Канаттуулар
Канаттуулардын сырткы тузулушу
Канаттуулар классына 9000 тур таандык. Канаттуулар жер бетинин бардык жерлеринде кездешет, ар кандай шартта жашай алышат.
Канатуулардын сырткы тузулушунун белгилери:
• кургак тери, бездери болбойт, тал жундөр менен капталган
• канаттары болот
• белгилуу бир дене түзүлүшкө ээ
• манжалары өзгөчө жайгашкан
• тумшукка ээ
• журөгу 4 камералуу, жылуу кандуулар
Терисинде бездер болбойт. Терисинин түзүүчүлөрү тумшук, тырмак, муйуз сымал калканча, тал жүндөр. Тал жундөрү -сойлоп жүрүүчүлөрдүн түрүн өзгөрткөн кабыгы болуп саналат. Тал жүндөрдун негизин контурдук, ж.б.‚ ошондой эле жундөр менен капталган, жундөрдүн жардамы менен денесинин жылуулугу сакталат.
Канатчасы калемче, чалгын жана тыбыттан турат.
Канаттуулар сызыктарды пайда кылат, бир жьлда 2ден сызыктарды пайда қылат.
Суроо:
Төмөндөгүлөрдүн кайсынысы ири куш жүндөргө кирет?
2
1
мамык
чалгындар
4
3
бардыгы
тыбыт
К анат -астыӊкы түрүн өзг ө рткөн буттар, Шыйрагы -майда өск ө н сөөктөр. Алар канаттуулардын оңой конуусун камсыздайт.
Канаттуулардын ички түзүлүшү
Канаттуулардын сөөктөрү труба сымал же губка сымал болот, алардын ичи аба менен толтурулган.
Төшү вертикалдуу өсүндү –т ө ш кырына ээ аларга канаттарды кыймылга келтирген булчуӊдар бекийт. Ал эми учпаган канаттуларда т ө ш кыры
болбойт.
Скелет 4 бөлумдөн турат:
• баш сөөгүнөн;
• омуртка тутумунан;
• кол-бут курчоосунан;
• бут сөөктөрүнөн.
Сиӊирүү тракт: 0оз көӊдөйү -кызыл өңгөч- жемсөөсү –бөтөгө (бездүү бөтөгө –булчуӊдуу бөтөгө) ичеги (ичке жана түз ичеги) -клоака.
Тамақ сиңирүү системасьшын түзүлүшүнүн өзгөчөлүгү (тиштери болбойт, зобдо азықтар тазалануусу жүрөт, ашказандын түзүлүшү, кыска түз ичеги) бул канттуулардын денесинин салмагының бир калыпта болуусун камсыздайт, бул нерсе учууда маанилүү.
Кан айлануу системасы жабык, жүрөгү 4 камералуу жана cocуддардан турат. Кан айлануунун системасы эки тегерегинен турат.
Суроо:
Сойлоп жүрүүчүлөрдөн айырмаланып, канаттуулардын организми таза артерия каны менен камсыз болот. Мындай кан айлануу кандай өзгөррүүгө алып келген?
1
2
зат алмашуусу тездеген
кан тамырлары көбөйгөн
3
4
жүрөгү татаалдаган
салмагын жеӊилдеткен
Жылуу кандуу жаныбарлар -бул жаныбарлардын туруктуу дене температурасы болот, чөйрөдөгү температурага көз каранды эмес. Бөлүп чыгаруучу органдарга эки бөйрөккө, зaapa бөлүп чыгарышат. Нерв системасы канаттууларда жакшы өнүккөн. Баш мээси жана анын салмагы чоңойот. Көрүү жана угуу органдары жакшы өнүккөн.
Дем алуу системасы Дем алуу системасы дем алуу жолдору жана өпкөдөн ( аба баштыкчалары) турат.
