Тарбия берүүдө ата-эненин ролу
- Балага тарбия берүү жашообуздун бир бөлүгү болгон соң, ага чоң маани берүү абзел. Анын келечекте кандай адам болооруна эң ириде үйдөгү тарбия роль ойнойт. «Куш уядан эмнени көрсө учканда ошону алат» демекчи, баланын өз алдынча калыптануусу, коомдогу орду, мунун баардыгы ата-энеге байланыштуу.
1 . Эмне үчүн көп учурда ата-энелер
балдарынын чоңоюп калганына
маани бербей, мурдагысындай эле
мамиле кыла беришет? Же
тескерисинче кичинекейинен эле
жоопкерчиликтердин баарын
артып салып, сен тун уулумсуң, же
тун кызымсың деп андан чоң
нерселерди талап кылышат?
2 . Эмоционалдык баарлашуулардын жоктугуна эмнелер себеп? Көп учурда ата-эне кагып силкип “ыйлаба”,
“ оозуңду жап”, “тынч отур” , “буту-колуңду сындырам” деген сыяктуу сөздөр менен балдардын табиятындагы эмоциясына тыюу салат, мунун таасири кандай болот?
- Баланы инсан катары кантип тарбиялоо керек? Анткени ата-эне ага кандай мамиле кылса айлана чөйрө дагы ошондой мамиле кылып, баланын келечеги ошого жараша курулабы?
- Бир үй-бүлөдө беш бала болсо, алардын ар башка кыялы бар да. Баланын кыялдары, мүнөздөрү ата-эненин тарбиясына жараша болот. Мисалы, уялчаак, тартынчаак, жер карап көп сүйлөбөгөн балдар болот, ошол эле учурда тапан, урушчаак же колу туткак балдар бар. Ошентип үй-бүлөдөн кандай тарбия берилсе, айлана чөйрөдөгүлөр дагы ага ошондой мамиле кылат.
- Эмне үчүн балага ишеним артуу
жок, ата-эне ага ишене бербейт?
- Ата-энелердин өздөрүндө айлана-чөйрөгө,
жаратылышка болгон ишеним жоктугунан улам,
баланы катуу көзөмөлгө алышат. Биздин
массалык маалымат каражаттарында
“ баланчаны унаа сүзүп кетиптир, түкүнчөнү
уурдап кетиптир” деген маалыматтар көп болсо,
адамдын аң сезиминде коркунуч орноп калат.
6 . Балага өтө эле үйрүлүп түшүү туурабы? Маселен ал көптөн бери күткөн бала, жалгыз бала же кыз болсо. Өтө эле үйрүлүп түшүү баланын келечегине балта чаппайбы?
- Эшиктен келдиби, кийимин чечип
илгенге үйрөткүлө. Балам чарчап
келген турбайбы деп, ыргыткан
кийимдерин аркасынын жыйнап жүрө
берсеңер бала ошого көнөт, мажүрөө
же агрессивдүү болуп, мага баары
карыз, мага баары берип турушу керек
деп чоңоет.
- Тарбия берүүдө эне менен атанын
ролу кандай болуусу шарт, анткени
энеси бирди айтса, атасы башканы
айтат, кош стандарттуулук десе
болобу муну? Ата-эне эки башка
тарбия, коом өзүнчө тарбия берип,
жыйынтыгында таптакыр башка
бала чоңоет. Анан ата-энеси биз муну
минтип тарбиялаган эмеспиз деп
таң калышат.
- Эмне үчүн балага манипуляция же алдоо менен тарбия бербеш керек?
Анткени ата-эне же ошол эле балдар ата-энесине бир максатына жетүү
үчүн алдап же манипуляция
кылышат, анын жыйынтыгы кандай
болот?
- Биз дайыма кимдир бирөөнү башкаруу үчүн манипуляция
кылабыз. Бирок ар бир нерсенин чеги болот. Манипуляция
кылууну биз балдарга өзүбүз үйрөтөбүз. Апасы көйнөк алгысы
келсе, күйөсүнө барып өзү айтпай, кызын жиберет. Ал атасына
барып эркелеп, мойнуна асылып, ата апама көйнөк алып берчи,
болбосо мен ыйлайм дейт. Кызын жакшы көргөн атасы, макул
болот. Кыз эмне болду, башкарганды үйрөндү.