СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

PISA тексттер 5-класка

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«PISA тексттер 5-класка»

Окуучунун аты, жѳнү ______________________________ классы: _______



Христофор Колумб

Биз жер шарын Түштүк жана Түндүк Америка менен Тынч океансыз элестете албайбыз. Бирок,
15-кылымдын аягында Европада алардын бар экендиги эч кимдин оюна да келген эмес. Индия менен Кытайга деңиз жолун издеген Генуя шаарынан чыккан италиялык Христофор Колумб Африканы айланып, чыгышты көздөй кетпестен, Атлантика океанын кесип өтүп, батышты көздөй жол тартууну чечкен.

Ал жердин шар түрүндө экендигин билген, демек, андай болгон соң, батышты көздөй сүзө берсең, сөзсүз Индияга туш келесиң деп ойлогон.

Көп жылдык күрөштөн, басынуудан жана көңүл калуулардан кийин Колумб акыры испан королун өз тарабына тартууга жетишкен.

Ошентип, Колумбдун үч каравелласы – флагмандык «Санта-Мария», «Нинья» жана «Пинта» – 1492-жылы август айында Испаниянын жээгиндеги Палос шаарынан деңизге чыккан.

Ачык океан моряктарды коркуткан, алар мурда жээкти бойлой гана сүзүшчү. Качан гана горизонттон жашыл тилке көрүнгөндө, алар абдан кубанып кетишти. Бирок, бул али жер эмес эле, ал бетин жыш балыр каптаган Саргассово деңизи эле. Бул Колумбдун Атлантикадагы биринчи ачылышы болгон. Ошентип кайрадан күндөр өтө берди, айланада болсо чалкыган океан… Моряктар нааразылыктарын билдире башташты. Колумбдун эсеби боюнча, алар эмгиче Индияга жетип калышы керек эле, бирок али жер дале көрүнбөдү. Колумб буга анча тынчсызданган жок. Ал капалуу моряктардын көңүлүн көтөрүп, аларга алтын, таттуу тамактарды убада кылды. Бирок акыры алардын чыдамы түгөнүп, анын сөзүн укпай, чечкиндүү түрдө: эгерде үч күнгө чейин жер көрүнбөсө, артка кайтабыз! – деген катуу талап коюшту. Колумб буга макул болууга аргасыз болду.

Бул мөөнөт аяктап калганда, түнкү саат экиде күзөттөгү моряктын: «Жер! Жерди көрүп жатам!» – деп кыйкырганы угулду. Бул анча чоң эмес арал эле, Колумб аны Сан-Сальвадор деп атады. Андан кийин Кариб деңизинин аралдары – жыты аңкыган Куба, кереметтүү кооз Гаити аралы анан дагы, дагы… Моряктар Европада жок жүгөрү, картөшкө, тамеки сыяктуу өсүмдүктөрдү биринчи жолу көрүштү. Бардык жерде аларды келишимдүү, узун бойлуу, кызгылт түстөгү адамдар тосуп алып жатышты. Өзүн Индиядамын деп элестеткен Колумбга кошулуп, аларды индеецтер деп атап коюшту.

Колумб эч кимге белгисиз, жаңы материкти эмес, болгону Индияга батыш аркылуу баруучу жолду гана ачтым деп эсептеген; ал өмүрүнүн акырында гана, үчүнчү жана төртүнчү жолу сүзүп барып келгенден кийин гана өзүнүн Жаңы Дүйнөнү, жаңы материкти ачкандыгына ынана баштаган.

1.Текст бир эле адам жөнүндө баяндабаса да, эмне үчүн ал «Христофор Колумб» деп аталганын түшүндүрүп бериңиз.

________________________________________________________________________________


_________________________________________________________________________________

2. Текстте айтылгандарга ылайык, эмне үчүн Колумбду улуу деңиз саякатчысы деп атаса болорун түшүндүрүп бериңиз.

_______________________________________________________________________________________________

_______________________________________________________________________________________________


3. Эмне үчүн Колумб жаңы материкти эмес, Индияга батыш аркылуу баруучу жолду гана ачтым деп эсептеген?

