Сабактын темасы: Мекеним-Кыргызстан Ата Мекен!
Сен ажайып керемет! -
Тоодой чалкар.
Көлдөй көркөм.
Көк асмандай кепкенен.
Жүрөгүмдөн бөлүп алгыс,
Ак дилимден сүйүүм жангыс,
Ата Мекен - Ата-энем!
А.Б.Элебесова
Билим берүүчүлүк максаты:
- Окуучулар "гимн", "герб", "туу" ("желек") жана "конституция" түшүнүктөрү жөнүндө маалымат алышат;
- Кыргыз туусунун, гербинин жана гимнинин символикалык касиеттери жөнүндө айтып беришет.
Өнүктүрүүчүлүк максаты:
- Окуучулар маалыматтык маданиятын калыптандырышат;
- Мамлекеттик символика жөнүндө маалыматтарга жана түшүнүктөргө талдоо жүргүзө билишет, алардын маани-маңызын туура жана так аныктай билүүгө үйрөнүшөт;
Таалим-тарбия берүүчүлүк максаты:
- Окуучулар өз Ата Мекенинин мамлекеттик символикасын мекенчилдик рух менен таанып билүүгө үйрөнүшөт, Ата Мекенине сыймыктануу сезимин ойготушат;
- Чакан топтордо өз ара байланышта иштей билүү көндүмүн калыптандырышат.
Сабактын тиби: Жаңы билимдерге жана көндүмдөргө ээ болуу сабагы.
Сабак өтүү ыкмасы: Таанып-билүүчүлүк маалымат берүү, топтордо иштөө, аңгемелешүү.
Сабактын планы:
1. Заманбап Кыргызстандын символдору.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу.
4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни.
5. Кыргыз Республикасынын Конституциясы.
Негизги түшүнүктөр: герб, гимн, туу (желек), конституция, көзкарандысыздык, мамлекет, эгемендүүлүк.
Сабактын жабдылышы:
Сабактын чоң ариптер менен жазылган аталышы (доскага, плакатка же слайдда);
Кыргыз Республикасынын картасы;
Кыргызстандын гербинин, туусунун (желек) плакаттары;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин тексти, музыкалык жазмасы;
САБАКТЫН ЖҮРҮШҮ :
I бөлүк. ЧАКАН ТОПТОРДО ИШТӨӨ
1. Уюштуруу иштери.
Мугалим: Балдар, быйылкы жыл президентибиз А.Атамбаев тарабынан «Мамлекеттуулукту бекемдоо» жылы деп жарыяланганын билесинер. Ошон учун бугун Ата Мекенибиз жонундо соз кылабыз.
2. Таанышуу.
1-кадам. «Кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдоо» жылгына арналып өтүлүп жаткан " Мекен - астанадан башталат» темасындагы сабакты кызыктуу жана натыйжалуу өткөрүү максатында мугалим окуучуларга алдын-ала даярдап, столдун үстүнө тизип койгон беш түрдүү түстөрдөгү барактардын ичинен ар кимиси өздөрү каалаган түстөгү барактарды тандап алуусун сунуш кылат.
2-кадам. Окуучулар ирети менен өздөрүнүн аты-жөндөрүн айтып таанышышат жана эмне үчүн ушул түстөгү баракчаны тандап алганын кыскача, бир сүйлөм менен айтып өтүшөт.
3. Ишке киришүү.
3-кадам. Окуучулар тандап алган түстөрү боюнча топторго бөлүнүп отурушат.
Сары түстөгү баракта: Кыргыз Республикасынын символдору,
Кызыл түстөгү баракта: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби,
Көк түстөгү баракта: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу,
Жашыл түстөгү баракта: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни,
Ак түстөгү баракта: Кыргыз Республикасынын Конституциясы, - деп жазылган.
Таратылып берилүүчү барактардын тематикалык тексттери 4-бөлүмчөдө берилди.
4-кадам. Мугалим окуучуларды топторго бөлүнүшү менен куттуктап, ар бир топко алдын-ала даярдап койгон "белектерди" тапшырат. Ал "белектер" - Кыргыз Республикасынын символдору, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни, Кыргыз Республикасынын Конституциясы тууралуу маалыматтар жазылган баракчалар. Андан соң мугалим окуучуларга тапшырманы аткарууга киришүүнү сунуш кылат. Тапшырманы аткарууга 10 мүнөт убакыт берилет.
