СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Предметтик декаданын жүрүшүнөн.

Категория: Математика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Табигый-математикалык методикалык бирикменин декадасындагы иш-чаралардын жыйынтыгы.

Просмотр содержимого документа
«Предметтик декаданын жүрүшүнөн.»

№66 «Ден соолуктун жана өнүгүүнүн мектеби»гимназия-окуу-тарбия комплекси

ТММБнин декадасынын жүрүшү боюнча отчет.

Декаданын максаты:

Окуучулардын табигый-математикалык предметтерге болгон кызыгууларын арттыруу менен билим сапаттын жогорулатуу, мугалимдердин тажрыйба алмашуусуна жана окуутунун алдыңкы технологияларын ишке ашыруусуна шарт түзүү.



№66 ГОТКнин методикалык-проблемалык темасы:

«Кыргызстандын каада-салттарын жана дүйнөлүк маданияттын демократиялык, патриоттук, маданий-тарыхый баалуулуктарынын негизинде өз алдынча өнүгүүгө, этно маданиятын жана жарандыгын тандоого жөндөмдүү болгон, ар тараптан жана гар-монияда өннүккөн инсанды калыптандыруу максатында мамлекеттин жаңы стандарттарын киргизүү жана ишке ашыруу шартында билим берүүгө тиешелүү бардык субъектердин чыгарма чылпотенциалдарын өстүрүү үчүн шарт түзүү» 





Бирикменин методикалык-проблемалык темасы:

«Табигый-математикалык предметтерди айкалыштыруу менен өз алдынча өнүгүүгө жөндөмдүү мекенчил жана ар тараптан өнүккөн инсанды калыптандыруу» 







Химия мугалими- Джеенчороева Д.Б. 14.02.19 да, 8-Д класс менен “Суутек. Жалпы мүнөздөмөсү. Табигатта таралышы. Алынышы”
сабагында суутектин алынышы жөнүндө видиолорду көрсөтүү менен бирге лабораториялык жол менен алынышын окуучулар менен бирге көрсөтүүгө жетишти. Андан ары ошол алынган суутектин касиеттерин жыты, үнү жана күйүшү менен далилдеп, химия илиминин илимийлүүлүгүн далилдеди.
Сабактын тиби:жаңы теманы өздөштүрүү;



Тажрыйбасы бай мугалим- билимин окуучуларына жеткирүү аракетинде.

Физика мугалими - Эсенкожоева А.С. “Суюктуктардын түзүлүшү.” Темасыындагы сабагын 10-Д классы менен жомокту аралаштырып,ребустар,табышмактар аркылуу идеялардын пайда болгондугун ,окумуштуулар ал идеяларды өркүндөтүп чындыкка жеткиргендигин көрсөттү. Баардыгынан балдардын активдүүлүгү,предметке болгон кызыгууларынын жогорулагандыгы байкалды.



Заманбап техника каражаттарын колдонуу менен мультимедиалык сабактарды өтүү ТММБнин мугалимдеринин заман менен бирге бараткандыгын көрсөтөт.

Маликова Д.Н. 9-Д класс менен “Көбөйтүндүдөн алынган квадраттык тамыр”деген темада алгебрадан экскурсия сабак өттү. Балдар биринчи бири-бирине комплемент айтуу менен жылмаюу тартуулап, андан кийин поезд менен саякатка чыгып, кызыктуу мисал жана маселерди аткарып жатышты.

Токтосеитова В.С. 7- Д класстарга өткөн алгебра сабагында көп мүчөлөрдүн жашоо-турмуш менен байланышкандаган геометриялык фигуралар жана чиймелер аркылуу окуучулар менен талдап чыгып, кызыктуу маселелерди жана мисалдарды чыгарышты. Мугалим проектирдин жардамы менен мультимедиалык презентацияны да колдонду. Ден соолукту сактоочу технологиялардын элементтерин пайдаланды.

Окуучуга үлгү жана тарбия, мугалимдин ар бир баскан кадамы.

Сабактардан тышкары “ВИКТОРИНА-конкурс” жарыяланган. Жеңүүчүлөр грамота жана ыраазычылык каттар менен сыйланды. Суроолор бардык предметтер боюнча болгон . Логика,табышмак, ребус жана кроссворд. Активдүү катышкан окуучулар: 11-д класс- Сабирова Эльвира, 9-И класс Байгазиев Акыл, 10-Д класс Джумабек уулу Азим.

Конкурстун суроолоруна

жооп берүүгө кызыккан

окуучулардын

саны арбый берсин..

Декада тажрыйба алмашуу жана жаш мугалимдерге жардам берүү максатын да аткарды:

Декаданын жүрүшүндө тажрыйба

алмашуу жана жаштарга методикалык жардам берүү,

сабакка өздүк анализ берүү

ыкмалары менен таанышуу болду.