(А) Анткени аралдарда Индияда өскөн өсүмдүктөр менен бирдей өсүмдүктөр өскөн

(Б) Анткени бардык жерде аларды келишимдүү, узун бойлуу, кызгылт түстөгү адамдар тосуп алып жатышты

(В) Анткени дагы бир материк бар экендиги анын оюна да келген эмес

(Г) Анткени моряктар Европада жок болгон өсүмдүктөрдү көрүштү









1-СУРООНУН ЖООБУН БААЛОО

Суроонун максаты: 1.2. Тексттин аталышынын маанисин чечмелеп берүү жөндөмүн текшерүү.

Жооп кабыл алынат

- Жооп Колумбдун Американы ачууда ойногон башкы ролун түшүнүү менен берилген. Мисалы:

• бул сүзүп барууда Колумб эң маанилүү адам болгон, ал моряктарды башкарган;

• ушул сүзүп барууну Колумб уюштурган;

• анын аркасы менен жаңы материк ачылган;

• Индияга барууну каалаган адам Христофор Колумб болгон.


Жооп кабыл алынбайт

- Башка жооптор:

• анткени ал бүт жерди кыдырып саякаттаган;

• текстти «Колумб жана анын командасы» деп атаган туура болот;

• анткени анын аты Христофор Колумб болгон.





2- СУРООНУН ЖООБУН БААЛОО

Суроонун максаты: 1.4. Тексттин жалпы мазмунун түшүнө билүү жөндөмүн текшерүү.

Жооп кабыл алынат

- Окуучунун жообунда тексттеги маалымат жалпыланып, Колумбдун сиңирген эмгеги, алып келген пайдасы туурасында корутунду жасалат, мисалы:

• ал жаңы материкти ачты;

• ал жаңы деңиз жолун ачты;

• ал жаңы аралдарды ачты;

• ал кызгылт түстөгү адамдар жашаган жерди тапты.


Жооп кабыл алынбайт

- Окуучунун жообунда Колумбдун жаңы жерлерди ачуудагы ролу белгиленбей, анча мааниси жок иш-аракеттер менен окуялар жөнүндө айтылат, же болбосо бүдөмүк жооп берилет, мисалы:

• Колумб көп саякат жасаган;

• ал деңизди жакшы көргөн;

• ал океандан корккон эмес;

• ал эр жүрөк жана акылдуу болгон;

• ал Тынч океан менен сүзгөн биринчи италиялык болгон.



3- суроо жооп В























Окуучунун аты, жѳнү _____________________ классы: _________

БАШМА-БАШ Кытай жомогу

Бир кедей жигит жолдо келатты. Алыстан келаткан эле, чарчап, курсагы да ачты. Бир маалда маңдайынан ашкана көрүндү. Жигит сүйүнүп кетти да, өзүнчө мындай деди:

– Бир нече жез тыйыным калбады беле. Ошого жегенге бир нерсе сатып алайын. – Ал ашканага кирип, анын ээсинен сууга бышырылган беш жумуртка алды да, ошол жерден эле жеп жиберди. Төлөйүн деп чөнтөгүн аңтарса, тыйындары жок. Жолдо түшүп калса керек.

«Эмне кылсам? – деп ойлонду жигит. – Ашкананын ээси менин алдайын деген ниетим жок экенине баары бир ишенбейт. Эми аны чындап эле алдашка туура келет».

Анан ал бир чөйчөк шарап сурады. Ашкана ээси шарапты жылытып келейин деп чыгып кеткенде, жигит акырын турду да, чыгып кетип калды. Ал абдан уялды, бирок эмне кыласың.

Күн чыгыштан чыгып, батышка бата берди. Күн түнгө алмашып, түн кайра күнгө алмашты. Аларды кантип санайсың! А жылдарды эсептесе болот. Туура жыйырма жыл өттү. Бул мезгилдин ичинде жигит үйлөнүп, чарбалуу да болду. Аны жигит деп да айтпай калышканына көп болду, биз да аны эми дыйкан деп айтабыз.

Туура жыйырма жылдан кийин так ошол күнү дыйкан баягы жол менен келе жатты. Ашкананы көрүп, баягы жумуртканын акчасын бербей кеткенин эстеди.

