СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ
Окуучулардын жетишкендиктерин баалоонун теориясы жана практикасы лабораториясы
Тагаева Г.С.
Мамбетакунов У. Э.
PISA ЭЛ АРАЛЫК ИЗИЛДӨӨСҮНӨ ДАЯРДАНАБЫЗ
(мугалимдер үчүн методикалык колдонмо)
Бишкек – 2019
УДК 373.167.1
ББК 74.261.3
Т 13
ТАГАЕВА Гульмира Сарыгуловна
МАМБЕТАКУНОВ Улан Эсенбекович
Т 13 PISA эл аралык изилдөөсүнө даярданабыз: КРнын мугалимдери үчүн колдонмо / Кырг. Респ. Билим берүү жана илим министрлиги
Кырг. Билим берүү академиясы.
Б.: 2019. - 50 бет.
ISBN 978-9967-426-71-9
Рецензенттер: С. К. Калдыбаев п.и.д., профессор
А. М. Мамытов п.и.д., профессор
Бул колдонмо окуучулардын жетишкендиктерин баалоо боюнча эл аралык изилдөөлөрдүн практикасы менен мугалимдерди тааныштырат. Окуучулардын жетишкендиктерин баалоого жаӊы мамилелер окуу процессине киргизилиши керек, анткени жаӊы муундагы стандарттарда билим берүүдөгү компетенттүүлүк мамиле белгиленди.
Практик-мугалимдер окуучуларда түйүндүү жана предметтик компетенттүүлүктөрдүн калыптанышына көӊүл бурушу зарыл, анткени алар учурдагы билим берүүнүн натыйжасы болуп эсептелүүдө. Колдонмодо PISA эл аралык изилдөөсүнүн тесттик тапшырмаларынын үлгүлөрү берилген, ошондой эле 2024-жылы катыша турган PISA эл аралык изилдөөсүнө даяр болуш үчүн мугалимдер өзүлөрүнүн жана окуучулардын ишмердүүлүктөрүн кандай багытта өзгөртүүсү керектиги боюнча сунуштар берилди. PISA эл аралык изилдөөсүнүн тапшырмаларына жакындатылган тапшырмалар да көрсөтүлдү.
Т 4306020100-09 УДК 373.167.1
ББК 74.261.3
ISBN 978-9967-426-71-9
© Тагаева Г., 2019
© Мамбетакунов У., 2019
МАЗМУНУ
Алгы сөз………………………………………………………………… 4
PISA деген эмне?……………………………………..………………… 6
- табигый илимдер боюнча сабаттуулук…………………………………. 8
- математикалык сабаттуулук ..…………………………………………… 9
- окурмандык сабаттуулук ...…………………………………………… 10
PISA тапшырмаларынын мисалдары…..……………………………. 11
- табигый илимдер боюнча тапшырмалардын мисалдары
- математика боюнча тапшырмалардын мисалдары
- окуу жана түшүнүү боюнча тапшырмалардын мисалдары
PISA тапшырмаларына жакындатылган тапшырмаларды
кантип түзүүгө болот……………………………………………....…. 25
Мугалимдерге методикалык сунуштар…...…………………………. 39
PISA изилдөөсүнүн Интернет тармагындагы ачык тапшырмалары 40
Колдонулган адабияттын тизмеси…………………………………… 42
АЛГЫ СӨЗ
Учурда дүйнөдө билим берүүнүн парадигмасы өзгөрдү. Аны менен бирге билим берүүнүн максаты да өзгөрдү.
«Билим» деген түшүнүктүн мааниси да өзгөрдү. Азыркы учурда «маалыматты эске тутуу жана кайра айтып берүү жөндөмүнүн» ордуна бул «маалыматты табуу, тандоо, баалоо жана колдонуу жөндөмдүүлүгү» болуп калды (Герберт Саймон).
«Окуучулар XXI кылымдын контекстинде негизги турмуштук көндүмдөргө даяр болуусу зарыл: көбүнчө колдонуу көндүмдөрүнө: талдоо, баалоо, чыгармачылык» (Окуучулардын жетишкендиктерин баалоо боюнча эл аралык программасынын алкагында (PISA0 ОЭСР0 мамлекеттери).
Ааламдашуу процессинин шартында биз жаӊы нормативдик акттарда жана эл аралык документтерде белгиленген заманбап тенденциялардан жана тренддерден артта калбашыбыз керек.
Эгер ХХ кылымда сөз жашоо үчүн билим берүү жөнүндө болсо, ХI кылымда биз өмүр бою билим алуу жөнүндө сөз кылабыз.
ЮНЕСКО0 туруктуу өнүгүү тармагындагы 4-максаттын ишке ашырылышы үчүн жоопкерчиликти аркалайт – «Билим берүү – 2030» Алкактык программанын негизинде өмүр бою жалпы инклюзивдик жана адилеттүү сапаттуу билим берүү жана окутууну камсыздоо.
Кеп компетенттүүлүктөрдүн калыптануусу жөнүндө болгондо, биз жогорку деӊгээлдеги ой жүгүртүү көндүмдөрү жөнүндө ойлонушубуз керек. PISA изилдөөсүнүн тапшырмалары дал ушул көндүмдөрдү ченеп текшерүүгө багытталган.
Бул изилдөө үч жылда бир жолу цикли менен жүргүзүлөт: 2000, 2003, 2006, 2009, 2012, 2015, 2018, 2021, 2024-ж.ж. ж.у.с.
Үч жылдык цикл менен өткөрүлгөн бул изилдөө 2000-жылдан бери жүргүзүлөт. 2015-жылдын изилдөөсүндө негизги көӊүл табигый илимдер боюнча сабаттуулукка жана акыркы жылдары дүйнөдө табигый илимдер боюнча билим берүүнү өнүктүрүү тенденцияларына бурулган. Изилдөөгө 70 мамлекеттен 536 миӊге жакын 15 жашар окуучулар катышкан.
PISA-2015 изилдөөсү толугу менен компьютерде жаӊы типтеги интерактивдүү маселелерди колдонуу менен өткөрүлгөн.
Ар бир жылы PISA изилдөөсүн жүргүзгөндө, сабаттуулуктун бир түрүнө: окурмандык, математикалык же табигый илимдер боюнча акцент жасалат. Ошондой эле акыркы жылдары кошумча социалдык багыттагы көндүмдөр, мисалы, маселе чечүү сыяктуу көндүмдөр текшерилип жатат.
2000: 43 мамлекет максаты: окурмандык сабаттуулук
2003: 41 мамлекет максаты: математикалык сабаттуулук
2006: 58 мамлекет максаты: табигый илимдер боюнча сабаттуулук
2009: 65 мамлекет максаты: окурмандык сабаттуулук
2012: 64 мамлекет максаты: математикалык сабаттуулук
2015: 70 мамлекет максаты: табигый илимдер боюнча сабаттуулук
Кыргызстан PISA – 2006 жана PISA – 2009 катышкан.
Бул изилдөөнүн жыйынтыктарын колдонуп, мамлекет билим берүү системасын, андагы мамилелерди жана окутуу принциптерин өзгөртүүсү зарыл.
Учурдагы билим берүү системасынын алдында төмөнкү максаттар турат:
1. Коомдун социалдык, экономикалык, маданий турмушуна кирүүгө балдарды даярдоо;
2. Окутуунун чөйрөсүнөн эмгек чөйрөсүнө өтүүнү камсыздаган көндүмдөрдү калыптандыруу;
3. Коомдун өнүгүүсү үчүн инновацияларды өндүрүү үчүн компетенттүүлүктөрдүн платформасын түзүү.
КРнын өкмөтүнүн № 204 токтому менен 2014-жылдын 21-июлунда бекитилген жалпы орто билим берүүнүн Мамлекеттик стандартында төмөнкү принциптер белгиленген:
Билим берүү – өлкөнүн муктаждыктары аркылуу чагылдырылган дүйнөлүк жетишкендиктердин синтези;
Билим берүү ишенимдүү ченөөгө мүмкүн болгон компетенттүүлүктөрдүн жыйындысында берилген натыйжага багытталган;
Билим берүү орточо окуучуга эмес, ар бир балага багытталган, анын ичинде окуучунун прогрессин көрсөткөн баалоо системасынын өзгөрүүсүнүн жана көйгөйлөрдү аныктоонун эсебинен, андан кийинки окутуу аларды чечүүгө багытталуусу зарыл.
Кыргызстандагы билим берүү системасынын сапатын баалоодо чоӊ ролду эл аралык салыштырмалуу изилдөөлөр ойнойт. Алардын жыйынтыгы биздин окуучулардын даярдыгындагы өзгөчөлүктөрдү башка өлкөлөрдүн балдары менен салыштырып көрүүгө мүмкүндүк берет.
Бүгүнкү окуучулар академиялык даярдыктарынын жогорку деӊгээлине карабастан, алган билимин реалдуу же тааныш эмес жагдайларда практикалык маселелерди чечүүдө колдонууда кыйынчылыктарга дуушар болушат. Бул жөнүндө алардын PISA изилдөөсүндөгү жыйынтыктары күбөлөндүрөт.
PISA ДЕГЕН ЭМНЕ?