Аба баштыктарынын кызматы: * учуудагы дем алууга катышат (кош дем алуу); * учуу учуруңда организмди ысытпай желдетип турат; * дененин салмагын жеӊилдетет Кош дем алуу Канаттуулар тынч абалда болгон кезде, дем алууда аба баштыкгары катышпайт. Учуу учурунда аба кычкьлтекке толгон, ал өпкө аркылуу эки жолу өтөт, дем алганда жана дем чыгарганда. Канаттуулардын мындай дем алуу механизми кош дем апуу деп аталат.
Канаттуулардын көбөйүүсү Канаттуулар айрым жыныстуу жаныбарлар, эркектер менен ургаачылар айырмаланьп турат. Канаттуулар жумурткаларын таштоо менен көбөйүшөт. Эркектеринде жыныс органы- уруктары жуп болот. Ал эми ургаачыларда сол гана энелелик бездери жана сол жумуртка түтүкчөлөрү өрчүп алар гана уруктанууга катышат. Жумуртканын түзүлүшү
Жумуртканын сарысында түйүлдүк диск жайгашкан (андан канаттуулардын эмбриону пайда болот). Жумуртканын сарысы түйүлдүктүн өнүгүүсү үчүн азық заттардың жана суунун запасы кармалган. Жумуртканын сарысы белок жипчелерден пайда болот. Белок коргоочу жана азыктандыруучу кызматты аткарат, түйүлдүктү суу менен камсыздайт. Кабыгы (скорлупа) газ алмаштыруучу жана коргоочу кызматты аткарат. Жумуртка ташталгандан кийин түйүлдүк өнүгө баштайт. Түйүллүктүн өнүгүүсү белгилүү температураны талап кылат ( 38С’). Ошондуқтан жумурткалардын үсгүнө канаттуулар отурат. Жумуртканын үстүнө ар түрдүү канаттууларда ар кандай болот І6 суткадан 40 суткага чейин.
Канатгуулардын келип чыгуусу Канаттарынын жардамы менен которулган канаттуулардын байыркы тукуму археоптерикс болуп саналат , алар 150 млн жыл мурун жашашкан. Алардын денеси тал жүндөр менен эмес, узун, калың, катуу сөөктү кабырчыктар менен капталган
Канаттуулардын классификациясы . Канаттуулардын өзгөчө түзүлүшү, алардын келип чыгуусу боюнча пингвин, страус жана учуучу канаттуулар топторго биригет .
Пингвиңдер -бул канаттуулар учпайт, бирок аябай жакшы сүзүшөт. Алдыңкы буттары калакчаларга түрүн өзгөрткөн. Алардьн моюну калың жана ийкемдүү, тумшуктары катуу жана күчтүү. Көбүнчө пингвиндердин жоону кара жана асты жагы ак болот. Кургакта денесин түз кармап басышат. Пингвиндер Түштүк жарым шардын суук аймактарында кездешет
Страус тоо куштар - канаттууларына учпаган африка страустары, америка нандусу, австралия казуарасы, эм ажана киви кирет. Бул канаттуулардын өзгөчөлүгү төшүнүн түзүлүшүндө: ал жалпак жана тош кыры жок болот. Страустардын канаттары начар өнүккөн, ал эми арткы буттары узун, күчтүү, катуу чуркаганга
Учкан канаттулардын 40 түргө жакыны бар .
Үй тапшырма
Тапшырманын шарты :
1. Сүрөткө көңүл бурабыз. Сандар менен белгиленген органдардын аталышы жана кайсы органдар системасына кирет:
2. Тамак сиңирүү системасынын органдарын орду менен жазгыла:
А. ооз көӊдөйү
Б. ичеги
В. клоака
Г. бездүү бөтөгө
Д. кызыл өңгөч
Ж. жемсөөсү
Е. булчуӊдуу бөтөгө
Үй тапшырма
Тапшырманын шарты :
3. Тамак сиңирүү сисмасынын 6 саны менен белгиленген бөлүгүнүн аталышы?