Ашканага кирип, сууга бышырылган беш жумуртка сурады да, ошол жерден эле жеп жиберди. Анан ашкана ээсинен сурады:

– Мен сага канча беришим керек?

– Бир жумуртка бир жез чох. Демек, бардыгы беш чох.

Дыйкан 10 чохту санап, ашкана ээсине сунду. Ал таңгалды.

– Мен сага 5 чох деп айтпадымбы. Эмнеге 10 чох берип жатасың?

– Беш чох азыр жегеним үчүн, калган беш чох болсо жыйырма жыл мурун жегеним үчүн.

– Токто, токто! – деп кыйкырды ашкананын ээси.– Ошол сен белең? Андай болсо, эсеп башкача болот. Анткени, беш жумурткадан беш жөжө чыкмак. Беш жөжө беш тоок болмок...

– Бардык эле жумурткадан тоок чыга бербейт да, – деди дыйкан. – Короздор да болот.

– Болуптур, мен ачкөз эмесмин, – деди тиги. – Макул, бир жумурткадан короз чыксын дейли. Бирок дагы төрт тоок калып жатпайбы. Алардын бардыгы жумуртка тууй турган мекияндар. Бир жылдын ичинде төрт тоок төрт жүз жумуртка тууйт. Алардан дагы тооктор чыгат. Ал тооктор дагы жумуртка тууйт. Жыйырма жыл катары менен ошенте берет. Сен мага эсепсиз акча карызсың, а сен болсо беш чох менен кутулуп кетейин деп турасың! Жо-ок, экинчи жолу мени алдай албайсың! Башма-баш төлө.
– Менин сени алдайын деген оюм жок! – деп жооп берди дыйкан. – Туура айтып жатканыңды көрүп турам. Бирок менин мынча акчам жок. Мен Улуу Кытайдын императору эмесмин да. Аласаңды буурчак менен аласыңбы?
– Ала берем, – деп макул болду ашкананын ээси.
– Анда эртең мен аласаңды алып келип берем.
Эртеси дыйкан чын эле ашкана ээсине келип, кичинекей баштыкты сунду:
– Азыр башма-баш эсептеп көрөлү. Мына бул сууга бышырылган буурчак беш чох турат. Сен муну эгесиң. Буурчак түшүм берет. Ар бир кабыкчанын ичинде бештен кем эмес буурчак болот. Буурчагын ал да, аны кайра эк. Жыйырма жыл катары менен ошенте бер. Ошентип мен сага карыз болгон эсепсиз байлыкка жетишесиң.
– Токто, токто! – деп кыйкырды ашкананын ээси.– Сен мени келесоо деп турат окшойсуң. Буурчак сууга бышырылган да!
– Жумурткалар да сууга бышырылган болчу! – деп жооп берди дыйкан.
Ашкана ээсинин оозу ачылып калды. Мындай ой анын башына келген эмес экен.

1.Бул жомокто дыйкан жигит өзүнүн кандай сапаттарын көрсөткөнүн жазып бериңиз.

_________________________________________________________________________________

________________________________________________________________________________

2. Төмөнкү макалдардын кайсынысы тексттин маанисин баарынан жакшы билдирет?

(А) Шашпаган араба коёнго жетиптир. (Б) Жакшылыкка – жакшылык, жамандыкка – жамандык.

(В) Ойлобой сүйлөсөң, онтобогон ооруга жолугасың. (Г) Аракет кылсаң, берекет болот.


3. Ашкананын ээси: «Мен ачкөз эмесмин», - деп айтканда, сиз ага ишене аласызбы?

Сиздин ушундай ойлогонуңузга ашкана ээсинин кайсы сөзү же кылыгы негиз боло алат?

__________________________________________________________________________

___________________________________________________________________________

4. Жигит ага карызын бышкан буурдчак менен берем дегенде, эмне үчүн ашкана ээсинин ачуусу келип кеткенин түшүндүрүп бериңиз.

__________________________________________________________________________

5. Сиз өзүңүз бул жомокко кандай ат коер элеңиз? Ушундай аталышты эмне үчүн тандаганыңызды түшүндүрүп бериңиз.

