СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Психогеометриялык тест

Категория: Геометрия

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Психогеометриялык тест»

Психогеометриялык тест

Квадрат

Эгер сен бул фигураны тандасаң-сен мээнеткеч адамсың.Эмгекти сүйөсүң,баштаган иштин аягына чыкпай койбойсуң.Иштин аягына чыкмайынча көшөрүү анык квадраттын белгиси.Квадрат чыдамдуу,талыкпас,тыкан, өзүнүн кесиби боюнча кийин өзүн мыкты адис катары даңазалайт.Квадраттарды «эрудиттер»деп да атап коюшат.

Мүчүлүштүктөрү:Булар ар нерсени деталына жеткенге чейин жутунуп жатып чечим кабыл алууда оперативдүүлүгүн жоготуп коюшат.

Квадрат арбын тобокелчил жактары солгун.Ачык айрым эмес,адамдарга тоңдоосун мамиле кылат.Күтүлбөгөн кырдаалда өзүн анча жакшы сезбейт.



Үч бурчтук

Үч бурчтуктардын көпчүлүгү»лидер болуу үчүн төрөлгөндөр».Үч бурчтук-кубаттуу жана алдуу-кучтуу,адам токтото алгыс залкар инсан.Ал алдына ачык айкын максатты коёт да ага сөзсүз жетет.Алар өзгөчө чечкиндүү болушат.Үч бурчтук-мансапкор киши, даңкты сүйөт.Эгер квадраттын ар намысы иштеген ишин эң жогорку сапатка чейин жеткирүү болсо,ал эми үч бурчтукта эң жогорку статусту алуу, карьера-башкы мансап.Үч бурчтуктардын начар сапаттарына барып турган өзүмчүлдүгү кошулат.



Тик бурчтук

Бул адамдардын өзгөрмөлүү жана бир абалдан экинчисине өтүп турса касиети бар.Ал бүгүнкү жашап турган турмушка каниет албайт да мындан да жакшы абалды ээлөөгө умтулат.Тик бурчтуктун мүнөздүү белгиси ачууланган убакта ырааттуулугун жоготуп иштин алдын ала билүүсү солгун тартып калгандыгында.Тик бурчтук-бир күндүн ичинде бир канча жолу сымаптай мөлтүлдөп өзгөрүүгө дуушар болот.Тик бурчтуктун да дурус жактары бар,аларга ышкыбоздугун, кызыгуусун,тартынбастыгын кошсо болот.



Сынык сызыктар

Бул фигураны жактырган адамдар чыгармачыл болуп саналат.Буларда эстетикалык сезимдер күчтүү өнүккөн болот.Мүчүлүштүгү:саясатчыл эместиги, өзүн кармай албагандыгы,ички сырын жана оюн жашыра албагандыгы, чындыкты бетке айткандыгы,ошону менен катар кытмыр эмес аренди салыштырып, өзгөчө ачыктыгы жана башка сапаттары өзүнүн идеяларын ишке ашырууга көп жагынан тоскоолдук кылат.



Айлана

Бул фигураны жактырган адамдар башкаларга жакшылыктан башканы Тилебеген,ак ниет,боорукер жана гумандуу инсандар болуп чыгышат.

Булардын сезгичтик жөндөмү өтө күчтүү болот. Алар бирөөлөрдүн кайгысын же кубанычын кошо бөлүшүүгө, бирге сезүүгө дилгир келишет жана аларга өтө сергектик менен мамиле кылышат.

Айлананы тандап алган окуучулар өзүлөрүнүн классы үчүн баарын жасоого даяр турушат.

Мүчүлүштүк жактары: дайыма келишүүчүлүк мамилени жактыргандыгы, тынчтыкта болууну каалагандыгы. Булар бийликке, жетекчи болууга умтулбайт, иши кылып тынчтык эле болсо ошого ыраазы.