PISA окуучулардын билим жетишкендиктерин баалоонун эл аралык программасы – бул жалпы билим берүүнүн сапатын мониторингдик изилдөө, ал «15-жаштагы жалпы билим алган окуучулар, азыркы коомдо толук кандуу жашоого, б.а. адам ишмердүүлүгүнүн, баарлашуунун жана социалдык мамиленин ар түрдүү сферанын кеӊири диапазонун чечүү үчүн кандай билим жана билгичтиктер керектелет?» деген суроого жооп берет. Бул программа Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюму аркылуу ишке ашырылат.
Чет элдик илимде көптөгөн изилдөөлөр пайда болду, аларда «жогорку деӊгээлдеги ой жүгүртүү көндүмдөрү» деген түшүнүккө аныктама берилет. Алардын кээ бирин санап көрөлү:
– «продуктивдик жүрүм-турум» (Майер. 1937)
– «фактологиялык жана концептуалдык билимдерди колдонуу» (Блум. 1956)
– «окуучулар маалыматты чечмелеп, анализдеп жана башкаруу керек» (Ньюман. 1990)
– «сынчыл ойлом» (Скривен, Пол.1992).
– «Жогорку деӊгээлдеги ой жүгүртүү оор ситуациялардан чыгып, максатка жетүү үчүн адам берилген маалыматтын өз ара байланыштарын таап жана/же өзгөртүп жана кеӊейтип, жаӊы маалыматты алганда ишке ашырылат» (Льюис и Смит, 1993).
Окуучулардын билим жетишкендиктерин баалоонун негизги инструментарии катары биз билим жетишкендиктеринин тестин карайбыз.
Баалоонун сапатынын критерийлери – бул контекстте баалоо үчүн жогорку сапаттагы стандартташтырылган тесттик тапшырмалар.
Жогорудагы критерийлер тесттин валиддүүлүгүн жана ишенимдүүлүгүн камсыздайт.
| Валиддүүлүк деген эмне? | Ишенимдүүлүк деген эмне? |
| Тесттин валиддүүлүгү – тест эмнени ченейт жана канчалык деӊгээлде жакшы ченейт деген түшүнүк (А. Анастази, 1982). Валиддүүлүк – бул тестти колдонуунун болжолдонгон чөйрөлөрдө тесттик баллдарды түшүндүрүүнүн эмпирикалык жана теориялык негиздөөнүн даражасы (AERA, APA, & NCME, 1999). Башкача айтканда, тесттик тапшырмалардын билим берүүнүн мазмунуна дал келүүсү. | Тесттин ишенимдүүлүгү – ошол эле бир текшерилип жаткандардын биринчи жана кайталанып колдонууда тесттин натыйжаларынын салыштырмалуу туруктуулугу, бекемдиги, келишкендиги; кокустук факторлордун аракетинен методиканын көз карандысыздыгы.
|
Тесттик тапшырмалар жаӊы муундагы стандарттардын талабына ылайык, 3 деӊгээлдин негизинде түзүлүшү керек:
Репродуктивдик мүнөздөгү тапшырмалар.
Тапшырманын максаты – туура чечимди туура эмес чечимден бөлүү жөндөмү, алган билимди кайталап берүү, берилген үлгүгө карап кыймыл-аракет аткаруу;
Продуктивдик мүнөздөгү тапшырмалар.
Тапшырманын максаты – ишмердүүлүктүн өздөштүрүлгөн алгоритмин башка чөйрөдө, белгисиз жагдайда аткаруу;
«Чыгармачылык» (продуктивдик) мүнөздөгү тапшырмалар.
Тапшырманын максаты – өз ишмердүүлүгүн өз алдынча түзө алуу.
PISA изилдөөсүнүн структурасы: сабаттуулук.
Бул жерде сабаттуулук деп эмнени түшүнөбүз? Сабаттуулук – бул түшүнүүгө, баарлашууга жетишүү, керектүү пайдалуу билимдерди алуу жана басымдуу болгон маданий символдор системасын пайдалануу үчүн тил, сан, сүрөт, компьютер жана башка базалык каражаттарды колдонуу жөндөмдүүлүгү.
ОЭСР өлкөлөрүндө сабаттуулук концепциясы кеӊейип, өзүнө билимге технологиялардын жардамы менен жетүү жана татаал контексттерди баалоо көндүм-жөндөмдөрдү камтыйт.
PISA изилдөөсүндөгү сабаттуулук:
– табигый илимдер
– математика
– окуу, түшүнүү
– кошумча бөлүм, социалдык көндүм – маселелерди чечүү
ТАБИГЫЙ ИЛИМДЕР БОЮНЧА САБАТТУУЛУК
Илим, ошондой эле ойлонгон инсан катары илимий идеялар менен байланышкан маселелерди талкуулоого катышуу жөндөмү. Илимий жактан сабаттуу адам илим, технологиялар тууралуу аргументтүү талкууга катышууга даяр, ал төмөнкү компетенцияларды талап кылат:
– кубулуштарды илимий түшүндүрүү
– илимий изилдөөлөрдү баалоо жана иштеп чыгуу
– илимий жактан маалыматтарды жана далилдерди түшүндүрүү.
Табигый илимдер боюнча сабаттуулуктун компетенциялары:
Кубулуштарды илимий түшүндүрүү: табигый жана технологиялык кубулуштардын бир катарын түшүндүрүүнү тааныйт, сунуштайт жана баалайт.
Илимий изилдөөлөрдү баалоо жана иштеп чыгуу: илимий изилдөөнү сүрөттөйт жана баалайт, маселелерди илимий жактан чечүүнүн ыкмаларын сунуштайт.
Илимий жактан маалыматтарды жана далилдерди түшүндүрүү: илимий маалыматтарды, жоболорду жана аргументтерди ар түрдүү элестөөлөрдө талдайт жана баалайт, ошондой эле тиешелүү тыянактарды жасайт.
БИЛИМ
Мазмунду билүү
Илимий концепция жана идеяларды декларативдик билүү
– физикалык системалар
– биологиялык системалар
– жер жана космос системалары
Процедуралык билимдер
Илимий изилдөөнүн бардык формаларында колдонулуучу процедураларды жана стратегияларды декларативдик билүү
Таанып-билүү билимдери
Илимий идеялар кантип негизделерин жана декларативдик билүү.
МАТЕМАТИКАЛЫК САБАТТУУЛУК
Ар түрдүү контексттерде математиканы формулировкалоо, колдонуу жана интерпретациялоо жөндөмү. Ал өзүнө математикалык талдоо жана кубулуштарды сүрөттөө, түшүндүрүү жана прогноздоо үчүн математикалык түшүнүктөр, процедуралар, фактылар жана инструментарийлер боюнча математикалык ой жүгүртүүлөрдү колдонууну камтыйт. Ал адамдарга математика дүйнөдө кандай ролго ээ экендигин түшүнүүгө жана конструктивдүү, жигердүү жана ойчул инсандарга керектүү болгон негиздүү ойлор жана чечимдерди кабыл алууга жардам берет.
Ченөөнүн төрт тармагы:
– өзгөрүүлөр жана мамилелер
– мейкиндик жана форма
– саны
– аныкталбагандык жана маалыматтар
Үч математикалык процесс
– ситуацияны математикалык жактан формулировкалоо
– математикалык түшүнүктөрдү, фактыларды, процедураларды жана ой-жүгүртүүлөрдү колдонуу
– математикалык натыйжаларды колдонуу жана баалоону интерпретациялоо.
Жети фундаменталдык математикалык жөндөмдөр:
– коммуникация/баарлашуу
– математизация
– элестөө, сунуштоо
– талкуулоо жана аргументация
– көйгөйлөрдү чечүү үчүн стратегияларды иштеп чыгуу
– символикалык, формалдык жана техникалык тил жана операцияларды колдонуу
– математикалык инструменттерди колдонуу.
Математикалык сабаттуулук: деӊгээлдер.
Тааныш контекстти катыштырып, окуучулар суроолорго жооп бере алат.
Окуучулар түздөн-түз кийлигишүүдөн ашыкча талап кылбаган контексттерде кырдаалдарды таанып, аларды түшүндүрө алат.
Окуучулар так сүрөттөлгөн процедуралар/эрежелерди аткара алышат.
Окуучулар татаал конкреттүү кырдаалдарда берилген моделдер менен натыйжалуу иштей алышат.
Окуучулар көйгөйлүү кырдаалдардын моделдерин иштеп чыгып, алар менен иштей алышат.
Окуучулар өзүлөрүнүн изилдөөлөрүнө негизденип жана татаал көйгөйлүү кырдаалдарды моделдөө менен маалыматты концептуалдаштырып, жалпылап жана колдоно алышат.
ОКУРМАНДЫК САБАТТУУЛУК
Өз максатына жетүү, өз билимин, потенциалын өнүктүрүү, ошондой эле коомдун турмушуна катышуу үчүн жана алар менен карым-катнаш жүргүзүү үчүн тексттерди түшүнүү, колдонуу, баалоо, ойлонуу.
Окуунун таанып-билүү компетенцияларынын спектри
– базалык декоддоштуруудан…
– сөздөрдү, грамматиканы жана чоӊураак тилдик жана тексттик структураны жана өзгөчөлүктөрдү билүүгө…
– дүйнөнү таанууга…
– метакогнитивдик компетенцияларга: таанып-билүүгө жана ар түрдүү тиешелүү стратегияларды колдонуу жөндөмү
Тексттин форматы
– үзгүлтүксүз тексттер (абзацтар)
– үзүлгөн тексттер (матрица форматы, тизмеси, …)
– аралаш тексттер
– комплекстүү тексттер (бири-биринен көз карандысыз).