_____________________________________________________________________________________________

  1. СУРООНУН ЖООБУН БААЛОО

Суроонун максаты: 2.3. Каармандын мүнөзүндөгү негизги сапаттарды аныктай билүү жөндөмүн текшерүү.

Жооп кабыл алынат

Код 1: Жигиттин мүнөзүндөгү жомоктон көрүнгөн жок дегенде бир сапат айтылган жооп берилет, мисалы:

• тапкыч; • акылдуу; • зээндүү; • тапкыч жана чынчыл; • эптүү.

Жооп кабыл алынбайт

Код 0: Каармандын мүнөзүндө жок болгон сапаттар көрсөтүлгөн же каармаандын текстте көрүнгөн сапаттарынан башка сапаттар аталган, мисалы:

• жаш; • күчтүү; • адептүү; • калпычы; • ачкөз.



  1. Суроо Туура жооп: (Б) Суроонун максаты: 1.1. Тексттеги негизги ойду аныктай билүү жөндөмүн текшерүү.



3 -СУРООНУН ЖООБУН БААЛОО

Суроонун максаты: 2.2. Каармандын сөздөрүн же кылган иштерин тексттеги маалыматка таянып чечмелей билүү жөндөмүн текшерүү.

Жооп толук кабыл алынат

Код 2: Суроого терс жооп берилип, ал ашкананын ээси текстте ачкөз болуп сүрөттөлгөнүн түшүнүүгө негизделген чечмелөө менен коштолот, мисалы:

• ишенбейм, ашкана ээси ачкөз болгон, анткени ал 20 жыл мурун желген бышкан жумуртканын ордуна «эсепсиз байлык» алгысы келди.


Жооп жарым-жартылай кабыл алынат

Код 1: Терс жооп берилген, бирок ага эч кандай чечмелөө кошулган эмес, мисалы:

• ашкана ээси ачкөз болгон; • жок; • ишенбейм.


Жооп кабыл алынбайт

Код 0: Оң («Ооба» деген) жооп берилген, же «Билбейм» деген жооп берилген, мисалы:

• ишенем, ал ачкөз эмес, анткени жигитти издеген жок, андан карызды доолаган жок;

• ооба, ашкананын ээси ачкөз эмес, анткени ал өзү ушуну айтып жатпайбы.


Код 9: Жооп жок.

  1. СУРООНУН ЖООБУН БААЛОО

Суроонун максаты: 2.2. Каармандын кылган иштерин жана айткан сөздөрүн тексттеги маалыматтын негизинде чечмелеп берүү жөндөмүн текшерүү.

Жооп кабыл алынат

Код 1: Окуучу ашкана ээсинин бышкан буурчактан түшүм алып, байып кетүү мүмкүн болбогондугуна, же болбосо дыйканды алдап кете албай калгандыгына ачуусу келгенин түшүндүрөт, мисалы:

• бышкан буурчактан эч нерсе өнүп, өсүп чыкпайт;

• ашкана ээси дыйкан аны келесоо деп жатат деп ойлогондуктан;

• анткени жигит аныкынан ашкан куулук кылып кетти;

• ал байлыкка ээ болгусу келген.


Жооп кабыл алынбайт

Код 0: Окуучу ачкөз ашкана ээсинин эмне себептен ачууланганын түшүнбөгөндүгүн көрсөткөн же «Билбейм» деген жооп берилет, мисалы

ага буурчак керек эмес болчу. Код 9: Жооп жок.

  1. СУРООНУН ЖООБУН БААЛОО

Суроонун максаты: 3.3. Текстке ат кое билүү жөндөмүн текшерүү.

Жооп толук кабыл алынат

Код 2: Окуучу өзү ойлоп тапкан, тексттеги башкы ойго каршы келбеген, тексттин бир бөлүгүнө эмес, бүтүндөй текстке тиешелүү аталышты сунуш кылат. Окуучу өз тандоосунун негизделген чечмеленишин келтирет, мисалы:

• «Куулукка куулук», анткени жигит амалкөй ашкана ээсиникинен да өткөн куулук кылды;

• «Зээндүү жигит жана ачкөз ашкана ээси», анткени текстте алар жөнүндө сөз болот.


