21. Маалыматтык компетенттүүлүк.
| Аспект | 1-деңгээл | 2-деңгээл | 3-деңгээл |
| Милдетти чечүүгө ылайыктуу булактарды издөө | - издөөнүн берилген параметрлерин жолдоо менен маалыматтарды табуу; | - берилген маселе боюнча маалымат булагын өз алдынча табат; | - берилген ишмердик милдеттерине ылайык (анын жүрүшүндө изделген маалыматты пайдалануу зарыл) маалыматты издөө пландаштырылат; - тигил же бул булактарды пайдаланууну негиздейт; |
| - алдыга коюлган милдетти чечүү үчүн кандай маалымат бар экендигин, кайсынысы кем экендигин аныктайт; | - сунуш кылынган ашкере маалыматтардан милдеттерди чечүүдө зарыл болгон маалыматты бөлүп көрсөтөт | - ишмердиктин милдетине таянуу менен тигил же бул типтеги маалыматтарды пайдаланууну негиздейт; - милдетти чечүү үчүн жеткиликтүүлүк жана ылайыктуулук көз карашынан алынган маалыматка баа берет; - маалыматтык издөөнүн аяктагандыгы жөнүндө өз алдынча жана жүйөлүү чечим кабыл алат; |
| - аныктамаларды, энциклопедияларды пайдаланат, китепте мазмуну, ал эми сайтта шилтемелер боюнча багыт алат. | - карточкалык жана электрондук каталогдордон, Интернеттин издөө тутумдарынан пайдаланат; - библиографиялык басылмалардан, мезгилдүү басылмалардын макалаларынын тизмелеринен пайдаланат | - берилген маалыматты кайсы типтеги булагынан издөө керектигин көрсөтөт же маалыматтык издөө милдетине ылайык булакка мүнөздөмө берет; |
| Маалыматты алып чыгуу жана адеп иштетүү | - бир же бир нече булактардан (анын ичинде оозеки сөздөн) бир негиз боюнча маалымат алып чыгат жана анын алкагында берилген түзүмдү тутумга салат | - бир же бир нече булактардан эки жана андан ашык (анын ичинде оозеки сөздөн) негиздер боюнча маалымат алып чыгат жана анда берилген түзүмдүн алкагында тутумга салат, суроо берүү менен диалогдо кошумча маалымат алат, бир тема боюнча маалыматтарды баштапкы тутумга салуу үчүн жөнөкөй түзүмдү өз алдынча берет; | - бир же бир нече булактардан эки жана андан ашык негиздер боюнча маалыматты алып чыгат жана маалыматтык издөө милдетине ылайык өз алдынча аныкталган түзүмдө аны тутумга салат; |
| - негизги ойду аныктоо менен монологдо, диалогдо, дискуссияларда (топтордо) иш жүзүндөгү баа берүүчүлүк маалыматтын негизги мазмунун, себептик-натыйжанын байланышын, сүйлөп жаткан адамдын окуяларга жана аракеттеги адамдарга мамилесин кабылдайт | - статистикалык булактан, тарыхый булактан, көркөм адабияттан берилген суроо боюнча маалыматты алып чыгат; | - статистикалык булактан, тарыхый булактан маалыматты алып чыгууну өз алдынча алып чыгат жана жүзөгө ашырат; |
| - графика жана символдор менен берилген жөнөкөй маалыматтарды ачып көрсөтөт | - графикада берилген жөнөкөй (бир курамдык) же формалдаштырылган (символдук) маалыматты текстке жана андан кайра которот | - графикада берилген курамы боюнча татаал (көп аспекттүү) же формалдаштырылган (символдук) маалыматты текстке жана андан кайра которот |
| Маалыматтарды иштетүү жана анын негизинде чечимдерди кабыл алуу | -маалыматтын жетишсиздигин же өзүнүн маалыматты түшүнбөстүгүн көрсөтүү менен суроолорду берет | - маалыматтын аныктыгын текшерүүнүн мугалим сунуш кылган ыкмасын жүзөгө ашырат; | - текшерүүгө муктаж болгон маалыматты өз алдынча көрсөтөт, жана маалыматтын аныктыгын текшерүү ыкмасын колдонот; |
