| Предмет: тарбиялык саат Окуу китебинин аталышы, автору: | Класс: 1б | |
| Сабактын тиби: жаңы таманы өздөштүрүү сабагы Ишмердүүлүктүн формасы: : жуптук, жекече , топтук | Сабактын усулу: Аңгемелешүү, түшүндүрүү, суроо-жооп, көрсөтмөлүүлүк , “Келгиле окуйбуз” долбоорунун көнүгүүлөрү (сыйкырдуу таякчалар, кол манжасы ж.б ) | Баалоо: формативдик |
| Сабактын темасы: Менин кичи мекеним Негизги компетенттүүлүк 1.Маалыматтык: 2. Социалдык-комминикативдик: 3. Өзүн-өзү уюштуруу | Предметтик компетенттүүлүк: ПК-1 ПК-3 | Сабактын максаты: 1.Билим берүүчүлүк : Окуучулар өзүнүн кичи мекени жөнүндө улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун айылы ж-дө маалымат алышат. 2. Өнүктүрүүчүлү: Суроолорго жооп беришет, каарманга мүнөздөмө беришет. Өз оюн айтып бере алышат. Сөз байлыгын өстүрүшөт. Өз алдынча, жупта, топто иштешет 3.Тарбия берүүчүлүк Өз эли-жерин сүйүүго, патриот болууга умтулушат. |
| Сабактын этабы | Убакыт | Мугалимдин ишмердиги | Окуучунун ишмердиги | Баалоо | Эскертүү |
Уюштуруу моменти Шыктандыруу а ) Саламдашуу б ) Жагымдуу маанай түзүү в ) Уюштуруу | 2мин | Саламатсыңарбы окуучулар, ата-энелер? Кана балдар, бүгүн силерге озгөчө күн. Бүгүнкү күндөн баштап силер мектеп окуучусу болосуңар. Мен бүгүн сабакка эң жакшы катышам, бүгүн сабактан көп маалыматтарды алам, жакшы баа алам дегендер ата-эненердин колунан кармап,б ири-бирибизге жылмаябыз. Сабагыбызды баштайбыз | Сабакка даярданышат, бири-бирине жагымдуу маанай тартуулашат. Окуучуларга таякчалар берилет. Ага ата-энелери менен бирдикте атын жазышат. Алтын эреже Сүйлөй-сүйлөй чечен болот. Көрө-көрө көсөм болот. Баш кесмек бар, тил кесмек жок. Өзүн сыйлабаган, өзгөнү сыйлабайт. Ырыс алды- ынтымак. Убакыт алтындан кымбат. | Кубат-тоо | |
| Тема: Максат: | 3мин | Мугалим постер менен иштейт. - Бул сүрөттө эмне тартылган? -Кыргызстан - Ким, эмне кылып жатат? -Бул сүрөттө Чыңгыз Айтматовдун сүрөтү чагылдырылган. Менин кичи мекеним. | Угушат, суроолор болсо беришет. Тема, максат менен таанышат. -Демек бүгүнкү бизлин өтө турган темабыз: Менин кичи мекеним Сабактын максаты: -Окуучулар өзүнүн кичи мекени жөнүндө улуу жазуучу Чынгыз айтматовдун айылы ж-дө маалымат алышат. -Жуптарда, өз алдынча, топто иштөөдө бири-биринин пикирин угуп, ойлорун баяндап бере алышат. -Өз эли-жерин сүйүүгө, потриот болуп өсүүгө умтулушат. | Ата-энелер дин баалоосу | |
Окуучулардын билимин актуалдаш-тыруу | 3мин | Теманын ар бир сөзүнө талдоо жүргүзөлүчү.Тыбыштар эсиңердеби ? | Сүйлөм, сөз, муун, тыбыштар боюнча жооп беришет. | Ата-энелер дин баалоосу | |
Жаңы материал менен тааныштыруу | 5мин | Сүрөтүн көрүшөт. Мекен ж-дө 4сап ырды хор ырдашат. -Мекен деген эмне? - Силер жашаган жериңер ж-дө эмне айта аласыңар? -Биздин айылда эмнелер бар? -Кайсыл жерлери менен сыймыктанасыңар ? Улуу Чыңгыз Айтматов жөнүндө, анын айылы ж-дө билесиңерби ? Чыңгыз Айтматов –кыргыз элинин улуу жазуучусу. 1928-жылы Таластын Шекер деген айылында туулган.АтасыТөрөкул Айтматов партиялык кызматкер болгон.Ал атасынан эрте ажыраган. Согуш жылдарында трактор бригадасынын эсепчиси болуп иштеген. Ал алгач Айыл чарба институнда окуп, кийин Москвадагы Жогорку адабият курсуна кирген.Окуп бүткөндөн кийин “Кыргызстан” журналынын редактору болуп иштеген.Алгачкы чыгармасы “Гезитчи Дзюдо” болгон. Анын чыгармалары 80ден ашык тилге которулган.Дүйно жузүнө эң көп чгармалары басылган жазуучу катары белгиленген. Көптөгөн сыйлыктардын ээси болгон. Ал дипломат, көрүнүктүү коомдук жана саясий ишмер. 2008-жылы 80 жаш курагында дүйнөдөн кайткан. Кыргыз эли жазуучу менен дайыма сыймыктанат. Видео көрсөтүлөт. (видео 4мин) | -Мекен деген эмне? - Силер жашаган жериңер ж-дө эмне айта аласыңар? -Биздин айылда эмнелер бар? -Кайсыл жерлери менен сыймыктанасыңар ? Чыңгыз Айтматов ким болгон? Кайда, качан төрөлгөн? Бала чагы кайсы мезгилге туш келет? Кайдан билим алган? Кайсы жылы дүйнөдөн кайткан? | Ата-энелер дин баалоосу | |
| 5.Физминутка | 1мин | Оюндун эрежеси менен тааныштырат. | Үй- чычкан оюнун ойношот | | |
| Интерактивдүү көнүгүүлөр | 20мин | Суроолорго жооп беришет. Сүрөт тартышат. Өз оюн айтып беришет. | 1-суроо: -Эмне үчүн улуу жазуучу болуп чыкты? -Ал кандай адам болгон деп ойлойсуң? -Ушундай адам болуш үчүн сенде мүмкүнчүлүктөр барбы? - Чынгыз Айтматовду элибиз эмне үчүн сүйүп урматтачу? - Чыңгыз Айтматов кантип дүйно жүзүно таанылды деп ойлойсуң? -Чыңгыз Айтматовдун эмгеги бүгүнкү күндө кандай мааниге ээ? | Ата-энелер дин баалоосу | |
Рефлекция (кайтарым байланыш) | 7мин | Суроо берилет | -Бүгүнку сабактан эмнелерди билдиң? -Эмне жакты? -Эмне жаккан жок? -Өзүңдү кандай баалайсың? | Топ боюнча, ата-энелер дин баалоосу баалоо | |
| Үй тапшырма: | 1мин | Үйгө тапщырма | Ата мекени жөнүндө сүрөт тартуу, ыр үйрөнүү | | |