Жооп жарым-жартылай кабыл алынат

Код 1: Эгерде аталыш эч чечмелөөсүз берилсе, же чечмелөө окуучу берген жоопко негиз боло албаса, мисалы:

• «Чынчыл жигит»; • «Ачкөз ашкана ээси».

Жооп кабыл алынбайт

Код 0: Окуучу тексттеги башкы ойго каршы келген аталышты сунуш кылат, же «Билбейм» деп жооп берет, мисалы:

• «Тыйындар»; • «Бышкан буурчак»; • «Жумурткалар». Код 9: Жооп жок.





Окуучунун аты, жѳнү _____________________ классы: _________

ЖЫЛМАЮУ. ( Галина Василевская )

Илгери-илгери көк деңиздин боюнда жомоктогудай кооз шаар болгон экен. Анда бактылуу адамдар жашачу экен. Алар күндүзү иштеп, ыр ырдашчу, анткени эмгек аларга кубаныч тартуулачу. Ал эми кечкисин алардын үйлөрүнөн мукамдуу музыка кубулжуп турар эле.

Адамдар жолукканда бири-бирине жылмайышчу, анткени алар ушинтип учурашчу.

Дүйнөдө адамдарынын бардыгы бактылуу жашаган бир шаар бар экендиги каардуу сыйкырчыга да жетет. Ал жамандыктан башканы билчү эмес, бирөөлөрдү алдап, ушак-айың таратып, урушуп эле жүрчү.

– Бул адамдардын эмне үчүн бактылуу экенин билем, – деп күбүрөндү сыйкырчы. – Алар жылмая алышат, ошон үчүн алар бактылуу. Эми ошол шаарга учуп барып, алардын жылмаюусун уурдап алайын да, өзүм гана бактылуу болоюн.

Ал өзүнүн учуучу килемине олтуруп, учуп жөнөдү. Бир маалда төмөн жактан үйлөрдүн көгүлтүр чатырлары көрүндү, сыйкырчы өзү уккан жомоктогудай кооз шаарга келгенин билди.

Таң атып келатты. Деңиздин кыйырынан күн жаркырап чыкты. Морлордон түтүн булай баштады.

Каардуу сыйкырчы морго отуруп алып, көчөгө ким чыгар экен деп күтүп жатты. Акырында ал жомоктогудай кооз шаардын биринчи тургунун көрдү. Ал жерге жылуулук берип жаткан күнгө, дарактардагы сайрап жаткан куштарга, салкын желге, дирилдеп турган жашыл жалбырактарга жылмая карап кетип баратты. Сыйкырчы мордон учуп түшүп, тиги кишинин бет маңдайына келди.

– Мага жылмаюуңду бер! – деп кыйкырды ал коркунучтуу үн менен, анын үнүнөн дарактардын жалбырактары күбүлүп түшүп, куштар сайрабай калышты.

Тиги кишинин жүзүндөгү жылмаюу дароо жоголду – эми аны кантип аласың? Андан соң сыйкырчы дагы бир кишиге барып, ага да кыйкырды:

– Мага жылмаюуңду бер! – Бирок аныкын да ала алган жок. Анын жылмаюусу да жоголду.

Сыйкырчы жылмаюуну эч кимге билгизбей уурдап алганга да аракет кылып көрдү. Бирок мындан да эч пайда чыккан жок. Анан жылмаюуну акчага сатып алмак болду... Бирок бул тууралуу ал кимге айтса да, бардыгы ийнин куушуруп кетип жатышты. Сыйкырчы ыза болуп ыйлады. Көз жашы жаак ылдый шорголоп куюлуп жатты. Бир боорукер адам сыйкырчыны аяп, отургучка отургузуп, анын жайын сурады:

– Эмнеге ыйлап жатасың, мээримдүү адам?

Эч кимден эч качан мындай жылуу сөз укпаган сыйкырчы ого бетер ыйлап кирди.

– Мындан ары минтип жашай албайм, – деп шолоктоду сыйкырчы, – мени эч ким жакшы көрбөйт, досторум да жок. Башкалардай болуп жылмайгым келет, бирок жылмаюуну кайдан аларымды билбейм.