Тексттердин классификациясы
– сүрөттөө
– айтып берүү
– баяндама
– негиздеме
– жетектеме/инструкциялар
– белгилөө.
Ошентип, республиканын мугалимдерине өз ишмердүүлүгүнүн жана окуучулардын ишмердүүлүгүнүн траекториясын өзгөртүү зарыл, бул балдардын логикалык ой жүгүртүүсүн, продуктивдик ишмердүүлүктү, сынчыл ойломду өнүктүрүү багытында жүрөт, аларда маалыматты түшүндүрүү, талдоо же башкаруу билгичтиктерин калыптандыруу, б.а. 2024-жылга карата биздин 15жашар балдарда компетенттүүлүктөрдүн абдан чоӊ спектри калыптануусу зарыл, анткени алар PISA эл аралык изилдөөгө катышууга даяр болуусу керек.
Төмөндө берилген тапшырмаларды окуп жана аткарып жатып, бул тапшырма кайсы компетенттүүлүктү текшерүүсү керектигине көӊүл буруу зарыл: кандайдыр бир табигый кубулуштун себеп-натыйжасын табуу, касиеттерин аныктоо жана салыштыруу, тыянактарды аргументациялоо, талдоо билгичтиги, түшүнүктөрдү жана кубулуштарды синтездөө, таблицалар, схемалар, сүрөттөр менен иштөө билгичтиги, фактыларды түшүндүрүү, татаал кырдаалдарды моделдөө.
Мугалимдин квалификациясынын жетишсиздигинен компетенттүүлүк мамилени өз ишмердүүлүгүндө ишке ашырууда, биздин мугалимдер окуучулар менен көбүнесе репродуктивдик тапшырмаларды аткарышат, ошондуктан алар өзүлөрүнүн ишмердүүлүктөрүн бул багытта өзгөртүүсү зарыл – көбүрөөк чыгармачыл продуктивдик тапшырмаларга өтүү.
PISA ТАПШЫРМАЛАРЫНЫН МИСАЛДАРЫ
Табигый илимдер боюнча PISA тапшырмаларынын мисалдары
Чоӊ Каньон
Чоӊ Каньон АКШнын чөлдөрүнүн биринде жайгашкан. Бул абдан чоӊ жана тереӊ каньон, ал тоо тектердин катмарларынын көптөгөн түрлөрүнөн турат. Илгери жер кыртышынын кыймылдары ал катмарларды жогору көтөрүп салган. Азыр болсо Чоӊ Каньондун кээ бир жерлеринин тереӊдиги 1,6 км түзөт. Каньондун түбү менен Колорадо дарыясы агып өтөт.
Чоӊ Каньондун түштүк четинен тартылган сүрөтүн карап көргүлөчү. Каньондун боорунда тоо тектердин бир нече ар түрдүү катмарларын көрүүгө болот.
1-суроо:
Чоӊ Каньондо абанын температурасы 0˚С Цельсиядан төмөн деӊгээлден плюс 40˚ C Цельсия жана андан жогору деӊгээлге чейин өзгөрүп турат. Каньон чөлдө жайгашканга карабастан, тоо тектеринин жаракаларында кээде суу кармалып турат. Абанын температурасынын өзгөрүүсү жана жаракаларда суулардын болушу тоо тектердин тез арада бузулушуна кантип таасир этет?
А. Тоӊуп бараткан суу жылуу тоо тектерди эритет.
Б. Суу тоо тектерди өз ара бекем бириктирет.
В. Муз тоо тектердин үстүнкү бетин жылмакайлантат.
Г. Тоӊуп бараткан суу тоо тектеринин жаракаларында кеӊейет
2-суроо:
Чоӊ Каньондо, Акиташ A катмарында, көптөгөн организмдердин ташка айланган калдыктары бар, алар моллюскалар, балыктар, кораллдар. Миллион жылдар мурун эмне болгон жана эмне үчүн ал жерде ал ташка айланган калдыктар пайда болуп калгандыгын эмне түшүндүрөт?
А. Илгерки заманда бул аймакка деӊиз продуктыларын адамдар алып келген.
Б. Океандар илгери толкуп, чоң толкундар деӊиз организмдерин кургакка чыгарып турган.
В. Океан илгери ал аймакты каптап турган, ал эми кийинчерээк ал тартылып калган.
Г. Океанда жашап калганга чейин кээ бир деӊиз организмдери кургакта жашашкан.
3-суроо:
Жыл сайын Чоӊ Каньон улуттук паркына беш миллионго жакын туристтер барышат. Көптөгөн адамдардын келиши паркка зыян жана тынчсыздандырууну туудурат.
Төмөнкү суроолорго илимий изилдөөлөрдүн жардамы менен жооп берүүгө болобу? Ар бир суроонун жанында «Ооба» же «Жок» сөзүн тегеректегиле.
| Төмөнкү суроого илимий изилдөөлөрдүн жардамы менен жооп берүүгө болобу? | Ооба же Жок? |
| Жөө жүргүнчүлөр жолдорду колдонууда канча эрозия пайда болот? | Ооба / Жок |
| Парк аймагы 100 жыл мурдагыдай эле кооз бойдон сакталып калдыбы? | Ооба / Жок |
4-суроо:
Төмөнкү жоболор менен канчалык деӊгээлде макулсуӊар?
Ар бир сызыкта бир эле чакмакчаны белгилегиле.
Толугу менен Макулмун Макул эмесмин Таптакыр
макулмун макул эмесмин
Ташка айланган калдыктарды системалык изилдөө маанилүү.
Улуттук табигый парктарды келтирилген зыяндан коргоо боюнча аракеттер илимий негизденүүсү керек.
Тоо тектердин геологиялык катмарларын илимий изилдөө маанилүү.
8-класс үчүн физика боюнча тапшырманын мисалы
Заттын бир агрегаттык абалынан экинчисине өтүүсү үчүн тело энергияны сырттан алышы же айлана-чөйрөгө берүүсү талап кылынат.
Графикте М жана N эки кристаллдык заттын температурасы жана агрегаттык абалынын өзгөрүүсүнө байкоонун натыйжалары чагылдырылган
Суроо:
Сүрөттө берилген графиктин жардамы менен N заты эрип баштаганда М затынын температурасы кандай болгондугун аныктагыла.
1100 оС
800 оС
400 оС
100 оС
8-класс үчүн география боюнча тапшырманын мисалы
НИЛ ДАРЫЯСЫ
Эӊ узун делген Нил дарыясы Ак Нил жана Көк Нилдин кошулуусунан пайда болот. Нил дарыясы бир нече табигый зона аркылуу агып өтөт. Өзүнүн төмөнкү агымында ал Ливия чөлүн кесип өтөт. Ошондуктан илгери Түндүк Африканын тургундары үчүн бул табышмак болгон, кантип чөлдөн жыл бою суусу толтура дарыя агып келет. Жогорку жана ортоӊку агымында дарыя катуу тоо тектерден түзүлгөн плато аралап өтөт жана босоголор менен шаркыратмаларды пайда кылат.
Суроо:
Төмөндө келтирилгендердин ичинен кайсынысы Нил дарыясынын жыл бою суусу кемибей толтура болгондугунун негизги себеби боло алат?
Дарыя башатында муссон жамгырларынын эсебинен суусу толтура
Ортоӊку агымында дарыя көптөгөн чоӊ куймаларды өзүнө алат
Ак Нил менен Көк Нилдин башатында жамгырлардын көп жаашы
Дарыя сууну кар жана мөӊгүлөрдүн эришинин эсебинен алат
8-класс үчүн биология боюнча тапшырманын мисалы
ЖАЛБЫРАКТАРДЫ ТАЗАЛОО
Руслан менен Эрикке мектептин тегерегинде жерге түшкөн күзгү жалбырактарды жыйнап тазалоону тапшырышты.
Төмөндө Эрик менен Русландын сүйлөшүүсүнөн үзүндү берилди, анда ар бир бала тапшырманы аткаруунун өзүнчө ыкмасын сунушташты.
Балдардын ар бири өзү сунуштаган ыкманын тууралыгын далилдеген жоболорду келтиришти. Ал жоболор төмөндөгүлөр:
Жалбырактарды өрттөгөндө күл пайда болот, ал өсүмдүктөргө жер семирткич болот;
Отоо чөптөрдүн уруктары жок болот;
Чирүү бактерияларынын азыктары жоголот;
Көмүр кычкыл газы пайда болуп, ал абанын температурасын жогорулатып, парник эффектин түзөт;
Жер кыртышынын үстүнкү катмары зыянга учурайт.
Суроо:
Жогоруда айтылган жоболордун кайсыларын (1–5) Эрик жалбырактарды өрттөөнү жактоого келтирип жатат?
________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________
8-класс үчүн химия боюнча тапшырманын мисалы
АШКАНАДАГЫ ИРЕТ
Ашкананы иретке келтирип жатып, Тамара текчеде ак порошок салынган банкаларды таап алып, алардын ичиндеги заттар банканын сыртындагы кагазда жазылгандарга дал келеби же дал келбейби аныктайын деди. Ал үчүн Тамара бир нече жөнөкөй эксперимент жүргүздү, анын натыйжасында ар бир банканын ичинде салынган заттын касиеттерин аныктады.
Суроо:
Тамаранын тажрыйбасынын натыйжалары төмөнкү таблицада берилди.
