СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Окутуу методдору

Категория: Математика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Окутуу методуна түшүндүрмө. Окутуу методунун түзүлүшү

Просмотр содержимого документа
«Окутуу методдору»

Окутуунун методдору

"Метод" термини байыркы грек cөзүнөн түзмө - түз которгондо максатка жетүүнүн ыкмасы, жолу дегенди түшүндүрөт же метод - жалпы мааниде максатка жетүүнүн жолу, белгилүү мүнөздө иреттелген иш-аракеттин жыйындысы.

Окутуу методу педагогдун окутуу ишмердүүлүгүнүн жана окуучулардын окуп-таанып билүү ишмердүүлүгүнүн бири-бири менен айкалышып, окуу максатына жетүүгө багытталышы. Негизинен алганда окуу методу бир, же бир канчалаган ыкмалардан турат. Ыкма методдун өзүнчө бир бөлүгү, ал өз алдынча болгон аракеттин жыйындысы. Айрым бир учурларда окутуунун ыкмасы метод катары кабыл алынат жана бир эле ыкма ар түрдүү методдордун курамына кириши мүмкүн.



Окутуу методун түзүлүшү боюнча эки бөлүккө бөлүүгө мүмкүн

а) методдун объективдүү бөлүгү кандай гана окуу предмети окулбасын мугалим менен окуучунун сөзсүз түрдө аткара турган окуу-таануу ишмердүүлүктөрдүн, ыкмаларынын жыйындысы

б) методдун субъективдүү бөлүгү ар бир педагогдун жана окуучулардын жекече өзгөчөлүгү, даярдыгы жана мүмкүнчүлүгү менен мүнөздөлөт жана ал белгилүү өзгөрүүлөргө учурап турат.

окутуунун методу - мугалимдин окутуу ишмердүүлүгү менен бирге окуучулардын жаңы материалды жогорку деңгээлде уюштуруу жана жүргүзүү, башкача айтканда окуу максатына жетүү үчүн алдыга коюлган дидактикалык маселелерди чечүүдө окуучулардын окуп-үйрөнүү ишмердүүлүгүн уюштуруу ыкмасы, жолу болуп саналат.



1