СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Манас жана мекенчилдик

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Манас жана мекенчилдик»

“ МАНАС”  ЭПОСУНДАГЫ МЕКЕНЧИЛДИК Презентацияны иштеп чыккан кыргыз тили жана адабияты мугалими  Сыйдалиева Салтанат Бейшеновна

“ МАНАС” ЭПОСУНДАГЫ МЕКЕНЧИЛДИК

Презентацияны иштеп чыккан кыргыз тили жана адабияты мугалими

Сыйдалиева Салтанат Бейшеновна

“ Манас” эпосу элибиздин көлөмдүү чыгармаларынын бири.  Эпостон кыргыз элинин жана ага канаатташ жашаган башка элдердин тарыхын, нарк насилин, баалуулуктарын, терең философиясын табууга болот. Бул чыгарманы жөн жерден кыргыз элинин энциклопедиясы деп аташпайт. Анткени эпос руханий казына болуп саналат

“ Манас” эпосу элибиздин көлөмдүү чыгармаларынын бири.

  • Эпостон кыргыз элинин жана ага канаатташ жашаган башка элдердин тарыхын, нарк насилин, баалуулуктарын, терең философиясын табууга болот. Бул чыгарманы жөн жерден кыргыз элинин энциклопедиясы деп аташпайт. Анткени эпос руханий казына болуп саналат
Ал эми “Манас” эпосунда жана анын бардык муундарында баш аяк ушул теманын алкагында сөз болот. Изилдөөчүлөрдүн пикирине ылайык, “Мекен” (Ата мекен, Ата журт) жөнүндөгү түшүнүк эпосто жалпы эле кыргыз жери, Талас, Ала-Тоо аркылуу берилет “ Манас” эпосунда көптөгөн башка маселелер менен бирге мекенчилдик маселеси негизги темалардын бири болуп эсептелет. Мекен темасы көптөгөн багыттардын изилдөө объектисине айланып, ар бир доордо өз актуалдуулугун жоготпой келет.
  • Ал эми “Манас” эпосунда жана анын бардык муундарында баш аяк ушул теманын алкагында сөз болот. Изилдөөчүлөрдүн пикирине ылайык, “Мекен” (Ата мекен, Ата журт) жөнүндөгү түшүнүк эпосто жалпы эле кыргыз жери, Талас, Ала-Тоо аркылуу берилет
  • “ Манас” эпосунда көптөгөн башка маселелер менен бирге мекенчилдик маселеси негизги темалардын бири болуп эсептелет. Мекен темасы көптөгөн багыттардын изилдөө объектисине айланып, ар бир доордо өз актуалдуулугун жоготпой келет.
Андан ары “Мекен” түшүнүгү аталардын жери, “киндик кан тамган жер” катары айтылып, элдин аң-сезиминде биротоло калыптанганга чейин көптөгөн мезгил талап кылынып, терминдин мааниси да эволюциялык өнүгүүдө болгондугу айтылат. Байыркы түрктөрдө “аталардын жер-суу деген түшүнүк” болуп, ата-бабалары кайсы жерде жашап, кайсы жердин суусун ичсе, алар ошол жерди ата журт катары эсептешкен. Эпосто “жер-суу” Мекенди туюнткан метафора катары айтылып калган” Жердегени Ала-Тоо,  Ала-Тоону жер кылып,  Ала-Тоолуу кыргызын,  Түбү менен эл кылып  деп берилет
  • Андан ары “Мекен” түшүнүгү аталардын жери, “киндик кан тамган жер” катары айтылып, элдин аң-сезиминде биротоло калыптанганга чейин көптөгөн мезгил талап кылынып, терминдин мааниси да эволюциялык өнүгүүдө болгондугу айтылат. Байыркы түрктөрдө “аталардын жер-суу деген түшүнүк” болуп, ата-бабалары кайсы жерде жашап, кайсы жердин суусун ичсе, алар ошол жерди ата журт катары эсептешкен. Эпосто “жер-суу” Мекенди туюнткан метафора катары айтылып калган”
  • Жердегени Ала-Тоо,

