СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Математика 4-класс

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Математика 4-класс»

куну





колу







Тамеки.
Баарыбыз билгендей эле тамеки ден соолукка эн чон зыян алып келет.жаны тамеки чегип баштаган адамга,тез-тез чегуу онокотко айланат,себеби озун жакшы сезе баштайт.Анын тутундо эле 3000 ге жакын элементтер бар экен жана анын 16 рак оорусуна алып келет.Курамындагы никотин заты канга эн чон зыян алып келип, андан ары коптогон ооруларга алып келет. Ар дайым тамеки чеккен адамдар кобунчо ангина,инсульт, рак,ар турдуу язва оорулары менен ооруйт.Жана бара-бара даам-жыт сезуу органдары,коздун коруусу начарлайт,тиштердин кыйроосуна алып келет жана дененин тусу да озгоро баштайт.Ошондуктан озун кучтуумун деген эрктуу адамдар бул зыян нерсени тез эле таштап коюшат.
Ал эми аялдардын болос тукумсуз болуп калаышына алып келет.Жеке озунузчо эгерде эч эле таштай албасаныз анда,врачтарга же психологдорго кайрылсаныз алар эн чон жардамдарын корсотушот.

Насыбай

Насыбай же Насывай (ошондой эле наспай, насвай, нас, нац, нос, айс ж.б аталыштары бар; пушту نسوار; хинди नसवार), (ناس; на́с) же (نسوای; насвай) — Тамеки өсүмдүгүнөн жасалган, тамеки кошулмаларынын түтүнсүз колдонулган бир түрү, аны Орто Азия Өлкөлөрүндө, Тажикстан, Түркмөнстан, Ооганстан , Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан өлкөлөрүндө кеңири колдонулат, ошондой эле, Иранда, Пакистанда, Индияда, Орусияда, Казакстандын түштүгү жана Кытайдын батышында да колдонулуп келет.

Учурда Түркмөнстанда насыбайды жасоого жана сатууга тыюу салынган. Насыбай тамеки өсүмдүгүнөн жасалгандыктан, организмдин никотинден көз каранды болуусуна алып келет. Ошондой эле аны чегүү тиш, ичеги-ашказан оорулары жана ооз көңдөйүнүн рагына алып келиши мүмкүн.



Аракечтик

Аракечтик — спирт ичкиликтерин такай ичүү; адамдын ден соолугуна жана иштөө жөндөмдүүлүгүнө, жашоо турмушуна, ошондой эле коомдун жыргалчылыгына залал келтирет.

Ден соолукка зыяны.

Алкоголь адамдын бардык системалары менен органдарына кыйраткыч таасир бере тургандыгы аныкталган. Ичкиликти такай ичүүнүн натыйжасында өзүнүн канча ичкенине контролдук кыла албай, дайыма ичкиси келип, борбордук жана четки нерв Системасынын (психоздор, невриттер жана башка) ички органдардын иштеши бузулат ( Өнөкөт аракечтик). Ал тургай адеп ичкенден эле психиканын өзгөрүшү (делөөрүү, өзүн кармай албоо, көңүл чөгүү жана башка) мас абалда өзүн өзү өлтүрүүгө түртүшү ыктымал. Мас абалда тең салмактуулук, аң-сезимдүүлүк, курчап турган чөйрөнү сергек кабыл алуу бузулуп, ар кандай кырсыктарга дуушарлантышы мүмкүн. Витамин алмашуунун бузулушу, алкоголдун ууландыруучу таасири нерв системасын бузуп, неврит, полиневрит оорусуна чалдыктырат (колу калтырайт, тили булдуруктайт, терчил болот, буту-колу муздайт, угуусу, жыт сезүүсү, көрүүсү начарлайт). Өнөкөт гастрит (карындын оорусу) адатка айланган аракечтен болот, ал эми боордун циррозу (кара сарык) ичкичтердин өлүмүнө себепкер болот. Аракеч уйку безинин оорусуна (панкреатит, кант диабети), стенокардияга, миокарддын инфарктына түздөн-түз чалдыктырат. Аракеч жыныс бездерине терс таасир тийгизе тургандыгы белгилүү: ичкичтердин үчтөн биринин жыныс функциясы төмөндөйт, түрдүү нерв оорулары (невроздор, депрессия жана башка) пайда болот. Аялдарда этек кири эрте токтоп, төрөбөй калуусу мүмкүн, боюнда бар учурда катуу токсикоз (талгак) байкалат. Аракеч адамды эрте картайтып, өмүрдү кыскартат (ичкичтердин өмүрү орточо статистикалык жаштан 15 жылга аз болот).