«Ообаны» тегеректегиле, эгер банканын сыртындагы кагазда жазылган аталышы анын ичиндеги заттын таблицада жазылган касиеттерине дал келсе, ал эми аталышы бул касиеттерге дал келбесе, анда «Жокту» тегеректегиле.
| Банканын сыртындагы кагазда жазылган аталыш | Банканын ичинде салынган заттын касиеттери | Ооба / Жок |
| Ун | Даамы жок жана сууда начар эрийт. | Ооба / Жок |
| Сода | Сууда эрийт жана уксус кислотасы менен реакция жүрбөйт. | Ооба / Жок |
| Туз | Сууда начар эрийт жана уксус кислотасы менен реакция жүрөт. | Ооба / Жок |
| Кант | Сууда эрийт жана уксус кислотасы менен реакция жүрбөйт. | Ооба / Жок |
8-класс үчүн математика боюнча тапшырмалардын мисалдары
1-суроо:
10239 санын 5ке бөлгөндөгү калдыкка барабар санды тегеректегиле.
0; 1; 2; 3; 4; 5; 6; 7; 8; 9
2-суроо:
Эгер коон 95% га суудан турса, анда массасы 6 кг коондо канча суу бар?
0,3 кг
1,3 кг
5,6 кг
5,7 кг
3-суроо:
Баласы 5 жашта, ал эми атасы 27 жашта. Канча жылдан кийин атасы баласынан 3 эсе улуу болот?
Жообу: ___________________________
АЛМАЛАР
Дыйкан багында алмаларды сүрөттө көрсөтүлгөндөй чакмакча түрүндө отургузду. Алма көчөттөрүн шамалдан коргоо үчүн ал аянтчанын четине тал-теректерди отургузду.
Төмөнкү сүрөттө алмаларды жана тал-теректерди отургузуунун схемасы n бир нече маанисинде тартылган, мында n – алма көчөттөрүнүн катарынын саны. Бул иреттүүлүктү n санынын ар кандай маанисинде улантса болот.
– алма көчөттөрү
– тал-теректер
1-суроо: Таблицаны толтургула:
| n | Алма көчөттөрүнүн саны | Тал-теректердин саны |
| 1 | 1 | 8 |
| 2 | 4 |
|
| 3 |
|
|
| 4 |
|
|
| 5 |
|
|
2-суроо:
Жогоруда каралган иреттүүлүктө отургузулган алмалардын жана тал-теректердин саны төмөндөгүчө эсептелет:
Алма көчөттөрүнүн саны = n2, тал-теректердин саны = 8n, мында n – отургузулган алмалардын катарынын саны.
n кайсы маанисинде алмалардын саны алардын тегерегинде отургузулган тал-теректердин санына барабар болот?
Чыгарылышын жазгыла.
____________________________________________________________________________________________________________________________________________________
3-суроо:
Болжолу, дыйкан (фермер) өзүнүн жер үлүшүндө алмалардын катарынын санын көбөйтүүнү чечти. Мында эмне тезирээк көбөйөт: алмалардын саныбы же тал-теректердин саныбы?
Өзүӊөрдүн жообуӊардын түшүндүрмөсүн жазгыла.
КОНТИНЕНТТИН АЯНТЫ Төмөндө Антарктиданын картасы тартылган
Суроо:
Бул картанын масштабын колдонуп, Антарктиданын аянты болжолу менен канчага барабар экенин аныктагыла. ________________________________________________________________________
Континенттин аянтын кайсы ыкма менен эсептедиӊер, түшүндүргүлө, жана эсептөөлөрүӊөрдү көрсөтүп бергиле. ________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________
(Жоопту алуу үчүн картаны колдонсоӊор болот, мисалы, анда керектүү сызыктарды жүргүзүп, чиймелерди чийүүгө мүмкүн.)
ЖАРЫШУУЧУ АВТОУНААНЫН ЫЛДАМДЫГЫӨр жана эӊкейиши жок түз айланма трассада экинчи айлампасын өтүп жаткан жарышуучу автоунаанын ылдамдыгы кантип өзгөрүп тургандыгы графикте көрсөтүлгөн.
Трассанын башталышынан (старт сызыгы) эӊ узун түз бөлүгүнө чейинки аралык эмнеге барабар?
ылдамдык 3 км узундуктагы трассадагы жарышуучу автоунаанын ылдамдыгы
(км/саат)
(экинчи айлампаны өтүүдө)
0,5 км
1,5 км
2,3 км
2,6 км
Экинчи айлампаны өтүүдө трассанын кайсы жеринде автоунаанын ылдамдыгы эӊ аз болгон?
Старт сызыгында.
Болжолу 0,8 км белгисинде.
Болжолу 1,3 км белгисинде.
Болжолу трассанын ортосунда.
3-суроо:
2,6 км жана 2,8 км белгилеринин ортосундагы трассаны өтүүдө автоунаанын ылдамдыгы жөнүндө эмне айтууга болот?
Автоунаанын ылдамдыгы туруктуу бойдон калган.
Автоунаанын ылдамдыгы жогорулаган.
Автоунаанын ылдамдыгы төмөндөгөн.
Бул график боюнча автоунаанын ылдамдыгынын өзгөрүүсүн аныктоого мүмкүн эмес.
Төмөндө формасы боюнча ар түрдүү беш жарыш трассасы сүрөттөлгөн:
Жогоруда берилген график боюнча жарышуучу автоунаа трассанын кайсынысы менен жүргөн?
S – старт сызыгы
______________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________
ОКУРМАНДЫК САБАТТУУЛУК БОЮНЧА ТАПШЫРМАЛАРДЫН МИСАЛДАРЫ
СУПЕРМАРКЕТТЕГИ ЖАРНАМА
Абайлагыла – аллерген!
Лимон токочундагы жер жаӊгак
Дата: 2008-ж. 4-февраль
Өндүрүүчү: ООО Файн Фудз
Продукт жөнүндө маалымат: 125 г. пачкадагы лимон токочу (2008-ж. 18-июнуна чейин сактоо мөөнөтү жана 2008-ж. 1-июлуна чейин сактоо мөөнөтү менен).
Кошумча маалымат: Белгиленген партиядагы токочто продуктыга кошулган заттардын тизмесине кирбеген жер жаӊгак күкүмү болушу мүмкүн. Жер жаӊгакка аллергиясы бар адамдар бул токочту жегенге болбойт!
Эмне кылуу керек: Эгер сиз бул токочту сатып алсаӊыз, аны кайра кайрып берсеӊиз болот, сизге толугу менен чыгымыӊызды жаап берет. Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү телефонго кайрылсаӊыз болот: 0312 034 241.
Суроо:
Мындай токочту сатып алсаӊыз, эмне кылуу керек?
______________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________
Эмне үчүн сиз ушундай кылдыӊыз?
______________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________
Өз жообуӊузду негиздөө үчүн жарнамадан маалыматты колдонуӊуз.
Тексттин иштөөсүнүн кырдаалы: Коомдук
Тексттин форматы: жалпы эмес
Тексттин тиби: Инструкция
Окурмандык аракеттер: тексттин маалыматын ойлонуп, баалоо
1-сүрөттө көрсөтүлгөндөй, Сахара чөлүнүн түндүк-африкалык бөлүгүндө Чад көлүнүн тереӊдигинин деӊгээлинин өзгөрүүсү. Акыркы муз доорунун ичинде биздин эрага чейин болжолдуу 20 000 жыл мурун Чад көлү толугу менен жок болду. Болжолдуу биздин эрага чейин 11 000 жыл мурун кайрадан пайда болду. Бүгүнкү күндө анын тереӊдигинин деӊгээли болжол менен биздин эранын 1000-жылы болгондой эле.
2-сүрөттө көрсөтүлгөндөй, диаграммада Сахара чөлүндөгү аска таштагы искусство (үӊкүрлөрдүн дубалында табылган илгерки сүрөттөр жана живопись) жана жаныбарлар дүйнөсүнүн өзгөрүүсү.
Суроолорго жооп берүүдө Чад көлү жөнүндөгү маалыматты колдонуӊуз.
1-суроо:
Бүгүнкү күнү Чад көлүнүн тереӊдиги канча?
Эки метрге жакын.
Он беш метрге жакын.
Элүү метрге жакын.
Ал толугу менен жок болгон.
2-суроо:
Убакыттын кайсы чеги (кайсы жылы болжол менен) 1-сүрөттө графиктин баштапкы чекитине дал келет?
11.000
Биздин эрага чейин 11.000 жыл
Биздин эрага чейин 10.500 жыл
Биздин эрага чейин 10.000 жылга жакын
12.000 жакын
Биздин эрага чейин 11.000 жыл
3-суроо:
Эмне үчүн автор ушул жылды графиктеги баштапкы чекит катары тандап алды?
Чад көлү кайрадан биздин эрага чейин 11.000 жыл кийин, ал толугу менен биздин эрага чейин 20.000 жыл мурун жок болуп кеткенден пайда болгон.
Чад көлү муз доорунда жоголуп, андан кийин кайрадан ошол эле мезгилде пайда болду.
Ал кайрадан ошондо пайда болду.
Биздин эрага чейин 11.000 жылга жакын ал кайра пайда болду.
Анда көл 9000 жыл жок болгондон кийин кайра пайда болду.
Ал убакта жаныбарлар пайда боло баштаган.