Жомоктогудай кооз шаардын тургуну жылмаюуну сатып да, уурдап да алууга болбой тургандыгын айтты. Аны жакшы иштериң үчүн тартуулашат. Балким, сен талаада иштегендирсиң, же үй кургандырсың, же нан бышыргандырсың, же кийим тиккендирсиң, а балким, балдарды жакшы иштерге үйрөткөндүрсүң?

– Жок, жок, жок, – деп, сыйкырчы башын жерге салды.

Тиги киши оор үшкүрдү:

– Анда ишиң начар экен. Бирок сен өзүңө өзүң жардам бере аласың. Жакшылык кыл!

Тиги киши ошентип коюп кетип калды, сыйкырчы болсо ордунда көпкө чейин ойлонуп отурду: мен жылмаюуга татыктуу болуш үчүн, кандай жакшылык кылышым керек?

Бир маалда жанынан чуркап өтүп бараткан кичинекей кыз ташка чалынып, жыгылып кетти. Сыйкырчы дароо ордунан тура калып, кызды тургузду да, анын сыйрылып кеткен тизесин оорубасын деп үйлөй баштады.

Азыр эле ыйлайын деп турган кыз капыстан жадырап жылмайганда, анын ууртунда да жылмаюу пайда болду. Өмүрүндө биринчи жолу жылмайды!

Ал өзүн жеңил сезип, көңүлү ачыла түштү. Учуучу килемине отурду да, жакшылык кылуу үчүн учуп кетти. Азыр ал эң бактылуу, эң боорукер сыйкырчы болуп, өзү адамдарга жылмаюу тартуулап жүрсө керек.

1. Эмне үчүн тексттин башында сыйкырчы жылмайчу эмес?

(А) Ал каардуу болчу жана жамандыктан башканы билчү эмес (Б) Ал эч кимден жылмаюуну сатып ала алган жок

(В) Ал жылмаюуну каалачу эмес (Г) Ал эч кимден жылмаюуну уурдап ала алган жок


2. Эмне үчүн, ага «мээримдүү адам» деп кайрылышканда, каардуу сыйкырчы ого бетер ыйлап кирди?

(А) Анын аябай ачуусу келди (Б) Ал абдан ызаланды

(В) Аны биринчи жолу ушундай аташты (Г) Ал ушинтип айткан адамды аяды


3. Автордун ою боюнча, адамдарга жылмаюуну эмне үчүн тартуулашат.

Тексттен сиздин жообуңузду бышыктаган сөздөрдү көчүрүп жазыңыз.


___________________________________________________________________


4. Аңгеменин автору эң алды эмне жөнүндө айткысы келген?

(А) Жылмаюуну кантип уурдаса болору жөнүндө
(Б) Сыйкырчы жаман иштерди кантип жасаганы жөнүндө

(В) Кантип бактылуу адам болсо болору жөнүндө
(Г) Жомоктогу шаардын тургундары кандай жашашканы жөнүндө

5. Адамдарга жылмаюунун кереги жок деген кишиге сиз эмне деп жооп берер элеңиз? Эмне үчүн ушундай жооп берериңизди түшүндүрүп бериңиз.

___________________________________________________________________

___________________________________________________________________

6. Жомоктун аягында автор сыйкырчы жөнүндө ал боорукер сыйкырчы болуп калса керек деп жазат. Сиз ошондой болгонуна ишенесизби? Эмне үчүн буга ишенгениңиздин же ишенбегениңиздин себебин жазыңыз.

_________________________________________________________________________

__________________________________________________________________________

1-суроо Туура жооп: (А)

Суроонун максаты: 2.1. Баяндалган окуялардын, кубулуштардын же каармандардын кылган иштеринин себептерин аныктай билүү жөндөмүн текшерүү

2- суроо Туура жооп: (В)

Суроонун максаты: 2.2. Каармандын кылык-жоругун тексттеги маалыматка таянып түшүндүрө билүү жөндөмүн текшерүү.

3- СУРООНУН ЖООБУН БААЛОО

Суроонун максаты: 1.3. Тексттен керектүү маалыматты таба билүү жөндөмүн текшерүү.