ТОКСИКОМАНИЯ


Б үгүнкү күндө жаш балдардын уулуу заттарды жыттап токсикоманга айланып жаткандары жашыруун эмес. Андыктан коомчулукту, өзгөчө ата-энелерди «балдар эмне үчүн бул жорукка барып жатышат? Аларды токтотуунун жолу барбы?» деген суроолор түйшөлтпөй койбойт. Ушул себептүү токсикомания жаатында изилдөө жүргүзүп, керектүү адистерге жолуктук.

СТАТИСТИКА

2017-жылы Республикалык наркологиялык борбордо токсикоман 150 бала катталып, дарыланган.

Ай сайын болжол менен 15тей уулуу зат жыттап ууланып калгандар түшөт.



«ТОКСИКОМАНДАР ӨМҮРЛӨРҮ КЫСКА БОЛУП КАЛАРЫН БИЛИШПЕЙТ»

Бишкектеги Республикалык наркологиялык борборуна барганыбызда борбор тынч экен. Ууланып калган токсикомандар да, наркомандар да келип түшкөн жок. Борбордун кабыл алуу бөлүмүнүн адис наркологу Каниет Мамбеталиевага кайрылганыбызда төмөнкүлөрдү айтып берди:

– Токсикомания – байыркы грек сөзү, токсикоз – «уулуу», мания – «кумарлык, жиндилик, алагдылануу» дегенди билдирет. Токсикомандар башты айлантуучу же галлюцинациялык таасири бар уулуу заттарды (тиричилик жана өнөр жай химиясынын каражаттарын) жыттайт. Андыктан кээде «балдар наркоманиясы» деп да аталып жүрөт. Лак, краска жана аларды эритүүчү эритме, бензин, ацетон, желим, унаанын карбюраторун жууп-тазалоочу карб каражатын жана башкаларды жытташкандыктан өздөрүн «нюхач», «пыхач» деген жаргон сөздөр менен аташат. Кээ бир заттарды целлофан баштыкка куюп жытташса, айрымдарын оозуна, жеңине чачып жытташат.

Тиричилик жана өнөр жай химиясынын каражаттары наркотикалык психотроптуу заттардын реестрине киргизилген эмес. Андыктан ал бардык жерде сатыла берет. 18 жашка чейинкилерге сатылбасын деген мыйзам жок. Анын үстүнө алар кымбат эмес. Токсикомандардын арасында жетишсиз үй-бүлөнүн да, бардар үй-бүлөнүн да 9 жаштан тартып 18 жашка чейинки балдары бар. Арасында аз санда болсо да кыздар кездешет. Кээде студенттер да дарыланууга келип калат.

Уулуу заттарды жыттоого жеткирүүчү факторлор кайсылар?

Психологиялык фактор.

1) Өспүрүмдөр чоңойгулары келип, ата-энесинен көз каранды болгулары келбей баштайт. Ата-энеси жана коомчулук тыюу салган нерселерди жасагылары келет. Башкача айтканда, аларга каршылык көрсөтөт.

2) Балдардын 60 пайызга жакыны кызыгуунун айынан жыттап көрүшөт. Кээ бирлер 1-2 жыттап көргөн соң аң-сезимдүү түрдө бул жакшы эмес экенин түшүнүп, кийинкисинде баш тартып койсо, айрымдары көнүп кетет.

3) Өзүн кыйын көрсөтүү максатында. Кимдир бирөө жыттагандан кайф алып жүргөнүн, бул жаатта кыйын экенин айтса, бала да «лидерлерден» калгысы келбеши мүмкүн.
Социалдык фактор.

