СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

"Мекенимди сүйөмүн"

Нажмите, чтобы узнать подробности

Оюн-зоок программасы

Просмотр содержимого документа
«"Мекенимди сүйөмүн"»

Спорттук оюн-зоок иш-чарасы

“Мекенимди сүйөмүн” (даярдоо тобу)


Максаты: Мекенин сүйүүгө, урматтоого, кадырлоого тарбиялоо;

-сергек жашоону балдарда жайылтуу;

-балдардын ден соолугун бекемдөө;

-чыдамкайлыкка, тапкычтыкка үйрөтүү;

-балдардын кыймыл-аракетинин активдүүлүгүн камсыз кылуу.

(шарлар менен кооздолгон залдын ичи, балдар орундуктарда отурушат)

КР гимни.

Т: Мекеним барда, мен бармын, Мекеним деп ырдаймын. Мекенин сүйүп өссө экен, Жанымдай көргөн балдарым.

Т: На защиту Родины

В дождь и снегопад,

Каждый день выходит

Доблестный солдат!


Т: Саламатсыздарбы урматтуу бүгүнкү майрамдык иш-чаранын күбөлөрү жана катышуучулары. Сиздерди Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен чын жүрөктөн куттуктап, оюн-зоок программабызды баштоого уруксат этиңиздер!

1. Тынчтык болсун мекенимде ар дайым

Коргоочулар амандыгын каалайын

Душман көрбөй менин ыйык Мекеним

Узун болсун өмүрүнөр ылайым.



2.Мекеним – деген баскан жер

Ата-Энем терин агызып

Мекеним-деген өскөн жер

Көпөлөк менен жарышып.



3.Мекеним менин-ыйык жер

Бабалар бизге калтырган

Мекенди коргоо урматтоо

Илгертен калган салтанат



4. Папа, папочка, папуля,

Сердцем всем тебя люблю я!

Ты – любимый и родной,

Ты, мой папочка, герой!



5. Мен кыргызмын кымыз ичип чоңоем

Мен кыргызмын кыргыз жерде ойгонгон.

Манас баатыр биз үчүн жоо кууганда,

Мекенин эли жерин ойлогон.

Т: Жакын арада, биздин балдар чоңоюп, азыр мекенин коргоп жаткандардын ордун басышат. Алар чыныгы аскерлер, эр жүрөк баатырлар болушат. Балдар, силер кандай аскердик кесиптер бар экенин билесиңер. Аны эстеп, биз олуттуу аскердик миссияны ишке ашыруу үчүн аскердик оюнду баштайбыз.

-Кана аскерлер тапшырмаларды аткарууга даярсыңарбы?

(балдар үч жолу “Ура!” дешет)

Анда эмесе 1-тапшырма

“Чалгынчылар”

Алардын негизги милдети душмандын пландарын билүү, маалыматты штабга алып келүү.

(жапкычтан сойлоп барып катты алып, кайра штабга кайтуу)

Бий “Грузин эл бийи”

1.Ырда солдат ырдагын

Шаңдуу чыксын ырларың

Ар убакта коргой бил

Мекениңдин жыргалын



2.Учу кыйырсыз кең мекен

Алдейлеген энем сен

Бүт дүйнөнү кыдырсам

Табалбаймын сага тең



3.Тоодо жашап сырын тарткан жылдыздын

Мен уулумун таза кандуу кыргыздын

Жигит болуп төрөлгөн соң мекенге

Асабасын бийик кармайм кыргыздын.



4.Мой Защитник, мой кумир.

Для меня ты – целый мир.

Поздравляю я тебя

С двадцать третьим февраля!



5.С 23 Февраля

Поздравляю папу я!

Как за каменной стеной,

За тобой мы все семьей!

Хор “Катюша”

2-тапшырма

“Саперлор”

Саперлордун иши татаал жана кооптуу, анткени алар миналардын жарылуусун алдын алат. Биздин миналар баклажкалар. Алар жарылып кетпес үчүн капкактарын бурап алып салуу керек. (көздү таңып, кимдики көп)

1. Мекеним менин өз жерим

Апакем мени төрөгөн

Мекеним деген өз элим

Мени өстүрүп кам көргөн.



2. Элимдин бейпилдигин

Намыска бек сактаймын!

Энеке, ак сүтүңдү

Эл коргоп, мен актаймын!



3.Эр жигит эл четинде

Азамат жоо бетинде

Артымда кыргыз элим

Ар дайым сезимимде



4. Сүйүктүү чек арамды

Душманга аралатпайм

Атаке, сөзүм берем

Ар дайым сезимимде

5.Папа будь всегда здоровым

Самым сильным и веселым.

Мы гордимся все тобой

Богатырь наш дорогой.

Бий “Синий платочек”

3-тапшырма

“Чек арачылар”

Алар биздин чек араны душмандардан кайтарат. Алардын ишенимдүү досу-ит. Чек арачылар тоскоолдуктардан ити менен өтүшү керек. (массаж килемчелер, стулдар, обручтар)

Хор “Чек арачы”

1.Кыргызым, кутман элим

Бейиштен бүткөн жерим

Намысты алдырбайбыз

Ишенгин менин элим.



2.Поздравляю тебя папа

С праздником мужским.

И давай с тобой как в детстве

Рядом посидим.



3. Мекеним деген сан тоолор

Асман тиреп заңкайган

Мекеним менин – миң суулар

Жылгалардан үн салган.



4.Ты служил давно я знаю

Но ведь помнишь все

Все истории былые

Говоришь легко.



5. Мекеним менин – жайлоолор

Атыр жыттуу – аңкыган

Мекеним менин – токойлор

Көк жашыл болуп тик турган



Бул бейиш жер меники

Бул бейиш жер сеники

Жер тынчтыгын сактасак

Бейкут болот эл ичи.



Артып турат Ата журттун көркөмү

Кимдер бөлөйт гүлгө бизди өлкөнү

Биз бөлөйбүз Ата журтту гүлдөргө

Биз болобуз Ата журттун эртеңи.

4-тапшырма

“Жолдошуңа жардам бер”

Мыкты аскер дайыма кыйынчылыкта жолдошуна кол сунат. Силер тоскоолдуктардан өтүп, душмандын жок экенин билген соң барабан менен белги бересиңер.

Хор “Мен кыргыздын уулумун”

Бий “ Өзбек эл бийи”

Балдар баарыңар тапшырмаларды сонун аткара алдыңар. Силер келечекте чыныгы жоокер боло алат экениңерге биз ишендик. Силер Кыргызстандын келечегисиңер! Азаматсыңар!

Ура! Ура! Ура!

Хор “Кыргызстан”

Бий “Жалпы бий”



























Ала-Тоо асыл жер учун
Ак калпак кыргыз эл учун
Аянбай жанды кый дагы
Актагын элдин умутун.
Деген ой менен энелер
Төрөгөн кыргыз жигитин.