Ала-Тоону жер кылып,

Ала-Тоолуу кыргызын,

Түбү менен эл кылып

деп берилет

Кыргыз философиясынын тулкусуна да жер суунун деми жана элеси сиңгени талашсыз. Кыргыздын ой-кыялында “тоо” темасы ташка тамга баскандай артыкча орун алганы мунун ачык күбөсү. Кыргыздын “тоолук болумун”, тоолук болуштун онтологиясын аңдап-билиш кыргыз философиясынын орчундуу вазийпасы” деген пикирге кошулуу менен, башкы каарман Манастын дүйнө таанымында да “ата журт”, “мекен” темасы ыйык түшүнүктөрдөн экендигин төмөнкү саптар менен бекемдөөгө болот: Адырында алтын бар,  Аркайып аткан Ала-Тоо, Адыры кымбат бел үчүн, Ак калпак кыргыз эл үчүн же Ала-Тоону көргөндө,  Будурунда бугу бар, Тектеринде теке бар, Тоосунда кары бар, Токоюнда чары бар, Ошо жан бүткөндүн баары бар
  • Кыргыз философиясынын тулкусуна да жер суунун деми жана элеси сиңгени талашсыз. Кыргыздын ой-кыялында “тоо” темасы ташка тамга баскандай артыкча орун алганы мунун ачык күбөсү. Кыргыздын “тоолук болумун”, тоолук болуштун онтологиясын аңдап-билиш кыргыз философиясынын орчундуу вазийпасы” деген пикирге кошулуу менен, башкы каарман Манастын дүйнө таанымында да “ата журт”, “мекен” темасы ыйык түшүнүктөрдөн экендигин төмөнкү саптар менен бекемдөөгө болот:
  • Адырында алтын бар,
  • Аркайып аткан Ала-Тоо,
  • Адыры кымбат бел үчүн,
  • Ак калпак кыргыз эл үчүн же
  • Ала-Тоону көргөндө,
  • Будурунда бугу бар, Тектеринде теке бар,
  • Тоосунда кары бар,
  • Токоюнда чары бар,
  • Ошо жан бүткөндүн баары бар
Алардын эрдик, баатырдык иштери, майтарылбас эрки, кайраттуулук, күжүрмөндүк, өткүрлүк, көсөмдүк сапаттары, элдин кызыкчылыгы үчүн жан аябай күрөшү эпостун негизги идеясын тереңдетип турат. Эпосто элдин үмүт-тилегин, мүдөөсүн, максатын алып жүргөн башкы каарман – Манас. “Үзүлгөндү улап, чачылганды жыйнап”, бытырап тарап бараткан элдин башын бириктирип, өз Ата Мекенине ээ кылуу, элди тышкы жана ички душмандардан коргоо, баскынчыларга каршы күрөшкө баш коштуруу Манастын мекенчилдигинен кабар берет Ал эми “Манас” эпосундагы негизги каарман Манас кыргыз элинин патриоту, мекенчил инсаны. Ал мындай мүнөздөмөгө эл эркиндиги, күнкор эместикке күрөш аркылуу гана жетише алгандыгы, кыргыз элинин башын бириктире алгандыгы менен жетише алган. Мындай идея бир эле “Манас” эпосунда эле эмес анын кийинки муундарында да Семетей, Сейтек, Каныкей, Бакай, Чубак, Сыргак, Айчүрөк, Күлчоро жана башка каармандар аркылууөз элин, жерин сүйгөн мекенчил инсандар катары берилет.
  • Алардын эрдик, баатырдык иштери, майтарылбас эрки, кайраттуулук, күжүрмөндүк, өткүрлүк, көсөмдүк сапаттары, элдин кызыкчылыгы үчүн жан аябай күрөшү эпостун негизги идеясын тереңдетип турат. Эпосто элдин үмүт-тилегин, мүдөөсүн, максатын алып жүргөн башкы каарман – Манас. “Үзүлгөндү улап, чачылганды жыйнап”, бытырап тарап бараткан элдин башын бириктирип, өз Ата Мекенине ээ кылуу, элди тышкы жана ички душмандардан коргоо, баскынчыларга каршы күрөшкө баш коштуруу Манастын мекенчилдигинен кабар берет
  • Ал эми “Манас” эпосундагы негизги каарман Манас кыргыз элинин патриоту, мекенчил инсаны. Ал мындай мүнөздөмөгө эл эркиндиги, күнкор эместикке күрөш аркылуу гана жетише алгандыгы, кыргыз элинин башын бириктире алгандыгы менен жетише алган. Мындай идея бир эле “Манас” эпосунда эле эмес анын кийинки муундарында да Семетей, Сейтек, Каныкей, Бакай, Чубак, Сыргак, Айчүрөк, Күлчоро жана башка каармандар аркылууөз элин, жерин сүйгөн мекенчил инсандар катары берилет.
Таласты күтүп жер кылып, Ак калпактуу кыргызды, Эпке кирип эл кылып, Чачылганын жыйнады, Үзүлгөнүн улады Өлбөй тирүү жүргөндө, Не мураска жетейин. Калың кара журт үчүн Кайран жаным кагылып, Курман болуп кетейин
  • Таласты күтүп жер кылып,
  • Ак калпактуу кыргызды,
  • Эпке кирип эл кылып, Чачылганын жыйнады, Үзүлгөнүн улады
  • Өлбөй тирүү жүргөндө,
  • Не мураска жетейин.
  • Калың кара журт үчүн
  • Кайран жаным кагылып,
  • Курман болуп кетейин
Мекенди сактоо, коргоо идеясын Манас баатыр жалгыз аткарышы мүмкүн эмес көрүнүш. Ошон дуктан анын мекенчилдик табияты анын кырк чоросун тарбиялоодон да көрүнөт:  Кырк чоронун баарысын,  Эр болгун деп сүрөдү.  Атаңдын көрү кырк чоро,  Кырк чором, кырк жором,  Кыркыңдын жөнүң кырк башка  Калың кара эл үчүн,  Атадан калган жер үчүн  Кан төгүлүп, журт өлүп,  Так ошентип өлгүлө  деген саптардан Манас жалгыз гана патриот эмес, кырк чоросун, эли журтун патриоттуулукка үндөгөн, тарбиялаган башкаруучу инсан.

