Адабий окуу сабагы боюнча тест 4 - класс
Окуучунун аты,жөнү: __________________________________________
1-бөлүм: Даңктана бер ,эгемендүү , өнөргө бай Ата Мекеним.
Бул саптар кайсы тоо тууралуу айтылат?
Жайы-кышы кетпеген, а) Тянь- Шань
Мөңгүсү бар ........ б) Ала- Тоо
Асман менен тирешкен, в) Нарын
Белгиси бар ........ г) Алай
2.Кыргызстандын борбор шаары Бишкек тууралуу жазылган ыр кайсы акынга таандык?
А) А. Токомбаев в) Э. Ибраев
Б) Т. Үмөталиев г) м. Жангазиев
3.”Кыргыздын Ала-Тоосу” деген чыгарманын автору ким?
А) Т. Үмөталиев в) М. Абылкасымова
Б) Ж.Бөкөнбаев г)А. Токомбаев
4.Мамлекеттик Гимнибиздин сөзүн кимдер жазган?
А)Б. Чотурова, с. Эралиев в) Б. Сарногоев, А.Жакшылыков
Б) Ж.Садыков, Ш. Кулуев г)Б. Асаналиев, Т. Байзаков
5.Кыргыз элинин бала төрөлгөндө жасалуучу салты кайсы?
А)мал союу в) конокторду чакыруу
Б)азан чакырып ат коюу г)бешикке салуу
6.Макал- лакаптардын адамга кандай пайдасы бар?
А) турмушка үйрөтөт в) тарбиялайт
Б) сөз байлыгын өстүрөт г) пайдасы жок
7. Элибиздин салттуу оюну кайсы?
А) хоккей в) ордо
Б) футбол г) шахмат
8.Элибиздин эң ыйык музыкалык аспабы?
А) сурнай в) балалайка
Б) комуз г) кыл кыяк
9.Күүнүн башы ........ ?
А) Кара өзгөй б) Камбаркан в) Маш ботой
10.Жоого минилүүчү эң мыкты жылкынын аталышы?
А) жорго б) тулпар в) аргымак
Упай:__________ Баасы:_______
Мекен таануу сабагы боюнча тест 4-класс
Окуучунун аты,жөнү: __________________________________________
3-бөлүм: “Жер жөнүндөгү билимдин өркүндөшү” бөлүмүнөн тесттер
1.Жер шарындагы материктердин саны канча?
А) 5 б) 6 в)8
2.Эң чоң материк кайсы?
А) Антарктида б) Евразия в)Түндүк Америка
3.Дүйнөнүн эң чоң бөлүгүн атагыла?
А) Америка б) Австралия в) Азия
4.Дүйнөдөгү эң чоң арал кайсы?
А) Греландия б) Исландия в) Жаңы Гвинея
5.Жаңы дүйнө курамын белгиле.
А) Америка, Африка, Европа б) Америка , Австралия, Антарктида
В) Евразия, Антарктида, Африка
6.Кыргызстан _____________________ жарым шарында орун алган?
А) түндүк жана чыгыш б)түндүк жана батыш
В) түштүк жана чыгыш
7.Кыргызстанга жакын жайгашкан мухитти белгиле.
А) Тынч б) Инди в)Атлантика
8.Суу көтөрүлүп , кайра тартылуу себеби- бул __________________________
А) айдын тартылуу күчү б) шамал
В) цунами
9.Тузсуз суунун эң көп топтолгону ______________________________
А) Арктика муздарында б) Антарктида муздарында
В) тоолордогу мөңгүлөрдө
10.Кыргызстандагы эң чоң мөнгү бул - ________________________
А) Түштүк Эңилчек б) Семёнов мөңгүсү
В) Түндүк Эңилчек
Баасы:_____ Упайы:________
Адабий окуу 4-класс 3-чейрек
Окуучунун аты,жөнү: __________________________________________
5-бөлүм: Ойлонолу, изденели, билип алалы!
1.Кайсы куш өзүнө уя салбай жумуркаларын ар кайсы жерге тууп ташташат?
А)Көгүчкөн б)Телик куш в)Сагызган
2.Кайсы канаттуунун сүтү болот?