Биздин эрага чейин 11.000 жыл болгондо, адамдар аска-таштарда сүрөт тарта баштаган.
Биздин эрага чейин 11.000 жыл болгондо, көл (биринчи ирет) пайда болгон.
Анткени бул убакта Чад көлү толугу менен кургап калган.
Себеби бул графиктеги биринчи жылышуу болгон.
4-суроо:
2-сүрөт төмөндөгү божомолго негизденген:
аска-таштардагы сүрөттөрдөгү жаныбарлар аларды тартып жатканда, Чад көлүнүн жака-белинде жашашкан.
техникасына ээ болгон.
жаныбарларды тарткан сүрөтчүлөр алыскы аралыктарга саякаттаганга мүмкүндүгү бар болгон.
аска-таштардагы сүрөттөрдөгү жаныбарларды колго көндүргөнгө аракеттер болгон эмес.
5-суроо:
Бул суроого жооп берүү үчүн 1-2-сүрөттөрдө берилген маалыматты бириктирүү керек.
Керик, гиппопотам (бегемот) жана зубрлардын Сахара чөлүнүн аска-таштардагы сүрөттөрдөн жок болушу:
эӊ акыркы Муз доорунун башталышында.
доордун ортосунда, Чад көлүнүн тереӊдиги эӊ жогорку деӊгээлге жеткенде.
миӊ жыл бою Чад көлүнүн деӊгээли төмөндөгөндөн кийин.
үзгүлтүксүз кургакчылык мезгилинин башталышында.
«АКОЛ» уюмунун кызматкерлери үчүн гриппке каршы ыктыярдуу иммунизациянын программасы
Сиздерге белгилүү болгондой, кышында оӊой эле грипп жуктуруп алууга мүмкүн. Ошону менен бир нече апта тумоолоп калуу коркунучу бар.
Грипптин вирусу менен күрөшүүнүн эӊ мыкты ыкмасы – бул дени сак болуу. Күндөлүк гимнастика жана көбүнчө жашылча менен жемиштерди ичине камтыган белгилүү рацион, эӊ негизгиси, бул иммунитетке кеӊири жайылган вирус менен күрөшүү үчүн жардам берүүгө сунушталат.
Бул кеӊири жайылган ооруга каршы кошумча профилактикалык каражат катары «АКОЛ» уюму өзүнүн кызматкерлерине гриппке каршы эмдөөнү сунуштоону чечти. Медайым менен макулдашылган, ал иш убактысында жумуш ордунда 17-ноябрдан баштап бир апта бою күндүн биринчи же экинчи жарымында эмдөө жасайт. Эмдөө акысыз жана уюмдун бардык кызматкерлерине жеткиликтүү.
Катышуу ыктыярдуу. Эмдетүүнү каалаган ар бир кызматкерге ал аллергия менен оорубагандыгын жана эмдөөдөн кандайдыр бир жагымсыз таасир болору жөнүндө түшүнүгү бар экенин тастыктаган документке кол коюу сунушталат.
Медиктердин айтуусу боюнча, иммунизация (эмдөө) грипп ооруусуна каршы. Бирок ал жагымсыз эффекттерди берүүсү мүмкүн, алар: чарчоо, бир аз эти ысуу жана колунун оорусу.
Ким иммунизация өтүүсү зарыл?
Өзүн вирустан сактайм деген ар бир адам.
Өзгөчө 65 жаштан өтүп калган адамдарга сунушталат. Бирок, жашка карабай, ал өнөкөт оорулар менен жабыркаган адамдардын БААРЫНА керек, өзгөчө жүрөк, өпкө, бронхиалдык астма жана диабет ооруларына.
Жамаатта иштөөдө анын мүчөлөрүнүн БААРЫ грипп жуктуруп алуу коркунучуна дуушар.
Кимге иммунизация жакпайт?
Жумуртка жегенге өтө сезгич адамдарга; безгек оорусунан жабыркаган адамдарга, жана кош бойлуу аялдарга.
Эгер сиз дарыланып жатсаӊыз, врачтан консультация алыӊыз, дарыланууӊузга байланыштуу иммунизация сизге зыян алып келбейби жана мурунку гриппке каршы эмдөөлөр зыянга учуратпады беле.
Эгер сиз 17-ноябрдан баштап бир апта бою иммунизация өткөнгө даярданып жатсаӊыз, анда 7-ноябрь жума күнгө чейин Асанова Малика Капаровнага кайрылыӊыз. Күнү жана убактысы медайымдын мүмкүнчүлүгүн, «АКОЛ» уюмунун кызматкерлеринин көбүнө ылайыктуу убакыт жана арыздын санын эсепке алуу менен белгиленет. Эгер сиз иммунизацияны кыштын башталышына чейин кааласаӊыз, бирок сизге белгиленген убакыт ыӊгайсыз болсо, анда Малика Капаровнага кайрылыӊыз. Мүмкүн, кошумча убакыт белгиленсе, каалоочулар жетиштүү санда чогулса.
Кошумча маалымат алуу үчүн Малика Капаровнага 5577 телефонуна чалыӊыздар.
Чыӊ ден соолук каалап,Асанова Малика Капаровна, «АКОЛ» уюмунун кызматкери, мурунку эки бетте бул уюмдун кызматкерлери үчүн маалымат баракчасын даярдаган. Бул маалымат сиздерге кийинки бериле турган суроолорго жооп берүүгө көмөктөшөт.
1-суроо:«АКОЛ» иммунизациялык программасы төмөндө берилген кызматтын кайсынысын сунуштайт?
Кышы бою күндө гимнастика менен алектенүү.
Жумуш убактысында иммунизация өткөрүү.
Катышуучуларга чакан премия.
Эмдөөнү доктор жасайт.
Биз маалыматтык баракчанын мазмунун талкууласак болот (б.а. ал эмне жөнүндө). Биз анын стилин (б.а. кантип жазылгандыгын) талкууласак болот.
Малика Капаровнанын каалоосу боюнча маалыматтык баракчанын стили жакшы маанайда жана ишенимдүү болушу абзел.
Сиздин оюӊузча, ал каалагандай болдубу?
Тексттин түзүмдүк деталдарына, тексттин структурасына жана маалыматтык баракчанын кеп стилине таянып, жообуӊузду түшүндүрүӊүз.
3-суроо:Маалыматтык баракча боюнча, эгер сиз грипптин вирусунан коргонууӊуз келсе, анда гриппке каршы эмдөө …
гимнастика жана дени сак тамактануу рационунан натыйжалуураак, бирок кооптуураак.
пайдалуу, бирок ал гимнастика жана дени сак тамактануу рационун алмаштыра албайт.
гимнастика жана дени сак тамактануу рационундай натыйжалуу жана машакааты аз.
кереги жок, эгер сиз гимнастика жасап, дени сак тамактануу рационун кармансаӊыз.
4-суроо:
Маалыматтык баракчада айтылат:
КИМ ИММУНИЗАЦИЯ ӨТҮҮСҮ ЗАРЫЛ?
Өзүн вирустан сактайм деген ар бир адам.
Асанова Малика Капаровна маалыматтык баракчаны таркаткандан кийин анын кесиптеши, «Өзүн вирустан сактайм деген ар бир адам» деген сөздөрдү алып салуу керек, себеби алар адамдарды адаштырат деген ойду билдирди.
Сиз ушуга макулсузбу, бул сөздөр адамдарды адаштырат жана аларды тексттен алып салуу керек дегенге кошуласызбы?
Жоопту түшүндүрүӊүз.
5-суроо:Маалыматтык баракчанын мазмунун колдонуп, «АКОЛдун» кызматкерлеринин кимиси Малика Капаровнага кайрылуусу зарыл?
Дүкөндөгү Акматка, ал иммунизацияны өткүсү келбейт, анткени өзүнүн табигый иммунитетине ишенет.
Сатуучу Айшага, ал иммунизация баардыгы үчүн милдеттүү экендигин билгиси келет.
Почта бөлүмүндөгү Эльвирага, ал иммунизацияны ушул кышта өткүсү келген, бирок эки айдан кийин ал наристелүү болот.
Бухгалтериядагы Асанга, ал иммунизацияны өткүсү келген, бирок 17-ноябрдан баштап бир апта бою эмгек өргүүсүндө болот.
ГРАФФИТИ
Төмөндө эки кат жайгашкан. Алар экөө теӊ Интернет аркылуу келген жана «граффити» жөнүндө. Граффити – бул дубалдардагы же башка жердеги расмий уруксатсыз тартылган сүрөттөр же жазуулар. Төмөндө берилген суроолорго жооп берүү үчүн каттарды колдонуӊуздар.
Менин жиним кайнап жатат, анткени төртүнчү жолу граффитини токтотуу үчүн мектептин дубалын тазалап, сырдап жатышат. Чыгармачылык – бул укмуш сыр, бирок эмнеге коомго зыян келтирбөөчү өзүн көрсөтүү ыкмаларын табууга болбойт? Эмнеге тыйуу салынган нерсени дубалга тартып, жаш муундун репутациясын бузуу керек? Себеби профессионал-сүрөтчүлөр өзүлөрүнүн сүрөттөрүн көчөлөрдө илишпейт да? Мунун ордуна алар каражаттарды табышат жана расмий көргөзмөлөрдө даӊкка ээ болуп жатышат.
