СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Өтүлгөн темаларды кайталоо

Категория: Литература

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Өтүлгөн темаларды кайталоо»

1-сабак \Кыргыз тили\9-класс\_________________________________________

Тема: Өтүлгөн материалдарды кайталоо

Сабактын максаты:

Күтүлүүчү натыйжалар

Билим берүүчү максаты: Бир өңчөй сүйлөм мүчөлөрү ээ, баяндооч, аныктооч, толуктооч, бышыктоочтун сүйлөм ичиндеги милдеттери жөнүндөгү билимдерди алышат.

-ар бир окуучу теманы бышыктоодо темага карата сүйлөмдөрдү түзүүнү, талдоону үйрөнгөнүн практикалык түрдө талдап көрсөтүшөт.

Өнүктүрүүчүлүк максаты: Сүйлөм тизмегинде өз алдынча талдоого, бир өңчөй мүчөлөрдүн ортосуна тыныш белгилерди коюну айырмалоого үйрөнүшөт.

-талкуунун жыйынтыгы боюнча аргументтүү жыйынтыктарды жасап, сынчыл ой-жүгүртө алышат.


Таалим-тарбия берүүчү максаты: Алтын эрежелерди сыйлоого, бири-биринин пикрилерин колдоого, эрежелерге ылайык сүйлөм түзүүгө тарбияланышат

-билимдүү, адептүү жана маданияттуу инсандын үлгүсүн көрсөтүп, түшүндүрүшөт.




Сабактын жабдылышы: окуу китеби 9-класс, сүрөттөр, интерактивдүү доска, слайд, дидактикалык каражаттар.

Сабактын жүрүшү

Сабактын баскычтары

Мугалимдин ишмердиги

Окуучунун ишмердиги

1)Уюштуруу

(5 мүнөт)

Кичинекей жат жазуу:

Антитеза, антология, антоним, аңгеме, ария, аруз, архаизм, аския, ассонанс, афоризм

Антитеза-гр сөзү –карама-каршы

Антология-гр сөзү –гүл чамбар

Антоним-гр сөзү –карам-каршы

Аңгеме-эпикалык жанрга кирген, кар сөз түрүндөгү чакан чыгарма

Ария-итал сөзү-өзүнчө вокалдык чыгарма

Аруз-араб өзгө ыр

Архаизм-гр сөзү-эски, эзелки

Аския-араб сөзү-сөз оюну

Ассонанс-фр сөзү үндөштүк, уйкаштык

Афоризм-гр сөзү-кыска, накыл сөз

2)Үй тапшыр-масын суроо

(5-мүнөт)

1.Бир өңчөй ээ, баяндооч(5балл)

2. Бир өңчөй аныктооч, толуктооч, бышыктооч (5балл)

3.Иш кагаздары (арыз) (5 балл)

4. Каратма сөз, киринди, сырдык сөз (5балл)

5. Кулактандыруу(5балл)

6. Токтом (5балл)

25же 30балл= «5»

20же24балл= «4»

15же19балл= «3»

14төн ылдый балл= «2»

1.Асан да, Үпөл да, Нуриддин да, Арапбай да активдүүлүгүн көрсөтүп сынактын ар бир турунда ырдады, бийледи, сүйлөдү.

2.китептин, калемдин, сумкамдын, боёгумдун.

Айнурага, Айдайга, Акматга, Акжолго

Ысык-Көлдөн, Оштон, Таластан, Бишкектен, Нарындан

3. Ош шаарындагы Курманжан Датка лицейинин директоруна

Ушул эле лицейдин 9-классынын окуучусу Эрнис уул Дармандан

Арыз

4. Жаман көрбө, Канымжан. Албетте, мындай иштерди чогу сүйлошуп аткарсак жакшы болот. Пай-пай сонун жарашыптыр.

5. Урматтуу окуучулар 2019-жылдын 1-апрелинде чоң актылар залында атактуу акын Омор Султанов менен жолугушуу болот. Акындын келишин утурлай мектебибиздеги жаш акындардын поэзия кечеси өткөрүлөт. Каалоочуларга эшик ачык.

Мектеп жетекчилиги

6. Расмий эмес иш кагаздарына кирет.


Ч.Айтматов «Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт» повестин жазып жатып Орган, Мылгун, Эмрайинды деңиз үстүндө суусуз калтырып улуу туман, толкун алдында өз өмүрлөрүн кыюуга аргасыз кылат. Суроо жазуучунун кандай катачылыгын сезүүгө болот.

Туура жазуучу туздалаган балыктын этин жедирип туруп анан суусатып жатат. Бирок, чындыгында адам баласы суук жерде суусабайт. Себеби алар улуу туман, толкун болуп жаткан деңиздин үстүндө эле да.

4)Жаңы тема.

(10 мүнөт)


Кулакка угулган айрым-айрым үндөр тыбыш деп аталат.

Тыбыштарды белгилөө үчүн алынган шарттуу белги тамга деп аталат.