5-кадам. Окуучуларга тапшырманын темасы алдын-ала жазылып коюлган флипчарттар жана маркерлер таратылып берилет. Окуучулар тапшырманы баракчадагы тексттин жана мурдатан окуп билген маалыматтарынын жардамы менен аткарышат. Тапшырма чыгармачылык менен ар кандай көрүнүштө даярдалышы мүмкүн. Мисалы, кластер, таблица, Венндин диаграммасы, синквейн, текст ж.у.с. түрүндө. Тапшырмаларды кыскача жана кызыктуу кылып даярдоого мугалим көмөктөшөт.
6-кадам. Топтор тапшырманы аткарып бүткөндүктөрүн кол чаап билдиришет. Бардык топтор толук аткарып бүтүшкөндөн кийин тапшырмаларды аткарып бүтүү ырааты боюнча ар бир топтон 1-2 өкүл чыгып, өз темаларын жакташат.
4. Таратылып берилүүчү барактардагы тексттер:
Кыргыз Республикасынын символдору (Сары түстөгү баракта)
(Плакатты көрсөтүү)
Жер жүзүндөгү мамлекеттердин дээрлик баардыгынын тең герби, туусу (желек), гимни жана конституциясы болот. Анткени алар - мамлекеттин башкы символдору. Кыргыз Республикасынын заманбап символдору качан пайда болду эле? Кыргызстандын мамлекеттик символдорунун ар биринин өз тарыхы бар. Кыргыз Республикасы 1990-жылы 31-августта көзкарандысыздыкты алгандан кийин өзүнүн эгемендүү гербине, туусуна, конституциясына жана гимнине, ошондой эле улуттук валютасына - сомго - расмий түрдө ээ болгон
"Символ Sumbolon (Sumbol) деген грек тилинен алынып, белги, мүнөздүү белги, уруксат белгиси деген маанини түшүндүрөт. Көпчүлүк сөздүктөрдө символ төмөндөгүдөй түшүндүрүлөт.
Символ - материалдык предметтердин жыйындысынын белгиленген элементин, белгилерди көрсөтүүдө колдонулат. Ошондой эле символ кандайдыр бир ойду, идеяны билдирет. Символ бир эле мезгилде ар түрдүү мааниге да ээ.
Биздин оюбузча, символ муундан-муунга берилүүчү буюм, нерсе, окуялардын социалдык жактан белгиленген мазмундуу мааниси: күн, тоо, дарак, туу, шакек, крест ж.б. түрүндө каралат.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби (Кызыл түстөгү баракта)
(Плакатты көрсөтүү)
Гербдерди өздөштүрүп изилдөөчү илим геральдика деп аталат.
Адамдар гербдерди качан ойлоп табышты эле? Гербдердин тарыхы жүздөгөн жылдар мурда эле башталган. Байыртадан бери эле уруу башчыларынын мураскерлери өз уруусуна башчылык менен бирге анын эн тамгасын (белгисин) кошо мурастап келишкен. Мына ошол уруулук белгилер - эн тамгалар - геральдиканын башаты болуп саналат.
Уруулардын жана уруу бирикмелеринин асабаларында (туу, желек, байрак) аларды бири-биринен айырмалап турган ар кандай сүрөттөр түшүрүлгөн.
Мугалим окуучуларга Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби кандай экендигин сүрөттөп айтып берүүнү сунуш кылат. Андан кийин класс менен чогуу гербдин курамдык бөлүктөрүн сыпаттап аныкташат (тоодон чыгып келе жаткан күндүн, ыйык асмандын ээси тоо бүркүтү - Манас менен Семетейдин Акшумкарынын, ак мөңгүлүү Ала-Тоонун, касиеттүү Ысык-Көлдүн, буудай менен пахтанын сүрөттөлүшү, түстүн мааниси).
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби Кыргыз Республикасынын Жогорку Сессиясында 1994-жылы 14-январда № 1420-XII токтому менен бекитилген. Авторлору: А.Абдраев, С.Дубанаев.
Кыргызстандын мамлекеттик символу - гербде ак кыр бууланган көк түстөгү тегеректин ортосунда көк мелжиген тоону мекендеген кыргызстандыктардын бийик ой-максатын билдирген Ала-Тоо кыркалары, айкөлдүктү жана көрөгөчтүктү туюндура канат жайган тоо бүркүтү ак шумкар, жаратылыштын ажайып кооздугунун, өмүр булагынын жана күч-кубаттын символу болгон мелмилдеген Ысык-Көл, алтын нурларын чачыратып тоо башынан чыгып келаткан Күн чагылдырылган. Ал эми тегеректин жогорку бөлүгүндө "Кыргыз", төмөн жагында "Республикасы" деп жазылган.
- Мамлекеттик герб кайсы жерлерге жайгаштырылат? (Өкмөт Үйүнүн, Жогорку Кеңештин имараттарында жана башка өкмөттүк имараттарда, паспортто, мамлекеттик мөөрлөрдө, чегара түркүктөрүндө, расмий документтерде, аскер бөлүктөрүнүн күжүрмөн тууларында, Кыргыз Республикасынын Президентинин штандартында (туусунда) ж.б.)