Менин элестөөмдө, имараттар, тосмолор, бакчалардагы отургучтар өзүлөрү эле искусствонун чыгармасы болуп турбайбы. Бул архитектураны чиймелеп бузуу туура болобу, бул үчүн колдонулган ыкма озон катмарын бузуп жатпайбы. Жана мен түшүнбөгөн нерсе, эмне себептен бул өзүн жалган атаган (самозванцы) – сүрөтчүлөр алардын «көркөм сүрөттөрүн» уламдан-улам көздөн кайым кылганда, абдан кыжырланышат.
Жаркын
Адамдардын табити ар түрдүү. Коом маалымат жана жарнамаларга толуп кетти. Соода компанияларынын белгиси, дүкөндөрдүн аталыштары. Чоӊ-чоӊ көздүн кужурун алган плакаттар жолдордун эки тарабында. Мунун баары туурабы? Негизинен, туура. Ал эми граффити тарткан туурабы? Кээ бирөө туура десе, кээ бири – жок дешет.
Бул граффити үчүн ким төлөйт? Ал эми жарнама үчүн ким төлөйт? Туура. Керектөөчү.
Ал эми ошол жарнама такталарын илген адамдар сизден уруксат сурадыбы? Жок. Анда аны дубалда сүрөт тарткан адамдар суроосу зарылбы? Бул жөн эле баарлашуунун бир түрү болуп жүрбөсүн, мисалы, сиздин өз атыӊыз, партиялардын аталышы же көчөдөгү чоӊ искусство чыгармасы?
Бир нече жыл мурун дүкөндөрдө пайда болгон ала-була жана чакмакча болгон кийимдерди эстесеӊер. Лыжа костюмдарычы. Модель жана түстөрү сүрөт тартылган бетон дубалдарынан көчүрүлгөн. Кызык, бирок бүгүнкү күндө бул моделдер да, бул түстөр да коомдо кабыл алынып жатат, алар менен суктанышат, ал эми ушул эле стилдеги граффити кабыл алынбай жатат.
Ооба, искусство үчүн оор күндөр башка түштү.
Самара
1-суроо:Ар бир каттын максаты:
Граффити эмне экендигин түшүндүрүү.
Граффити жөнүндө өз оюн айтуу.
Граффитинин популярдуулугун демонстрациялоо.
Бул жазууларды кетириш үчүн абдан көп каражат кетерин адамдарга айтуу.
2-суроо:
Эмнеге Самара жарнамага шилтеме кылып жатат?
____________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________
3-суроо:Бул эки каттын кайсынысы менен макулсуз? Өз сөзүӊүз менен көз карашыӊызга негиздеме бериӊиз, негиздемеде каттардын биринде же экөөндө теӊ айтылгандарды колдонуӊуз.
____________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________
4-суроо:Ар бир катты талдап, катта эмне жөнүндө айтылгандыгын талкуулайбыз (б.а. анын мазмунун).
Биз ошондой эле кат кантип жазылганын талкуулайбыз (б.а. анын стилин).
Кимдин каты менен макул болгонуӊуздарга карабай түшүндүргүлө, эки автордун кимиси, сиздин оюӊузча, катты жакшыраак жазган? Жообуӊузду эки же бир кат кантип жазылганына таянып, негиздеӊиз.
____________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________
«Белек» аӊгемесинин мазмунун колдонуп, төмөндөгү суроолорго жооп бериӊиз. (тексттен сол жакта берилген сандарга көӊүл бөлүӊүз. Алар сызыктардын номерин белгилейт жана суроодо айтылган тексттин бөлүгүн тапканга жардам берет.)
БЕЛЕК
1 Канча күн ал ушинтип муздак киргил суу акырындан дарыянын жээгинен улам чыгып, ташкындап баратканын карап отурду. Анын эсинде элес-булас гана сакталып калган, жамгыр качан башталып, түштүктөн алардын саздак жерине кантип келип, эми анын тамынын дубалдарына 5чертип жаап жатат. Андан соӊ суу жайдан көтөрүлө баштады, бир азга токтоп калды жана дарыя тескери ага баштады.
Акырындап суу бардык чуӊкурларды толтуруп жана эӊкейиштерди басып калды. Түндө, ал уктап жатканда, дарыя жолду басып жана аны дүйнөдөн бөлүп салды. Агым кайыкты алып кетти жана аял жээкке агым 10менен чыгарылган сыныктарга окшогон үйдө жападан-жалгыз калды. Суу кара май шыбалган фундаментке жетип калды. Суу дагы эле көбөйүп жатты.
Ал көрүп турду, дарыянын кууш жери жамгыр куйган деӊизге айланды, ал эми дарыя өзү анын мейкиндиктерине жуурулуп кирип кетти. Илгери анын тамы өзгөчө ыкма менен курулган, ал мындай селдерден сактанганга ылайыкташып салынган болчу, бирок азыр ал өтө эле 15эскирип калган эле. Астындагы жыгачтары чирип калса керек. Мүмкүн, эски эменге тамды байлап турган чынжыр үзүлүп, тамды агым менен кайык кеткен жакка агызып кетет.
Эч ким жардамга келбейт. Ал кыйкырса да аны эч ким укпайт. Айланада суудан өзүлөрүн жана буюмдарын сактап калууга аракет жасаган адамдар.
20 Кимдир бирөөнүн тамы жай агып баратты, ал өзүн тажыядагыдай элестетти. Ага бул үй тааныш сезилди, ага жакшы көрүнбөсө да.
Кыязы, анын ээлери коопсуз жерге кетишсе керек. Кийинчерээк, жамгыр күчөп, караӊгы киргенде, дарыянын үстүӊкү жагында пантеранын үнүн укту.
Эми там сууктан титиреген тирүү жандай сезилди. Ал чыракты кулап 25баратканда кармап алып, аны буту менен бекем кысып калды. Кыйчылдап жана онтоп, там жерден жылып кетти да, чайпалып, эки жакка кайрылып, дарыянын агымына баш ийип, акты.
Аял керебеттин жээгин кармап калды. Бир жактан экинчи жакка чайпалып, там чынжырдын узундугуна карата жылып барды. Андан кийин тарс эткен үн чыгып, жыгачтын кыйчылдаганы угулуп, анан тынчып калды.
30 Ал турган жеринен жылып артка жай агып баратты. Ал дем албай калды, көпкө чейин ары-бери чайпалып, кыймылсыз отурду. Караӊгылык жамгырды аралап кирип, ал керебетти кармап, колуна башын коюп уктап калды. Түндө аны кайгылуу кыйкырык ойготту. Караӊгыда ал керебетке чалынды. Кыйкырык дарыя тараптан чыккан эле. Ал бир чоӊ 35нерсе онтоп жылып жүргөнүн укту. Бул башка үй болушу мүмкүн эле. Андан соӊ тамга бир нерсе урунду жана узунунан өтүп кетти. Ал дарак экен. Ал жанынан агып кетти жана жамгыр менен дарыянын үнү эле калды. Бүрүшүп алып, ал уктап баратканда, дагы башка үн чыкты. Анын бөлмөсүндө болгондой жап-жакын угулат. Караӊгыга карап, ал колу менен керебетте мылтыктын муздак тумшугун кармады. Ал аны тизесине койду. «Ким?» – деп кыйкырды.
40 Жооп катары кайрадан кыйкырык угулду, бул жолу мурдагыдан да ачуу, бирок чарчаӊкы. Бастырмада бир нерсе жүргөнсүдү, ал кыймылдап жүрдү. Полдун үстүнө салынган килемчелер кыйчылдап, ага ьир нерселер кулап жатканы угулду. Андан соӊ дубалды бирөө тырмагы менен тытып жатканы угулду, ичке киргенге аракет жасагандай сезилди. 45Бул ким экенин ал эми билди. Агып бараткан дарактан секирип өткөн чоӊ мышык. Аны белек катары агым алып келди.
Айласыз ал колу менен коркконунан деми кыстыгып бараткан мойнун кармады. Мылтык анын тизесинде эле. Ал өмүрүндө пантераны көргөн эмес. Алар жөнүндө уккан, жана алыстан үндөрүн гана укчу. Пантера кайрадан дубалды тытып баштады, эшиктин жанындагы айнекти 50каккылады. Айнекти сактап калып, мышык дубалдын артында болгон чакта, ал коопсуздукта.
Сыртта жаныбар тырмагы менен дат баскан торду тытмалаганын токтотту. Кээде гана ал кыӊшылап, ырылдап коюп жатты.
Жамгырдан жарык бир аз бүлүӊдөгөндө, ал дагы деле керебетте отурган, үшүгөн жана кыймылсыз. Анын кайык калактары менен иштеген колдору, мылтыкты кучактаган бойдон, ооруп жатты. Ал мышыкты 55чочутуп албайын деп, кыймылдагандан коркуп жатты.
Керебетте каткан бойдон ал там менен кошо чайпалып отурду. Ал эми жамгыр эч качан токтобой тургандай жаап жатты. Боз таӊ атканда ал акыры жамгырдан чаар тарткан сууну жана алыстагы чөгүп кеткен дарактардын чокуларынын булаӊгыр сөлөкөттөрүн көрө алды. Мышык кыймылдаган жок. Мүмкүн, жаныбар кетип калгандыр. Мылтыкты нары 60 алып коюп, ал керебеттен түшүп, терезеге жакындады. Мышык дагы эле ошол жерде эле.
