Просмотр содержимого документа
«Питон программалоо тилинде кокустук сандар менен иштөө»
КокусТУК САНДАР
МЕНЕН ИШТӨӨ
Сан жашыруу оюнун эстейли. 1-оюнчу 1ден 10го чейинки бир сан жашырды дейли. 2-оюнчу ал санды табыш үчүн каалаган санда айтат. Бул санды кокус сан дейбиз.
Программалоодо да ушул сыяктуу эле көрсөтүлгөн диапозондо кандайдыр бир сан чыгарылат.
Капилет сандар менен иштөө үчүн Pythonдо атайы модуль иштетүү керек. Pythonдо модулдарды кошуу үчүн import функциясы бар. Бул функция программанын башына жазып, андан кийин кошулуучу модулдун аты жазылат .
Кокустук сандарды чыгарууда:
import random
random.randint(a,b)
random - кокустук санды чыгаруу модулу
random.randint(a,b)- a дан b га чейинки кокустук санды чыгаруу
1ден 10го чейинки кокустук сандарды чыгарууну карыйлы
Random randint
print(random.randint(1, 10))
Бул программаны ар бир жолу иштетүү менен ар башка сандардын чыкканын көрөбүз
Үч орундуу капилет сан чыгаргыла жана анын цифраларын аныктагыла.
import random
a=random.randint(100, 999) #үч орундуу сандар 100дөн 999 чейин
print('кокус сан',a)
j=a//100 #кокус сандын жүздүгүн табуу
o=a//10%10 #кокус сандын ондугун табуу
b=a%10 #кокус сандан бирдигин табуу
print(j,' жуздугу ',o,' ондугу ',b,' бирдиги' )
Бир нече сандар же удалаштыктар менен аткарылуучу функциялар
Бул функциялар кошумча аракеттери жок аткарылат
max(a,b, …)
Эки же андан көп сандардын максималдык маанилери
min(a, b, …)
max([2,3,6]) = 6
Эки же андан көп сандардын минималдык маанилери
max(seq)
mix([2,3,6]) = 2
Удалаштыктын максималдык элементи max([2,3,6]) = 6
min(seq)
Удалаштыктын минималдык элементи min([2,3,6]) = 2
sum(seq)
Удалаштыктын элементтеринин суммасы sum((2,6,3))=11
sorted(seg)
Сорттолгон тизмек. sorted([3,2,5,1,4])=[1,2,3,4,5]