??Плакатка (доскага) жана дептерге жазуу: Герб - шаардын же мамлекеттин айырмалап туруучу белгиси. Көгүлтүр Ысык-Көл жана ак мөңгүлүү Ала-Тоо - жаратылыштын ажайып сулуулугунун, өмүр булагынын жана күч-кубаттын символдору. Тоо башынан ай-ааламга алтын нурларын чача чыгып келаткан Күн - жашоонун символу. Ак Шумкар - жоомарттыктын, кыраакылыктын, тоолуу өлкөнүн жалпы жарандарынын мүдөө-максаттарынын бийиктигинин, баатырдыктын, акылдуулуктун жана сулуулуктун символу.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу (Көк түстөгү баракта)
(Плакатты же слайдды көрсөтүү)
"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун кызыл түсү эрдиктин жана кайраттуулуктун символун, өзүнүн нурларына бөлөнүп жаткан алтын түспөл күн тынчтыкты жана байлыкты, ал эми түндүк - ата-бабалардын үйүн, кеңири мааниде, ааламды туюндурат.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу ортосуна кырк нуру тегиз чачыраган алтын түстөгү күн алкагынын, күн алкагынын ичине кыргыз боз үйүнүн кызыл түстөгү түндүгүнүн сүрөтү түшүрүлгөн тик бурчтуу кездемеден жасалган. Туунун эни анын узундугунун бештен үчүн түзөт. Нурлуу алкактын диаметри туунун энинин бештен үчүн түзөт. Күндүн жана нурдуу алкак диаметрлеринин катышы - 3/5кө барабар. Түндүктүн диаметри нурдуу алкактын диаметринин жарымына барабар.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу Жогорку Кеңештин 1992-жылдын 3-мартындагы 8-сессиясында кабыл алынган, 5-мартта Өкмөт Үйүнүн имаратында салтанат менен көтөрүлгөн. Туунун авторлору: Э. Айдарбеков, Б. Жайчыбеков, С. Иптаров, Ж. Матаев, М. Сыдыков" .
Плакатка (доскага) жана дептерге жазуу: Кыргызстандын туусунун түсү кызыл, ортосуна кырк нуру тегиз чачыраган алтын түстөгү күн алкагынын, күн алкагынын ичине кыргыз боз үйүнүн кызыл түстөгү түндүгүнүн сүрөтү түшүрүлгөн.
Сабактын темасы: Корукка кирген жерлер.
Сабактын максаты:
1. Окуучуларга табияттын касиетин, анын жашооодогу маанисин жана ага кандай мамиле керектигин тушундуруу.
2. Жаратылыштын байлыктарын уномдуу пайдаланууга уйротуу.
3. Кыргызстандын жаратылышын баалай билууго жана коргоого тарбиялоо.
Сабактын жабдылышы: Суроттор, буклеттер.
Сабактын журушу:
1. Уюштуруу.
2. Киришуу:
Кана , балдар, ааламга тегиз нур чачкан, улуу Кундо канча тус бар?
Жети тус бар.
Жети багыттан турган эмнени билесинер?
Манас атабыздын жети осуятын.
Биздин темабыз кайсы багытка туура келет?
Табигат менен таттуу мамиледе болуу.
3. Жаны теманы баяндоо:
Кыргызстанда өзгөчө корголуучу табигый аймактар болуп мамлекеттик коруктар, корукчалар (заказниктер), улуттук жаратылыш парктары жана жаратылыш эстеликтери эсептелинет. Кыргызстанда өзгөчө корголуучу аймактар Эл аралык жаратылышты коргоо биримдигинин стандарты боюнча 4 категорияга бөлүнөт.
1. Коруктар, бардык чарбалык иштерге тыюу салынып, жаратылыш байлыктарын комплекстүү коргоо;
2. Улуттук жаратылыш парктары, жаратылышты коргоо, рекреациялык жана илимий багыттагы корголуучу аймак;
3. Жаратылыш эстеликтери же гидрогеологиялык корукчалар (заказниктер);
4. Корукчалар (заказниктер), жаратылыштын айрым компоненттерин сактоо.
Азыркы кезде республикабыздын аймагында 9 корук жай, 8 жаратылыш паркы жана 68 ге жакын корукча (убактылуу корголуучу жайлар) бар. Алардын жалпы аянты Кыргызстандын аянтынын 4 пайыздан ашуунун ээлейт. Айрым коруктарга мүнөздөмө бере кетели.