Мекенди сактоо, коргоо идеясын Манас баатыр жалгыз аткарышы мүмкүн эмес көрүнүш. Ошон дуктан анын мекенчилдик табияты анын кырк чоросун тарбиялоодон да көрүнөт: Кырк чоронун баарысын, Эр болгун деп сүрөдү. Атаңдын көрү кырк чоро, Кырк чором, кырк жором, Кыркыңдын жөнүң кырк башка Калың кара эл үчүн, Атадан калган жер үчүн Кан төгүлүп, журт өлүп, Так ошентип өлгүлө деген саптардан Манас жалгыз гана патриот эмес, кырк чоросун, эли журтун патриоттуулукка үндөгөн, тарбиялаган башкаруучу инсан.

Мындай мекенчил инсандар, эл башчылар эли-журттун көксөөсү, үмүт тилеги, ал доордун алмашуусуна карабастан жана азыркы күндө да актуалдуулугун жоготпой келет .
  • Мындай мекенчил инсандар, эл башчылар эли-журттун көксөөсү, үмүт тилеги, ал доордун алмашуусуна карабастан жана азыркы күндө да актуалдуулугун жоготпой келет .
Жыйынтыктоо  Жыйынтыктап айтканда, жаштарды тарбиялоодо, инсандык калыптанууда, мамлекеттин, элдин, улуттун идеясын түптөөдө адамдардын мекенчил болуусуна кыргыз элинин көөнөргүс мурасы болуп саналган “Манас” эпосундагы Манастын образы патриоттук дух берет.

Жыйынтыктоо

  • Жыйынтыктап айтканда, жаштарды тарбиялоодо, инсандык калыптанууда, мамлекеттин, элдин, улуттун идеясын түптөөдө адамдардын мекенчил болуусуна кыргыз элинин көөнөргүс мурасы болуп саналган “Манас” эпосундагы Манастын образы патриоттук дух берет.