Ассалоому алейкум айылдаштар аманбы?
Ак баскан башын ийилтип апанар айтат саламды.
Ассалоому алейкум эжекейлер аманбы ?
Эгиз башын пас кылып эженер айтат саламды!
Ассалоому алейкум агайлар да аманбы?
Нишанбай агай Нурланга озгочо айтам саламды!
Ассалоому алейкум окуучулар аманбы?
Эки албай жакшы оку деп эненер айтат саламды.
Ассалоому алейкум атаандаштар аманбы?
Жениш каалап баарына жакшылап айтам саламды.
Ассалоому алейкум куйормандар аманбы?
Кулку каалап баарына кол булгалап айтам саламды.
Саламат болуп жургуло
Бактылуу омур сургуло
Унутуп кайгы-капаны
Шатыра-шатман кулгуло
Эми айтам озум жонундо
Жакшылап угуп билип ал
Кызыктуу суроо туулса
Тартынбай сурап билип кал
Айдеркен деген калаа бар
Кени менен таанылган
64 жыл илгери
Мен ал жерде туулгам
Кочуп конуп ата-энем Кайтмаска барып калышкан
Жери жакшы экен деп Кайтмаста калып калышкан
Кайтмаста калды балалык балдар менен жарышкан
Кайтмаста калды жаштыгым кыздар менен жарышкан
Билим алган мектебим Боконбаев аталат
Аталган мектеп аймакта эн жакшы деп саналат
Мага окшогон мыктылар ал мектептен кат алат
Анча-мынча иштерди ойлонбой туруп чече алат
6 жашта мектепке кадам таштап барганмын
16 жашта турмушка кадам коюп калганмын
9 жаш улуу жолдошум-той кылганда колдоочум
Тракторчу жолдошум-тарбиячы-колдоочум
5 кыз менен 3 уулга «баатыр эне» болгонмун
Ушул жылы кузундо 64ко толомун
Женишти бугун берсенер
«Мыкты эне» боломун
Шарапатым шартылдап кыздарымдын улуусу
Санталатим саркечим кыздарымдын сулуусу
Нурланбегим нурдайым уулдардын улуусу
Аззамбегим улакчы уулдардын мыктысы
Жумагулум жакшынам жума куну туулган
Мархабам бар башкача мартабалуу журтумдан
Нурпазылым эрке уул Эркинайым эрке кыз
Балдарымдын сегизи баары тугол тептегиз
Сегиз балам баштаган «Баатыр Эне» аталган
Карысам да чарчабай небере карап жатамын
«Эне» дешсе эркелеп бакытка толуп ташамын
«Таене» дешсе эркелеп таалайлуу болуп аламын
Татыктуу айтып созумду туура жолго баштаймын
Жакшылап айтып акылды жаман жолдон таямын
Жараткан берген балдарды
Жакшы жолго баштабай жаманга кантип кыямын
Айылдагы аялдын барын топтоп жыямын
«Шайыр апа» башталса уйдо кантип турамын
Анча-мынча талантты тартуулап элге турамын
Тентуштар менен топтошуп оюн-кулку курамын
Оюн-кулку коп куруп «Шайыр эне»аталдык
Баткенге барып Гараждан «Саркеч айым»атандык
Орозбековдун тоюн откорууго катыштык
Райондук «Ардак граматага» татыктуу деп табылдык
«Энелердин мектебин» окуп калдык мектептен
Мадеминов Гапырды жолуктурдук бул жерден
Активист эне экен деп белек берди китептен
Окуган сайын китепти кетким келбейт мектептен
Бугун дагы келгенмин неберемди жетелеп
Жарышкан менен жаштарга алым келбес эркелеп
Кулкусу болсо кызымда мага башка не керек
Келгеним озу кызыма арналган менден чон белек
8 жашар Сабина жургону сулуу жакшына
Алиппени жат алып окуп калды ашыга
Айныбай озум тартканым ай корсотпой бакканым
Анча-мынча эриксе бийлеп калат машыга
Чеберчилик кылганда чебеленип жанымда
Кошо кармап ийнени кол кабыш кылат жаныма
Суусап кетсем чай берип карап турат алыма
Каарыганда небере жакын болот жанына
Эсен журуп чонойсо
Элден табар ордуну
Аман журуп чонойсо
Айныбай басар ордумду
42 жыл омурум жайлоодо журуп откордум
Ойдо-ылдыйын турмуштун элдеги балдар коп кордум
Ашпозчу болуп чочулорго ар турдуу тамак жасадым
Алтымыш торт жашымды бакыт менен жашадым
Акыркы созум туугандар силерге да бакыт каалаймын!