СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Математикадан доклад

Категория: Математика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Математикадан доклад»

Билим сапатын көтөрүүдө окутуунун интерактивдүү усулдарын колдонуу

Бүгүнкү күндөгү орто мектептерде билим берүүдө жаңы технологиялардын тынымсыз жаңылануунун таасирин эске албай коюуга болбойт. Анткени билим берүү системасы бүгүнкү күндөгү коомдогу, илимдеги, техника технологиялардагы өзгөрүүлөргө, өсүп өнүгүүлөргө түздөн-түз байланыштуу. Жаңырып туруучу социалдык – экономикалык шарт, жаңы талаптар адистерди анын ичинен мугалимдерди даярдоо курч абалды пайда кылды, анткени мугалим бул маселелерди чечүүгө жеткиликтүү деңгээлде ээ болуусу керек. Окуучунун билимин көтөрүү үчүн мугалимдерибиз курстарда окуп турушу жана заманбап окутуу технологияны колдонуп сабак өтүү, семнар-тренингдер, тегерек стол, кароо-сынактарга катышуу, методтикалык жардамдарды алуу, сабактар боюнча жаңылыктар менен тааныштырып туруу б.а мугалимдердин кесиптик билимин жогорулатып туруу окуучунун билим сапатын көтөрүүнүн эң негизги жолу деп айтууга болот. Мезгил алмашып , мугалимдин ролу дагы , ага жасаган мамиле да өзгөрдү. Ошого карабастан , мугалимдин негизги сапаты- терең билими жана компетенттүүлүгү бардык мезгилдерде өзгөрүлбөй кала берет. Компетенттүүлүк – бул билим , акыл эстин иш аракетин билдирет. Математика сабагында окуучулардын компетентүүлүгүн жогорулатууда албетте мугалимдин билими жетишээрлик деңгээлде болуп, заманга жараша изденген, чыгармачылыкка умтулган педагог болуусу керек. Демек математика сабагында окуучулардын компетенттүүлүгүн жогорулатууда мугалим чыгармачыл болуш керек. Ар бир сабакта окуучунун логикалык ой жүгүртүүсүн өсүрүүнү үстүндө эмгектенүүсү зарыл. Ал үчүн ар тараптуу логикалык суроолорду, ойлонуп тез жооп берүүчү интеллектуалдык суроолорду да ар бир сабакка камтуу керек. Биз окутуп жаткан баланы ар тараптан өнүккөн , бардык жаңылыктар менен кызыкдар болгон, кандай гана темада сүйлөшпөйлү ар бир темада өзүнүн оюн айта билген чыггаан балдарды тарбиялашыбыз керек. Биз ошондо кана окуучулардын компетенттүүлүгүн жогорулатуунун үсүндө эмгектенген болобуз. “Математика илимин бекеринен илдердин падышасы ” дебесе керек. Анын табияты окуучулардын ой жүгүртүүсүн өрүндөтүүгө багытталган. Ал эми математиканы интерактивдик ыкма менен окутуу- бул предметтин өркүндөтүү багытын андан ары күчөтөт экен. Мындан, мугалим салтуу формада окутуу менен интерактивдүү ыкмада окуутуну чеберчиликте айкалыштырып, мгалимдин монологун мүмкүн болушунча азайтып, мугалим менен окуучулардын жана окуучу менен окуучулардын ортосундагы диалогко көбүрөөк орун берип, сабакта кызматташтык жагдай жаратып иш алып баргандыгын байкаса болот. Интерактивдүү усулдарды колдонуудан өз ара аракеттенүү жакшырып, берилген материалды батыраак окуп, талкуу учурунда билип алган маалыматтарын жакшы эстеп калышат. Окуучуларды топторго бөлүп , алардын ар бирине ойлонто турган талаш-тартыштарды жараткан,диалогдошууга аргасыз кылган , проблемалык жагдайга алып келген тапшырмаларды берип, окуучуларды өз алдынча иштөөсүн уюштурат да , өзү мурдагыдай маалымат берүүчү эмес байкоочу, кеңешчи , көмөк косөтүүчү , жардам берүүчү болуп, авторитардык статусу төмөндөп гумандуу мамилеге өтөт.