| - маалымат булагынан белгилүү тыянактарды негиздеген аргументтерди бөлүп көрсөтөт | - берилген критерийлер боюнча алар жөнүндө маалыматты салыштырып талдоонун негизинде объекттер, процесстер, кубулуштар жөнүндө тыянак чыгарат, конкреттүү шарттарда жалпы мыйзам ченемдүүлүктөрдү колдонуу жөнүндө тыянак жасайт | - алар жөнүндө маалыматты салыштырып талдоонун негизинде объекттер, процесстер, кубулуштар жөнүндө тыянак чыгарат, тандалган эмпириялык маалыматтардын негизинде жалпылоону жасайт; |
| Маалыматтарды берүү | - алынган маалыматтарды так баяндайт | - алынган маалыматты чечилүүчү милдеттин контекстинде баяндайт; | - маалымат берүүнүн стратегиясын өз алдынча иштеп чыгат жана аны берилген милдетти, аудиторияны ж.б. эске алуу менен сунуш кылат; |
| - бир формада алынган маалыматты башка форматта сунуш кылат | - оозеки чыгып сүйлөө жана жазуу жүзүндөгү продукта берилген жанрда маалыматты сунуш кылат; | - оозеки бетачарды түшүнүүнү жеңилдеткен жазуу жүзүндөгү продукту даярдайт |
22. Социалдык-коммуникациялык компетенттүүлүк
| Аспект | 1-деңгээл | 2-деңгээл | 3-деңгээл |
| Коммуникациялык кырдаалды талдоо | - стандарттуу коммуникациялык кырдаалда өз ролун жана өнөктөрдүн позицияларын аныктайт (мен киммин, кандай максаттар бар, катышуучулар ким, алар жөнүндө эмне билем) | - өз позициясын жана коммуникациялык кырдаалдын катышуучуларынын позицияларын, алардын социалдык ролун жана ниеттерин сырттан берилген коммуникациялык максаттар менен салыштырат, алардын мүмкүн болуучу позицияларын ролдорун, сүйлөө амплуасын жана ниеттерин аныктайт | - коммуникациянын жагдайын жана анын өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн өз алдынча баалайт жана божомолдойт |
| Коммуникациялык ишти пландаштыруу жана даярдоо | - стандарттуу планга ылайык өзүнүн жүрүм-турумун жана коммуникациялык милдеттерин аныктайт - берилген максаттын негизинде сүйлөнүүчү сөздүн планын, максаттуу аудиторияны жана чыгып сүйлөө жанрын даярдайт | - стандарттуу кырдаалда өзүнүн коммуникациялык жүрүм-турумунун планын түзөт; - коммуникациялык милдетке ылайык оозеки же жазуу жүзүндөгү тексттин (максат - аудитория) мазмунун түзөт жана түзүмүн аныктайт | - коммуникациялык жагдайдын өнүгүшүнө божомолго негизденүү менен маалыматты оозеки же жазуу жүзүндө баяндоо ыкмасын тандайт; - коммуникациялык жагдайга негизденүү менен коммуникациялык милдетти (максат-роль-аудитория) өз алдынча жүзөгө ашырат; |
| Коммуникациялык милдеттерди жүзөгө ашыруу | - алдыга коюлган коммуникациялык милдетке жана берилген социалдык ролго ылайык берилүүчү маалыматтын мазмунун калыптандырат; - берилген үлгү боюнча жөнөкөй түзүмдөгү аргументти түзөт; - берилген үлгү боюнча оозеки жана жазуу жүзүндө стандарттарга ылайык өз оюн тариздейт; - оозеки жана жазуу жүзүндө башкаларга (башкалар) берилген маалыматтарды кабылдайт; - мугалим берген коммуникациялык форматта өнөк (өнөктөр) менен өз ара аракеттенүүнү колдоого алат | - берилүүчү маалыматтын мазмунун түзөт жана алдыга коюлган коммуникациялык милдетке ылайык социалдык ролду тандайт; - өз позициясын түшүндүрүү менен аргументтерди келтирет; - коммуникациянын алдыга коюлган максатына жана адресатына ылайык белгилүү жанрдын жана түзүмдүн оозеки жана жазуу жүзүндөгү формасындагы (белгилүү формаларынын ичинен) стандарттарга ылайык өз оюн тариздейт; - башкалар (башкаларга) берилген маалыматты кабылдайт, тандалган формада (оозеки же жазуу жүзүндө) маалыматтын мазмунун берет; - коммуникациялардын бир нече форматтарын билет жана сапаттуу кайра чагылдырат | - социалдык ролду жана коммуникациялык милдетти (жагдайга жараша) өз алдынча аныктоо менен берилүүчү маалыматтын мазмунун түзөт - талкуулоо үчүн сунуш кылынган позицияларга "жактап" жана "каршы" жүйөлөрдү тизмектейт, өз позициясына негиздеме берет; - коммуникациялык жагдайга ылайык коммуникациянын максатын, дарегин жана жанрын өз алдынча аныктоо менен иштетилген маалыматты оозеки жана жазуу жүзүндө тариздейт; - башкаларга (башкалар) берилген маалыматты оозеки же жазуу жүзүндө адекваттуу интерпретациялайт; - коммуникациянын ар кандай форматтарына ээ болот, коммуникациялык жагдайга ылайык аларды өз алдынча тандай билет; |
| Коммуникациянын ийгиликтерине баа берүү (рефлексия) | - жүзөгө ашырылган коммуникациялардын күчтүү же чабал жактарын белгилейт; - коммуникациянын айрым жактарына тиешелүү жеке тыянактарды калыптандырат; - жүзөгө ашырылган коммуникацияларга эмоционалдык деңгээлде баа берет ("жакты" - "жаккан жок") мисалдарды келтирет | - коммуникациялардын натыйжаларын талдайт жана катышуучулардын позицияларынын күчтүү же чабал жактарын белгилейт; - коммуникациялар боюнча жалпы тыянак чыгарат, аларды жарым-жартылай максаттар менен салыштырат; - коммуникациялардын айрым аспекттерине баа берет жана негиздейт | - катышуучулардын позицияларынын күчтүү жана чабал жактарын жана аларга өзүнүн катышуусун белгилөө менен коммуникациянын натыйжаларын талдайт; - жалпысынан жүзөгө ашырылган ишмердик боюнча жүйөлүү тыянак чыгарат жана аларды коммуникациянын максаттары менен салыштырат; - жүзөгө ашырылган коммуникациянын маанисинин даражасына, натыйжалуулугуна өзү үчүн баа берет: - эмнени билдим - эмнени түшүндүм - эмнени үйрөндүм |
23. "Өз алдынча уюштуруу жана маселелерди чечүү" компетенттүүлүгү
| Компетенттүүлүк аспекттери | I деңгээл | II деңгээл | III деңгээл |
| Көйгөйдү аныктоо | - мугалим берген параметрлерге ылайык сунуш кылынган кырдаалга талдоо жасайт; - маалыматта же кырдаалда карама-каршылыктарды табат (белгилейт); - алар эмне менен айырмалана тургандыгын көрсөтүү менен реалдуу жана каалагандай кырдаалды сыпаттайт | - каалаган кырдаалды негиздейт, чыныгы кырдаалды талдайт жана каалаган жана чыныгы кырдаалдын ортосундагы карама-каршылыктарды аныктайт; - көйгөйдүн пайда болуусунун мүмкүн болуучу айрым себептерин көрсөтөт; - мугалим берген логикалык схемалардын негизинде чыныгы жана каалаган кырдаалга талдоо жасайт; | - кырдаалга өз алдынча талдоо жасоонун негизинде маселени аныктайт жана баяндайт; - маселеге талдоо жасайт (анын себептерин жана анын жашап турушунун кесепеттерин көрсөтөт); - маселени чечүүнүн мүмкүн болуучу жолдорун баяндайт жана негиздейт |
