СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Мен окткан орус тили

Категория: Русский язык

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Мен окткан орус тили»

Мен окуткан орус тили предмети өтө кызыктуу,өтө турмушта зарыл жана мага жоопкерчиликти арткан предмет.

Бул предметтин турмушта зарылдыгы миграция агымы менен байланыштуу. Мага бир эже келип өз башынан өткөргөн окуясын айтты. Россияда иштеп жүргөндө автобуста орус улутундагы жигит « Подвинтесь» дегенде түшүнбөй урушуп жатат ко деп ыйлагандыгын айтып,анан баласына кошумча сабак өтүүмдү суранган. Азыркы техника доорунда ар бир кесипкөй инсан,интернет булактарынан маалымат издейт . Ал малыматтарды кыргыз тилинде таба албаса орус тилинде таап которуп колдонсо болот . Канча тил билсең, ошончо дил билесиң. Орус тилин өтө сабаттуу өздөштүрүү мезгил талабы.

Орус адабиятындагы чыгармалардагы окуялар өтө так талдоону , кылдаттык менен түшүндүрүүнү талап кылат. Биздин минталитет менен салыштыруу зарылдыгы келип чыгат. Мага 2012-жылы кыз ала качууга жазаны катаалдандырган мыйзам беренеси кабыл алынганга чейин Н.Чернышевскийдин Что делать? Романында Вера Павловна менен анын жолдошу арасында мамилени ачык айтуу кыйынга турчу. Бул чыгармада Вера апасы бай ,бирок мүнөзү катаал адамга турмушка берээрде , инисинин мугалимине турмушка чыгып кетет. Ага куткаруусу үчүн ыраазы болуп,сыйлап жашайт.Бирок анын досун жакшы көрүп калат.Бул чыгармада « Инсан сүйгөнү менен жашоосу керек . Ошондо гана бактылуу болот» -деген идея айтылат.Эгер ушул нерсени кыздарга айткан болсом , аны бейтааныш бирөө ала качса ,аны сөзсүз ал жерде калтырышат, ойлонуп кыйналышы мүмкүн. Ошондуктан мен дагы бир каарман Рахметовдун жашоо образына басым жасап,адам баласы турмуштагы ар кандай кырдаалга даяр болушу керек деген сөздөрдү айтып чектелчүүмүн. Ал эми азыр болсо бул теманы толук кандуу окуучуга жеткизе аламын.Н.Островскийдин «Гроза» драмасын өткөндө да библия да, куранда да бул жашоону жаратуучу бергендигин жана ал гана кайра ала тургандыгы жазылгандыгын сөзсүз эскертем.

Орус адабияты сабактарында көбүнчө чыгарманын башын гана окуп, « Андан ары эмне болот деп ойлойсуңар? »деген суроо менен окуучулардын ойлоо сезимин өстүрүүгө аркеттенем. Чыгарманы тыным менен окуп чыгып, силерге кайсы каарман көбүрөөк жакты? Ал кайсы нерсени туура эмес жасады? А кандай кылса жакшы болмок? А сен анын ордунда болгондо эмне кылмаксың? Эгер сен ошол чыгарманы жазган жазуучу менен жолугуп калсаң эмнелер жөнүндө маектешет элең? Ушундай суроолордун жардамы менен туура жана туура эмес жолдорду аныктап, окуучунун өзү ак караны ажырата билүү, турмуштук маселелерди чечүүдө алган билдим көндүмдөрдү пайдалана алууга багыттайм .

Мен окуучуну алдынан туруп тартпастан , ага катар туруп ,турмушта өз ордун табууга, билимге болгон кызыгуусун арттырып, өзүнө болгон ишенимин калыптандырып, мээнеттенүү , тырышчаактык менен өз максатына жетүү каалоосун ойготконго аракеттенем.

Эч бир инсан катасыз болбостугун, мүдүрүлбөс туяк, жаңылбас жаак болбостугун айтуу менен ката жасаган күндө да бири бирин кечирүүсүн, чалынып жыгылса да кайра туруп , ошол катаны кайталабагандай , жаңы кадам менен жашоону туура багытта алып барууга үндөйм. Инсан өз каталары аркылуу турмуштан тарбия алат. Мугалим айтканы, ата-эне насааты кээде унутта калышы мүмкүн бирок турмуш сабагы унутулбайт.