Жооп кабыл алынат

Код 1: Окуучу жылмаюу жакшы иштер үчүн тартууланарын айтып, тексттен тийиштүү сөздөр айтылган үзүндүнү келтирет же ошол эле маалыматты өз сөзү менен айтып берет, мисалы:

• эгерде сен талаада иштесең, же үй курсаң, же нан бышырсаң, же кийим тиксең, же балдарды жакшы иштерге үйрөтсөң;

• жакшы иштер үчүн;

• алар иштешчү жана бири-бирине жардам беришчү.


Жооп кабыл алынбайт

Код 0: Тексттеги маалыматка байланышы жок же «Билбейм» деген жооп берилген, мисалы:

сулуулугу үчүн; • шайырдыгы үчүн.



4-суроо Туура жооп: (В)

Суроонун максаты: 1.1. Тексттеги негизги ойду аныктай билүү жөндөмүн текшерүү.

5- СУРООНУН ЖООБУН БААЛОО

Суроонун максаты: 3.5. Өз пикирин айта билүү жөндөмүн текшерүү.

Жооп кабыл алынат

Код 1: Окуучу айтып билдирген ой түшүнүктүү. Айтылган ойдун өзүнчө бөлүктөрү өз ара байланышкан. Башкы ойго тиешеси жок, ашыкча маалымат берилбейт, мисалы:

• жылмаюу – бул жакшы иштер үчүн ыраазычылык. Жылмайганы менен кичинекей кыз анын жакшылыгы үчүн ыраазы болгонун

көрсөттү;

• эгерде кишилер жылмайбаса, баары жалгызсырап, көңүлсүз, ачуулуу болмок. Демек, жылмаюулар керек;

• адамдар жылмайбаса, жашоо көңүлсүз, кызыгы жок болот;

• жылмаюулар керек, шаарда бардыгы бактылуу болгон, анткени жылмайганды билишкен.

Жооп кабыл алынбайт

Код 0: Окуучу кыска жооп берип, анысы текстке же өз ой жүгүртүүсүнө негизделген, ич ара байланыштуу ойду билдирбейт, же жооп ашыкча маалыматты камтыйт, же окуучу бүдөмүк жооп берет, мисалы:

• жылмаюулар керек, сыйкырчы жылмаюуларды уурдагысы келген;

• каардуу сыйкырчы жамандык кылууну каалаган: алдаган, ушак-айың тараткан, урушуп эле жүргөн жана бактылуу болгусу келген.


6- СУРООНУН ЖООБУН БААЛОО

Суроонун максаты: 3.1. Өзүнүн каарманга болгон мамилесин түшүндүрө билүү жөндөмүн текшерүү.

Жооп кабыл алынат

Код 1: Окуучу өзүнүн каарманга болгон мамилесин айтып, буга акыры боорукер боло алган каардуу сыйкырчынын мүнөзүн түшүнүүгө байланыштуу себепти келтирет, мисалы:

• мен буга ишенем, анткени ал жылмайганды үйрөнүүнү аябай каалаган;

• ишенбейм, анткени каардуу сыйкырчы мынчалык тез өзгөрө алмак

эмес.

Жооп кабыл алынбайт

Код 0: Окуучу өзүнүн каарманга болгон мамилесин түшүндүрбөйт, же бүдөмүк, карама-каршылыктуу жооп берет, же «Билбейм» деп жооп берет, мисалы:

• ишенбейм;

• ишенем;

• ал каардуу сыйкырчы болгон, анан кичинекей кызга жардам берди.


Код 9: Жооп жок.




Окуучунун аты, жѳнү _____________________ классы: _________

Ата журттун бир ууч топурагы

1-сап. Бир ууч топурактын эмне деген касиети бар? Чабалекей таруудай топурактан

2-сап. уя салат. Балапан чыгарып, алыска учуруп кетет. Келерки жылы жыт сиӊген

3-сап. эски уясына кайра келет. Ошентип, бир ууч топурактан куштардын мекени

4-сап пайда болот.

