«Бекитемин»
К. Нурбеков атындагы орто мектебтнин
Директору___________Курбанова З.
К. Нурбеков атындагы орто мектебинин 2015-2016-окуу жылынын 2-декабрында өтүлүучү «Балдар жердин жандуу гүлдөрү» темасында өтүлүүчү иш чаранын сценарийи
Өтүлүүчү жайы: жыйын залы
Жабдылышы: лозунгдар, шарлар, желекчелер, гүлдөр, музыкалык аппаратура , микрофон.
Кутмандуу күнүӊүздөр менен бүгүнкү «Балдар жердин жандуу гүлдөрү» аттуу иш чаранын катышуучулары,эже-агайлар жана окучуулар. Сиздердин колдооӊуздар менен салтанатты ачык деп жарыялап коюуга уруксат этиӊиздер.
Адамдын адамдыгы-асыл наркы,
Дүйнөдө бардыгынан ыйман улук.
Туткасын тирүүлүктүн кармап турган,
Дилдеги боорукерлик, кайрымдуулук.
Сөз мектептин директору Курбанова Зумрат эжеге берилет.
Эр Манастан келе жаткан улуу салт,
Жакшы адамдар эӊ биринчи эл багат.
Кандай гана кыйынчылык болсо да,
Калкы үчүн жанын сабап, жол табат.
Сөз кезеги_________________________________________________________________________берилет.
Сиздердин назарыӊыздарды 8-класстын окуучу кыздарынын талантына бурабыз.
Сөз кезеги ___________________________________________________________________________берилет
Тогузу болгун жылдыздын,
Туйгуну болгун кыргыздын.
Жетиси болгун жылдыздын,
Жетиги болгун кыргыздын.
Сиздердин көӊүлүӊүздөрдү 2 «Б» жана 1 «Б»классынын окуучу балдарынын таланттарына бурабыз.
Аярлап ар нерсени ыйык туткан,
Чөпкө да зыян кылбас асыл наркым.
Дилинен урпагынын өчпөсө экен,
Абалтан азат болгон ата салтыӊ.
Сөз кезеги_________________________________________________________________________берилет.
Сиздерге 6 «Б»классынын окуучулар ы өз өнөрлөрүн тартуулашат.
Салыштырсаӊ кеӊ дүйнөгө барабар,
Мугалимдер кереметтүү адамдар.
Балдар үчүн ата-энедей жан урган,
Бар болгула оо, эжелер! Агайлар!
Сөз кезеги____________________________________________________________________________берилет
1«А»класстын окуучулары музыкалык ыр десте тартуулашат.
Сөз кезеги___________________________________________________________________________берилет.
Билимге өмүр бою дитиӊди кой,
Адептүү таз болсун ойлогон ой.
Адам деген улуу атты күтө билсеӊ,
Урмат-сыйга ээ болосуӊ опол тоодой.
Сиздердин назарыӊыздарды 5 «А»классынын окуучу кыздарынын өнөрүнө бурабыз.
Бизде ар кыл таланттардын ээси бар,
Кубулжутуп ырдап берет анда алар.
Көӊүл коюп , күбө болуп баарыӊыз,
Анда эмесе биз баштайбыз кулак сал.
Назарыӊыздарда 5 «Б»классынын окуучулары өз өнөрлөрүн тартуулашат.
Сөз кезеги ________________________________________________________________________берилет
Бак-таалай баарыбызга бирдей болсун,
Жергебиз алтын күмүш данга толсун.
Эмгекчи эл тынчтык күүсүн көкөлөтүп,
Алдыга максат менен үмүт болсун.
Сиздердин көӊүлүӊүздөрдү 9-класстын окуучу кыздарынын талантына бурабыз.
Ушуну менен «Балдар жердин жандуу гүлдөрү » аттуу иш чараны жабык деп жарыялоого уруксат этиӊиздер. Сак-саламат болуӊуздар келип катышып бергениӊиздер үчүн чоӊ рахмат.