Практикалык сабак №10
Сабактын темасы: Өзгөрмө токтун чынжырындагы каршылыктары.
Сабактагы өтүлүүчү материалдар жана тапшырмалар:
Турактуу токтогу Омдун законундагы каршылык менен өзгөрмө токтун чынжырындагы каршылыкты айырмалашат;
Индуктивдүүлүк,каршылык,сыйымдуулук каршылыкты аныкташат;
Маселе иштөө;
Сабактын критерийлери:
Турактуу токтогу Омдун законундагы каршылык менен өзгөрмө токтун чынжырындагы каршылыкты айырмаласа;
Индуктивдүүлүк,каршылык,сыйымдуулук каршылыкты билсе;
Маселе иштей алса;
Өз көз караштарынын жана чечимдеринин ар түдүүлүгүн кабыл ала билип, башка студенттердин пикирлерин урматтоо менен кабыл ала билүүгө тарбияланышса;
Сабакка активдүү катышса;
Кайталоо үчүн жана жаңы темага өбөлгө түзүүчү суроолор:
Өзгөрмө ток менен турактуу токтун айырмасы кандай?
Өзгөрмө токтун мезгили эмнеге барабар?
Өзгөрмө токтун жыштыгы деп эмнени айтабыз?
Генератордун иштешин айтып бергиле.
Жаңы теманы түшүндүрүү:
Х класстын физика курсунан турактуу токтун негизги закону болгон Ом законун I=U/R белгилейбиз.Бул закон чынжырдын бөлүгүнөн өткөн ток күчүнүн I ушул бөлүктүн учтарынын ортосундагы чыңалууга пропорцианалдуу экендигин көргөзөт. Мындан U/ I катышы турактуу мааниси берээрлиги (U же I чоңдуктарынан көз каранды эместиги) келип чыгат.Бул закон өзгөрмө ток үчүн да орун алат. Бир гана турактуу ток кезиндеги R каршылыгынын ордуна чынжырдан бөлүгүүнүн электрдик толук каршылык Z алынат.
Төмөндө өзгөрүлмөлүү чыңалуудагы булакка туташтырылган чынжырда кандай каршылыктар боло тургандыгын карап көрөлүү. Сыйымдуулукка С, индуктивдүүлүк L жана активдүү каршылыкка R ээ болгон. Чынжырдагы өзгөрмө токтун амплитудасы Im, ошол чынжырдагы чыңалуунун амплитудасы Um, жана W жыштыгы аркылуу төмөндөгүдөй туюлтулат.
(21.1)
(21.1) Формуласынын бөлүгүндө турган
(21.2)
туюнтмасы өзгөрмө токтун чынжырындагы толук электрдик каршылык деп аталат.
Эгер чынжыр бир эле активдүү каршылыктан R турса,анда токтун амплитудасы төмөнкүгө барабар болот:
Каалагандай реалдуу чынжырда R,L жана С чектүү маанилерге ээ болушат. Айрым учурларда бул пареметрлерди маанилеринин кичинелигине байланыштуу айрымдарынын тийгизген таасирге эсепке алынбайт. Эгерде чынжырдын каршылыгын R нөлгө барабар,ал эми Сти чексизге барабар дей турган болсок,анда (21.1) формуласынан
барабардыгын алабыз.
чоңдугу чынжырдын индуктивдүүлүк каршылыгы д.а.
(21.4) чоңдугу сыйымдуулук каршылыгы деп аталат. С фарада,ал эми
рад /с аркылуу алынса,анда
Ом менен туюнтулат. Жыштыктын
өсүшү менен сыйгымдуулук каршылыгы кемийт ( (21.Н) барабардыгын кара). Турактуу ток үчүн
=∞
Демек,турактуу ток конденсатор аркылуу өтө албайт.Анткени анын обкладкаларынын ортосунда диэлектрик болот. Туташтыруучу өткөргүчтөрдөн жана индуктивдүүлүгү кичине,бирок каршылыгы R чоң болгон электр чынжыры болсун дейли. Мындай чынжырдагы электр каршылыгы активдүү каршылык деп аталат. R каршылыгынын активдүү деп аталгандыгы генератордон келген энергиясы чынжырдын өзүнө кабыл алгандыгына байланыштуу.Бир гана активдүү каршылыктан турган өзгөрмө токтун чынжыры жөнөкөй чынжыр болуп эсептелет. (30-сүрөт). Мындай чынжырда бардык электр энергиясы бир гана жылуулук аракетине зарпталат. Буга мисал катары электр плиткасын,ысытуучу приборлорду,кызытма лампасын ж.б келтирсек болот.
Активдүү каршылыктан гана турган чынжырдагы чыңалуу жана ток күчү өзгөрүү процесстеринде дайыма бирдей фазаларга ээ болушат. Мындай учурда чыңалуу менен ток күчүнүн максималдуу,ошоной эле аракет этүүчү маанилери үчүн кадимки Ом закону орун алат
жана
(21.5)
Чынжырдын учтарындагы чыңалуу жана ток күчүнүн көз ачып жумганча болгон мааниси горманикалык закон боюнча өзгөрөт:
t
Бышыктоо: Маселе иштөө
№7. Индуктивдүүлүгү 20 мГн болгон катушканын индуктивдүүлүк каршылыгы 880 Ом го барабар болгон учурдагы циклдык жыштыкты тапкыла?
| Берилди: = =880 Ом | Формула: = L | Чыгаруу Жообу: |
| |
№8.Сыйымдуулугу 16 мкФ болгон конденсатордун сыйымдуулук каршылыгы 5 КОм болгон учурдагы циклдык жыштыкты тапкыла.
| Берилди: =5000 Ом | Формула: = | Чыгаруу Жообу: |
| |
Үй тапшырмага берилүүчү суролор.
Толук токтордун каршылгы кандай туюнтулат?
Индуктивдүүлүк каршылыгы кандай табылат?
Сыйымдуулук каршылык деп эмнени айтабыз?
Активдүү каршылыктын каршылыктан айырмасы эмнеде?
Баалоо: Студенттер баалоо критерийлеринин негизинде бааланат