5-сап Көл бир тамчы суудан жыйылат, күү бир кайрыктан чертилет, кылым бир

6-сап күндөн түзүлөт. Демек, санжырачылардын ата журт бир ууч топурактан куралат 7-сап дегендери чындык экен да. Ата журттун бир ууч топурагы ыйык, ошондуктан 8-сап эл жаман көргөн адамына бир ууч топурак салбай коёт. Баарыбыз ата мекенди 9-сап сүйөбүз, туулган жердин топурагы-алтын.



1.1-4—сапта кайсыл куш жөнүндө айтылып жатат?

____________________________________________



2.5-6-саптагы сүйлөмдө кайсыл сөз кайталанып берилип жатат?

____________________________________________





1. Чабалекей

2.Бир



















________________________ мектебинин ______ классынын
PIZA- 25 программасы боюнча текстти окуп тушүнүү № ___ тестинин маалыматы .
2023-2024-окуу жылы.



Суроолордун саны: ____ Тапшыруу убактысы: ______ мин.

№

Класстар

Окууч.



Математикалык сабаттуулук (окуучулардын саны)


Катышкан класстардын саны

Жалпы окууч

саны

жазганы

Төмөнкү деңгээл

(0-2 балл)

Орточо деңгээл

(3-4 балл)

Ортодон жогорку деңгээл

(5-7 балл)

Жогорку деңгээл

(8-10 балл)

1







2.







3









Жалпы (% менен)









Сынак алуучу мугалим: ___________________ сынак алынган күн : ______________



__________________________ мектебинин ______ классынын
PIZA- 25 программасы боюнча текстти окуп тушүнүү № ___ тестинин маалыматы .
2023-2024-окуу жылы.

Суроолордун саны: ____ Тапшыруу убактысы: ______ мин.

№

Класстар

Окууч.



Математикалык сабаттуулук (окуучулардын саны)


Катышкан класстардын саны

Жалпы окууч

саны

жазганы

Төмөнкү деңгээл

(0-2 балл)

Орточо деңгээл

(3-4 балл)

Ортодон жогорку деңгээл

(5-7 балл)

Жогорку деңгээл

(8-10 балл)

1







2.
















Жалпы (% менен)







Сынак алуучу мугалим: _________________________ сынак алынган күн : _____________________

















________________________ мектебинин ______ классынын
PIZA- 25 программасынын математика боюнча № ___ тестинин маалыматы .
2023-2024-окуу жылы.



Суроолордун саны: ____ Тапшыруу убактысы: ______ мин.

Катышкан окуучулардын саны

Жынысы


Математикалык сабаттуулук

Жогорку

%

Орто

%

Тѳмѳн

%

Кыз









Уул








Сынак алуучу мугалим: ___________________ сынак алынган күн : ______________







__________________________ мектебинин ______ классынын
PIZA- 25 программасынын математика боюнча № ___ тестинин маалыматы .
2023-2024-окуу жылы.

Суроолордун саны: ____ Тапшыруу убактысы: ______ мин.

Катышкан окуучулардын саны

Жынысы


Математикалык сабаттуулук

Жогорку

%

Орто

%

Тѳмѳн

%

Кыз









Уул










Сынак алуучу мугалим: ___________________ сынак алынган күн : ______________











________________________ мектебинин ______ классынын
PIZA- 25 программасынын табигый илимдер сабаттуулугу боюнча № ___ тестинин
маалыматы .
2023-2024-окуу жылы.



Суроолордун саны: ____ Тапшыруу убактысы: ______ мин.

Катышкан окуучулардын саны

Жынысы


табигый илимдер сабаттуулугу

Жогорку

%

Орто

%

Тѳмѳн

%

Кыз









Уул








Сынак алуучу мугалим: ___________________ сынак алынган күн : ______________







__________________________ мектебинин ______ классынын
PIZA- 25 программасынын табигый илимдер сабаттуулугу боюнча № ___ тестинин маалыматы .
2023-2024-окуу жылы.

Суроолордун саны: ____ Тапшыруу убактысы: ______ мин.

Катышкан окуучулардын саны

Жынысы


табигый илимдер сабаттуулугу

Жогорку

%

Орто

%

Тѳмѳн

%

Кыз









Уул










Сынак алуучу мугалим: ___________________ сынак алынган күн : ______________