А) күкүк б) сагызган в)көгүчкөн
3.Киттин баласы тоюш үчүн бир эмгенде канча литр сүт эмет?
А)800 литр б)500 литр в)600 литр
4.Куурчактарга “Робот” деген ат ким тарабынан коюлган?
А) Викансон б)Карел Чапек в) Жак Дро
6-бөлүм: Элибиздин улуу инсандары
5.Жарым миллион сап “Манас” эпосун жатка билген манасчы ким ?
А)Найманбай б)Саякбай Каралаев в)Сагынбай Орозбаков
6. Кыргыз аялдарынан чыккан “Датка” ким?
А)Сайкал б)Курманжан в)жаңыл Мырза
7.Кожомкул балбан кайсы жерде туулган?
А)Тогуз-Тородо б)Суусамырда в)Токтогулда
8.Куйручук атабызга мүнөздөмө бер.
А)жалганчы б)куудул, акылман в)тарбиясыз
9.Кыргыз врачтарынын ичинен биринчи болуп жүрөккө операция жасаган адам ким?
А) Э. Акрамов б)Иса Ахунбаев в)М.Мамакеев
10.”Ойногун спорт оюнун” бул ырдын автору ким?
А) Б.Сарногоев б)А.Осмонов в) Т.Молдо
Упайы:______ Баасы:______
Адабий окуу сабагы 4-класс 3-чейрек
Окуучунун аты,жөнү: __________________________________________
5-бөлүм: Элибиздин улуу инсандары. Бабалардан калган сөз. Кыргыз балдарынын сүйүктүү акын-жазуучулары.
1.Жарым миллион сап “Манас” эпосун жатка билген манасчы ким?
А) У.Мамбеталиев б) С.Каралаев в) С.Орозбаков
2.Кыргыз аялдарынын ичинен чыккан “Датка” ким?
А) Сайкал б)Курманжан в)Айчүрөк
3.Кожомкул балбан кайсы жерде туулган?
А) Суусамырда б) Тогуз-Тородо в) Токтогулда
4.Кыргыз врачтарынын ичинен биринчи болуп жүрөккө операция жасаган адам ким?
А) Э.Акрамов б) М. Ахунбаев в)М.Мамакеев
5.Манастын акылчысы ким болгон?
А) Алмамбет б)Чубак в)Бакай
6.Семетей атасынын ким экенин канча жашында билет?
А) тогуз жашында б) он эки жашында в) он бир жашында
7.Кожожаштын аялынын аялынын аты ким?
А) Жамал б) Зулайка в) Сайкал
8.Ак жолборс менен достошкон кайсы баатыр?
А) Эр Төштүк б)Алпамыш в)Карадөө
9.Жан-жаныбарлардын турмушуна кайгырган боорукер адам ким?
А) Жакып б)Асан кайгы в)Султан
10.Тоголок Молдо атаңардын силер үчун жазган чыгармалары кайсы?
А) Телибай Тентек б) Кумурскалар коому в)Алгачкы кадам
11.”Мурат” деген чыгарма кимдин калемине таандык?
А) К.Жөнтөшев б) К.Баялинов в) С.Рысбаев
12. Карыя калыс айттыбы? Аңгемесинде канча бала жөнүндө сөз болуп жатат? А) 3 бала б) 2 бала в) 4 бала
Упайы:______ Баасы:______
Чейректик тест: Мекен таануу сабагы Класс: 4-класс 3-чейрек
Окуучунун аты,жөнү: __________________________________________
1.Африка, Австралия, Түштүк Америка жайгашуусу боюнча кандайча аталат?
А) Түндүк материктери б)Туштук материктери в)Чыгыш материктери
2.Секвойя ийне жалбырактуу дарагы кайсы материкте өсөт?
А)Түндүк Америкада б)Африкада в)Евразияда
3.Дүйнөдөгү эң чоң материк кайсы?
А) Австралия б)Евразия в)Африка
4.Кыргызстан түштук-чыгышынан кайсы мамлекет менен чектешип турат?
