Просмотр содержимого документа
«Өтүкен уйгур кагандыгы»
2.1.1.2. Өтүкен уйгур кагандыгы (744-840-жж.) жазма эстеликтеринде кыргыз этноними
744-жылы көктүрктөрдү жеңип, II Көктүрк Кагандыгынын ордуна өздөрүнүн кагандыгын курган уйгурлар көктүрктөр, кыргыздар колдонгон байыркы түрк (битиг) жазуусун колдонуунун улантышып, кагандарына, белгилүү мамлекет башчылары менен кол башчыларына арналган жазма эстеликтерди тургузушкан. Бул жазма эстеликтер азыркы Монголиянын жеринде, ошол эле Өтүкен аймагында жайгашкан.
Кыргыз сөзү Өтүкен уйгур кагандыгы жазма эстеликтеринен Шине-Ус жана Кара-Балгасун I жазма эстеликтеринде учурайт.
2.1.1.2.1. Шине-Ус жазма эстелигинде кыргыз этноними
б.з. 759-ж / б.з. 751-ж
747-759-жылдары Өтүкен Уйгур кагандыгын башкарып турган Моюн-Чор кагандын (716-759) урматына 759-жылы тургузулган Шине-Ус жазма эстелиги 1909-жылы Монголиянын Булган аймагынын (облус) Сайхан сомонунда (район) жайгашкан Могойн Шине-Ус аймагында Г.Р. Рамстедт жетектеген экспедиция тарабынан табылган. Экиге бөлүнүп калган таш эстеликтин жалпы бийиктиги 367 см болуп, төрт тарабына тең жазуу түшүрүлгөн (Mert, 2009: 197-201).
Кыргыз этноними Шине-Ус жазма эстелигинде zqRiq түрүндө жазылган. Бул тамгалар кыркыз (qïrqïz) деп окулат. Аталган жазма эстеликте кыргыз этноними эки жолу учурайт:
1. Кыркыз тапа эр ыдмыш. “Сиз ташыкың, чикиг ташгарың” тимиш. “Мен ташыкайын” тимиш, “Көр-Будкалыда кабышалым” тимиш (Кыргыздарга карай адам жибериптир. “Силер көтөрүлгүлө, чиктерди да көтөргүлө” дептир. “Мен да көтөрүлөйүн” дептир, “Көр-Будкалыда жолугушалы” дептир) (Шине-Ус ж.э. 10-11-саптар).
Бул сүйлөмдө уйгурларга каршы чыккан бир элдин башчысынын кыргыздарга кабарчы жиберип, аларга уйгурларга каршы аттангыла, көтөрүлгүлө, чиктерди да көтөргүлө деп айтканы жазылган.
2. Иши йер тапа аз эр ытмыш. “Көр” тидим. Кыркыз каны Көгмен иринте эб-баркынта олурур эрмиш. Йелмесин Иш йериңерү ыдмыш. Йелмесин мениң эр анта басмыш, тыл тутмыш (Иши жерге карай аз аскер жибериптир. “Кара” дедим. Кыргыз каны Көгмен жеринде, сарайында отуруптур. Чалгынчыларын Иш жерине карай жөнөтүптүр. Чалгынчыларын менин аскерлер ал жерде басып алыптыр, тил катары тутуп алыптыр) (Шине-Ус ж.э. 11-сап).
Жогорудагы биринчи сүйлөмдүн уландысы болгон бул сүйлөмдө кыргыз
канынын Көгмен жеринде, сарайында отурганы, Иш жерине карай чалгынчыларын жибергени, бирок аларды Моюн Чордун аскерлери кармап алганы айтылган.
Бул сүйлөмдөрдө кыргыздардын чиктер жана текстте аты өчүп калган бир эл менен биригип, уйгурларга, Моюн Чорго каршы көтөрүлгөнү баяндалган. Тарыхта белгилүү болгондой, 751-жылы кыргыздар чиктер, огуздар жана карлуктар менен коалиция куруп, уйгурларга каршы көтөрүлүшкөн. Бирок бул коалиция ишке ашпай, 758-жылы уйгурлар кыргыздарга оор сокку уруп, өздөрүнө каратып алышкан (Худяков, 1980: 153-154). Демек Моюн Чор жазма эстелигинде кыргыз этноними ушул окуяга байланыштуу эскерилген деп эсептесек болот.
Кыргыз этноними Моюн-Чордун жазма эстелигинде өз алдынча жана кан сөзү менен бирге колдонулуп, Көгмен, тагыраак айтканда, Түштүк Сибирде жашаган өз өкүмдары, демек мамлекети бар элди билдирген.