Ал жатып алып, там байланган эменди карап, ага секирип кеткенге болобу же болбойбу дегендей турду. Пантера мурдагыдай коркунучтуу эмес эле. Анын жүндөрү жармашып, ачкадан ичтери кирип, ал куйругу менен эки жакты ургулап жатты. Аны азыр атып салуу оӊойго турмак. Ал 65артка жылып, мылтыкты алганда, пантера кайрылып туруп, айнекти секирип сындырды. Ал чалкасынан жыгылып, кыйкырган бойдон мылтыкты алды, андан соӊ айнекке атты. Эми ал пантераны көрбөй калды, бирок тийбей калганын сезди. Жаныбар кыймылдай баштады. Ал 70терезенин жанынан өткөн сайын анын башын жана жонун көрүп жатты. Калтыраган бойдон ал керебетке келип жатып калды. Суу менен жамгырдын үнү, суук анын максатын унуткарды. Ал айнектен байкап, мылтыкты даяр кармап турду. Аз гана күтүп, ал жакындады. Пантера башын бутуна коюп мышыкча уктап жатты. Жамгыр башталгандан бери биринчи жолу анын ыйлагысы келди, өзүн адамдарды, селден жабыркаган 75нерселердин баарын аяды.
Керебеттен ылдый сыйгаланып баратып, ал ийнине жуурканды жапты. Ал бул жерден жол бар кезинде, кайыгы агып кете электе чыгып кетиши керек эле. Там менен кошо чайпалып, ал ашказаны катуу ооруганын сезди, ал көптөн бери тамактана элегин эстеди. Ал качантан бери тамактана электиги эсинде жок.
80 Пантера абдан ачка эле. Ашканага кирип аял калган жыгачтардан от жакты. Эгер суу ташкын улана берсе, ал отургуч, столду отко жагат. Илинип турган калган этти алып, ал бир нече кесим күрөӊ-кызыл этти сковородкага салды. Куурулган эттин жытынан башы айланды. Анда дагы акыркы жолу тамак бышырган күндөн калган эски токоч бар эле, дагы ал 85өзүнө кофе кайнатса болчудай, анткени суу жетиштүү эле.
Тамак даярдоо учурунда ал пантераны унутуп калды, тиги улуп баштаганда кайрадан эске түштү. Мышык дагы ачка эле. «Тамактанып алайын, – деди ал, жаныбарга кайрылып. – Анан сага кам көрөм». Деп алып, каткырды. Ал эттин калганын илип жатканда, пантеранын
90 ырылдаганынан колдорун калтырак басты. Тамактанып алып, керебеттен мылтыкты алды. Суу тамды жерден абдан эле өйдө көтөрүптүр, ал дарыя толкундаган сайын чайпалганда, чокуга тийген да жок. Тамак аны жылытты. Ал жарыкта мышыктан арылса болот эле. Ал акырын терезеге жакындады. Жаныбар дагы эле ошол жерде экен. 95Мыйоолоп ары-бери басты. Аял бир аз убакыт аны карап туруп, корккон жок. Андан соӊ, мылтыкты ары койду да, керебетти айланып, ашканага басты. Артында тынчсызданган пантера жүрдү. Аял калган эттин баарын алып, сынган айнектен ыргытты. Айнектин ары жагында ач ырылдаган үн угулду, пантера таӊ калгандай сезилди. Өзүнүн жасаганына аӊ-таӊ болуп, ал керебетке кайтты. Пантера этти үзгүлөп жатканы угулуп турду.
100 Там чайпалып жатты. Ал ойгонгондо, баары өзгөргөнүн түшүндү. Жамгыр басылды.
Там кыймылдаган жок. Эшикти ачып, ал тытылган тордон таптакыр башка дүйнөнү көрдү. Там мурдагы жерде турду. Ылдый жакта суу шаркырап агып жатты, бирок ал эмен менен үйдүн ортосундагы жерди жапкан жок.
105 Пантера кетти. Тепкичтен эменге секирип, ал ылайланган жерде билинер-билинбес из калтырды. Тепкичте аппак болуп мүлжүнгөн сөөк жатты.
1-суроо:
«Белек» аӊгемесин окуган эки адамдын диалогу менен таанышкыла:
Диалогдун катышуучулары өз оюн тастыктаган фактыларды аӊгемеден келтиргиле.
Аӊгемелешүүнүн биринчи катышуучусу ______________________________
Аӊгемелешүүнүн экинчи катышуучусу ________________________________
Аӊгеменин башында аял кандай абалда эле?
Ал бир нече күн тамактанбай, алдан тайып, үйүнөн чыга албады.
Ал өзүн жырткыч жаныбардан коргоду.
Анын үйү бардык тарабынан суу менен курчалды.
Жээгинен ташкындап чыккан дарыя анын үйүн агызып кетти.
Автор пантераны аӊгеменин башында сүрөттөгөнүнүн мисалдары:
*… аны бирөөнүн кыйкырыгы ойготту, ал абдан кайгылуу эле …* (35-сап)
*жооп катары дагы кыйкырык чыкты, бул жолу анча ачуу эмес, бирок чарчаӊкы.* (45 – 46-сап).
*… аларды ал алыстан эле уккан.* (53-сап)
Аӊгемедеги болуп жаткан нерселерди карап, түшүндүргүлө, эмнеге автор пантераны чагылдыруу үчүн дал ушундай сүрөттөөлөрдү тандап алды?
________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________
4-суроо*Кыйчылдап жана онтоп, там кулады …* (27-сап)
Окуянын бул бөлүмүндө эмне болду?
Там кулап калды.
Там агып кетти.
Там эменди сүздү.
Там дарыяга чөгүп кетти.
5-суроо:
Аӊгеменин мазмунуна таянып, түшүндүргүлө, эмнеге аял пантеранын курсагын тойгузду?
__________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________
6-суроо:
Сиз кандай деп ойлойсуз, *Белек* аӊгемесинин акыркы сүйлөмү ага аягы болуп бере алабы?
Акыркы сүйлөм аӊгеменин жалпы мазмунун кантип түшүндүрөөрүн айтып, жообуӊузду негиздеп бериӊиз.
____________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________
КЫРГЫЗСТАНДАГЫ МӨӉГҮЛӨРДҮН КӨЙГӨЙҮ
Кыргызстандагы мөӊгүлөрдүн көйгөйү
Кыргызстанда мөӊгүлөр көп. Мөӊгүлөрдү изилдеген адистер мөӊгүлөр адамдын турмуштук балансынын башкы фактору болорун жакшы түшүнүшөт. Климаттын өзгөрүшү, атмосферанын булганышына байланыштуу мөӊгүлөрдүн тез эриши байкалууда. Бул адамдын турмуш шарттарына тескери таасирин тийгизип жатат.
Тапшырма: Жогоруда схемада көргөзүлгөн байланыштарды эске алып, түшүндүргүлө, эмнеге мөӊгүлөрдүн эриши адамдын турмуш шартынын төмөндөшүнө алып келет, б.а. адамдын турмуш шартынын төмөндөшүн кайсы факторлор тастыктайт?
_______________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________
Болжолдуу жооп: адамдын турмуш шартынын төмөндөшүн төмөнкү факторлор тастыктайт:
– экологиялык коопсуздуктун бузулушу
– экологиялык системанын бузулушу
– флора жана фаунанын начарлашы
– айыл-чарба жерлеринин өлкөдө азайышы
– айыл-чарба продуктылары менен калкты камсыз кылуунун начарлашы
– айыл-чарба продуктыларынын кымбатташы.
ЖАРАТЫЛЫШТАГЫ СУУНУН АЙЛАНУУСУ
Биз суу атмосферага кантип жетип, эмне себептен жамгыр жааганын билебиз. Жогору көтөрүлүп жатып, буу атмосферанын муздак катмарларына жетип, тамчыларга жана майда музчаларга айланат. Булуттар чогулган атмосферадагы абанын температурасы нөл градуска жакын болгондуктан, шамал тамчыларды булуттарга чогултат. Жамгыр башталаардын алдында аппак булуттар капкара болуп өзгөргөнүн көрүүгө болот. Ал асманда ушунчалык көп суу топтолуп, күндүн жарыгын өткөрбөгөндүктөн болот. Кышында бууланган нымдуу буу тамчыларга чогулганга жетишпей калат да, буудан эле барпайган кар бүртүктөрү пайда болот. Ошондо жамгырдын ордуна кышында кар жаайт.
Жер кыртышына жамгыр жана кар түрүндө түшүп, суу жер астындагы сууларга, деӊиздерге, океандарга, дарыяларга, көлдөргө ж.б. көлмөлөргө, бууланат жана баары кайрадан башталат. Бул жаратылыш кубулушу табияттагы суунун айлануусу деп аталды.
Суунун кичинекей айлануусун үйдө деле жасоого болот. Ал үчүн айнек капкак менен казандагы сууну жаап, отко койгула. Суу бууланып, капкакка тамчы болуп топтолот. Кайрадан тамчылар казанга түшүп, кайталанып бууланып көтөрүлөт. Казанда ушундай «жамгыр» болот. Эми төмөндөгү суроолорго жооп бергиле:
– табиятта суу жоголобу? _____________________________________
– жамгыр кайдан пайда болот? __________________________________
– качан кар жаайт? ______________________________________________
– жогоруда буу, булуттар жана суу менен бирге сүрөттөлгөн табият кубулушу кантип аталат? ____________________________________________
– эмнеге кышында кар жаайт? _____________________________________
КАР, ЖАМГЫР
______________________________________________________________
КАРА БУЛУТ
БУУ
БУЛУТ
ДАРАКТЫН ЖАШ КУРАГЫН КАНТИП АНЫКТАЙБЫЗ (6-класс)
Дарактын сөӊгөгүнүн кесилген жеринде көрүнүп турган шакекчелеринин санына жараша анын канча жашта экендигин аныктоого болот, б.а. бир шакекче – бул дарактын бир жашы. Шакекчелер бардык дарактарда бирдей калыӊдыкта дейли.
