ойлонгон окуучу болгон жок, окуучулар менен карым- катнаш болгон жок: алар аткаруучу катары калышты, жаңы билимдердин констурукциялоосу болгон жок. Эмне үчүн мындай болду? Сабактан кийин ким сабакка катышса, мугалим дагы, бардыгыбыз, ойлор менен бөлүшүү, изденүү кырдаалын түзүүгө жолтоо болгон себептер тууралуу ойлондук. Бул суроого жоопту табуу оңой эмес экен: мугалим максаттарды, ар бир кадамдын мүмкүнчүлүгүн жана маанисин аягына чейин түшүнбөй туруп, стратегиянын кадамдарын так аткарды. Мындай кырдаалдар инновацияны окуу процессине киргизүү практикасында кездешет. Анын бирден- бир себеби, мугалим- практик дайыма эле инновацияны киргизүү – бул мугалимдин ишинин бардык системасын кайра куруу жана өзгөртүү экендигин түшүнө бербейт. Данды элестетип көрөлүчү, ал өсүп чыгат деген үмүт менен биз аны жерге салып жатабыз. Бирок,үмүттөн башка, биз жер жөнүндө кам көрөбүз, сугаруу, күн тууралуу ойлонобуз, биз бул жерге бир нече жолу келебиз, өсүп жатканды байкайбыз, күндүн ысыгына, органикалык элементтердин жетишпестиктеринин чыдашына жардам беребиз.

Мугалимдер өзүнүн эмгегин, педагогдун окуучулар менен карым – катнашынын өзгөчөлүктөрүн мүнөздөө менен мындай образдуу кеңири салыштырманы дайымакелтиришет. Мындай карым- катнаштын ийгиликтүүлүгү кандай схема менен процесстин катышуучуларынын сүйлөшүсүнөн, кандай чөйрөдө карым- катнаш жүрөрүнөн көз каранды. Ш.Амонашвили, В.Шаталов, О.Лысенкова өзүлөрүнүн окуучулары менен карым- катнашты кантип түзөөрүн эстесек жетиштүү.

Айталы, В.Ф.Шаталов окутуунун ыкмасы катары таяныч сигналдарды пайдаланат. Бирок, ушул эле учурда бул ыкма мугалимдин дагы, окуучунун дагы максатка жетисүүнүн каражаты болгон. Педагог сабакта окуучу өзүнүн астына өзү максат койгон (тиги же бул теманы окууда ал алган бийиктик) жана ага жетүүгө жоопкерчиликти алып жүрүү чөйрөсүн түзгөн. Педагог таяныч конспекттерди, теориялык материалды өздөштүрүү каражаты жана окуучу үчүн практикалык маселелерди чечүүгө багыт катары болгонун эстегиле. Ал окуучулар арасында бири-бирине жардам берүү, кызматташуу атмосферасын түзгөн ( бул анын окуучулары класска келишип, таяныч конспекттерди алар кандай түшүнгөнүн алдын ала өз алдынча түзүп, бири – бирине түшүндүрүшкөн).

Бул педагог биринчилерден болуп, класстын физикалык мейкиндигин өзгөрткөн: ар бир окуучунун өзүнчө иш орду жана башкалар жекече иштеп жаткан учурда жолтоо болбогондой доскага бара турган жолунун маршруту бар.

Мунун бардыгы чөйрө – бардык окуу процессинде, ошондой эле чоңдорду окутууда да- ажырагыс компонент экендигин ынандырат.

Окутуунун бул же тигил техникасын билүү жетишсиз, окуучу менен мугалимдин өз ара мамилесинин стилин, класстагы окуучулардын өз ара мамилесинин стилин да өзгөртүү керек. Мугалимге класста ачык жана түшүмдүү кызматташуу үчүн чөйрөнү түзүүгө эмне жардам берерин ойлонуу керек.

Мугалим үчүн окуу процессинин компоненти катары чөйрөнүн актуалдуу экендигин түшүнүү маанилүү.