| Максаттарды коюу жана пландаштыруу | - берилген максаттын шартында милдеттерди коет; - алдыга коюлган милдеттерди чечүү үчүн сунуш кылынган ишмердиктин түрлөрүн тандайт; - милдеттерди чечүү боюнча кадамдардын ырааттуулугун түзөт | - берилген маселеге адекваттуу максат коет; - милдеттерди, адекваттуу максаттарды коет; - ага баа берүүнүн берилген критерийлеринин негизинде (мүнөздөмөлөрдү сыпаттоо менен) өз ишинин продуктусу өз алдынча пландаштырат | - маселени чечүүнүн альтернативдүү ыкмаларын талдоонун негизинде алдыга максат коет; - максатка жетишүүдө келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктер жана тоскоолдуктарды көрсөтөт жана алдыга коюлган максаттарга жетишүүнү негиздейт |
| Технологияларды колдонуу | - оозеки жана жазуу жүзүндөгү нускамалар боюнча технологияларды туура көрсөтөт (аракеттердин ырааттуулугу) | - мурда белгилүүлөрдүн ичинен (милдеттерди чечүү ыкмасы) ишмердиктин технологияларын тандайт же конкреттүү милдетти чечүү үчүн белгилүү алгоритмдин бир бөлүгүн бөлүп көрсөтөт жана ишмердиктин планын түзөт | - продуктуларга карата параметрлер / талаптар өзгөргөндө белгилүү болгон же нускамада сыпатталган технологияларды колдонот; - колдо бар алгоритмдердин комбинацияларынын негизинде кадамдардын жаңыча ырааттуулугун пландайт |
| Пландаштыруу жана (ички жана тышкы) ресурстарды уюштуруу | - белгилүү ишмердикти аткаруу үчүн зарыл болгон ресурстарды атайт | - алдыга коюлган милдеттерди (убактылуу, маалыматтык, материалдык ж.б.) чечүү үчүн зарыл болгон ички жана сырткы ресурстарды пландаштырат | - ар түрдүү ресурстарды талдайт жана милдеттерди чечүү үчүн тигил же бул ресурсту пайдалануунун натыйжалуулугун негиздейт |
| Ишмердиктин жана продуктунун натыйжаларына баа берүү | - сырттан берилген алгоритм боюнча өз ишмердигине контролдук кылат; - берилген критерийлер, берилген ыкма боюнча өз ишмердигинин үзүрүнө баа берет; - үлгүлөрдүн мүнөздөмөлөрүн жана алынган продуктуну салыштырат жана алардын шайкештигинин деңгээли жөнүндө тыянак чыгарат | - иш планына ылайык өз ишмердигин өз алдынча контролдойт; - ишмердиктин максатына ылайык критерийлер менен өз алдынча аныкталган өз ишмердигинин продуктусуна баа берет | - максатка жетишүүнүн көрсөткүчтөрүн аныктайт жана негиздейт - учурдагы контролдун натыйжалары боюнча өз ишмердигине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү негиздүү сунуш кылат (четке кагат) |
| Рефлексия (өзүнө-өзү баа берүү) | - өз ишинин күчтүү жана чабал жактарын көрсөтөт; - өз аракеттеринин жүйөлөрүн көрсөтөт. | - ишиндеги ийгиликтердин жана иши жүрбөй калуунун себептерин көрсөтөт; - милдеттерди чечүүдө туш болгон кыйынчылыктарды атайт жана аларды жоюунун / андан аркы ишмердикте алардан оолак болуунун жолдорун сунуш кылат; - чечимдерди кабыл алууда өз жүйөлөрүн жана тышкы кырдаалды талдайт. | - башка милдеттерди чечүүдө алган билимин, жөндөмүн, тажрыйбасын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жүйөлөштүрөт |