Үй- бүлө баалуулуктарына сабактарымда өтө басым жасаймын, себеби ар бир үй -бүлө бул мамлекетти түзгөн кичинекей ячейка. Үй- бүлө бакубат болсо мамлект да бакубат болот. Эгер чоң класстатарда үй- бүлө темасында чыгарма болсо , ар бир окуучуга келечектеги үйүн жана андагы жашоочулардын ордун, милдетин тартып келүү тапшырмасын берүү менен ар бир үй -бүлө мүчөлөрүнүн: ата коргоочу, багуучу, балдарга каттуу тарбия берүүчү,эне үй -бүлө жылуулугун, тазалыгын, берекесин кармоочу, берекелүү , мээримдүү болуп , аны сактоо, баалоо , өнүктүрүү ар биринин милдети экендиги, үй- бүлө өтө ыйык экендиги сүрөттөрдү талкуулоодо келип чыгат.

Ушул чыгармага окшош окуяларды турмушта байкагансыңбы? деген суроонун жардамы менен окуучулар салыштырууну жакшынын арасынан да жаманды жамандын арасынан да жакшыны табууну, бул окуялар турмуштан алынгандыгын, биздин жашообузда кездешсе кандай жол тутарыбыз жөнүндө ой жүгүртүшөт.

  • Сабактарда гендердик теңдикти сактоо максатында ар дайым кыздар көбүнчө жооп берүүнү каалагандыктан, « Балдар азыр коргоочулар, багуучулар» жооп берет дегенде уул балдар өзүнө болгон талапты, жоопкерчиликти сезүү менен сабакта жакшыраак жооп бергенге аракеттенишет.

Орус тили сабагытарында көбүнчө грамматикалык тема менен кошо ар түрлүү речтик темаларды алганга аракеттенем. Бул окуучулардын сүйлөө речин өнүктүрөт, ар бир окуучу өзүнүн кызыкчылыктарын, жөндөмдүүлүктөрүн аныктап, кайсы бир кесипке багыт алуусуна жардам берет. Сабак ар бир окуучунун кызыгуусуна карап түзүлгөн суроолор менен коштолсо ар бир окуучу ийгилик жаратат. Үй тапшырмасын суроодо убакытты үнөмдөө максатында графикалык тестерди ойлоп түзөм. Мисалы ;

Жооп варианттары

1 Суроо а б в г

2 Суроо а б в г

3 Суроо а б в г

4 Суроо а б в г

5 Суроо а б в г

6 Суроо а б в г

А ягында окуучулар туура жоопторун туташтырганда бир фигура келип чыгат .Эгер

кимдин сызган фигурасы доскадагыдай болсо баардык жооптору туура болот. Эгер окшош болбосо каталары бар.

Жаңы теманы түшүндүрүүдө доскага бир же бир нече сөздөрдү , сүйлөмдөрдү жазып, аларды салыштырып, өтө маани берип талдоо менен алардын окшоштуктарын же өзгөчөлүктөрүн аныктоо менен өз эрежелерин түзүшөт. Андан кийин китепти ачып өзүнүн түзгөн эрежесин китептеги менен салыштырышат. Практикада байкагандай мен айткан эрежеге караганда мээнет менен өзү тапкан эреже унутулбайт.

Внимательно прочитайте слова, постарайтесь разобраться, когда пишется ъ, ь.

Разделительный Ъ

Разделительный ь

Подъехал

Семья

Объедки

Счастье

Разъяснить

Осенью

Предъюбилейный

Здоровье

Объявление

Муравьи

съел

воробьи


Ребята внимательно посмотрите на таблицу »Шульта»


а

б

ц

з

с

м

ф

н

т

и

щ

в

й

р

Ч

л

х

у

г

о

п

д

ш

ж

к

ь

ъ


ы

э

Каких букв здесь нет?

Поставьте гипотезы, когда эти буквы могут обозначать два звука?

Проверим их.


- Определите, в каких позициях буквы е, ё, ю, я дают два звука?

Ёлка

Моё

чёрный

Яблоко

милая

Жёлтый

Юла

твоё

люк


1- Класста «Дом», «Животные», « Тело», деген темаларды өтүүдө алардын тарыхына кайрылып, үйдү эшиги же айнеги жок курууга болобу? Ар дайым окуучуну ойлондурган суроолорду берүү менен аларды ар кандай кырдаалдардан чыгуу жолдорун таба алууну үйрөткөнгө аракеттенем. ТРИЗА педагогиканы сабакта колдонуу менен окуучуну ар бир мүнөтүн туура колдонууга болот.Сабактарда деңгээлге карап берилген тапшырмалар алдыңкы окуучунун мүмкүнчүлүтөрүн ачууга, андан ары өнүгүүнү шарттаса, өздөштүрүү темпи акырын болгон окуучуга акрындык менен жөнөкөйдөн татаалга карай өнүгүүсүнө жардам берет.

Мен дагы да талбастан изденүү менен окуучуну өнүктүрүүгө аракет жасай бермекчимин.