Ысык-Көл коругу 1948-жылы уюштурулган. Корукту уюштуруунун негизги максаты – сууда сүзгөн жана суу жээктерине байырлаган канаттуулардын жашоо шартын сактоо. Эл аралык конвенция боюнча, Ысык-Көл сууда сүзүп жүрүүчү канаттуулардын дүйнөлүк мааниге ээ, өсүп-өркүндөөчү жайы катары каралган. Коруктун өзгөчө ал канаттуулардын кыштоосундагы ролу өтө маанилүү. Окумуштуулардын маалыматтары боюнча, Ысык-Көлдө 100 миңге жакын сууда сүзүүчү канаттуулар кышташат. Алардын негизгилери – чулдуктар, кашкалдактар, сонолор, кылкуйруктар, чүрөктөр, өрдөктөр, ак куулар, ак чардактар ж. б. Кийинки мезгилде алардын тукумдоочу жайларынын тарышынан жана аңчылардын аракетинен улам канаттуулардын жалпы саны азайып баратат жана кээ бир түрлөрү (куркулдак, ак куулар) кескин азайып кеткен. Корукка көл жээгинен 2 чакырымга чейинки жээк тилкеси кирет деп эсептелинет. Бирок, эс алуучу жайлардын, курорттордун курулушу кээ бир жерлеринде корук режимин сактоого мүмкүнчүлүк бербейт.
Сары-Челек биосфералык коругу 1959-жылы уюштурулуп, 1979-жылы ЮНЕСКО тарабынан эл аралык биосфералык коруктардын катарына киргизилген. Аталган корук Чаткал менен Ат-Ойнок кырка тоолору тутумдашкан жерден орун алган жана уникалдуу жаңгак-мөмө токойлорунун жаратылыш комплексин сактоо үчүн түзүлгөн. Аянты – 23,8 миң гектар. Фауна жана флорасынын ар түрдүүлүгү, тоо арасында жайгашкан көлү, ар түрлүү ири жаныбарлардын мекендеши бул коруктун аймагынын уникалдуулугун, жеринин кооздугун айкындайт. Корукта жыгачтын 32 түрү, бадалдардын 80 түрү, чөп өсүмдүктөрүнүн 886 түрү өсөт; сүт эмүүчүлөрдүн 32 түрү, канаттуулардын 157 түрү мекендейт.
1961-1962-жылдары Сары-Челек коругуна токой суусары, америкалык суу суусары (норка), зубр, элик-багыш жана европа бугусу коё берилген. Сары-Челек коругунун уюштурулушу жергиликтүү жаны- барлардын тукумунун өсүшүнө, мурда азайып кеткен ири сүт эмүүчүлөрдүн кайра көбөйүп, коруктан тышкары, тоо капчыгайларына тарашына себеп болду.
Жаратылышты коргоодо коомчулукту көңүл бурдуруу максатында, дүйнө жүзүндө «Парктардын жүрүшү» акциясы жүргүзүлүп келет. Кыргызстанда бул акция 1999-жылдан бери колго алынып, айрыкча өзгөчө корголуучу аймактарда ишке ашырылууда. Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин демилгеси аркылуу жогорку окуу жайлардын студенттери, окутуучулары жана мектеп окуучулары менен бирге жыл сайын апрель-май айларында бул акция өткөрүлүп келе жатат. Акцияда экологиялык билим берүү, маалымат таркатуу, айлана-чөйрөнү таштандылардан тазалоо жана экологиялык ар кандай конкурстар өтүлөт.
Кызыл китеп
Кыргызстандын Кызыл китебинин биринчи чыгарылышы «Кыргыз ССРнин Кызыл китеби» деген аталышта 1985-жылы түзүлгөн. Кыргызстандын Кызыл китебинин экинчи чыгарылышы биринчисинен 20 жылдан кийин чыккан. 2005-жылы кайрадан такталган жаңы тизмеге сейрек жана жоголуп кетүү коркунучу бар козу карындардын 4 түрү, өсүмдүктөрдүн 83 түрү, жөргөмүштүн 1 түрү, курт-кумурскалардын 17 түрү, балыктардын 7 түрү, жерде-сууда жашоочулардын 2 түрү, сойлоп жүрүүчүлөрдүн 8 түрү, канаттуулардын 57 түрү, сүт эмүүчүлөрдүн 23 түрү киргизилген. 2007-жылы «Кыргыз Республикасынын Кызыл китеби» деген аталыш менен басмадан чыккан.
4. Бышыктоо.
- Коруктар жонундо тушунугунорду айтып бергиле.
- Кыргызстанда кандай коруктар бар?
5. Уйго тапшырма : Коруктар жонундо изилдеп билип келуу.