Тапшырма: Логикага таянып, аныктагыла, сүрөттөгү кайсы дарак эӊ картаӊ.
Дарактар
Мажүрүм тал
Ак-кайыӊ
Пальма
Жаӊгак
Эмен
Клён
Терек
Бук
ӨСҮМДҮКТӨРДҮН АР ТҮРДҮҮЛҮГҮ
Өсүмдүктөрдүн дүйнөсү абдан ар түрдүү. Алардын арасында дарактар, бадалдар, чөптөр бар. Алар эмнеси менен айырмаланат?
Чөптөрдүн же чөп өсүмдүктөрүнүн сабактары жумшак, ширелүү. Дарактарда жана бадалдарда – катуу, дарактай. Даракта тамырынан бир жоон сабак өсүп турат – сөӊгөк. Бадалда бир нече ичке сабактар – сөӊгөкчөлөр.
Дарактар жана бадалдар жазы жалбырактуу жана ийне жалбырактуу болушат. Жазы жалбырактуу дарактарда жалбырактар пластинка түрүндө болот, ал эми ийне жалбырактууларда – ийне түрүндө болот.
Ийне жалбырактуу породалардын баалуулугу ар түрдүү. Ийне жалбырактууларды негизинен курулушта пиломатериал катары колдонушат. Жазы жалбырактуу дарактар эл чарбасына жыгачтын ар түрүн, көптөгөн жаӊгак-жемиштерди, өӊдөөчү боёк заттарын, дары-дармектерди жана жыт берүүчү заттарды берет, алардын жалбырактары үй жана жапайы жаныбарларга азык болот.
Ийнелер – бул жалбырактын өзгөрүп кеткен формасы. Ийне жалбырактуу дарактарга арча, карагай, кедр, пихта ж.б. кирет. Ийне жалбырактуу дарактардын күзүндө ийнелери түшпөйт, ошондуктан аларды дагы башкача дайым көгөрүп туруучу дарактар деп аташат.
Ийне жалбырактуу дарактар бир катар жалпы белгилерге да ээ:
а) турмуштук формалар – дарактар, бадалдар, чөп жок;
б) жалбырактар ийнелерге өзгөрүлгөн (карагай, арча) же быдыр кабыкчалуу (кипарис, туя);
в) жыгачы жакшы бекем;
г) урук аркылуу көбөйөт;
д) ийне жалбырактуу дарактар чоӊ чарбалык мааниге ээ. Жыгачтар жыгач иштетүүчү, кагаз жана жыгачты кайра иштетүүчү өндүрүштө, эмерек, музыкалык инструменттерди даярдоодо колдонулат. Ийне жалбырактуулар пайдалуу касиеттери бар фитонцид заттарды бөлүп чыгарышат, анткени көп санаторийлерде ийне жалбырактуулар көп.
Белгилүү болгондой, ар бир дарактын белгилери бар. Ушундай белгилердин бири жалбырак.
Жалбырак – бул өсүмдүктөрдүн дем алуу жана азыктануу функциясын аткаруучу негизги органдарынын бири. Жалбырактар формасы жана көлөмү боюнча ар кандай.
Ак кайыӊ, эмен, каражыгач – бул жалбырактуу дарактар. Алар айырмалуу белгилерге ээ.
1) Жалбырактардын болушу.
2) Күзүндө жалбырактар түсүн өзгөртөт.
3) Бардык жазы жалбырактуулардын жалбырактары күзүндө күбүлүп түшөт.
Эӊ күчтүү дарак болуп эмен эсептелет. Илгери эменди ыйык дарак деп эсептешчи. Эмендин бийиктиги 50 метрге чейин жетет, 500 жылга чейин жашайт.
Бадалдар дарактардан айырмаланып, негизги чоӊ сөӊгөккө ээ эмес. Бардык эле бадалдардын ширелүү, ачык түстөгү жемиштери бар, көбүнчө адамдар аларды жебейт. Бирок канаттуулар үчүн бул кадимки эле азык. Жемиштерди жеп, канаттуулар уруктардын таралуусуна көмөктөшөт. Бадалдарга кадимки четин, кызыл долоно, ит мурун кирет. Даамдуу жемиштери менен бул бадалдар чөптөр сыяктуу дарылык касиетке да ээ.
Тапшырма: Текст жана сүрөт боюнча айырмалардын таблицасын түз.
|
| Дарактар | Бадалдар | Чөптөр |
| Бийиктиги |
|
|
|
| Түсү |
|
|
|
| Касиеттери |
|
|
|
| Колдонулушу |
|
|
|
Балдардын логикалык ойломун өнүктүрүү үчүн башталгыч класстардан баштап эле аларга ушул типтеги тапшырмаларды берүү зарыл.
ЛОГИКАЛЫК ТАПШЫРМАЛАР
Адамдан сурайт экен:
– Бул сүрөттө ким?
Ал жооп берет:
– Үй-бүлөдө жалгыз өскөм. Ошого карабастан, портреттегинин атасы, – менин атамдын баласы. Бул кимдин портрети?
А) чоӊ атасынын портрети
Б) атасынын портрети
В) баласынын портрети
Г) небересинин портрети
Адам өзүнүн жесиринин сиӊдисине үйлөнсө болобу? (ооба __ / жок __) Жооптун негиздемесин бергиле
________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________
Эки адам жыгачта отурат. Кыскараагы узунураагынан өйдөрөөк. Бирок узунураагы анын атасы эмес. Муну кантип түшүндүрөсүз?
А) узунураагы анын чоӊ атасы
Б) узунураагы анын чоӊ апасы
В) узунураагы анын апасы
Г) узунураагы анын агасы
Бир сөз менен жазгыла, дүйнөдөгү бардык адамдар бир убакта эмне кылышат. _________________________________________________
Ашыкча нерсени табыӊыз
Унаанын ашыкча түрүн көрсөткүлө.
А) автобус Б) велосипед
В) фургон Г) автоунаа
Ашыкча нерсени көрсөтүӊүз.
А) телефон Б) блокнот
В) планшет Г) ноутбук
Ашыкча баш кийимди көрсөтүӊүз
А) берет Б) шляпа
В) каска Г) шапка
Автоунаанын алдындагы токтой турган жердин катар номерин аныктагыла
Номерин тапкыла
Тапшырма: Жогорудагы сүрөттө көрсөтүлгөн автоунаанын алдындагы токтой турган жердин катар номерин аныктагыла.
____________________________________________________________________________________________________________________________________
Интернет тармагында PISA изилдөөсүнүн ачык тапшырмалары:
http://www.oecd.org/pisa/PISA2015Questions/platform/index.html?user=&domain=SCI&unit=S656-BirdMigration&lang=rus-RUS – онлайн задание по естествознанию – Миграция птиц
http://www.oecd.org/pisa/PISA2015Questions/platform/index.html?user=&domain=SCI&unit=S623-RunningInHotWeather&lang=rus-RUS – онлайн задание по естествознанию – Бег в жаркую погоду
http://www.oecd.org/pisa/PISA2015Questions/platform/index.html?user=&domain=SCI&unit=S637-SlopeFaceInvestigation&lang=rus-RUS - онлайн задание по естествознанию – Исследование склонов долины
http://www.oecd.org/pisa/PISA2015Questions/platform/index.html?user=&domain=SCI&unit=S641-MeteoroidsAndCraters&lang=rus-RUS - онлайн задание по естествознанию – Метеороиды и кратеры
http://www.oecd.org/pisa/PISA2015Questions/platform/index.html?user=&domain=SCI&unit=S601-SustainableFishFarming&lang=rus-RUS – рациональное рыбоводство
http://www.oecd.org/pisa/PISA2015Questions/platform/index.html?user=&domain=CPS&unit=C100-Xandar&lang=rus-RUS – совместное решение проблем
https://fioco.ru/Media/Default/Documents/для%20новостей/Новостей%20задания%20исследования%20PISA-2018%20(читательская%20грамотность).pdf - Открытые задания исследование PISA-2018 (читательская грамотность)
Колдонулган адабияттардын тизмеси
Изучение знаний и умений учащихся в рамках Международной Программы PISA. Общие подходы. ИОСО РАО, 1999.
Отчет (промежуточный) РАО по контракту № ERP/F2/C/4/03 от «1» апреля 2003 г. на участие в проведении международных мониторинговых исследований.
ОСНОВНЫЕ РЕЗУЛЬТАТЫ МЕЖДУНАРОДНОГО ИССЛЕДОВАНИЯ PISA-2015. Центр оценки качества образования ИСРО РАО – http://centeroko.ru
http://cdn.bru.by/cache/news/20180313/p isa.jpg – тексттеги сүрөттөр
Отчеты PISA 2006, 2009.
0 Programme for International Student Assessment
0 Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюму
0 англ. United Nations Educational, Scientific and Cultural Organization) – БУУнун билим берүү, илим жана маданият боюнча атайын мекемеси.
16