Ата-энелер балдарга жетишерлик көзөмөл кылбагандан, көңүл бурбагандан болот. Өзгөчө ата-энеси эмгек мигранты болуп жүргөн, ата-энеси иштен колу бошобогон балдар. Жашоо-турмушу начар, үйүндө уруш-талаш көп болгон балдар баарынан жадап, жанына тынчтык издеп көчөгө качып калышат да, жаман топко кошулуп кетет. Ата-энесинен же алардын биринен, же ата-энеси жок туугандарынын колунда калып, алардан зомбулук көргөндөр да көчө балдарына, токсикомандарга айланып жатышат.
Башка факторлор.

Кээ бирлер улуулардын коркутуп-үркүтүүсүнөн, азгыруусунан улам аларга кошулууга аргасыз болот.

Уулуу заттарды жыттап ырахат алганга көнгөн балдар кийин наркотикалык заттарга өтүп кете тургандыгы да жашыруун эмес.

Балдардын ден соолугуна кандай зыян келет?

– Алгач жыттаганда башы, көңүлү айланат, жүрөгүнүн кагышы ылдамдайт, кусат. Кыймылы жана сүйлөө речи бузулат. Белгилүү убакыттан кийин көзүнө ар нерселер көрүнүп баштайт (галлюцинация). Айрымдары айткандай, «мультфильм» көрүшөт, каармандар менен сүйлөшүшөт. Галлюцинацияны кайра көрүү үчүн эртеси кайра жытташат. Көп убакыттан бери жыттап жүргөндөрдүн уулуу заттардан нерв системине доо кетип, мээси акырындап кургай баштайт. Акыры кем акыл болуп калышат. Дем алуу жолдору химиялык заттардан улам күйүккө учурайт. Боор, өпкө, жүрөк, бөйрөк оорулары жаралат. Мисалы, өпкөнүн рак оорусу жана абсцесси, инфаркт, гипертония жана башка. Кусканда кусундусу дем алуу жолдоруна кирип кетип, же уулуу заттан мерцателдик аритмия жаралып, же газдан муунуп, башына целлофан баштыкты кийип отурган боюнча өлүп калгандар бар. Негизи токсикомандар өмүрү кыска болуп каларын билишпейт.

Дарылоо

– Бизге атайын дарылатуудан тышкары уулуу заттан ууланып калгандарды аман алып калуу үчүн да алып келишет. Дарылоодо уулуу заттарды организмден тазалоо үчүн тамчылатма дары, нервди тынчтандыруучу дары-дармектер колдонулат. Ата-энеси кааласа, биз баланы каттоого алып бекер дарылайбыз. Эгер анонимдүү дарылатабыз дешсе, анда төлөп дарылатышат. Андыктан токсикомандардын саны мынча деп так айтуу кыйын.

Балдар менен психологдор да иштешет. Жогоруда айткандай, балдар жөн жерден токсикоманга айланышпайт. Бир себеп түртөт. Андыктан ата-эне баласынын токсикоман экенин билип калса, аны жазалоодон майнап таппайт. Үйүнө камап салгандар, бутунан батареяга чынжыр менен байлап койгондор кездешкен. Мыкты жол: психолог менен кошо токсикоман болуусунун себебин таап, себеп болгон нерселерди четтетүү, балдарды туура тарбиялоонун жолун үйрөнүү болуп саналат.







АТА-ЭНЕ КАЙСЫ УЧУРДА БАЛАДАН ШЕКШИШИ КЕРЕК?

  • Бала уулуу зат жыттанса, башынын ооруганы жана уктабай калышы көбөйсө;

  • Мүнөзү, жүрүм-туруму өзгөрүлүп, ата-энени укпай, жини бат келме болуп баратса;

  • Ой жүгүртүүсүнүн жана эс-тутумунун начарлаганы, окуудан жетишпей баштаганы билинсе;

  • Бөлмөгө бекинип, элге көп кошулбоону адат кылса, көздөрү кызарып кала турган болсо;

  • Үйдөн акча же буюм жоголуп жатканы билинсе.

































М.Мамбетов атындагы жалпы орто билим беруу мектеби











Тема:

Тамеки,насвай чегуунун жана

бангизат,таксикоманиянын зыяндуулугу.









Эркимбек кызы Аида