А) Өзбекстан б)Кытай в) Казакстан
5.Комуз, кыл кыяк, ооз комуз, чопо чоор, добулбас бул _________________________
А) музыкалык аспаптар б) музыкалык каражаттар в) билбейм
6. Казакстандагы эң чоң шаар кайсы?
А) Астана б)Алматы в)Шанхай
7.Өзбекстандын борбору жана акча бирдиги кайсы?
А) Астана, тенге б) Душанбе ,сум в)Ташкент, сум
8.Гиссар койлору кайсы коңшу мамлекетте көп кездешет?
А) Тажикстанда б) Казакстанда в) Кытайда
9.Кытай калкы боюнча канчанчы жана аймагы боюнча канчанчы орунда турат?
А) калкы боюнча 1-орунда, аймагы боюнча-3-орунда
Б) калкы боюнча 3-орунда, аймагы боюнча-1-орунда
В) калкы боючада, аймагы боюнча да 1-орунда
10.Россияда канча улуттун элдери жашайт?
А) 160улут б) 150 улут в)180 улут
Упайы:________ Баасы:______
Чейректик тест Кыргыз тили сабагы Класс: 4-класс 3-чейрек
Окуучунун аты,жөнү: __________________________________________
1.Кыргыз тилинде канча сөз түркүмү бар?
А) 8 сөз түркүмү б) 9 сөз түркүмү в) 7 сөз түркүмү
2.Заттын атын билдирген сөз түркүмү кайсы?
А)Сан атооч б) Зат атооч в) ат атооч
3.Кыргыз тилинде канча жөндөмө бар?
А) 6 жөндөмө б) 5жөндөмө в) 7 жөндөмө
4.Кош жана кошмок татаал зат атооч сөздөрдү белгиле.
А) ата-эне, ден соолук б) Ысык-Ата,китептер в)туулган жер,алма
5.Эмне кылды? эмне кылып жатат?эмне кылат?кантти? деген суроолорго жооп берген сөз түркүмү кайсы?
А) Зат атооч б) Этиш в) Сын атооч
6. Этиштин канча чагы бар?
А) 4 чагы бар б) 3 чагы бар в) 2 чагы бар
7. Эмне кылып жатат? деген суроо этиштин кайсы чагынын суроосу?
А) келер чак б) учур чак в) өткөн чак
8. Заттын сын-сыпатын, көлөмүн, формасын, өңү-түсүн бирген сөз түркүмүн белгиле.
А) Сан атооч б)Сын атооч в)Этиш
9. Жетимиш, токсон бир, беш, он төртүнчү деген сөздөр кайсы сөз түркүмүн билдирет?
А) Зат атооч б)Сан атооч в) Сын атооч
10.Эсептик сан атооч заттын эмнесин билдирет?
А) Иретин б)санын в)эсебин
Упайы:______ Баасы:______
Чейректик тест Математика 4-класс 3-чейрек
Окуучунун аты,жөнү: __________________________________________
1.Көбөйтүндү эмнеге барабар? 0*2*3*4*5*6=?
А)5 б) 0 в)6
2.Жыйырма жети миң беш жүз беш санынынжазылышын төмөнкүлөрдөн тап?
А) 27505 б) 270505 в) 275005
3.Космостук корабль 8 км/сек ылдамдык менен учат. Ал бир мүнөттө канча км аралыкты учуп өтөт?
А) 460 км Б) 480 км в) 440 км
4.Тик бурчтуктун периметри 24 см, бир жагы 4см . Тик бурчтуктун экинчи жагын аныкта.
А) 8см б) 6см в) 4 см
5.Диаметри 12 см болгон айлананын радиусу канча?
А) 6см б) 8 см в) 5 см
6. 975 менен 43түн көбөйтүндүсүнөн 1265ти кемит.
А) 41660 б) 72660 в)40660
7. Теңдеменин тамырын тап. Х:27+436=1000
А)15228 б)15822 в) 15300
8. Квадраттын жагы 5см болсо, периметрин жана аянтын тап.
А)25см 2 б)20см в)25см г)20см2
9. 6888:123+8749=?
А) 6605 б) 8805 в)7705
10. 999см2 канча мм2 барабар?
А) 9990мм2 б) 99900мм2 в) 9999000мм2
Упайы:______ Баасы:_______