Тамгалар биригип сөздү түзөт.

Сөздөр биригип сөз айкаштарын түзөт.

Сөз айкаштары биригип сүйлөмдү түзөт.

Сүйлөмдөрдөн текст куралат.

Кыргыз тил илиминде:

1.Фонетика,

2.Морфология,

3.Синтаксис,

4. Лексика,

5.Стилистика,

6.Пунктуация,

7.Орфоэпия,

8.Орфография,

9.Байланыштуу кеп сыяктуу болүмдөрдү окуп үйрөнөбүз.

Анын ичинен силер синтаксис бөлүмүнөн бир өңчөй сүйлөм мүчөлөрү жана стилистикадан иш кагаздар стили жөнүндө өткөнсүңөр.

Бир өнчөй сүйлөм деген сүйлөм тизмегинде бирдей суроого жооп берген сөздөрдүн топтомун айтабыз. Ал эми стилистикадан биз кеп стилдери жөнүндө окуп үйрөнөбүз. Биз сүйлөп жаткан кебибиз оозеки стиль жана китеп стили деп экиге бөлүнөт.

Оозеки стилге-адамдардын өз ара сүйлөшкөн, пикир алышкан сөздөрү кирет.

Китеп стилине-көркөм, илимий, публицистикалык, илимий стилдер кирет.

Көркөм стилге-ыр, аңгеме, очерк, повесть, роман, драма, поэма, жомок ж.б кирет

Илимий стилге-илимий китептер, рефераттар, баяндамалар, докладдар, дипломдук иштер, лекциялар, диссертациялар, курстук иштер ж.б кирет.

Публицистикалык стилге-интервью, репортаж ж.б кирет.

Иш кагаздар стили-2ге бөлүнөт

1-Расмий иш кагаздар(закондор, уставдар, программалар, резолюциялар,буйруктар, билдирүүлөр жарлыктар)

2-Расмий эмес иш кагаздар (арыз, мүнөздөмө, өмүр баян, тил кат, түшүнүк кат, ишеним кат, маалым кат, протокол, билдирүү ж.б кирет)


1)Топтор менен иштөө

(12 мүнөт)





















Сүйлөмдөрдөн алды сызылган сөздөрдү, бир өңчөй сүйлөм мүчөлөрү, кеп стилдери, сүйлөмгө мүчө боло албаган тобу болуп үчкө бөлүнөбүз.

Ар бир топ өзүнүн атына жараша суроолорго жооп беришет.


1-топко. ___________жана __________ жасаган ишиңер көңүлгө жагат.

Иванды___, ______ кыргыздар ага бирдемесин бергиче шашчуу.




2-топко. Сабактан жооп суроо арызын жазып келгиле.









3-топко. Эки каратма, 2 киринди, 2 сырдык сөз катыштыр сүйлөм түзгүлө.


1-топ «Сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрү» тобу

Алардын жана силердин жасаган ишиңер көңүлгө жагат.

Иванды билген жана тааныган кыргыздар ага бирдемесин бергиче шашчуу.


2 –топ «Кеп стилдери» тобу

Ош шаарындагы Курманжан Датка лицейинин директору


9-классынын окуучусу


Арыз

Ооруп калгандыгыма байланыштуу 2019-жылдын 1-апрелинен, 7-апрелине чеийн жооп берип турууңузду суранам.

Ден соолугума байланыштуу маалымдоо баракчасын тиркейм.

1.04.2019 (колу) ___________

3-“Сүйлөмгө мүчө боло албагандар” тобу


Садагаң, сен бул орок оргонду кайдан үйрөндүң. Айжан, сени кече бир киши сураган.


Алар, ошентип, бүгүн жете барышат туура. Сен экөөбүз, эң оболу, окуу жөнүндө сүйлөшөлү.


Баракелде, алып эле арабага коё койду.

Кош, жолдош Аскаралиев, сиз эмне демекчи болосуз?

5)Бышыктоо

(5 мүнөт)


  1. Кыргыз тилинде сүйлөм мүчөлөрү кайсылар?

  2. Кеп стиледери дегенде кайсыларды түшүнөсүңөр?

  3. Көркөм стилге мисал келтиргилечи?





6) Рефлексия

(3 мүнөт)







Билдим…

Кызык болду…

Мен түшүндүм…

Эми аткара алам…

Мен үйрөндүм…

Мен аракет жасайм….

Мени таң калтырды…

Мен дагы аткаргым келди…












7)Үйгө тапшырма

(1мүнөт)




Бирге олтурган шерик-шеригиңерге мүнөздөмө жазып келгиле?



8)Бааолоо

(3мүнөт)



Окуучлардын сабакка катышуу жөндөмдүүлүгүнө жараша... “5”, “4”, “3”, “2”



Мугалим: Келерки сабакка чейин: Арыбагыла балдар!

Окуучулар: Сиздагы, бар болуңуз!